Борбор Азиядан дүйнѳ окурманына: Адабиятыбызды дүйнѳгѳ таанытуу үчүн эмне зарыл?
- 01.11.2026
- 147
Баян Кабылаш эл аралык китеп басып чыгаруу, маданий дипломатия жана элдин бай адабий мурасы эмнеге аалам окурманына али да кеңири жептей жатканы тууралуу токтолот.
Борбор Азиянын адабий мурасы бай, оозеки адабияты терең, дүйнѳгѳ таанытууга татый турган өздүк тарыхы бар. Элибизде таланттуу авторлор, жаратман иллюстраторлор, мүмкүнчүлүгү кенен басмалар жана чет элдик окурмандарын да кѳңүлкош калтырбай турган китептер да аз эмес. Ошондуктан мени көп жылдан бери бир суроо толгондурат: эмнеге кээбир элдер өз адибиятын бүткүл дүйнѳгѳ ийгиликтүү тааныта алды, а биздин авторлордун китептери чет элдик китеп дүкѳндѳрүндѳ, китепканаларда жана басма каталогдарунда али да сейрек кездешет?
Маселе биздин сунуштай турган нерсебиздин жоктугунда эмес. Жакшы китептин өзү эл аралык басылмага айланып калбайт. Автор менен чет элдик окурмандын ортосунда чоң жумуш турат: котормо жасоо, ылайыктуу басманы табуу, укуктарды сатуу жөнүндѳ келишим жүргүзүү, каржылоо булактарын издѳѳ, китепти жарнамалоо жана эң башкысы – дүйнѳлүк китеп рыногунун кандай жумуш иштегенин түшүнүү.
Мен бул тууралуу сырттан байкоочу катары гана айтып жаткан жокмун. Негизги кызматымдын жыйырма жылга жакыны эл аралык китеп басып чыгаруу, адабий укуктар, котормо, маданий долбоорлор жана эл аралык китеп жармаңкелерине катышууга байланыштуу. Ошол жылдар ичинде адамдар менен уюмдар биргешелип жумуш жасаганда адабиятыбыз үчүн канчалаган мүмкүндүк ачыларынын да, керектүү колдоо болбогон кезде канчалаган жакшы идеянын жүзѳгѳ ашпай каларын да көрдүм.
Жакшы китептин болуусу жеткиликсиз — ага окурманга алып барар жол керек
Эл аралык китеп жармаңкелери улуттук адабиятты таанытуунун башкы мүмкүндүгү катары эсептелет. Бул туура. Мындай тармактарда басмагерлер, адабий агенттер, котормочулар, авторлор жана интеллектуалдык менчик укуктары боюнча адистер кездешет. Өнөктөш табууга, китепти которуу маселесин талкуулоого жана аны башка өлкөлөрдө басып чыгаруу жөнүндө келишим баштоого мүмкүндүк жаралат.
Демек китеп жармаңкесине катышуу — жумуштун башы гана.
Жүздөгөн китеп алып барып, кооз улуттук бурч уюштуруп, тушоо кесерлер менен кездешүүлөрдү өткөрүүгө болот. Мунун баары улутка деген кызыгуучулукту арттырып, маданиятыбызды таанытууга көмөктөшөт. Бирок чыныгы натыйжа көбүнчө андан кийин көрүнөт: чет элдик басма китепти басып чыгаруу укугун сатып алганда, сапаттуу котормосу даярдалганда, китеп башка элде жарык көрүп, өз окурманын тапканда.
Ошондуктан эл аралык иш-чараларга катышуунун натыйжасын сунушталган китептер менен өткөзүлгөн кездешүүлөрдүн саны менен гана баалоого болбойт. Андан кийин эмне болгонуна да көңүл буруу кажет.
Жаңы котормолор пайда болдубу? Укуктарды берүү тууралуу келишим жасалдыбы? Басмалар ортосунда узак мөөнөттүү өнөктөштүк калыптандыбы? Чет элдик басмагерлер биздин авторлорго кайра кайтып, жаңы сунуштарды жасап жүрөбү?
Мен үчүн бул — Борбор Азиянын китеп тармагын өнүктүрүүдөгү негизги маселелердин бири.
Адабиятыбыздын дүйнөлүк рынокко чыгуусуна эмне кедерги?
Иш жүзүндө эл аралык басма иши китепти англис тилине которуу менен гана чектелбейт. Анын кимге кызыктуу экенин, кайсы басма аны чыгарууга кызыктар экенин, кандай укуктарды сунуштоого болорун жана чыгарманы бизнес чөйрөгө кантип тааныштыруу керектигин билүү зарыл.
Чет элдик басмагер китептин өзүн гана эмес, ал тууралуу так ары толук маалыматты да алуусу керек. Ага чыгарманын кыскача мазмуну, автордун өмүр баяны, укуктары тууралуу маалымат, сапаттуу котормо үлгүлөрү, максаттуу аудиториянын сыпаттамасы жана бул туундунун башка элдин окурманына эмнеге кызыктуу болуусу мүмкүн экенин түшүндүргөн негиздеме зарыл.
Адабий котормонун сапаты да өзгөчө мааниге ээ. Котормо – бир тилдеги сөздөрдү экинчи тилдеги сөздөр менен алмаштыруу гана эмес. Ал чыгарманын маанисин, интонациясын, маданий контекстин жана автордун үнүн жеткизүүсу керек. Ошону менен бирге эл аралык басма маданиятыбыздын жеке өзгөчөлүктөрүн сактап отуруп, Борбор Азия менен алгач таанышып жаткан окурманга да түшүнүктүү болуусу кажет.
Дагы бир маселе – өлкөбүздөгү көптөгөн басманын ресурстары чектелүү. Алардын эл аралык иш-чараларга туруктуу катышууга, бир нече тилде бизнестик материалдарды даярдоого, чет элдик адистерди тартууга же чет элдик шериктештер менен бир нече жыл бою келишим жүргүзүүгө ар дайым мүмкүнчүлүк боло бербейт.
Ошентип, окурманга кызыктуу болгон китеп аны чет элде басып чыгара ала турган басмага жетпей калышы ыктымал.
Бул жерде Борбор Азияны башка адабий нарктарга каршы коюунун кажети жок. Ар бир өлкөнүн өз жагдайы, тили менен басма салты бар. Деген менен эл аралык тажрыйба системасы жумуштун, бизнестик байланыштардын жана адабий укуктар менен алмашууга арналган кол жетимдүү инфратүзүлүштүн канчалык маанилүү экенин көрсөтөт.
Котормо, укуктар жана колдоо — бир-биринен бөлөк каралбоо керек
Казакстандык жана башка да Борбор азиялык авторлордун эл аралык наркка көп чыгуусун кааласак, китептин бүткүл жолуна көңүл бурушубуз керек.
Биринчиден, адабий котормону системалуу түрдөм колдоо кажет. Ал үчүн котормо гранттары, котормочуларга арналган программалар, чыгармачылык резиденциялар, бизнестик окуулар жана чет элдик басмалар менен биргелешкен жоболор маанилүү. Мындай колдоо котормону даярдоо менен гана чектелбей, китептин жарык көрүүсүнө чейинки бүткүл системаны камтуусу керек.
Экинчиден, адебий укуктар менен жумуш жасоо маданиятын өнүктүрүү кажет. Көптөгөн автор менен басмагер үчүн бул тармак алы да татаал: китепти чет элдик өнөктөштөргө кандай сунуштоого болот, анын эл аралык рыноктогу абалын кандай баалоо керек, келишимди кандай жүргүзүп, эл аралык келишимди кандай жасоо кажет? Бул багытта окутуу, бизнестик кеңеш берүү, укуктар каталогдорун даярдоо жана басмагерлер бири-биринин китептерин таба ала турган артайы аянтачалар кажет.
Үчүнчүдөн, эл аралык китеп жармаңкелери менен бизнестик программаларды бир жолку иш-чара катары эмес, узак мөөнөттүү стратегиянын бир бөлүгү катары өнүктүрүү маанилүү. Улуттук бурч адамдардын көңүлүн бурдуртушу мүмкүн. Демек ошол кызыгуучулуктун чыныгы тилектештикке айланышы жармаңкеден кийинки жумушка байланыштуу.
Акырында, өлкө ичиндеги байланышты чыңдоо кажет. Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркменстандын өздүк адабий салттары менен китеп рыногунун өзгөчөлүктөрү бар. Ошону менен бирге биргелешкен бизнес жоболор басмагерлер менен авторлорго тажрыйба алмашууга, китептерин тааныштырууга жана эл аралык аймакка чыгууга кошумча мүмкүндүк берет.
Тилектештик ар бир улуттун адабияты өз өзгөчөлүгүн жоготуу керек дегенди билдирбейт. Тескерисинче, өз адабиятыбызды канчалык жакшы таанып, сабаттуу суна билсек, эл аралык диалогго ошончолук ишенимдүү катыша алабыз.
NOMfolio долбоорун эмне үчүн колго алдык?
Китептер менен, басмагерлер менен жана эл аралык шериктештер менен түз жумуш жасоо тажрыйбасы тармагыбызда эмне жетишпестигин түшүнүүгө көмөктөштү. Китептер бар. Авторлор бар. Чет элдик бизнес чөйрө тарабынан да кызыгуучулук бар. Бирок китептер менен аларга тиешелүү укуктар тууралуу маалымат көбүнчө ар жерде чачыраңкы жайгашкан. Ал китеп менен алгач таанышуудан баштап анын чет элде жарык көрүүсүнө чейинки жол кээде абдан татаал.
Ошентип, Борбор Азия менен кеңири Евразиянын аймагына китептер менен адабий укуктарды эл аралык китеп рыногуна таанытууга көмөктөшө турган NOMfolio платформасын түзүү идеясы пайда болду.
Биздин максат — авторлор менен басмагерлер өз китептерин сунуштай ала турган, а чет элдик өнөктөштөр зарыл чыгармалар менен шериктештиктин мүмкүндүктөрүн таба ала турган практикалык курал жасоо. Бул бир гана котормо менен чектелбейт. Китепти эл аралык деңгээлде өнүктүрүүнүн бир нече жолу бар: аны башка тилде басып чыгаруу, басма укуктарын берүү, активдештирүү жана интеллектуалдук менчик менен жумуш жасоонун башка да түрлөрү.
Мен үчүн NOMfolio — тармактын бардык маселесин бир платформа менен чечүүгө тырышуу эмес. Бул — көп жылдык тажрыйбадан жана китеп рыногунун так муктаждыктарын түшүнүүдөн жаралган практикалык кадамдардын бири. Технология маалыматты издөө менен алмашууну жеңилдете алат, бирок сапаттуу котормонун, бизнестик экспертизанын жана шериктештер арасындагы ишенимдин ордун баса албайт.
Долбоор тууралуу толугурак www.nomfolio.com сайтынан билүүгө болот.
Менин оюмча, мындай долбоорлор басмалар, котормочулар, маданий уюмдар менен жана мамлекеттик колдоо программалары менен бирдикте өнүгүүсү керек. Ошондо жеке долбоорлор кең форматтуу орток жумуштун бир бөлүгүнө айланып, өлкөбүздүн адабиятын эл аралык деңгээлде таратууга көбүрөк мүмкүндүк туулат.
Китеп маданияты бир гана экспорттон башталбайт
Адабиятты эл аралык деңгээлде таанытуу тууралуу сөз болгондо, назарыбызды бир гана чет элдик рынокко буруп кетишибиз мүмкүн. Мындайда мындан да маанилүү бир суроо бар: китеп биздин коомубуздун жашоосунда кандай орун алат?
Адабият эл аралык маданий диалогдун бир бөлүгүнө айланышы үчүн, эң алды менен, өз элибиздин да суранычына ээ болуусу керек. Балдардын эне тилиндеги кызыктуу китептерге колу жетүүсү кажет. Азыркы замандын авторлору өз чыгармаларын жарыялап, бизнестик көз караштан өнүгүүгө мүмкүндүк бар экенин сезиши керек. Китепканалар, мектептер, китеп дүкөндөрү, басмалар менен маданий мекемелер окурмандарга жаңы чыгармаларды жазууга көмөктөшүүсу кажет.
Китеп жармаңкелеринин мааниси бул багытта да зор. Алар бир гана соода аянтчасы же бизнестик кездешүүлөр өтчү орун эмес. Мындай иш-чараларда балдар жаңы авторлор менен таанышат, үй-бүлөлөр өздөрү үчүн жаңы китептер алат, ар түрдүү муун өкүлдөрү адабият менен маданият тууралуу пикир алмашат. Бирок мындай натыйжа өзүнөн өзү эле калыптанбайт. Ал мазмундуу программага, китептирдин кол жетимдүү болуусуна жана окурман менен туруктуу жумуш жасоого байланыштуу.
Жыйынтыктап келгенде, адабиятты эл аралык деңгээлде таанытуу менен эл ичиндеги окуу маданиятын өнүктүрүү өз ара тыгыз байланышта. Китеп маданияты канчалык өнүккөн сайын, авторлорго, басмагерлерге жана котормочуларга ошончолук көп мүмкүндүк ачылат. А адабиятыбыз дүйнөгө кеңи таанылган сайын, өлкөбүздөн тыш жерлердеги адамдар да китеп аркылуу тарыхыбыз менен жана бүгүнкү жашообуз менен тааныша алат.
Эмнени өзгөртүүбүз керек?
Мен Казакстан менен Борбор Азиянын башка элдери китеп басып чыгаруу тармагын маданиятка, билимге жана эл аралык байланыштарга салар узак мөөнөттүү инвестиция катары караштырууну зарыл деп эсептеймин.
Бул багытта мамлекеттик колдоо чынында маанилүү. Бирок анын ыңгайлуулугу тармактын чыныгы муктаждыктары менен канчалык дал келерине байланыштуу. Котормо гранттары чет элдик басмаларды издөө менен катар жүрүү керек. Эл аралык жармаңкелерге катышуу адабий укуктар менен келишимдер боюнча кийинки жумуштун улануусу кажет. А билим берүү программалары адистер алган билимин тажрыйбада колдоно турган чыныгы мүмкүндүктөр менен толукталуусу тийиш.
Ошону менен катар бул жумушка бизнес өкүлдөрүн кеңири тартуу маанилүү. Алардын катарында басмагерлер, адабий агенттер, котормочулар, авторлор, иллюстраторлор, маданий уюмдар менен ишкерлер бар. Ар биринин өз ролу бар. Идеяларды чыныгы натыйжага жеткизе турган да — өз ара тилектештик.
Кирешени бир гана өткөзүлгөн иш-чаралар же чыгарылган каталогдордун саны менен өлчөөгө болбойт. Кандай китептер колдоо тапты, кандай котормолор жарык көрдү, кандай эл аралык өнөктөштөр иштерин улантты жана адабиятыбыз башка элдердин окурмандары үчүн канчалак жеткиликтүү болду деген суроолорго жооп берүү кажет.
Мунун баары убакытты талап кылат. Эл аралык басма тилектештиги дароо натыйжа бербейт. Кээде китеп жармаңкесиндеги алгачкы кездешүүдөн китептин жарык көрүүсүнө чейин бир нече жыл өтөт. Ошондуктан жумуштун натыйжасы, ишкерлик системасы жана бир гана алдыдагы иш-чара үчүн эмес, узак мөөнөттүү натыйжа үчүн эмгек кылууга даяр болуу абдан маанилүү.
Адабиятыбыздын дүйнөгө айтары бар
Борбор Азия адабиятын бир гана өлкөбүздүн атынан чыккандыктан гана таанытуу керек деп эсептебеймин. Китептер өз тарыхы, кейипкерлери, көркөмдүгү жана ар түрдүү маданият өкүлдөрүнө орток маселелерди козгой билүүсү аркылуу окурманын табуусу керек.
Мындайда окурмандын тандоо мүмкүндүгү болуусу үчүн китеп чегарадан өтүүгө мүмкүндүк алуусу кажет. Аны байкап, которуп, басып чыгарып, жаңы аудиторияга тааныштыруу керек.
Эл аралык китеп жармаңкелерине катышуу, котормо программаларын өнүктүрүү, адабий укуктары менен жумуш жасоо жана жаңы ишкерлик куралдарды жасоо — бир-биринен бөлөк милдеттер эмес. Булар мамлекет, бизнес, маданий уюмдар жана бардык китеп коомдоштугунун катышуусун зарыл кылган бир системанын өз ара байланыштуу бөлүктөрү.
Мен үчүн башты натыйжа — Казакстандан же Борбор Азиядан чыккан китепти чет элдик каталогдон көрүү гана эмес. Анын чынында жарык көрүүсү, окулуусу, кызыгуучулук жараташы жана башка элдин маданий аймагында өз ордун табуусу маанилүү.
Борбор Азиянын өз үнү, өз тарыхы жана өздүк көркөм тили бар. Биздин милдет — дүйнөнүн ушул үндү капыстан эмес, системалуу ары ишкердик жумуштун натыйжасында угуусуна мүмкүндүк берген шартты калыптандыруу.
Баян Кабылаш — эл аралык китеп басып чыгаруу, адабий укуктар, котормо жана маданий долбоорлор тармагынын адиси. Nomad Culture Foundation фондунун негиздөөчүсү, директору, NOMfolio жана Steppe Wonders долбоорлорунун автору. Жыйырма жылга жакын китеп тармагындагы эл аралык тилектештикти өнүктүрүү жана Борбор Азия адабиятын дүйнөгө таанытуу багытында жумуш жасап келет.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR