♦ ♦ ♦
Эгерде көйгөй акча менен чечилсе, ал көйгөй эмес — чыгаша.
♦ ♦ ♦
Кудай жинди катындан сактасын, жакшысынан өзүң сактан!
♦ ♦ ♦
Вино ичиңе киргенде – купуя сыр сыртка чыгат.
♦ ♦ ♦
Текенин астынан чыкпа, аттын артына барба, жиндиден айланып кач.
♦ ♦ ♦
Конок менен балык үч күндөн кийин сасый баштайт.
♦ ♦ ♦
Билим көп орун ээлебейт.
♦ ♦ ♦
Кудай кедейлерди жок дегенде кымбат күнөөлөрдөн коргойт.
♦ ♦ ♦
Кара далы кыз эрге тийсе, жаш келинге айланат.
♦ ♦ ♦
Алыстан бардык адамдар жакшы.
♦ ♦ ♦
Аялдар аз сүйлөсө, эркектер көбүрөк кылышмак.
♦ ♦ ♦
Жаман аял жамгырдан жаман: жаан үйгө кубалайт, жаман аял үйдөн сыртка кубалайт.
♦ ♦ ♦
Оо кудай, бутума туруп алганга жардам бер, жыгылганды өзүм билем.
♦ ♦ ♦
Сүйүү кандай таттуу болсо да, андан компот кайната албайсың.
♦ ♦ ♦
Кыларга иш калбай калганда, улуу иштерге барышат.
♦ ♦ ♦
Акчам жок деп баары даттанышат, акылылым жок деп айткан киши жок.
♦ ♦ ♦
Тажырыйба — бул жаңылыштыгыңдын сөз менен айтылышы.
♦ ♦ ♦
Ак чач акылмандыктын эмес, карылыктын белгиси.
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR