Самипашазаде Сезаи: Пантомима

  • 14.11.2026
  • 154

АҢГЕМЕ

Хасеки районунун чет жагындагы туюк көчөдө жалгыз турган үч бөлмөлүү бир там, мазарга айланып, алоосуз бир жымжыртка толгон эле. Эски, караансыз калган үйлөрдөй көрүнөт. Чатырынан ажыраган тактайлар менен карапалар, дубалдарынан ураган таштар жылдап түшкөн жеринде калып келет. Анда-мында ырайы суук карыган грек аялы жез-мастандарга тиешелүү корккон, абайыңкы турпаты менен эшикке чыгып, үйүндө керектүү оокаттарын сатып алып, шашкан бойдон үйүнө кирип кетет.

Ошо жалгыз үйдүн кичинекей бакчасында тамга жакын жалгыз дарак, июндун алоолонгон ысыгы Стамбулдун бул жактарын кыймылсыз бир аптага бөлөгөн кезде жалбырактарына жашынып калат. Качан серүүн бир шамал желе баштаганда ошол үйдүн, ошол райондун чоң бир жашыл желпигичи өңдөнүп абаны тазалап, ал жерди бир жарык, таза жерге бөлөй таштайт.

Жайдын бир жума күнүндө, түш чээндеп эски тамдан куру менен бир адам чыкты. Эшигин кынаптап, жакшылап бекиткен соң өз жолуна түштү. Аркасынан карай түшсөң отуз үч жашка келип калган адам, семиздигинен далы менен бели бирдей таралып, жоон адамды көзүктүртөт. Бирок кичинекей буттарынан улам жамбашын көтөрүп, ары-бери жылуусу чоң бир мүшкүл экенин көрүүгө болчудай. Ыраакы райондун мемиреген көчөлөрүндө негедир ойлонку, кайгылуу өтүп барат... Болбосо ал элди күлдүрүш үчүн бараткан... Ичке тактайлардан курулган, төрт тарабы тирөөчтөр менен тирелген имарат алдына келди. Имараттын каалгасында бир жарыя асылып турат.

Чоң кара жазуу менен түшүрүлгөн ак кагазда:

“Атактуу Паскалдын пантомималары башталды. Бул жерде жума, жекшемби күндөрү куудулдун ар түрдүү өнөрлөрү жана күлкүлүү оюндары көрсөтүлөт.

Кымбаттуу көрүүчүлөр, сиздин сүйүктүү Паскалыңар, ар жума сайын сахнага жаңы оюндарды алып чыкмакчы!”

Атактуу Паскаль, ушу болтогой адам. Театр эшигинен кирип, курун ачып, көрсөтмөсүнө тиешелүү шалбыраган ак шымын, башына башы учтуу, алды тоголок келген шапкесин кийди. Бетин аппак унга чөгөрүп, баканыкындай уурданган кара көздөрүнүн алдын кызылга боёду. Бир саттан кийин мурунку муңдарын унутмакчы түрдө оңдонуп алып, кайгысын жыргалга алмаштырып гана күлкүгө куунак, кол чабуулардын алкышында оюнун тартуулай баштады.

Паскаль бул оюнда бир аялга ашык адамды аткармак. Сүйүүсүнө жетүү үчүн тилин чыгарып, бөйпөңдөп баштады эле, эл чоң күлкүгө жыгылды. Театрдын жумшак шыбын башына кармап, ортодогу жылып турган устунга жөлөнүп, чылымын оозуна алган бойдон оюнду тиктеген көрүүчү:

- Паскаль тилин чыгардыбы? Мунусу күлдүрүп атып адамды эсинен кетирет ко! - деп сөз салып калды эле, жанында отургандардын көпчүлүгү ага суудай кошулуп, ырастап ийишти.

Актёрлордун жанындагы ложада, жүрөгүндө кири жок, жаш баланыкындай күлкүсү менен жашоонун ачуусун унуткузчу бир жаш кыз турат. Көңүлдүү, бактылуу болуп, кадимки толкун чийип учкан куштардай колдорун кагып, кичинекей кызгылт эриндерин нур жаркыта күлүмсүрөп, колдорун катуу-катуу чаап, Паскалды алкыштап чалыкпайт. Ал кыздын аты - Афталия. Эми гана жыйырмага келди. Бу сапар жаш кыз карыган энеси менен оюнду көрүүгө келген.

Энеси:

- Кызым бул жерде көп болосуңбу?- деп калса, Афталия:

- Паскалды өлүп калган сүйүктүү күчүгүмө окшоштурам, а кээде кыймыл-аракетин көрүп, жактырган жаныбарым маймылды эстеп кетем, - дейт.

Бүгүн ак кебездей болуп, нурдуу күлүмсүрөгөн Афталия, шаңдын алкагында, өлүп калган күчүгүнө окшош актёрго ложадан гүл ыргыта баштады. Ыргыткан гүлдөр Паскалдын жүзүнө, көкүрөгүнө тийгенде, ал колу менен жүрөгүн кармап, бүйүрдү алган жерден окко учкан жырткыч жаныбар өңдөнүп ачуу-ачуу кыйкырып жатып калды.

Оюндун артында ал театрдын ич жагындагы бир жерге отуруп, башкалар күлкү менен алпурушуп жатканда негедир ичинен сызып, ыйлай баштады. Байкуш Паскаль татынакай Афталияны сүйөт, бул ырайы суук неме ал ажайыпка ашык эле.

Бирок ал жүрөгүнүн түпкүрүнө сактаган зор махабатын эч кимге билдирбейт, атүгүл кичинесинен бери ар бир сырын туюп келген үйүндөгү карыган кызматчысына да айтып берүүгө оозунуп баралбайт. Ушуга чейин бир аялдын жагымдуу көз карашын, көңүл жубаткан жагымдуу сөздөрүн укпаса, антпей кантер. Баарынын андан күткөнү бир гана кыткылык, тамаша. Атүгүл анын жүрөгү кыйналып, көзү жашка толуп, кайгылуу олтурса да, эл аны карап күлүп, каткырат.

Күн ооп, оюн бүткөн соң курун ийинине асып, келген жолу менен уялыңкы үйүнө барат. Бөлмөсүнүн эшигин ачып киргенден кийин бирөө жокпу деп, үйүн карап чыгат. Терезени ачып, эч ким өтпөй элеби дегенсип сыртты акмалап чыгат. Качан эч ким көрүнбөсө, ошондо гана отуруп, сулуу Афталиясын кыялданып баштайт.

Өзүнө ичинен, бүгүн оюнда ал эмне үчүн мынчалык күлдү деп суроо узатты. Койнундагы гүлдөрдү соолутпастан көтөрүп, сүйүп-өбүп, бөлмөнүн эң бийик жерине койду. “Гүлдөр, эх гүлдөр мени өлтүрөсүңөр!” деп тынчып калды.

Эгерде ал кыз бул ирет ага макул десе, ушу бөлмөнү гүлзар кылып, сулуу Афталияны бурчка отургузуп алып, канча кызыктуу аңгеме болсо, баарын айтып, түнү бою аны күлдүрүп чыкмак. Бир маалда айласыз таттуу түштөн ойгонгондой башын көтөрдү. Өзүн карап, “Эх, эмне мынча, ырайы бузук, ааламдын эң чоң маскарасымын”, - деди да, ыйлай баштады.

Жаман кабарлары менен босогону аттаган ушул ай ушунча тез өттү. Эки жумадан бери театрга келбеген Афталия турмушка чыгыптыр. Байкуш Паскаль жолдошу менен келген Афталияга күлкүлүү оюн коюп берди. Оюндан кийин жүрөгүн өйүткөн кайгысын билдирбөө айласында башын жер каратып, үйүнө барды. Үйүнө жетип, бөлмөсүнө кирип, кулпуланып алды.

Эртеси таң эртеден түшкө чейин эшикти теше каккылаган грек кемпири, эч бир жооп ала албады. Коркуп, шашып, тегеректеги адамдар менен эшикти сындырып кирди. Бөлмөгө кирери менен негедир баары катуу күлө башташты. Куудул Паскаль асылып турган адамдай болуп, адатынча тилин сунуп асылып туруптур.

Жашоосунда ар дайым баарын күлдүргөндөй, өлүмүндө да эч кимди ыйлатпаган байкуш Паскаль бул жолу туурабастан көз жумуптур.

Түрк тилинен которгон Аман БАТЫРБЕКОВ

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз