Лаура Хилленбранд: Жазуучу Ричард

  • 23.10.2026
  • 24

АҢГЕМЕ

Ричард Кинг банкта иштейт, бирок көпчүлүк жаштар сыяктуу иштеген ишине канааттанбайт.

- Бул иш мен үчүн эмес, жазуучу болгум келет. Банктагы жашоо жөнүндө китеп жазууга болбойт, туурабы? Жашоону көрүшүм керек. Башка мамлекеттерди кыдырып, ал жерлердин элин таанып чыгуу зарыл. Ошондо гана жакшы китеп жаза аламын. Анан мени адамдардын баары таанып, көчөдө баратканымда “мына, карагыла, жазуучу Ричард” деп көрсөтүшөт,- деп кесиптештерине күн сайын айтуудан жадабайт.

Банктагы чогуу иштешкен кесиптештери да аны “жазуучу Ричард” деп чакыра башташты. Бул кайрылууну алар шылдың катары, мазак иретинде айтышчу. Буга Ричард абдан капаланды. Өзүнө өзү сөзсүз бир китеп жазышым керек деди. "Жазышым... жазышым... жазышым!.." Эгерде жок дегенде бир китеп жаза албасам, анда алар мени өлөр өлгөнчө шылдыңдашат!.

Ричарддын ата-энеси каза болуп калган, ал ошондуктан стадион тараптагы кичинекей отелде жалгыз жашайт. Ал жерде жашаган ага жагат. Бөлмөсү кичинекей, бирок таза, тамактары да даамдуу. Ричард болсо ал жерди бөлмөсү же тамагы үчүн эмес, отелге күнүгө түрдүү жүздөр көп келгендигинен улам жактырат. Адамдар үзүлбөйт. Кечки тамактын алдында көп адамдар менен таанышууга болот.

Дайыма терезе түбүндөгү үстөлгө олтурат. Ал жерден ашкананын ичиндеги адамдардын баары көрүнөт. Эгер отурар жер табылбаса, батпаган адам Ричарддын жанына олтурат. Бул нерсени Ричард жакшы көрөт. Өзү аз сүйлөйт, бирок башканы укканды жактырат. Адамдар тууралуу көп нерсе билгиси келчү. Күнүгө эмне үйрөнсө бекиткен тетрадына жазып турат. Күндөгү болгондун баарын уктаардан мурда жазат. "Жазуучу болуунун негизги жолу ушул. Күндөрдүн бир күнүндө отелге келген адамдар тууралуу бир китеп жазышым толук мүмкүн. Ким билет?” деп ойлонот.

Ошентип күндөрдүн биринде Ричарддын жашоосунда өзгөрүү болду. Кечки тамакта Ричарддын жанына бир адам келип олтурду. Ал адам абдан көп сүйлөй баштады. Көргөн, билгендери тууралуу божурай берди. Өзү жөнүндө эч нерсе айткан жок. Ричард үн-сөзсүз угуп гана олтурду. Бир оокумда тиги адамдын жүзүнө тигилди. Ал жөнүндө тетрадына жазып койгусу да келди: "Чоң баш. Далдайган кулак... буларды жазышым керек"- деп өзүнчө шыбыранды. Тамактан кийин эки стакан арак алышты. Бираз ичкенден кийин тиги адамга Ричард дартын айта баштады.

- Белгилүү банкта иштейм, ал жерде иштегенден бактысызмын,- деди Ричард.

- Банктабы? Иш үчүн эң сонун жер, көп акча тапсаңыз керек? - деп суроо узатты бейтааныш.

- Ооба, акчасы жакшы. Бирок иштегим келбейт, жазуучу болгум келет,- деди Ричард.

- Анда, мен сизге жардам бере алам. Мүмкүн байкагандырсыз, мен жазуучумун,- деди тиги.

Муну уккан Ричард абдан кубанды. "Акыры бир жазуучу менен тааныштым",- деп мыңкылдады.

- Ооба, көп китеп жаздым. Бирок каалагандай акча таба алган жокмун. Тилекке каршы, өтө жакыр адаммын,- деди тиги.

- Бул нерсенин мааниси барбы? Эл китептериңизди окушат, сизди таанышат, - деди Ричард.

- Мм, ооба. Калк мени тааныйт,- деди тиги (кытмыр күлкү менен).

Ричард дагы эки стакан арак заказ кылды. Тигиге суроолорду жаадыра баштады.

- Бир китеп жазуу үчүн кантип баштасам болот? - деди.

- Жакшы билген тема тууралуу жазыңыз,- деди аркынысы.

- Мен банктагы иш тууралуу гана билем. Эл бул нерсени окубайт.

- Билбейм. Күнүгө банкка келген адамдар тууралуу ойлонуңуз. Алар жөнүндө китеп жазсаңыз болот,- деп кеңеш бере баштады тиги.

- Кантип? Мага айтыңызчы?

- Ойлоноюн. Дагы бираз ичеличи! Бейтааныш адам арагын ичип отуруп, бир аңгеме жазуу үчүн сизге жардам беремин. Банкка көп адам келет да. Алардын көпчүлүгү бай, туурабы? Эң байы ким?

Ричард бир саамга ойлонду. Анан мындай деди:

- Банд Мырза. Эң бай адамдын бул шаарда он дүкөнү бар. Көп акча табат.

- Мына, ушул Банд Мырза башка бай адамдар сыяктуубу?

- Жок, башкача.

- Анда мага Банд Мырза тууралуу баарын айтыңызчы.

- Сизге айтканымдай он дүкөнү бар. Кол алдында көп адам иштейт. Бай болсо да эски кийим менен жүрөт. Жакыр адамдай. Эрте менен банкка өзү жалгыз келет. Он дүкөнүнүн акчасын өзү чогултат. Банк ачылары менен келгендиктен кезек күтпөйт. Акчасын дайыма эски капчыгына салып келет. Байлыгы болсо да ушундай жүрүшүнө баарыбыз таңгалабыз.

Тиги киши Ричарддан Банд Мырза тууралуу баарын үйрөндү.

Анан ал:

- Мына, көрдүңүзбү?! Аңгемеңиз даяр. Буларды сиз үчүн жаза албайм, аракеттенсеңиз, жазасыз. Банд Мырза тууралуу жакшы аңгеме жазсаңыз болот,- деди.

- Туура айтасыз, эми түшүндүм. Эртең Банд Мырза тууралуу аңгеме жазууну баштайм.

Дагы эки стакандан арак ичишти. Аны ичкенден кийин тиги киши Ричардга:

- Эми жатуу убагы. Таң эрте автобуска жетишишим керек. Ошондуктан эрте менен сизге жолуга албайм. Бирок кийинки жолугушууда сизге бир канча китебимди алып келип беремин,- деди.

Жардам бергени үчүн Ричард тигиге аябай ыраазы болуп, ыракматын айтты. Бөлмөсүнө кирди да, күндөлүгүнө бейтааныш адам тууралуу "чоң баш... далдайган кулак..." деп жазып койду.

Уктай албады. Эртең менен аябай кыйналып калгандыктан жумушуна телефон чалып: "Кыйналып турам, бүгүн ишке келе албайм”,- деди да төшөгүнө араң жетип кулады. Түштөн кийин эки кесиптеши Ричарддан кабар алышканы келишти.

- Алардын бирөөсү бүгүнкү кабарды уктуңбу,- деп сурады Ричарддан.

Ричард:

- Эмне кабар? Керелдин кечке уктадым. Эч нерсе уккан жокмун, - деди.

- Банд Мырза тууралуу. Эртең менен банкка жетейин деп калганда, ууру сумкасын ала качыптыр. Көп акчасы бар экен. 300 стерлинг.

- Ууру кандай экен? Эмнеге окшош? - деп суроо узатты Ричард.

- Банд Мырзадан башка эч ким көрбөй калды. Ал адам жүзүн чүпүрөк менен жаап алыптыр. Банд Мырзанын эсинде калганы – далдайган кулактар...- дешти.

- Далдайган кулак... Ошол! – Ричарддын жүзү бозоро түштү.

- Эмне болду, Ричард? Ооруп турасыңбы? Доктур чакыралыбы? - дешти кесиптештери.

Ушул окуядан кийин Ричард банктагы жумушунан биротоло кетти. Эмне үчүн деген суроо туулушу мүмкүн. Ричард акча уурдаган жок. Ал ууру эмес эле. Жөн гана жазуучу болгусу келгендиктен ууруга алданды. Жана Ричард биринчи көргөн жазуучусу тууралуу эч кимге айтпады. Ууру да табылган жок. Бирок Ричарддын жашоосу өзгөрдү. Ал атактуу жазуучу болду. Аңгемелер китеби чыкты. Китептеги аңгемелердин ичинен эң жакшысы - банктагы иштеген жаш адам тууралуу болду.

Стадиондун жанында кичинекей отелде жашаган жаш адам күндөрдүн биринде... Бирок аңгемени кайра башынан айтып беришимди каалабайсыз да, туурабы?..

Англис тилинен которгон Мээрим Сайдилкан

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз