Жолдош Турдубаев: Мекенчил болуу оңойбу?

  • 16.11.2026
  • 307

Майрамбек Токторовдун быйыл жарык көргөн “Түбөлүк тур, ата журт!” жыйнагына, аты эле айтып тургандай, мекен темасындагы ырлар арбын камтылган. Буларды шарттуу түрдө пейзаждык жана жарандык лирика деп экиге бөлүп карасак болчудай.

1. Ак кайыңдуу айыл салкыны

Пейзаждык лирика дегенде, акындын Таластагы туулган айылы Көпүрө-Базарга арналган “Кайыңдуу айыл” ырына токтололу.

Мекен – бул эң оболу ата-энеңдин мээрими, уялаш, жакын туугандарыңдын, кошуналардын көзгө жылуу өңү, санаалаштыгы; туулган жериңдеги көкүрөк кере эркин дем алган аба, арыктан аккан суу, дарыя, талаа, тоолор...

Тамтуң баскан балакай дагы дүйнөнү, андагы Мекенди ушундайча тааный баштайт. Акын болсо ата журтун бир үзүм ак булуттан, жаагыңдан сылаган салкын желден, кулундун кишинешинен көрө/уга/сезе алат. Майрамбек бир катар саптарында туулган айылына имерилген сезимин ак кайыңдардын элеси аркылуу туюндуруптур:

Ак кайыңдар ак куудай моюн созуп,
Сулуулардай суйкайып кийинишет.
Кыялыңды кырка тоо закым кылган
Айтсаң угуп жаткансып сүйүнүшөт.

Кыналыша калышат шамал жүрсө,
Кудум курбу кызына сыр айткансып.
Бири муңдуу, бири суз, бири күлсө,
Бири мында зыңгырайт сын таккансып.

Мындай ыкма – жансыз нерселерге адамдын касиетин ыйгаруу – адабият таанууда кейиптештирүү/кишилештирүү (олицетворение, personification) деп аталат.

Лирикалык “Мендин” туулган жерди көргөндөгү (же алыста жүрүп эстей, элестеткендеги) өрөпкүгөн мамилеси сүрөттөө объектисине – бул жерде ак кайыңдарга – өтүп, алардан да жооп алгандай маанай менен ушундай саптар жазылат окшойт:

Ак кайыңдар – айылдын асыл жаны,
Чарчап турса көңүлдүн жазылганы.
Ак кайыңдар – айылдын ашык жары,
Ак кайыңдар – айылдын чагылганы.

Өсүп жатат ээ бербей, элес бербей,
Өзүн сезип эң бийик теректердей.
Тымпыйышып турса да таңда, кечте,
Шыбырашат сыр ачкан келиндердей.

Ак кайыңдар айылда шуулдаган,
Адамдардай түрлөнүп кубулбаган.
Бой тирешип асмандап өсүп барат,
Заман менен кошулуп зуулдаган.

Көркөм формасы жагынан жыйнакта буга салыштырмалуу кыйла жакшы чыккан ырлар табылат. Бирок мунун мага жаккан бир өзгөчөлүгү – текстте ички диалог бар. Ырас, мында сүйлөшүүнүн жүрүшүн билдирүүчү сөздөр же тийиштүү тыныш белгилер (тырмакча, сап башындагы тире ж.б.) жок. Көлөмдүү ырдын жыйынтыктоочу бөлүгүндө гана лирикалык каармандын туулган жерден калган досу аркылуу айылына “салам айтканы” бар:

Ак кайыңдуу айылды азык кылган,
Көпүрөлүк жердешим жашык тууган.
Кайың десе кубанат жаш балача,
Кайың десе кай убак атып турган.

Касиетин туу тутуп айылымдын,
Алыс жактан сагынып келип алган.
Кайың ага сырдашпы, доспу билбейм,
Кайыңдарды сүйлөйт деп сезип алган.

Ошол досум кайыңды кастарлаган,
Кайда болсо мактанып айтат маган.
Кайыңдарды сагынсаң келип кет дейт,
...Кайың жыттуу айылыма айтам салам!

2. Чач агарткан мезгил сурагы

Улут тагдыры, өлкөнүн келечеги жөнүндөгү ырлар табияттын сүрөттөлүшүнөн даана айырмаланып турат. Бул китептеги пейзаждык лирика көбүнчө туулган жердин сагындырган сүйкүм элесин, акын менен сырдашчудай көрүнүшүн (мисалы, ак кайыңдарды) сүрөттөсө, жарандык лирикада ичкериден чыйралган ой толгоолор, оор санаалар ырга салынат.

Майрамбек Токторовдун «Келатамын “Өмүр” деген чоң жолдо» деп башталган ырында чыгармачыл инсандын жашоосундагы кыжаалат абал сүрөттөлгөн:

… … …

Жүрөгүмдө түнөп калып бар кайгым,
Мени кимдер картайтты деп ойлоном.

Көрсө бизге көсөм болуп убакыт,
Мезгил сурак киргизээрин билбеппиз.
Калыс сөздү айтаар кезде тартынып,
Жалганды айтып, жагалданып сүйлөппүз.

Эзелки Сөздүн кутун кетирбей, улуу көчтүн демин өчүрбөй улантуу парзын унуткарган же Изгилик изинен тайган акын жүрөктөргө жетер ыр жаза албай калат. Таланттын кунары качпашы үчүн ал элдин мүдөөсүн айтып, ырга салып турууга милдеттүү. Бирок “айтайын десем – тил күйөт, айтпайын десем – дил күйөт” дегендей, бул дайым эле оңой/коопсуз боло бербейт. “Чаалыктырган”, “чачты агарткан” жагдай ушул тобокелге баруу же унчукпай бугуп калуу жолун тандагандагы абийир сотуна тийешелүү:

...Чач агарды, чаалыккандай түрүм бар,
Жапжаш туруп неге мынча картайдым?..

Картаюу – биологиялык өмүрдүн күзү келгендеги мезгил эле эмес. Бул кээде рухий турмуштагы каатчылыктан (кризистен) жабыгуу. Мисалы, оор кайгыдан же мыкаачынын аёосуз кыйноосунан кийин жапжаш эле жигиттердин чачы бир түндө агарып кеткен учурлар кездешет. А бул саптар баарыбызга белгилүү окуяларды эске салат:

Мына ошондо бир картайдым түңүлүп,
Жүргөн кезде үмүт кылып сүйүнүп.
Үмүт сындуу жүз бала өлдү аянтта,
Бүткүл журттун келечегин  күйүнтүп.

Адабият тарыхында “Жерден жарака кетсе, акындын жүрөгүн тилип өтөт” (Генрих Гейне), “Акын болбосоң кой, бирок жаран болуу – милдетиң” (Николай Некрасов) дегендей учкул сөздөр белгилүү. Бизде ушул темада көбүрөк сөз кылганы үчүнбү, жазуучу Ашым Жакыпбековду калемдештери “гражданин” деп коюшчу экен. Кыргыз поэзиясындагы цитатага эң көп алынып жүргөн “Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт” (Алыкул Осмонов), “Ата журт кыйын күнгө кабылганда, /Айлансын ар бир уулуң чагылганга” (Жолон Мамытов) сыяктуу саптарды да ар ким өз дареметине жараша кабылдайт, түшүнөт.

Майрамбек Токторовдун бүгүн биз окуп отурган ушул ырында Алыкул менен Жолондун деңгээлине жакындаган строфалар бар:

Толубайдай чындыкты айтыш кыйындыр:
– Токто! Булар тулпар эмес чынында!
– Хан, алданба! Чын тулпарга сыйын кыл! –
Деген сөзгө жарабадык ырымга.

Сюжеттүү өзөгү бар бул ырдын кульминациялык учуру (конфликт – бул жерде Ак менен Каранын күрөшү – чегине жете курчуган учур) чыйрак берилген:

“Келечектин көзүн оюп салаарда,
Таппай турдук Толубайдай жан арга”.

Бирок андан ары опурталдуу окуяны баяндоо ырааты сакталбайт:

Калың журтуң каптап келсе качышты,  
Ата Журттун кереги жок аларга.

Чындык жерде жаткан кезде тургузбай,
Жалганчыны калкаладык ургузбай.
Адашса да адал жолду табышты –
Улут барбы ала-тоолук Кыргыздай!

… … …

Бул саптардын (же айрым кош саптардын) синтаксистик түзүмү каршылаш тутумдуу татаал сүйлөмгө окшош: калың элдин каарына түтпөй кара күчтүн мизи майтарылышы; анан эле кайра “жалганчыны калкаладык” деген ардануу...

Логикалык, грамматикалык ченемге анча сыйбагандай көрүнгөн бул строфалар коомдук аң-сезимдеги карама-каршылыктуу маанайдын чагылдырылышы сыяктанат. Анткени бир караганда кара күчтөр чын эле жеңилип, адилеттик менен эркиндикти жактаган эл мүдөөсүнө жеткендей...

Ошол эле учурда “жыргап-куунап жашап калышкан экен” деген жомок cоңун уккандагыдай “уктап кетпей”, дайыма сергек болуу керек окшойт...

Эмесе, Майрамбек ТОКТОРОВдун бул ырын толугу менен окуп коюңуздар:

Келатамын “Өмүр” деген чоң жолдо,
Көпчүлүккө билинип да, билинбей.
Тагдыр мени калчап көрдү оң, солго,
Ойлогондо “аттиң” деп бир күйүнмөй.

Чач агарды, чаалыккандай түрүм бар,
Жапжаш туруп неге мынча картайдым?..
Кантсе дагы өчпөс менде сүйүү бар,
Бальзамындай баркы түшпөс Алтайдын.

Анда неге мен ушунча картайдым?..
Жапжаш эле болмокмун деп толгоном.
Жүрөгүмдө түнөп калып бар кайгым,
Мени кимдер картайтты деп ойлоном.

Көрсө бизге көсөм болуп убакыт,
Мезгил сурак киргизээрин билбеппиз.
Калыс сөздү айтаар кезде тартынып,  
Жалганды айтып, жагалданып сүйлөппүз.

Мына ошондо бир картайдым түңүлүп,
Жүргөн кезде үмүт кылып сүйүнүп.
Үмүт сындуу жүз бала өлдү аянтта,
Бүткүл журттун келечегин  күйүнтүп.

Толубайдай чындыкты айтыш кыйындыр:
– Токто! Булар тулпар эмес чынында!
– Хан, алданба! Чын тулпарга сыйын кыл! -
Деген сөзгө жарабадык ырымга.

Чобурларын тулпар десе чубатып,
Баары тулпар деп акырын коштодук.
Толубайлар толкуп чыкса жолунан,
Топ карышкыр көргөндөй жол тородук.

Келечектин көзүн оюп салаарда,
Таппай турдук Толубайдай жан арга.
Калың  журтуң каптап келсе качышты,  
Ата Журттун кереги жок аларга.

Чындык жерде жаткан кезде тургузбай,
Жалганчыны калкаладык ургузбай.
Адашса да адал жолду табышты –
Улут барбы ала-тоолук Кыргыздай!

Салтанаты элибиздин көп болсун,
Максатына жетсин дайым самаган.
Кут кетпесин, ынтымагы бек болсун,
Жакшылыктын жарчысы бол, заманам!

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз