«Куюн доордогу» Кененсары жана кыргыз-казак жаңжалына шыкакчы күчтөр

  • 03.11.2026
  • 164

Бу күндөрү Жети-Суудан алыс эмес жерде есаул Нюхалов да өз амалын бышырып тынч жатпады. Нюхаловго Орто Азия чөлкөмүндө түрк-мусулман элдеринин ыркы келишпей, ак падыша бийлигинин кутумусуз өздөрү менен өздөрү салгылашып турганы керек. Мүдөөсү – казак менен кыргызга энчилүү аймактарды падыша бийлигинин карамагына өткөрүү.

Осмон султандыгынын диний таасири, Ооганстан аркылуу байланыштар, Британия менен Орусиянын Борбор Азиядагы «Улуу оюн» шарттары – жергиликтүү элдердин боштондук аракетине азгырык шекилдүү.

Көчмөн элдердин чогуу отурукташканын каалабас орус падышалыгы 1847-жылы кыргыз манаптарын козутуп, казак канынын башын алдыруу милдети есаулдун мойнунда. Айлакер казак баштыгын жок кылуу есаул Нюхаловго басса-турса амал издетти…

*     *      *

– Бириксе… Самарканд, Кокон, Ташкентти өздөрүнө каратат, – дешти аскер башчылар. 

“Кененсарынын тизгинин кагып, тындым кылгыла!” – деген буйрук турду баарында.

– Бир ыңгайы бар, – деди ак аскердин отряд жетекчиси. – Бизге ыктаган кыргыз манаптары Кененсарынын айылын түрө кыдырып чабууга убадасы бар.

– Ооба! Иле боюндагы кабарларды Али төрөсүн баш кылып, аргын уруусунун бийлери Майкөт менен Котураш жеткирди.

– Аларың сөөк аңдыган итче шыйпаңдаган немелер экен, ишенип болобу?

– Болот! – деди чечкиндүү отряд жетекчиси. – Бизге таяныч болгондордун дагы бири казактын Бөлөн султаны…

– Ага кыргыздын үч манабы – Ормон, Жантай, Жангарач кошулду.

– Казак канынын башкы атаандашы – Ормон кан. Демек анын чечкиндүү кайратын пайдаланууда кеп… – Нюхалов кеңешке чогулгандардын кебине толук ынанды.

Кененсарынын мүдөөсү падышалык төбөлдөргө эбак жеткен. Чалгынчалар жеткиришкен. Кененсары Ормонго элчи чаптырган имиш. Ишти тездетмекке. Элчинин оозунан казак-кыргыз бир кандыктын астында биригели дептир. А ишенген Ормону «Кимибиз улуу болсок, кандык бийлик улуубузга ыйгарылсын» деген тил кат жолдотуптур.

– Хи… Жашы боюнча Ормону улуу эмеспи Кененсарыдан, – деп мыйыгынан жылмайды тыңчыларын тыңдаган аскер башы.

– Эки тараптын мүдөөсү келишсе, бу көчмөндөр тез эле...

– Ооба, кечеңдетпейли!

Казак канынын башын алуучуларга орус төбөлдүгүнүн белектери тезинен камдалды. Ормонго орус армиясынын полковник чини, калган манап, бий, баатырлардын он экисине алтын медал ыйгаруу.

– Жантай, Ормон, Жангарачтын алдында кечирим суранды Кененсары, – деди тыңчы Алим Ягудин.

– Анан?..

– Болбоду... Өз башынын амандыгына алтымыш төөлүк кун төлөп берүүгө казак каны даяр. Буга кыргыз манаптары көнмөк болуп…

– Ток этерин айтчы! – тыңчысын кекетти есаул. – Ормонго акыл-кеңеш айтар катчылык милдетиң кандай болушу керек эле?!

– Милдетимден эч тайбайм, – деди жойпоңдоп.

Керек болсо мени тыңдаган Ормон кан өз кеңешчиси Шаменге кулак салбай калганын кантип айтуунун ыңгайын издеди Ягудин.

– Ашыкпагыла дедим, туугандар... Адамды адам кечире билүүсү жакшыдыр. Ошентсе да силер бу канкордун... Бу канкордун деп сөөмөйүм менен кесеп көрсөттүм Кененсарыны. Шамени кебимди буруп кетер болду эле, мага кунт койгон Ормон кеңешчисин “чүш!” деп тыйып отурду улам. Мен анан качанкы өткөндү эстерине салдым.

Есаул Нюхалов бүдүрдөй майда кепти да терип укмак болуп кулак түрдү кепке.

– Тарыхты эстерине салдым. Абылай кандын кыргыздарга жортуулун. Бунун чоң атасынын кыргыз калкына берер куну ушул алтымыш төөнүн жүгү болуп калыптырбы деп катуу айттым, – деди тыңчы өз ишмердигине кандими экенин көрсөтүп.

– Алтымыш төөнүн түгү кун болуп береби?.. – есаул Нюхалов шылдыңдуу күлдү. – Далилиң бекем экен, браво!

*       *        *

… Алим Ягудини кыргыз манаптарын дагы не деп көкүтөрүн билбей жүйө сөзүн камдап, Ормон, Жантай, Жангарачтын оозун тиктеди. Үчөөнө тең тыңчылыгын шектентпес молдонун айткандары ала качма кеп эместей.

Ара сөздө кыргыз менен казактын санжырасын эстеген Жантай ооз ачты:

– Абылай кандын кыргызды чапкан казатын кантип билбейли. Бирак кыргыз менен казакка тең орток мамилесин да унутпайлы. Эпаада эки элдин арасындагы бейбаштыкка арачы кишилердин бири Абылай эмеспи. «Бир жагыбыз – Кокон, бир жагыбыз – Орус, бир жагыбыз – Кытай. Кокус тегерек-четибиздеги жоо катылса, керегебиз бир журтта жайылган кыргыздан жакын тирегибиз жок», – дегени бар Абылайдын…

Баарын муютту бул кеп.

– Бул далилиңиз чийки! – деди молдо сөз нугун буруп. – Абылайдын эки жүздүүлүгүн силер билбесеңер мен айтайын…

– Чүш, – деди кепке муюп калган Жангарач өткүрлүк кылып.

– Даа бир кеп... – Жантай кебин улады. – Чаңдуу жортуулда калмактардын туткунуна кабылган кыргыздарды Жуңгар жерине өткөртпөй арачы түшүп алып калганычы… Ошол шер Абылай кан экенин башка калк унутса да биз кантип унуталы?! Туткундан бошотулган ошол кыргыздар шул күндө орто жүз казактын ичиндеги кыргыз уруусу эмеспи.

– Ооба. Калетсиз… – Ормон кубаттады кепти.

– Жер чокусу Көкчө-Тоонун өңүрүндөгү кыргыздар да Абылай кан аманатка апкеткен өз боордошторубуз, – деди Кененсарынын тагдыры чечилер учурда эл баштыктарын калыстыкка чакырмак болгон Жантай.

Үч манапты тетири имериштин айласы кылып, Жантайдын оозундагы сөз нугун бурганча шашты.

– Туура, калмактардын туткунундагы кыргыздарды куткарып, аманатка алганын... – деди Алим Ягудин да Жантайды кубаттаган болуп. – Алган менен өз мудаасы үчүн кол алдындагы казактын орто жүз уруусу аган аз көрүнүп, кыргызды караткысы келген. Билесизби?.. Билбесеңиз ал тарых мындай: миң жети жүз жетимиш сегизинчи жылы Екатерина экинчи ханышанын өз колу менен Абылайды орто жүздүн каны деген жарлык чыгарганына ыраазы болбогон Абылай: «Мени жалпы казактын каны» – деп тааныгыла деген. Муну уккан Екатерина эмне деген?.. «Сиздин жалпы казактын каны болууга укугуңуз аз. Сизге орто жүздүн гана казактары баш ийет» деген.

Алим Ягудиндин бул айтканы Жантайдын далилдерин калдайган булуттай жаап калгансып, үч манап заматта жоошуй түшкөнү.

– Абылай шондон кийин кандык даражага жетиштин амалын кылып, кыргызды өзүнө каратып алсам дегени эмеспи бул!.. – Ягудин кыргызга жан тарткандай жаалдуу көрүндү. – Абылайдын эки жүздүү айлакерлигине келсек, ал Россия, Кытайдан да аскер көмөгүн сурап, кыргыздын чегине көзүн арткан. Эми даа анын небереси Кененсары кыргызды бекеринен чаап алам деппи? – Алим Ягудин алдындагы оозу ачылып отурган үч манапты ачык эле тукурууга өттү.

– Абылайдын кыргыздардан аманат алганынын максаты сиз айткандай болгон эмес, – кесе сүйлөдү Жантай. – Анысы эки элди жакындатмакка кыргыздын миң түтүн үйбүлөсүн көчүрүп кетип, баарын ак үйлүү кылган.

– Аманатка кеткен кыргыздар Көкчө-Тоодон тартып Жети-Суу боюна турукташкан, – Жангарач Жантайдын кебин жиреди.

Алим Ягудин өз озуйпасын аткара албай калуудан чочулады. Сөз нугу Кененсарыны актоого чукулдаган сайын кыйпычыктап отурду. Ага есаул Нюхалов Кененсарыны колго түшүргөн кыргыздарга казак канынын башын кестирүү тапшырылганына жандалбастады. Кокус бул иш колдон чыкса, Кененсарынын башы эмес, өз башы соо болбос.

Тарыхый жазмасы жок жапайы көчмөндөрдүн башын айлантууга колдонор далили курал боло албады. Ак падышанын бийлиги менен он жыл кармашкан Кененсарынын аскери алсырап, өзү мынтип колго түшүп отурган чакта иш жаза таябы?..

Ишти оң жагына оодарууга эми акыркы далбасасы бар. Айла кетсе, акыркы дүрмөткө сакталган октой үч манапты азгырар амал анысы. Ошону тил учунда кармап отурду...

– Кыргыз менен казактын эзелтен жайыт талашы менен бири-биринин малын чаап айдап кеткенден бөлөк чатагы болбогон. Кечиришели… Кененсары өткөн-кеткен катасын моюндап, өзү кечирим сурап туру. Кегибизди унуталы, – Жантайдын кеби кулагына шак дээри менен тыңчынын көзү чекчейди.

– Жакшылар! – деген Алим Ягудин үч манапты сөзгө ийитмекке үнүн таптап, өзүн салмактуу карманды. – Ниетиңерде бирдиктүү мамлакат куруу турган болсо, ак падышанын колдоосу жок мүдөөбүз ишке ашпас, – деди өз кишидей өзөгү өрттөнүп. – Кененсарыны куткарсак, ак падышалыкка жагабы? Муну да ойлойлу. Агер ак падыша бийлиги менен мамиле сууса, жериңерди эртең эле Кокон бийлиги басам дээр... 

– Кокондуктар көздөгөнүнө жетет анда эле, – Жантай баятан берки тутумунан тайыгансыды.

Шпион ким экенин укпаган, көрбөгөн үч манаптын тилдери кыскарып үндөбөдү. Бир дасторкондо туз даам татышып отурган молдону каскүмөн туткулары келбеди.

– Мен буну мусулман катары айтканым го... Кененсарынын башы алынса, бул чечимиңерге падышалык Россия ыраазычылык билдирбей койбойт. Ак падыша менен мамиле курар учур бул. Казак ханынын башын алып, орус империясынын пейилин түзөчү силер эмей ким?..

Буга да каршы жооп таппай отуруп беришти үч манап.

– Кененсарыны куткаруу чечимиңер шашылыш эмеспи… Ойлонгула. Бириңе хандык бийликтин даражасын ыйгаруу ак падышанын колунда...

Казак-кыргыздын коюн-колтугун аралап жүргөн тыңчынын соңку кеби ушул болду.

P.S. «Куюн доор» романынын электрондук толук тикемеси мында>>>>

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз