Өлүм-өмүр аралыгы даңгырап,
Тазалыгын, сонундугун карачы!
(Алыкул)
АҢГЕМЕ
Балыкчы калаасындагы бир аялдамада бири-бирин тааныбаган эки чал кездешип калышты. Өтө жөнөкөй, өтө карапайым эки абышка.
Кара сакал абышка бой тарткан баласы менен сүйлөшүп олтурган эле. Ал дем алыш күндөрү автобус көп каттабай калаарын айтып, кимдир бирөөгө наалып жаткан. Аңгыча бүкүрөйүп баскан ак сакал чал келип учураша кетти. Алар бири-бирин кайсы жерден көрдүм эле дешкендей таңдана карап калышты. «Кызык,— деди бала өзүнчө,— абышкалар таанышпаса деле учураша беришет. Карап тур, эми туудай кыйшаңдай берди...
- Ии, кайдан келатасыз? — деди кара сакал озунуп.
- Токмоктон.
- Токмоктон дейсиңби? — деди ал таңдана. — А бул алманы кайда алып баратасың? — Сеткадагы алмаларды сөөмөйү менен нукуду.
- Кызыма. Кызым ушул жерде жашайт.
- Ие кокуй, соо киши да Балыкчыга алма алып келеби, бул жерде жайнап жатпайбы.— Мыскылдагандай каткырды.
«Алма алып келеби же алып келбейби, эмне жумушу бар. Болбогон нерселерди деле сурай берет башты айлантып. Кишини уят кылып бүтүрдү»,— деди бала өзүнчө атасына нааразы боло.
- Бул алмалар өз агародумдан,— деди ак сакал ызалангандай. — Өзүмдүн алмаларым, жаңы эле үзүп келдим. Кызым ооз тийип калсын деп атайын келатам. Кантсе да бала эмеспи. Тамактан өтпөйт экен. Көбүн өз колу менен тикти эле... — Сыягы кара сакалдын мыскылдай күлгөнү көңүлүнө кетип калган көрүнөт, аны жаман көзү менен карап алды да, бозоруп олтуруп калды.
Кара сакал муну өзү да байкадыбы, бакжактай кетти:
- Туура, туура. Мунуң ак сөз. Бала, бала де. Баланын бары да балаа, жогу да балаа... — Эмнегедир ойлуу мелтиреди. Ак сакал аны коштогондой башын ийкегилей берди.
- Бала де!— деди кара сакал кайрадан. — Бала де! Дүйнөнүн чырагы. Кудай таалам Мухамбет пайгамбарымдан: «Алладан сураарың эмне?» — деди. Пайгамбарым: «Үмөтүмдүн күнөөсүн бериңиз. Сураарым ушул гана. Көкүрөктөгү жалгыз тилегим да — ушул!» — деп боздой берди... Чыдай албай кеттиби: «Бердим!» — деп кыйкырып жиберди кудай таалам... Бирок бала деген бала да...
Бала өзүнчө күңгүрөндү: «Баягысын дагы баштады. Аа-ай!»
Чал эч кимге назар бурбады, бүткүл аалам аны гана тыңдап тургандай ушунчалык берилүү менен муңдуу сүйлөй берди:
- Бир күнү өз баласына пайгамбардын мээри түшүп калды. Кудай таалам туюп калды да, жебирейилин жиберди. Ал келди да: «Пайгамбарым, эгемдин амири менен келдим. Бир көкүрөккө эки тилек сыйбайт, бирөөнү берсин дейт»,— деди. Муну пайгамбарым өзү да сезген, бир гана тилек менен жашоо үчүн ушунчалык жанталашчу. Бирок бала деген бала да...
Чал негедир үндөбөй калды. Тигилер да демин ичине тартып, мостоюп тура беришти. Ал кайрадан сөзүн улады:
- Ошентип, пайгамбарым ары ойлонду, бери ойлонду, ичинен кара кан өттү. Акыры: «Кудай тааламдын буйругун аткаруу парз. Айла канча, Ыбрайымдын жанын ал, ал медреседе окууда эле, ээрчитип келейин» — деди да, буркурап ыйлап жиберди... Баласына келди да: «Үйгө мейман келиптир, сени көрөм дейт, жүрүчү»,— деп ээрчитип алды. Баламдын мүчөсүн бир көрүп калайын деп ойлодубу байкуш үйгө жакындай бергенде «алдыга басчы, балам»— деди, «атанын алдына басууга болбойт да» — деп ал кургур жакшы эле тарткынчыктады. «Баса бер, атаң уруксат берип жатат ко»,— деди пайгамбарым көз жашын жашырып. Үйгө бала биринчи кирип барды да: «Ии-ий ата, мейманыңыздын түрү өтө суук ко»,— деп чыркырап кетенчиктей берди... Чал титиреп кетти. Кыйлага үндөбөй калды... — Анан пайгамбарым: «Коркпо, балам, коркпо»,— деди. — Чалдын үнү каргылдана баштады. — Бала деген бала да... Муун-жүүнү бошоп баласын кармап, дел болуп тура берди. Жан алгыч шап алкымдан алды да,— чал кайрадан титиреди. — Ыбырайымдын жанын кыйкылдатып тартып жатты... Жаны чыкпай кара терге түшүп кыйналды. Баласынын кыйналып жатканына чыдай албай, пайгамбарым эки көзүн бекем жуумп, тескери бурулду да: «Йи-ий ушундай да тартасыңбы, мындан жеңил тартууга болбойбу?!» — деди безилдеп. Анда жан алгыч: «Эң жеңили ушул, атайы жеңил тарттым»,— деди кайдыгер гана. «Эң жеңили ушул болсо, курусунчу!» — деп пайгамбарым боздоп жиберди да: «Кудай таалама менин бир датымды айта барчы, мындан кийин пенденин жанын көз көрүнөө келип тартпасын»,— деди... Пайгамбарым ордунан тура албай бүк түшүп жатты. Бала, бала де...
Чал үндөбөй дулдуюп отуруп калды. Жерди теше тиктеп, өзүнчө эле күңгүрөнүп жатты...
- Анан... Анан эмне болду? — Бала тыбырчылады. Ал бул аңгемени далай жолу уккан, ушул жерине келгенде чыдай алчу эмес, ар дайым ушинтип безилдеп жиберчү.
- Эмне болмок эле! — деди чал кимдир-бирөөгө нааразы болгондой. — Жебирейил чыркыратып туруп Ыбрайымдын жанын сууруп алды да, жолуна түштү. — Кыйлага чейин үндөбөй дулдуюп турду, анан каргылданган үнү менен минтип кошумчалады: - Ошондон кийин жанды көз көзүнөө тартпайт... Бала, бала де... Ээ... — Чал не дээрин билбей, аргасы түгөнгөндөй колун шилтеди.
Баары үндөбөй калышты. Кара сакал кыдырата бир карап чыкты. «Көрдүңөрбү, мына ушундай болгон» — дегендей онтоп алды. Жерге батпай жаткандай кыйшаңдай берди...
Ыбрайымдын жаздым болгонуна баланын ичи күйдү. Мурда да Ыбырайым ушинтип өлүп калчу, бала аны аяп азапка малына берчү. «Пайгамбар деп коёт,— деди ал кыжырдана күбүрөп. — Пайгамбар экени чын болсо баласын өлтүрбөй аман алып калбайбы». Атасына айтайын деди, бирок дагы капа кылып аламбы деп үндөбөдү. Анткени мурда нечен жолу ушинтип пайгамбарга тил тийгизем деп атасын жер сабаткан. «Жөндөн-жөн күнөөкөр болбо. Баласын тирүү алып калганда, пайгамбарымдын үмөтүнүн баары кетмек. Эгер үмөтү болбосо, пайгамбарымдын пайгамбарлыгы кайсы?.. Кеп башкада... Кеп пайгамбарымдын уулун жакшы көрүп койгондугунда болуп жатпайбы!» — Ата бүгүн да дал ушундай демек. Дагы минтип кошумчалап, башын чайкап сыздамак: «Пайгамбарымда эмне айып, кимге бала таттуу көрүнбөйт экен. Бала — дүйнөнүн чырагы. Бала, бала...» — Акыры сөз таба албай калмак да, колун бир шилтеп алып тим болмок...
«Үмөтү, үмөтү... Бул ким? — деп ойлоду бала өзүнчө.— Эмне үчүн пайгамбар өз баласынан артык көрөт болду экен?» — Атасын суроолуу карап калды. Ал бир нерсени сезгендей:
- Эмне дейсиң?
- Эчтеке эмес,— деди бала. Анан акырын шыбырады: — Ата, үмөтү деген ким?
Атасы чок баскандай секирип кетти. Анан артын көздөй кетенчиктей кыжырдана уулуна кыйкырды:
- Үмөтү ким дейсиңби? Алигиче билбейсиңби? Момпосуйдун баарын билесиң, анан ушуну билбейсиңби? — Баланы карай ыктай берип: —Үмөтү деген мына бизбиз, билдиңби? Пенделердин баары пайгамбарымдын үмөтү... Билдиңби!
Эси оогон адамдай демигип туруп калды. Атасынын дайны жок бакырганына ызаланып, тескери бурулуп кетти бала. Ак сакал унчукпастан ата-баланы жалдырай карады.
Алар үндөбөй тура беришти. Алар катып калышкансып кыймылсыз турушту...
- Кызың эмне болуп иштейт? — деди кара сакал чочугандай.
- Маалим.
- Аа... Анда жакшы экен.
- Мактебибиз чоң деп калат,— деди чал барпаңдап. — Кээде көйнөк-көнчөк да алып берет. Мага мунуңардын кереги жок, өзүңөр жан баккыла десем болбойт туйлашып. — Чал ыраазы болгондой күлүп койду.
- Туура айтасың,— деди кара сакал аны коштоп, булардын тапканынын бизге кереги жок, бизди бакпай эле коюшсун. Мен да буга,— баласына колун жаңсап,— дайыма какшайм: «Бизди багам деп куурабай эле кой, биз ага кар эмеспиз, андан көрө өзүңдүн катын-балаңды эле тыңдап багып ал... Бизди кар чарбанын акчасы деле өлтүрбөйт, эптеп күнүбүз өтөт. - Чал мактана кетти. — Жетет! Жетмек турсуп ашып да кетет. Кемпирим экөөбүз айына сексен сом алат экенбиз, бул теңгеге дүйнөнү да сатып алаарбыз. Жетет, же эмне биз сайран куруп, булар айткандай күн сайын гүлайт этип аттык беле. Жетет. — Өз сөзүнө ыраазы болгондой борсулдап күлүп алды да, ак сакалга кайрылды:— Өздөрү аман-эсен жүрүшсө, урушпай-талашпай тынч жашашса... Үйлөрүнө барганда бир чөөгүн чайын жөндөп берип, жадырап-жайнап узатышса. Санаабыз тынч болсо... Экөөбүзгө азыр мындан бөлөк эмне керек?
Ак сакал башын ийкеп, кубаттап олтурду. Бала экөөнү кайдыгер гана карап койду.
- Эчедесиң? — деди кара сакал кайрадан сөз баштап.
- Жетимишке чыктым.
- Ыя де? Жетимиштесиңби?.. Менден туура алты жаш кичүү экенсиң. — Чал кара сакалын тутамдай кармады. Сыймыктанды.
- Ден соолук болбой жүрөт, аксакал. Кийинки кездерде көп ооручу болдум. Ошон үчүн сакал-чачым минтип эрте агарып... - Актана кетти.
- Аа... — Кара сакал тигинин башынан аягына чейин дагы бир сыйра карап чыкты да, көңүл айтып жаткандай:
- Сакалды же азап, же оору агартат тура.
- Өзүңүз кайдан? — деди ак сакал анын сөзүнө көңүл бурбай.
- Ушул жерде жашайм.
- Шаарды жакшы билет турбайсызбы?
- Кайдан?.. Үйдөн чыкпайм. Кээде эле...
- Бул жерде Айдараалы, Алпамыш деген чалдар жашайт, менин туугандарым болот.
- Мен аларды билбейт экенмин. Балыкчы чоң шаар го. Баш-аягы билинбейт.
Экөө тең баш ийкеп коюшту. Ак сакал бери жылды да, акырын шыбырады:
- Кайсы уруудансыз?
- Тынымсейиттенмин.
- Тынымсейиттенби? «Тынымсейит, Моңолдор...» — деп бир мезгилде Боогачы ырдаган эле.
- Ооба ырдаган. Жети атабыздан бери ырдаган.
- Жети ата... — Ак сакал күрсүндү. Муну өзү элес алган жок.
Кара сакал негедир жандана түштү:
- Аталардын наркында,— деди ал жадырап,— мындай болуптур: агер кимде-ким өзүнүн жети атасын билбесе, «жетеси жок соодаланып келген кул турбайсыңбы, зили сен адам болбойсуң»,—деп сатып жиберишчү экен.
- Ооба, ооба, мен да уккан элем,— деди ак сакал шашкалактап. — Деги бул наркы кызык экен.
- Туура кылышкан! — Кара сакал кекенгендей негедир өкүм сүйлөдү.— Жети атасын, ата-бабасын билбеген киши да адам болуп жарытмак беле? — Ал бир азга ойлонун туруп калды да, анан ошол калыбында:— Айтчы, биз үчүн жети атадан бийик, андан ызаттуу эмне бар эле, өзөлөнткөн жамандыкта да, өрлөнткөн жакшылыкта да таянганыбыз жети ата эле го...
- Бир карасаң күлкүң да келет,— деди ак сакал күлүп,— биз дакимемт-сакимент, кагаз-пагаз дегендерди да билбептирбиз. Жамандык-жакшылыкта ата-бабанын арбагын бетке кармап... Батаны кыя өтпөй, андан коркуп...
- Эмне дейт! — Кара сакал чаңырып жиберди. — Коркуп дейсиңби! Бөтөн бирөө укса ишенбейби?.. Ким коркуптур, ким бүжүрөп корккондуктан жамандыкка барбаптыр?.. Биз сыйлачубуз! Биз... Биз... — Не дээрин билбей кайсалактап калды. - Коркуп деп!.. Силер жети атанын да, батанын да кунун кетирип бүттүңөр! Коркуп деп...— Сөз таба албай шалдайын олтуруп калды.
Кимибизге айтып жатат дегендей ак сакал менен бала бир-бирин суроолуу карашты. «Коркобу же сыйлайбы, ыйык тутабы, баары бир да. Жөн эле өкүрө берет...» — Атасына нааразы боло өзүнчө күңкүлдөдү бала.
Ак сакал койдум дегендей башып ийкегилеп күлүмсүрөй:
- Көрсө, биздин абийирибиз да, колго карманган дакимент-пашпортубуз да жети ата болгон экен да...
Бул сөз кара сакалга жага бербей калды:
- Ии мына эми дал үстүнөн чыктың. Мен сага бир кызык окуяны айтып берейин.— Баласын бир карап алды да, комдонуп олтурду. — Жакында айылдагы жакын туугандарымдыкына барып калдым. Ал башкарма эле, чоңдугунан пайдаланып бир кой карызга сурадым. Тууганды киши кыймак беле: «Жарайт. Дакиментин даярдап коёюн, анан алып кетиңиз»,— деди. Дакименти эмне деп коём. Эртесн бир семиз койду алып келди да: «Буга кол коюп кетиңиз, сиздин менден кой алгандыгыңыз жөнүндө дакимент»,— дейт. Көзүм тунарып, эсим оой эле түштү: «Коюң менен жерге кир! Дакиментиң менен кара жерге кир! Кара башыл кишиге ишенбей, бир бүктөм кагазга ишенип эмне болуп бараткансыңар?!» — деп өкүрүптүрмүн да, кагазын тытып салыптырмын... «Закүн ушундай, сиз түшүнбөй эле...» — деп актанган болду. Койду кагазсыз алдым дечи, бирок ошол кара баскырды эстеген сайын тим элеби... каапыр ий,— башын чайкап-чайкап алды,— азат боюм тик турат.
Мунун эмнесин айтып даттанып жатат дегендей жаман көзү менен атасын карап өзүнчө күбүрөй кетти бала: «Ушуну менен алтынчы жолу айтышы. Мен жокто дагы канча кишиге айтты дейсиң...» Анан бала атасы бир жолу бул окуяны айтып жатып, ыйлап жибергенин эстеди. Аны аяп кетти...
- Алсаң да — кагаз, берсең да — кагаз! — деди ата күрсүнүп.
- Биресе тууганыңызды бекер беймаза кылгансыз,— деди ак сакал акылдуусунуп,— ортонун малын кантип жөн эле кармата коёт, өзүнүкү болсо бир жөн. — Баланы сырдуу тиктеп койду.— Анын үстүнө азыркылар үчүн кагаз башкаларга караганда ишенимдүү да, так да тура...
- Ээ учуру да, тактыгы да куруп кетсинчи! Учурга шылташтын да жөнү бар да... — Токтоно албай кыйкырып кирди: — Ой, мен бир тууганымын го!.. Агер ыйманымды жесем, жанагы кагазы менен кошо өрттөсө да макул элемин го!.. — Мен... Мен...— Сөзүн уланта албады. Бир аздан кийин жайкалып: — Жаның күйгөндө айтат экенсиң да, чесный пыйанерный-ый, чесный кемсемолный деп какшап жүрүшүп эле, анан бир бүктөм кагазга айланып, ага кул болуп калышканын айтам да...
Бала бышкырып жибере жаздап, өзүн араң токтотту. Муну билдирбөө үчүн тескери бурулду. Атасы байкап калып, кайрадан кыйкыра баштады:
- Айтчы, бул балакетиң кайдан чыкты?!
Экөө суроолуу элейишти.
- Кагаз кайдан чыкты дейм?! — Балага кайрылды, ал унчукпады. Ак сакалга бурулду, ал да үндөбөдү. Кара сакал ого бетер кыжырданды. Ишенбегендиктен! Ишенбейсиңер!.. Атаң-балаңа, балаң — атаңа... — Баласына карап, көкүрөгүн каккылады: — Мына, мобул кара башыл кишиге ишенбейсиңер!.. — Тыныгып алды.— Учур деп... Тактык деп... Булар силерге эмне кылып жатат?!. Ишенбейсиңер дейм!.. Ата-бабанын арбагын,— токтоно албай калчылдады, — тепсеп!.. Силер аны ойлоп да койгон жоксуңар! — Ого бетер калчылдады. — Жоголуп баратат, көз көрүнөө жоголуп баратат дейм!.. — Демиккенин баса албай бир азга туруп калды. — Айттыңбы, аткар! Аткарбайсыңбы, ычкырыңа муунуп өл! Өзүң муунуп өл!.. Мына ушундай болгон... Агер мен өкмөт болсом, эртең атып салышса да, бир закүн киргизээр элем!
Экөө тең аны таңдана карашты.
- Айттыңбы, аткар! Кыңкылдаба! Атыласың! Бүттү!..
- Мындай закүн бар да.
- Эмне?! Барбы?! — Кара сакал титиреди.— Кана!
Ак сакал тайсалдап калды.
- Силерге баары эле бар! Тоо ордунан көчүп кетсе да бар!.. Көрбөйсүңөр да... Бар... Курсагыңар ток да!
Жетет да, жөндөн-жөн эле өкүрө бересиңби дегендей бала атасын жаман көзү менен карап калды. Ата муну туйду. Сөздү башкага бурду:
- Жанагыдай чоңдоруңду!.. — Үнү дирилдеп кетти, сөзүн улай албады. Экөөнү алмак-салмак карады да, даттангандай ызалуу: — Ит да андайларың, айтышат да, өздөрү бок кылышпайт! - Чыдай албай кумсара титиреди:— Кол коюп кетиңиз деп жойпуланып... Туугандыгына карабай туруп атып!..
«Дагы баягыны баштады!» — деди бала кыжырдана.
Ата колун жүрөгүнө такады да, катуу нукуп:
- Ой, мобу жердин закүнү кайда! Же мылтык менен эле чыкыйга мээлеп туруш керек бекен?! — деп өкүрүп, көксөөсү суугандай отуруп калды.
Не кыласың, чараң жок да деген кыязда сырдуу тиктеп турду ак сакал.
Алар кыйлага үндөшпөй турушту. Кара сакал гана өзүнчө кыңылдап жатты:
Керме-Тоонун аа уугу бол,
Жети атанын аа уулу бол...
Акыры кекенгендей улутунуп алып, ак сакалга кайрылды:
- Өзүң кимсиң?
- Жетигенмин, аксакал. — Сыймыктана компойду.
- Аа...— Бул урууну жакшы билбейби, жөн гана башын ийкеди. Анан күлүп: — Азыр уруу деген калбадыбы, савет бардыгыбызды баш коштуруп койду көрүнөт. Эми ойлосом, илгеркилериң да кызык экен, өңгөсүн кой, Бугу менен Сарбагыштын чабышын айтсаң. Экөө бир Кылжырдын тукуму, анан болбогон нерсе үчүн бирин-бири кырып... Улуу башын канга боёп, кутун учуруп... — деди өкүнгөндөй.
- Туура айтасыз,— деди ак сакал алга жүткүнө,— азыр момундай эле балдардан кайсы уруудансың деп сурасаң, эмне деп жатасың дешкенсип ийиндерин куушурушат. Ээ, эмнесин айтасыз...
Кара сакал башын ийкеди. Жерди теше тиктеп туруп калды. Башын көтөрүп тегерете карап алдыда:
- Арбактарды эстей жүргөн жакшы!.. — деди ойлуу.
Ак сакал бул сөзгө анча маани берген жок. Кайдигер гана башын ийкеп койду.
Эки чал эми кысынышпай калышты. Эски тааныштардай эркинче бакжакташты...
- Билесиңби,— деди ак сакал мактангандай,— мен өгүнү Боронзого барып калдым. Ошондо балдарым болбой кыйнап жатышып тири укмуш бир чоң үйгө алып барышты. Анысын музей дешет экен. Риспубликада эң чоң музей ушул дейт, нукура кыргыз музейи экен. Тим эле укмуш... Бакыят... Мындайлар бир Маскөөдө гана болбосо... Кирип бардык. Боогачынын сүрөтү илинип турат. Балдарым билбейт экен. Айда уруштум... Риспубликанын чоң музейинде... Өзү айдалып кетсе да... Багың ачылыптыр, сени талаага таштабаптыр байкуш! — дедим. — Чал жетине албай кудуңдады.
- «Аа, тарыхый музейди айтып жаткан тура», — деди бала күбүрөп. Анан илинип турган сүрөттөргө назар бурбаганын эстеп, эмнегедир ичи күйдү.
- Илсин! Боогачыныкын илбегенде, кимдикин илмек эле?— деди кара сакал сыймыктана. — Чыгаан эле жарыктык. Ашкере чыгаан эле...
Баягы айдалып кетип баратканда:
Салынуу бойдон там калды,
Салмаке болуш сал кылды,
Ак тилекке байланган
Сары атым калды союлбай,
Айдалып кетип баратам,
Же Нарынга сөөгүм коюлбай,
Байпалак минди айгырды,
Бакы уулу тууган кайгырды,
Бакырып жүрүп мал тапкан,
Байкуш Боогачы малдан айрылды,
— деп Нарындан чыккандан Кочкорго чейин сыздап эле ырдап жүрүп отуруптур. Дагы далайды айтты да байкуш, андан бери эмнеси калды дейсиң, же жазып албаса...
- Жанындагыларчы?
- Эмне жанындагылар?
- Чогуу жүргөндөр жазып алышпайбы дейм.
- Атасынын башына жазып алышабы! — Чал адатынча ачуулана кетти. — Боогачынын караанынан коркушкандыр, бирдемеси жугуп кала тургансып?! Ким экенин, кимди алып баратканын билишти дейриңби?! Желкеге койгулашты да!.. — Ойлонуп туруп калды. — Байкуштун сөөгү Нарынга коюлду. Тилеги кабыл болду. Боогачыны айдап деле кереги жок эле, андан көрө Салмакени айдаса болмок. Бир бакан ооз айгак болуп койду да. Бок жеп көнгөн иттер... Тирүү болсо не бир укмуштарды калтырмак экен, ашкере чыгаан эмес беле байкуш... Ээ... — Сөз таба адбай калды да, дагы колун шилтеди.
- Бир кызык окуя эсиме түшүп жатат,— деди ак сакал кыткылыктап. — Мен жакында эле бир эски башкармага жолуктум. Ал-жай сурашкандан кийин «Ваягы Букарды билесиңби?» — дедим. Селт этип чочуп кетти кургур. — Таңдана башын чайкады.
- Аның ким?
- Ким?
- Букар дедиңби?
- Аа... Тээ илгери Букарын деген чыккан, уккандырсыз?
- Бухарин! — Бала кыжырдангандай күрс этти.
- Ии ошол, ошол,— деди ак сакал жанталашып. — Эми мунусу бир кызык. — Кайрадан кыткылыктады. — Уруштун алдыңкы жылдары. Тырактирчилердин окуусунда жүрөбүз. Бир күнү кечка тамакты ичип жатсак, чуру-чуу түшүп эле, кызыл жакалар тегеректеп калышты. Баарыбызда жан жок. «Козголбогула, атамын»,— деп өкүрдү ачандиги наганын кезеп. Катып эле калдык. Акшырая карап ары өтөт, бери өтөт. Көздөрү кыпкызыл... Кудайлап турабыз. Бир маалда жанагы башкарманын жанына келди да, тык токтоду. Ал алактап калды.
- Айдагыла!— деди ачандик колун жансап.
- Мен эмне кылдым? — Тиги чыркырап ийди эле, ачандик керилип туруп наган менен желкеге бир салды:
- Баскының! Билмексен гана болосуң ээ.
Ошентип, колун кайрып туруп айдап кетишти. Оозубузду ачып кала бердик. Кыймылдагандан коркобуз...
- Ии, эмнеге ботом?
- Коё туруңуз, кызыгы быякта,— деди ак сакал адатынча кыткылыктап,— баягы жигитти күтүп жаттык. Апта өттү. Шору каткан экен дедик. Бир күнү кирип келбеспи... Жабылып басып калдык. Эмне болгонун сурасак, үн катып койбойт. Кабагы ачылбайт, элеңдеп коркуп жүрөт. Уктай албай тыбырчылап чыгат. Бир күнү эл уктагандан кийин мага шыбырайт:
- Букар... Букарынди билесиңби?
- Жок. Кейпи, канттын бир түрү го?
- Кайдагы кант!.. Мени анын жээнисиң деп...
- Ой, келесоосуңбу! — деп кыйкырып, ордумдан ыргып турупмун. — Бул тили буруунду таанымак турсун, биринчи угушум дебейсиңби. Ээ, айланайын, атаң да, апаң да кыргыз болсо, ата-бабаң кыргыз болсо, анан...
- Мен, эмне, тааныйм дептирминби! Адегенде асман-айга түйүлдүм...
- Анан?
- Жаныңды жебе деп сабашты. Акыры ооба, жээни болом деп кутулдум.
- А-аай. — Кара сакал кыжырдангандай колун шилтеди.
- Шоруң каткан экен дедим. — Ак сакал башын чайкады. — Шоруң каткан экен же көргөн-билген кишиң болбосо...
- Наганды чыкыйыңа такап турса... Эч кимге айта көрбө, экөөбүз тең союлабыз!— деди бышактап. — Байкуш...
- Анан?! Айгак болгон жоксуңбу?! — Кара сакал чыдай албай сөздү үздү.
- Айгак болуп эмне кылам, же башым экөө болбосо,— деди ак сакал нааразылана.— Бирдеме деп көрчү...
Кара сакал жүзүн жыйрыды. Ак сакал муну элес алган жок. Ал каткырып:
- Көрсө, бир бакан ооз тигини Букардын жээни деп шыбырап коюптур.
- Бок жеген иттер! — Кара сакал секирип кетти.
- Ие айланайын, мунуң деле түшкө кирбеген жорук эмеспи,— деди ак сакал колун силкилдетип.
- Эмне?! Атып салыштыбы?! — Кара сакал титиреди.
- Жок. Атып салса, кийин башкарма болмок беле?..
Мен ага: «Болоору болуптур, түбү соо болбой калдың, изиңди суутуп качып кет»,—дедим. Алгач жакшы эле ынанган, эки-үч күн өтпөй кайра айнып калыптыр: «Кайда качам, эмнеге качам, же кылган күнөөм болбосо. Кеңешке деген тилегим сүттөн ак, мейли өлсөм да ак өлөйүн. Атүгүл мурункудай коркпой, өзүнө өзү кайрат берип, чыйралып калды...
Бала атасын сырдуу карады, ата көзүн алакачты.
- Кийин уксак, ачандиктин өзү соо эмес экен.— Ак сакал табасы кангандай күлө берди. Кара сакал дагы жүзүн жыйрыды. Ак сакал бейкапар кыткылыктай берди. Акыры чыдай албай кеттиби:
- Мунун күлө турган эмнеси бар экен? — деди кара сакал туталана. — Киши өлүп жатса!.. — Таарынгандай дулдуюп калды да, ак сакалды карап кыйкырып жиберди: -- Атаңдын оозун урайын иттер десе, жөндөн-жөн Кеңеш өкматын жаман көрүнтүп!.. Атка сүйрөтүп өлтүрсө болмок ал каапырды! — Өзүнчө ачууланды. — Катып калдык деп!..
- Кийин ал башкарма болду,— деди ак сакал актангандай. — Кар чарбага чейин башкармалыктан түшкөн жок... Баягы алигиче жүрөгүндө экен, укканда титиреп...
- Ой, кантип жүрөгүндө болбойт?! — деди кара сакал сөздү үзүп. — Кантип унутулат! Ой, кыргындагыдай кан төгүлбөдү беле?!
Ак сакал күлмүңдөй башын ийкегиледи. Анын күлкүсү сырдуу да, кектүү да жана түшүнүксүз да эле...
Кара сакалдын өңү кумсарды. Кежигесин тарта артка кетенчиктеп, титиреп алды. Жүрөгү ооруп, жаны кыйнала баштаганда, ал дайыма ушинтет. Анан мемирей баштайт. Бала-чакасы аталап кым-куут түшүп калышат... Бул оорусу кыйладан бери кармай элек эле... «Балдарыңыз өзүңүз менен тең өсүп, баары эр жетиптир. Санааңыз тынч экен. Эми сизде эмне арман... Көп ойлонбой жүрбөйсүзбү. Дартыңызга мындан башка даба жок»,— деген доктур баягында баласынын көзүнчө. Анан балага кайрылган: «Чалды көзүңөрдүн карегиндей сактагыла. Көңүлү жайдары болсун. Капалантпагыла! Эгер...» Ойго чөккөн баласын ата жооткотуп, арсалаңдап күлгөн: «Ушуга да киши ойлонобу? Ай, силер кичине эле бирдеме болсо бүк түшүп... Деги ушул доктурларың жинди немелер окшойт. Ойлонбо деп... Андан көрө жашабай эле кой дешпейби!» Бала чындап коркту.
- Атаңдын көрү!.. — деди аңгыча ата муңкана. Эмнегедир сөзүн улай албады.
Бул сөз армандуу ырдын кайруусундай туюлду балага.
- Атаңдын көрү!.. — Ата дагы уланта алган жок.
Бала атасын суроолуу тиктеди. Ата бир нерсе айтчудай баласын жалооруй карады.
«Айтпайсыңбы?» — деди бала ичинен.
«Эмнени?» —дегендей болду ата.
«Баягынычы?»
«Кайсы?»
«Баягы жерчи?»
Ата үндөбөдү. Бала күттү. Атамдын оорусуна эбеп болобу деди. Кимдир-бирөөнүн алдында мактангысы келди... Бала күттү.
Бала атасын караган жок. Атасы экөөнүн ортосунда болгон окуялар улам-улам элестеп, аны жан алакетке салды... Ата Фрунзеге көп барат. Эмнегедир кийинчерээк көчө аралайлы деп, баласын кыйнай берчү болду. Кичине эле басканда:
- Баягы жер экен,— дейт күрсүнө.
- Кайсы?
- Баягычы? — дейт ал окуяга баласы да катышкандай. — Эл душманынын күчөп турган маалы, ушул жерде корголоп жүрөбүз. Жаныбыз оозубузда...
- Корголоп? Эмнеге?
- Эмнеге болмок эле, жанды сакташ керек да! Ата ачуулана кетет. Анан өзү кедей тукумунан болсо да, айлынан эле бир бакан ооз чыгып, Кеңешке каршы деген ушак таратып, куугунтукка алдырганын айтып даттанчу. — Колхоз жаңы уюшулганда «букаранын тукуму, колу кат билет, бир жараса ушул жарайт»,— деп мени башкармалыкка көрсөткөн ошол ит эле. Анан тигинтип...
- Чыныңды айтып берип эле кутулбайсыңбы, бекер куурабай!.. — Бала чын пейилинен атасын аяйт. Ал муну шылдың катары сезип, кыйкырып кирет:
- Оо, кокуй күн оо-ой, сага мен канча какшап жүрөм! Мээң барбы сенин! Эр болсоң чындыкты айтып көрчү. Кирдиңби: «Айт чыныңды!»— дейт. Калтырап-титиреп чыныңды айтасың. Анда ого бетер өкүрөт: «Жаныңды жебе. Айт дейм, чыныңды! Кол кой бул кагазга!» Анан шапалак, наган... Тарс-турс... Ии-ий каапыр ии-ий, эстесең азыр да заарканасың.— Ал титиреп кетет. — Кеңеш өкматына берилгендикти ушундан көр, нечендер өлөөрүн билишсе да, чындыктан жазган жок. Эгер алар калп айтышса... Адамдар эле да. Кайрандар...
Ата аргасы түгөнгөндөй, куран окуп кирет. Өзүн ушинтип сооротот...
- Каптип эле жазыгы жокторду...
- Канча жолу какшайм! — деп өкүрөт ата ыйлап жиберчүдөй. — Ой, ошол куугунтукка алгандардын көпчүлүгүнүн өздөрүндө бир мандем бар экен, кийин бети ачылды. — Нааразы болуп мурчуюп калат.
«Баягы жер,— деди бала өзүнчө, — баягы жер». Атасын карады, ал ойлуу олтурат. Кектүү шыбырады: «Баягы жер». Атасы экөө шаар аралап жүрүшкөн. Бир көчөнүн кесилишине келгенде, атасы бакырып жиберди да, тегеренип кетти:
- Токто, таптым! Баягы жер!
Бала дел болуп туруп калды.
- Баягы жер,— деди энтигип,— баягычы?! — Колун силкилдетти. — Ысталиндин кагазын окуган жер, канча издедим, араң таптым... — Кайсалактап кыйлага турду. — Бир күнү эртең менен дал ушул көчөгө туш болдум, кагаз жайнап кетиптир. Бирөөнү колума алдым. «Миңдеп адам камагыча, бир адамдын сырын бил» деп бадырайта жазылыптыр. Аягында Ысталиндин колу коюлган. Эмне болуп кетти деп окуп кирдим, көзүң тунарат... Чылгый чындыкты жазыптыр. Өзүнөн да ашебке кеткенин Ысталин да жашырбаптыр! «Баягы кеткендер акталган экен да!» — дедим кыйкырып. Аягына чыкпай жатып, шолоктоп ыйлап жибердим. Жан кургур дегениң кыйын экен да!.. Анан айыпталып кеткендердин көбү акталгандыгын, көпчүлүгү өлгөндөн кийин акталгандыгын эстеп ого бетер шолоктодум... Азаматтар эле, Кеңеш дегенде жанын берген азаматтар эле!..— Атанын көзүнөн жаш мончоктоду. — «Кеңеш өкматы мына ушундай, кара тамандардын өкматы мына ушундай. Кеңеш өкматы деген мына бизбиз!» — деп колума кагазды кармап алып, ары-бери далбактап чуркай берипмин,— деди ата баягы калыбында. — Көчөдөгү өткөн-кеткендер менен да ишим жок... Билесиңби,— уулун өзүнө имерип, жалооруй,— билесиңби, мен мындай болорун билгем, жүрөгүм сезип жүргөн, Кеңеш өкматы ушундай гана кылмак... — Бир аз тынып алды. — Айланайын ак жолтой көчө! — Көзүндөгү жашын сүрттү.
Бала эми гана түшүндү. Эмне үчүн ар бир көчөнүн ийне-жибине чейин терип-тепчип сураарын, ар бирин билүүгө жан далбас кылып жанталашарын да эми араң түшүндү. Ошондо үндөй алган эмес бала. Атасын алая тиктеп тура берген. Жүрөгү түрсүлдөп катуу соккон.
- Ак жолтой көчө! Муну канчалар көрбөй калышты, алар кандай алтын адамдар эле!..— Капыстан туталанып кетти. — Жанагы... Жанагыбы... Жанагы атаңдын оозун урайын иттерди!.. Бок жеп көнгөн иттердиби!..— Ата безгек тийгендей калчылдай баштады. — Тирүүлөй кескилеп!.. Кескилеп... — Калчылдай теңселди. — Кескилеп!.. Иттерди... — Сүйлөөгө дарманы келбей кулап келатты...
- Ата... ата... — Бала ыйламсырап атасын жөлөдү. Аңгыча эл чогулуп калды... Бир аздан кийин араң эсине келди. Баласын карап жылмайды. Анан кайрадан тишин кычыратты:
- Иттер!..
Ошол күнү атасынын оорусу кармап, баарын беймаза кылган...
Бала атасын карады. Ал ойлуу олтурган. Ичи күйдү. Анын аянычтуу кейпин көрүп, ого бетер ичи ачышты. Онтоп жаткандай болду. Ал көп онтойт. Жогортодогу окуяны айтканда, онтогону кадимкидей угулуп турат балага. Бала оңой эле билип алат. Атасынын ар бир сөзүнөн, кыймылынан, жүзүнөн, айтор, баарынан онтоо сезилип турат. Кээде бала буга алаксып кетет да, ооруну унутуп калат. Бүгүн да ушинтти. Бирок эмнегедир жүрөгү мыжыла берди... Селт этти, атасын тигиле карап калды. Ал тунжуроодо...
Бала күттү. Атасы билгендей башын чулгуп алды.
- Адамдын каны оңой менен коё бербейт! — Буулуга кетти. Деги ошол маалда түшүнүп-түшүнбөй үрө бергендер көп болбодубу! Алардын азабынан нечен кырчындай азаматтар жок болуп кетишти, не деген кишилер эле... Азыр эмне, шылтоо табуу иттин богунан арзан экеп да!.. Мен мобуга,— баласын нукуду,— күн сайын какшайм: «Силер билимдүү-илимдүүсүңөр, көзүңөрдү ачып жүргүлө, бул кейпиңер менен жаза бассаңар, дүйнөнү астын-үстүн кыласыңар»— деп какшайм! Анда силерге кечирим жок деп какшайм! Дайыма какшайм, өкматка арам ойлоодон, натуура иш жасоодон көтүңдү кыс деп какшайм! Өкмат деген эл болот деп какшайм!.. — Ызалангандай жылмайды. — Анда бул: «Биз да бирдеме билебиз, саясатты сага караганда жакшыраак түшүнөбүз»,— дейт чокчоңдоп. «Ошо билип туруп жасоодон сактан... Каным экениңе карабайм, мууздап таштайм», — деп какшайм!.. — Чал кызарып-татарып чыкты...
Өзү күткөндү айтпаганга таарынгандай атасын өкүнүчтүү тиктеди да, анын аянычтуу кейпин көрүп боор ооруй кетти бала.
Ак сакал аңгемеге аралаша албай, улам бирөөнү таңдана карап, башын ийкегилеп олтура берди да:
- Токтогулдуку да бар экен,— деди бир мезгилде баягысындай кудуңдап. — Тим эле бакыят, дагы даанараак кылса болмок экен. — Өкүнгөндөй башын чайкап койду.— Ал музейдин чоңдугун айтпа, кыдырып чыга албайсың. Деле баары бар экен ичинде. Жайнайт. Өрмөк согуп бир аял олтурат, тирүүбү деп ойлогом, көрсө жөн эле катырып коюптур. Алыстан карасаң тирүү эле аял... Буга тиги чет элден да кишилер көп келет экен, көптүгүн айтпа, тим эле жайнайт. Мен барганда да жүрүшүптүр. Самсыйт... Улам бирөө келип эле мени мындай тур, тигиндей тур деп жетелешет. Көрсө, сүрөткө тартып жатышыптыр. Кыргыздын абышкасы көздөрүнө кызык көрүнгөн окшойт. Ошентип, биринен сала бири чыкылдатып эле сүрөткө тарта беришти...
- Эмне дейт?! — Кара сакал секирип кетти — Эмнеге тартып жатканын сурабайсыңбы.
- Эмне дегение, эмнеге тартып жатканын кара балакеттин түшүнөсүңбү, жети атам көрбөгөн тили буруулар экен. Бир сөзүнө да түшүнбөйсүң. Алардын көздөрүн мен карайм, алар меникин тиктейт. Алар күлсө, мен күлөм, мен күлсөм, алар күлүшөт. Айтор, чыкылдатып эле жатышты. — Мактанып койду. — Иликтеп сурасам алар Прансыйадан келген дилигасия экен.
- Аа, Брансыйадан деди,— деди кара сакал тигинин сөзүн оңдоп.
- Элдин көптүгүн айтпа. Тим эле укмуш. Карысы, жашы... Эркеги, катыны... Жайнайт. Бир мезгилде бир катын жүгүрүп келди да, мага орден тагып кетти. Жүрөгүм шуу дей түштү. Ышпыйон болуп жүрбөсүн деп ойлодум.
— Ыя де! —Кара сакал туйлады.
Бала элейип карап калды.
- Окусам достук мидалы экен,— деди чал күлүп. — Бетинде Саветский Саюз Прансия деген жазуусу бар экен. Жүрөгүм ордуна келе түштү. Тагынып тура бердим, чыкылдата башташты кайрадан... Азыр да катып жүрөм, эмне, бекер олжо да! — Ак сакал кудуңдай кетти.
«Ай ата,— деди бала нааразыланып,— значокту айтып жаткан тура, орден деп коёт... Булардын баарын эмне үчүн айтып жатат, деги мунун кимге кереги бар?!» — Кудуңдап башын ийкегилеп жаткан абышкага эмнегедир кыжыры келди.
— Сен мага ушул музейди көрсөтө албай койдуң. Боронзого көп эле барам,— деди атасы баласына.
Аны көрүп-көрбөй не деген кыязда үндөбөстөн атасын көңүлсүз карап койду бала.
- Деле чоңдугун айтпа,— деди ак сакал бир аздан кийин баягы сөзүн кайталап,— баштары адашпай ошолорду кантип иреттүү жайгаштырышканын билбейм. Тири укмуш, жанагы өзүңүз айткан жети атаны мына ошол жерден таанып чыгасың, буюм-тайымдардын көптүгүн айтпа...
- Ээ дагы канчасы коюлбай чирип жатканын ким билет,— деди кара сакал нааразылана сөздү үзүп. — Мен мобуга дайыма айтам, — баласына колун жаңсады,— баарын жыйнагыла дейм, баарын, баарын... — Сөз таппай мукактанды. — Бирин койбой, тезегинен өйдө... Анда бул гырой: «Ага күйүп-бышпай эле кой, сенден башкасы деле жетишет. Тыякта эчен академик, пырапысырлар тарых деп мээсин чиритип олтурушат»,— дейт.
Бала кыжырдана күбүрөп, ордунан козголо баштады.
- Дагы чу койгону турасыңбы,— деди чал аны ордунан тургузууга үлгүртпөй,— өздөрү жөнүндө кеп козгодуңбу бүттү, азыркылар шыдыр эле кыйшаңдай башташат экен... «Килтейген эки китеп бар, ал кыргыздын тээтиги алмустактан берки тарыхын камтыйт, билбей эле сүйлөй бересиңби?» — деп мага акыл үйрөтөт бул молдокем. Ие айланайын, ушул уюткулуу элдин тарыхы кантип эки китепке сыйсын, миң-миллион китепке да сыйбас. Илгеркини кой, кечээги Өктөбүр төңкөрүшүнө чейинки эле мен көргөндөр миң китеп болор. Анда бул: «Жок нерсени асмандан алмак беле»,— дейт. — Чыдай албай ээлиге кетти. — Тапкыла, жерден чукусаңар да тапкыла! Жок нерсени такыгандай келесоо киши жок, барды эле чогулткула, казгыла!.. Нан менен кошо сугунуп албай... Силер өзүңөр чогултпасаңар, эмне, бирөө ме деп оозуңарга тыгабы?! Ой, силер барды да көрбөй жатасыңар, көзүңөрдү чоң ачкыла. Жаның күйөт, окуп-чокубаган биз деле санжыра кылып айтчу элек.
Бала атасын акшырая карап шыбырады: «Санжыра, бирдеме болсо эле санжыра!..»
- Бир күнү ичим күйүп бир оолуктум,— деди кара сакал күлүп,— муну колунан жетеледим да: «Жүргүн, жанагы тарых деп нан таап жеп, башын жыдыткандарыңа мени алып бар. Мен аларга далай тарыхты айтып берем!» — дедим. Анда мунуң жанды эмне деп кыйшайтты дебейсиңби! — Ачуулана баштады. — Мунуң мындай дейт: «Сенин айткандарыңдын бир тыйын да кереги жок, палитикеге туура келбейт... Уруш-талаш, чабыш... Өлөөрүндө тигил тигиндей, бул мындай деген. Баары палитикеге каршы... Деги сенин тарыхка кандай тиешең бар?..» Көзүм тунара түштү айланайын... Ие садага кетейин, эмне үчүн менин тиешем болбойт, же талаада калган киши болбосом!.. Эмне үчүн мен күйбөйм, палитикеге шылтоолоп эл түгүл, бир эле кара башыл адамдын, кечээки эле адамдын тарыхын да бурмалап жиберүүгө дити барган көзөлдөрүң да болсо... Же сен карыды деп эшикке түртүп чыгарып, мени итке талатып койгуң барбы?! Кудай сактасын, силердин алдыңарда шыпырынды боло элекмин мен! Же мен... — Баласына карап ого бетер кыйкырды. — Эй, сен палитикени тек кой, ага тийишпе! Бирдеме болсо эле палитике, учурду баса калышат. Бирдеме болсо эле палитике!— деди үнүн каргылдантып. — Бир күнү бата кылсам, чычкандай эле болгон неберем: «Мунуң туура эмес»,— дейт. Башка тартып жибергендей эле болдум. Эмне үчүн дегенге жарабай оозумду ачкан бойдон туруп калыпмын... «Бата жакшы, батага жетеби. Ал жакшы да. Бата алып өссөң, өмүрүң узарат да айланайын!» — дедим аргам түгөнгөндө маңдайынан сылап. «Ооба, сага, бата жаман. Эски, эжей айткан»,— дейт. Эжейиң менен жерге кир деп кыйкырыпмын... Жанымда болсо бетине түкүрмөкмүн.
- Тыңдыгын!— Ак сакал суктангандай башын чайкады.
- Ким тың?!
- Небереңизди айтам,— деди ак сакал тайсалдап. Анан башын чайкап алды. — Азыркылар, азыркылар...
- Эмнеси тың? — деди кара сакал өкүрүп. — Эмнеси тың?! Ушуга тыңдык түшүп калыптырбы?! Бүгүн минтип жатат, эртең сакалың бар деп экөөбүздү үйдөн кубалап чыгышаар... Деги киши болуп жыргатабы аның?!
Ак сакал үндөбөстөн башын ийкегиледи.
- Бирдеме болсо эле палитике! — деди кара сакал кайрадан. — Жети ата дедиң — палитике! Бата бердиң — палитике! Бир-бирине ишенишпейт. Эмне, дагы эле палитике! Буларга түкүргөнүң — өлгөнүң да!.. — Ак сакалга карап, колун силкилдетти. — Булар палитике деп талкала, жогот, туша дегенди түшүнөбү деп калдым. Бир тың адамды көрө алышпай жыга чабышты ээ. Ким айыпкер? Палитике. Өкмат. А өздөрү сүттөн ак!.. Баары палитике! — Уулуна кайрылды: — Ой деги кантип жашап жүрөсүңөр, тушалган аттан айырмаңар жок! Деги кимсиңер, адамсыңарбы, жашап жатканыңарды билесиңерби?!. Чындыкты айт, элди алдаба. Палитике деген мына ушул. — Колун кезеп ызырынды. — Сен мандемди андан издебе! Жүрөгүңдөн изде! Жүрөгүң тунукпу, кандай согот, эмне деп согот. Тыңшачы!.. Эмне, урушса урушту, чабышса чабышты дейм да. Өлөөрүндө айтышса, өлөөрүндө айтышкан дейм да. Аларды көөлөп салууга менин дитим барбайт, андан көрө сакалым өрттөнсүн! — Сакалын тутамдай кармады.— Ким экенин өлөөрүндө билиппи, анан арман кылышкан... Сүйлөгөнү болбосо малдан айырмасы жок жашагандар толуп жүрүшпөйбү. Билесиңби, алар өздөрүнүн ким экенин билүүгө үлгүрүп кетишти дейм! Жаңылса жаңылышкандыр, агер жаратканым бар болуп, экөөбүздөй эле жашаса, ал деле жаңылмак. Өлүк эле жаңылбай койбосо... Алар жаңылышканын да билишкен, ошон үчүн арман кылышкан... — Тыныгып алды. — Мына мен ошолорду айтмакмын, болгонун болгондой айтмакмын. Менин тарыхым да ушул, палитикем да ушул. Төрүмдөн көрүм жакын болуп турганда, жанымды жесем ата-бабанын кусуру урбайбы! — Эси оогондой шалдайып олтуруп калды.
Ак сакал да, бала да демин ичине алып, аны таңдана карашып, үнсүз олтура беришти.
- Эптеп-септеп бирдемелерди жамаачылап, жокту бар, барды жок кылып элди алдаба,— деп бир аздан кийин кайрадан уулуна титиреп. — Тарых сага оюнчук эмес, тарых сенин асаба-тууң, сенин далилиң, сенин жүзүң! Булардан ажырадыңбы, дайынсыз жутулдум дей бер. Эмне, эл келесоолугунан Манас деп ураан чакырган дейсиңби? Колунда асабаң болбосо, өзүңдү тапкан тегиңди билбесең, сенин элдигиң кайсы? Агер тарыхка калп айтып, кыянаттык кылсаң, ата-бабаңдын тузуна сийип, арбагын тепсегенип, балаңа кара бет болгонуң!.. — Үндөбөй туруп калды. Катуу кетип койгонун сездиби, кечирим сурагандай баласын жалооруй карады. Анан мээримдүү:
- Тарыхка кыянаттык кылгандар эзели оңбойт, жада калса көрүндө да тынч жата албайт!
Башын жерге салып, үндөбөй олгура берди бала.
Ак сакал биресе улам эле сөзүн тарттырып жибергенге өкүнсө, биресе кара сакалдын чын дитинен күйүп-бышканына таңданды. Ал ата-баланы бир сыйра карап алып, кара сакал жакка жылып отурду да, дагы сөзүмдү тарттырып жибербейин дегендей:
- Сиз туура айтасыз... Биз санжыра угуп жатып уктачу эмес белек. — Эмне дээрин билбей мукактанып туруп калды да, сөздү башкага бурду. — Деги ушул музейиң пайдалуу неме экен, жанагы жалтырак-жултурактан көрө... Мында өмүр, жашоо бар экен. Мына мобуга окшогон балдар көрсө... — Балага колун жаңсады.
- Аны бир нече жолу көргөнбүз,— деди бала башын көтөрүп кайдигер гана.
- Ошону мага бир да жолу көрсөтө албаптырсың ээ. Көп эле барам... — деди ата нааразы боло.
Улам эле айта бересиңби дегендей жаман көзү менен карап койду бала.
- Кап ортолоп калганда балдарга айттым: «Айланайындар, бүгүн ушул эле жетет, башым адашып калды. Калганын эмики келгенде көрөйүн. Бутум да ооруп кетти». Алар күлүп макул болушту. «Мени эмне үчүн сүрөткө тартып алышты?» — деп сурадым чыккандан кийин. «Сени өздөрүнүн кезитине чыгарышат. Мына азыркы, каминизм тушундагы, кыргыз абышкасы ушундай»,— деп жазып коюшат дейт. Анан: «Кастюм-шым, тупилий кийип ал десе болбой, чепкен-маасы кийин шөмтүрөп келесиң. Көрдүңбү, ушул кейпиң менен сүрөткө тартып кетишти»,— деп күйгүзүштү.
- Дагы эле палитике! — Кара сакал ызырынды. — Булардын ою жаман! — Ак сакалга колун силкилдетип,— көрдүңбү, буларың ушинтип уугуп баратат, уугуп!..
- Чыгарса чыгара беришсин,— деди кара сакалдын сөзүнө көңүл бурбай колун шилтеп,— андан менин эмнем короп жатты эле. Калпагымды кийип алганымда болмок экен, баш кийимчен жүрүүгө болбойт деп коюшпадыбы билермандар. Бизге ушул кийим эле жетишет, төөгө ээр токугансып тигилериң... Булар ыңгайлуу, баскан-турганга жеңил, анын үстүнө кыргыз абышкасына жарашат. Эмне, кеп эле кийимде бекен, алар да бирдеме түшүнөт. Мени бекеринен тарткан жок, менин кийимим, ырай-кешпирим жанагы илинип тургандарга окшош болучу. Мына ошон үчүн жанталашып тартышты...
Кара сакал ормоё карап койду.
- Эгер чын эле: «Мына азыркы кыргыз абышкасы ушундай, дагы эле шөмтүрөп жүрөт»,—деп мени палитике кыла турган болсо,— деди ак сакал күчөп,— бир тирикарагы чыгып: «Эй келесоо, азыркы кыргыз абышкасы ушинтип байкуш болуп калса, музейге келип сени менен тең салыша алат беле?» — деп айтаар. Мен да бирдеме биле-ем, кеп кийимде эмес... Алардын оозун аппак кылдым: «Окуп-чокуп жүргөнүңөр менен силерде тооктукундай да акыл жок экен!» — дедим. «Каминизмиңер чын эле курула турган болсо, ага ушул кейпим менен эле жөө барам!» — дедим! «Каминизмди жалаң жалтырак-жултурак кийим деп түшүнсөңөр, силердин акылыңардын кемдиги ошол. Каминизм кийимиңе карабайт, дилиңе карайт, дилиңе!» — дедим! Алар ооз ача албай тим болушту... Менин бир нерсеге таңым бар, мени сүрөткө эмне үчүн тартышты, же чын эле кезиттерине чыгарып палитике кылышабы? — Балага суроолуу карады.
Бала көөдөн жактан бирөө тепкилеп жаткансып, кайпастап жан айласын таппай олтурган. Ал ак сакалды ызалуу тиктеди да, кайдан билем дегендей ийнин куушуруп, бурк этти:
- Билбейм, чыгарышы да мүмкүн!
- Деги укмуш чоң экен. Мындайды биринчи көрүшүм. Азыр арман кылам, ошондо эле баарын кыдырып чыкпай деп! Эми тирүү болсом, ошого бир барсам! — Чал өзүнө өзү убада бере кетти: — Атасынын көрү, урушсам да балдарды алпарттыраармын!
Ак сакал эмнегедир өзүн кожоюн сезип калды.
- Сеники да эчтеке эмес тура,— деди кара сакал ызалангандай. — Тири укмушту мен баягы Маскөөгө барганда көрдүм... Лениндин өзү менен кездешпедимби!
Ак сакал да, бала да ооздорун ачып калышты.
- Бүгүн Ленинди көрөсүңөр деп калышты. Кудай бетин салбасын...
- Ленинди? Кайсы Ленинди? — Ак сакал чыдай албай тыбырчылай кетти.
- Кайсы Ленин болмок эле!— деди кара сакал жактыра бербей. — Ленинчи! Кадимки эле Ленинчи?..
- Кайсы кадимки?
- Оо кокуй күн оой, ой канча Ленин бар эле! — деди кара сакал колун силкилдетип. — Көктөн түшкөнсүп... Ботом, Ленинчи... Кадимки эле Ленинчи?..
Түшүндүм дегендей, ак сакал башын ийкегиледи.
- Ленинди көрөсүңөр деп калды биздин чоңубуз капысынан. Кудай бетин салбасын, жүрөгүбуз алеп-жалеп... Кожомкулдай төрт келет ко деп коём оюмда... Кожомкулдун чоңдугун айтпа, алптын алпы эле. Анын упайкеси мага чепкен болуп калчу. — Мактанып койду. — Мен деле оңой киши эмесмин го, ыя?.. Аңгыча мабзылейге кирип бардык. Күлүмсүрөп жаткан экен кайран киши... Маңдайынан жылдыз төгүлөт... Бир көргөн киши жазбай тааный турган... «Ии келгиле, келгиле»,— деп жадырап, ордунан козголгондой болду...
- Лениндин өзүбү? — Ак сакал чочуп кетти.
— Оо кокуй күн оой,— деди кара сакал адатынча,— ой өлгөн киши да сүйлөмөк беле?.. Ал кимге болбосун тирүүдөй көрүнчү киши экен...
- Ии...
- Жанына бардык. Баягы жадыраган калыбында эле жатат. Өлгөнүнө ишенбейсиң. Каткырып тура калчудай... — Эмнегедир ойлонуп кыйлага туруп калды да, анан жаш баладай жадырай түштү. — Ал биздин Тазабектин уулундай эле кичинекей киши экен...
«Тазабегиңдин уулун бул киши кайдан билмек але»,— деди бала күбүрөп.
- Анан бир үйгө киргизишти да: «Мына, Ленин ушундай жашаган!» — дебеспи. Элейип эле оозумду ачып калыпмын... Ишенбейсиң! Түшүңө да кирбейт. Үч уктасаң да кирбейт айланайын! Жаман чалгы... Чөп алачык... Тим элеби... — Сөз таба албай колун силкилдетип, жан алакетке түштү. Акыры үнү каргылданып кетти: — Ии-ий дептирмин мынча эмне азап тарттың, куурадың, айланайын... — Артка кетенчиктеп кетти...
Ак сакал аны таңдана карап калды.
- Минтип ким ойлоптур, бейишти элестетип жүрбөйбүзбү!.. Үн-сөзсүз чыктым. Бир топтон кийин «Мынчалык эмне үчүн азап тартып куурады экен?» — деп сурадым жанымдагылардан. Алар да эч нерсе дей алышкан жок... Андан бери канча жыл өттү, баары бүгүнкүдөй көз алдымда. Наристедей жадыраган жарыктык... Алачык, чалгы, кийимдер... Кантип унутасың?!. Бир туруп атаңдай, бир туруп балаңдай сезилип кетет. Дайыма сурайм: «Неге мынча азап тарттың, жарыгым?!» Ал болгону күлүп гана коёт!.. — Үндөбөй ойго батты.
Кимди айтып жатат деген кыязда ак сакал да, бала да кайрадан элейип суроолуу карап калышты. Кара сакал аларга назар бурбады, өзүнчө күңкүлдөй кетти:
Ырасыйа, Кавказдан,
Ыйладык сизди таппастан...
- Ленин!.. — Ак сакал улутунуп тим болду.
Кыйла жымжырттык өкүм сүрдү...
- Андан ары түз эле пабылыйонго алып барды, — деди кара сакал бир аздан кийин.— Айланайын сексенден ашык пабылыйон бар экен, кыдырып чыга албайсың...
- Пабылыйонуңуз эмне?
- Кайдан билейин, пабылыйон дешет экен, кейпи көргөзмө го?.. Бирөөнө кирип калдык. Биздин кадимки эле шырдак, ала кийиздерибиз турат. Кыйкырып жиберипмин... — Кара сакал негедир жанталаша кетти. — Ой, чын эле биздики экен, болгондо да бул эле Ат-Башыдан жасалыптыр. Бетинде жазылып турат. — Кудуңдай кетти. — Андан да сыйлык алганын айтпайсыңбы, кызыл желекче илип коюптур.
- Адам ээй,— деди ак сакал чын дилинен таңдана. — Ушул Ат-Башынын шырдагы Маскөөгө да жеткен экен ээ...
- Ээ Маскөө дейт тура... Азыр Маскөөң да кеп болбой калбадыбы. Дүйнө мына мобул алаканыңда турат... Мына, азыр сенин сүрөтүң ата-бабабыздын кулагы угуп, көзү көрбөгөн Бырансыйада жүрөт. Сени менен кошо музей да барды. Эми аларың бүткүл кыргызды билишет... Ким билет, балким, азыркыга чейин Жапоныйага да тарап кеткендир?
Ак сакал селт этип чочуп кетти да:
- Аны кайдан билесиз? — деди элеңдеп.
- Эмнени?
- Менин сүрөтүмдүн Жапоныйага чейин жеткенин?
- Ие кокуй, ой өзүң баятан бери какшап олтурбайсыңбы, сүрөткө тартып кетишти деп.
- Аа... — Ак сакалдын көңүлү жайланып калды..
- Дүйнө - алаканда!.. — Кара сакал күрсүндү.
- Башым маң замана агып эле баратат, агып эле баратат... Кайда барат? Эмненин үстүнөн чыгат? Эмнеси болсо да кудай жакшылыгын кут кылса экен.
Кара сакал башын ийкегилеп, аны коштоп кетти:
- Мунуң ак сөз, ак сөз... Менин жалгыз тилегим да ушул, кудай мобулардын,— баласына колун жаңсады,— жамандыгын көрсөтпөсүн...
Алар дымып калышты. Эмне үчүн олтурушканын унутушкандай ойго чөмүлүп кетишти.
- Кызык,— деди бир маалда ак сакал башын көтөрүп,— ошол музейди көрүп чыккандан кийин менде бир ой пайда болду. — Үндөбөй туруп калды.
Ата-бала суроолуу тигилишти.
- Өзүбүз анча элес албасак да, биз деле бекер жашабаптырбыз, бир нерсе калтырган көрүнөбүз. Куру жалак эмес экенбиз. Мына мобул бок мурундарды жетелеп кете турган кудуретибиз бар экен. — Ак сакал сыймыктана ата-баланы карап алды. — Токтогулду, Боогачыны калтырыппыз, хан сарайдай музей калтырыппыз. Ага тээгиги чет жердегилер да суктанышат экен... Сүрөткө тартышат экен...
Селт эте түштү бала...
- Сен да бир кызык неме экенсиң,— деди кара сакал нааразы болгондой. — Бир нерсе калтыра албасаң, эмне үчүн жашап жүрөсүң?.. Деги из калтыра албай адам жашай алабы? Ата балага олуя дейт, мына ушунусу менен олуя. Болбосо... — Чал буйдалды.
- Мени эми өлтүрө албайсыңар, мен оңой менен өлбөй калдым дедим балдарыма жолдо келатып,— деди ак сакал күлүп. — Алар муну чын көрүштү. «Анда эле жыргатпадыңбы, жок дегенде эми элүү жыл жашап бер»,— дешет. Дердеңдеп сүйүнүшкөнүн айтпа... Мен эле өлүмдү самап тургансып!..
- Ажалга айла барбы,— деди кара сакал сөздү илип алып. — Ар бир башка өлүм ак тура. Дүйнөнүн жалгандыгы да, шириндиги да ушунда экен да! — Эмнегедир улутуна кетти: — Ошондо ыйманың таза жылмайып жатсаң...
- Пенде болгон соң маңдайга жазганды көрөт экенсиң да! —деди ак сакал кекенгендей.
Анын муңкана чыккан үнүнөн нааразылыкты, күйүттү жана ачуу кекти даана сезди бала.
- Маңдай! — Мыскылдагандай жылмайды кара сакал. — Мунуң жедеп арга түгөнгөндөгү кеп окшойт... Тил эмизип, соороткону болбосо...
Кайрадан дымышты.
- Орозо да бүтөйүн деп калды,— деди кара сакал кыйладан кийин үшкүрүнө.
- Ооба, эки күндөн кийин ооз ачык жүрөт.
- Жарамазан айтуучулар да жоголду, илгери үймө-үй кыдырып, безеленип сайрап эле жүрушчү эле...
- Азыр ал калып баратпайбы. Жарамазан эмне экенин азыркы балдар билишпейт.
- Курсактары ток да! — деди кара сакал күлүп. — Эми ойлосом, кызыл кекиртектин айынан жарамазанды да бузуп айтыптыр көпчүлүгү. — Күңкүлдөп ырдай кетти:
Ат салоому алейкум жарамазан,
Он эки айда бир келген орозо жан.
Пайгамбарым мингени кызыл кашка,
Кытай камап барыптыр кызыл ташка.
Пайгамбарым мингени кара кашка,
Каапыр камап барыптыр кара ташка.
Анан бирдеме берер бекен деп мактап киришчү эле.
- Азыр баары калып баратпайбы,— деди ак сакал кайрадан.
- Сүзүлүп баратат!— Кара сакал тырчыды.
- Ооз бекиткендер да жок. — Ак сакал өз оюн бергиси келбеди. — Кээде ооз ачтырайын деп жер сыйпалап каласың...
- Миң сегиз айдын жүзүн көргөндөн кийин киши кайрадан балагатка кирет,— деди кара сакал кимдир бирөөнү актап жаткандай. — Орозо кармабай койсо да болот. Жаманбы-жакшыбы — жашадың. Эми наристесиң. Тазасың... — Эрдин тиштеп туруп калды. — Кеп буга чейин эмне кылгандыгыңда.
Бала түшүнбөдү. Ак сакалды карады. Ал көрмөмүш болуп көзүн ала качты...
- Атаңдын көрү!.. — Кара сакал эки санын бекем мыкчый алга жүткүндү. Кайра артка кетенчиктеди. — Атаңдын көрү. Ошондо качпай эле койгондо... Өлтүрсө да... Иттер!.. — Шалдайды. Бул сөз анын эркине моюн сунбай аргасыздан чыгып кеткендей болду. Эмне дегенин кыйладан кийин сезди да, эки жагын элеңдеп карап алды...
Баланын денеси дүр эте түштү...
Ак сакал сырдуу тиктеп калды. Анан алга обдулуп:
- Ээ эмнеси болсо да,— деди сыймыктана,— бекер жашабаптырбыз! — Өзүнчө сүйлөндү. — Токтогул. Боогачы. Музей...
Бир азга үндөшпөй турушту.
- Баса,—деди кара сакал шашкалактап. —Сурайм деп эсимден чыгып кеткен турбайбы. Жанагында дагы кимдердин сүрөтү бар экен?
- Билбейм айланайын, толуп жатат! — Ак сакал мактана баштады. — Бир бети бүт эле сүрөт, тим эле жайнайт. Көбүн тааныбайт экенмин. Балдарымдан сурасам, биз кайдан билмек элек дешкенсип, ийиндерин куушурушту. «Чоң калаада жүргөн силер билбесеңер, анан ким билет?» — десем шылдыңдап күлүшөт, «Быяктагылар эле эмне баарын билет дейсиңби, атүлүл буларды ушул жерде иштегендердин өздөрү да толук билишпейт. Баары эски кишилер тура... Анын үстүнө биздин кесип башка, биз инжинербиз». Ие айланайын, инжинер эмне, адам эмеспи ыя?! — Чал күйүп бышты.
Кара сакал эмнегедир жооп кайтарбады, башын ийкеген да жок. Өзүнчө күбүрөдү:
- Эски кишилер!..
Үнү дирилдеп чыкты. Өзү да титиреп кетти.
- Эскилер!.. —деди кайрадан ошол калыбында. Өзүн токтотту да, экөөнө муңайым тиктеди, — Эски үйлөрдү түрттүрүп жатканын көргөндө, жүрөгүм болк эте түшөт!.. Өлгүм келип кетет!
Бала эч нерсе түшүнбөй элейди. Ак сакал түшүнүп-түшүнбөй бакылдай кетти:
- Жаңылары курулуп жатпайбы! Боронзодо заңкайган үйлөр бар экен айланайын, канча кабат экенин санап чыга албайсың. Төрт-бешине келгенде эле башым айланып кетет. Жаңылып калам. — Башын чайкап күлдү. — Аны жер титиресе да былк этип койбойт дешет, өгүз жөөлөп кетсе кулачудай болуп шоңшоюп эле турат, анан эмне балакети бар экенин билбейм. — Тынып алды. — Ага кантип чыгат дебейсизби? — Мактагандай кара сакалды тиктеп койду. — Бир точке бар экен, аны бармагың менен басат экенсиң. Шарт ачылат. Түшөсүң. Ичинде да ошондой точке. Үчтү кааласаң үчтү, төрттү кааласаң төрттү бас. Бүттү. Шарт ачылат... Үйүңдөсүң... Анын ар биринде,— деди таңдана башын чайкап,— бир обулустун кишиси жашайбы деп калдым. Эл деген кумурскадай...
Ата-бала ишенбегендей шектүү карап калышты.
- Баарынан кызыгы,— деди ал тигилерге көңүл бөлбөй,— алардын көзүндө экен.
- Көзүндө?! Эмне көз? — Кара сакал алайды.
- Ар бир эшикте кичинекей айнек тешик бар экен, анысын көз деп коюшат экен,— деди ак сакал каткырып, — Ишенген жокмун, эч ким жокто акырын карап көрдүм. Чын экен. Баары көрүнөт айланайын... Ким кетти, ким келди. Ким чырылдатты. Баары. Тырнактай эле жыртык...
- Аңдыша башташкан тура! — Кара сакал чыдай албай бакырып жиберди. — Береке качканы ошол!..
Ак сакалдын шагы сына түштү.
- Кандайча аңдыша? — деди ал бозоруп. — Ботом, үйүңө ким келгенин билишиң керек да. Досуңбу? Душманыңбы?! Кээде ышпаналар да келет дешет...
Кара сакал жактыра бербей колун шилтеди. Ак сакалдын ичи ого бетер ачышты.
- Анан кантип баарын сиз каалагандай кылмак эле! — деди ал ачуулана. —Шаар деген шаар. Эл көп... Жалаң бир кабат болсо, эл батабы? Ансыз деле көчүгүң айланбай калыптыр.
- Батат! — Кара сакал ишенимдүү айтты. —Батат! Батпаганда кайда бармак эле! Жер баарын батырат... — Кичине ойлонуп турду да. — Артык баштары өзү эле жоголот!
Эки абышка бир-бирин таптакыр түшүнө албай коюшту. Бала муну туйду. Эмнегедир арданды...
- Эскилер!— деди кара сакал кыйладан кийин өзүнчө. Анан ак сакалды да, баласын да сырдуу тиктеп, муңкана кетти: — Өмүрдөн өткөн душман жок экен да, кереги тийгенде ушинтип жетишпей калат экен да!..
Кара сакалдын бул арманын эч кимиси түшүнгөн жок. Ал үшкүрүп алды. Көктү карап шыпшынды:
- Атаңдын көрү, менин эркиме койсо!..
Муну да эч кимиси түшүнбөдү. Атасы учууга комдонгон бүркүттөй сезилди. Арданды бала...
Кайрадан жымжырттык...
- Мен кетейин, аптобузум келатат көрүнөт,— деди аңгыча ак сакал колун сунуп. — Жакшы калыңыз!
Кара сакал анын колун коё бербей көпкө турду. Эмне деп айтаарын билбей жаткансыды. Айласы кеткенде күлүп тамашалай кетти:
- Жакшы бар эми. Жакшы жүр. Алмаңдан да ооз тийгизбей кеттиң...
Ак сакал автобуска түшүп кетти.
Эмнегедир кара сакалдын ичи күйдү. Туталанды...
- Менден алты жаш кичүү экен,— деди ал өзүн алаксытып,— бирок сакалы аппак... — Сакалын тутамдай баласына карады. Мактангансыды. Анан ызалангандай: — Оо кургур, алжыйын деп калган экен бир сөзүн эки-үч кайталап... Киши алжыганда мээ өз ордунда болбой калат дешет!
Бала үндөгөн жок.
- Аа кургур аа, ырысы жок кең таалай аа!.. Кекиртегинен өтпөй жатпайбы! Бала дегениң ушул да,— деди боор ооругандай. — Баягы мен... — Негедир мукактанды. — Баягы мен качып жүргөндө... - Дагы мукактаңды. — Түш көрдүм!.— Үшкүрдү.
Бала атасын тиктеди.
- Ээн талаа. Таң заардан бери салып-уруп келатам. Түн кирип кетти. Атым баспай калды. Өзүм ачкамын. Башым айланат. «Көп болсо атып салышаар»---дедим да, аттан түшүп кыңкая кеттим. Көзүм илинип кеткен экен... — Үндөбөй калды. —Бир маалда атам келди. Колунда коону бар. Эки кесим берди. «Жегин. Ал, ал...» — деди. Ширин экен. Андай коонду кийин такыр көрбөдүм. Дагы берсе деп коём. Берген жок. «Тур, жөнө. Кечигесиң. Атың да эс алып калды»,— деди. Чочуп ойгондум. Атамды издеп жүрөм... Чын эле атым так түйүлүп калыптыр. Келме келтирдим да, жүрүп кеттим... — Чал уулун унутуп калды. Өзү менен өзү сүйлөшүп кирди: — Азыр да башым маң: эмне үчүн коонунан дагы кесип бербеди? Эмне үчүн? Эмне үчүн? Эмне үчүн...
Экөөнө тең жер дүңгүрөп жаткандай болду: эмне үчүн, эмне үчүн...
- Арбактар деле санаа чегишет окшойт. Болбосо... Баласы жакшыбы, жаманбы... Баары бир... — Ызалуу күлүмсүрөдү. — Мен болсо өз балдарымды эстейм. Тамак алдыма келдиби, алкымыма бирдеме туруп калгандай болот... — Күнөөлүүдөй уулун жалооруй карады. - Кийинчерээк ушу түш эле эсимден кетпей койду. Көзүмдү жумдумбу,— көзүн жуумп, башын чайкады. — «Тур. Жөнө. Кечигесиң...» Негедир капалуу сыяктуу... Сөзүн уланта алган жок. Жеңи менен көзүн аарчыды.
Бала атасын карай албады. Ал өзүн тумандын арасында калгандай сезди. Сөздөр түркүн дүйнө, таптакыр чоочун дүйнөдөй туюлду...
- Экөөбүз тең пайгамбар жашынан өткөн экенбиз,— деди ата бир аздан кийин сөздү башкага буруп. — Эмне экенин билбейм, пайгамбарым алтымышка келгенде мындан аркы жашка тойдум, ыраазымын деп өзү кете берген экен... — Өкүнгөндөй башын чайкады...
Бала үндөгөн жок. Кайрылып карап да койбоду.
Ата уулун ойлуу карап турду. Бир маалда эсине бирдеме түшкөндөй, көккө тигилди. Тегерете карап суктанды. Күлмүңдөдү. Асман менен сүйлөштү. Мактанды:
- Заман тынч болсо... Санаа тынч болсо... Адам дегениң... адам дегениң жашка тойбойт экен да!.. — Ал шашпай сүйлөдү. Тынып-тынып сүйдөдү. Үнүндө ыраазылык да, күйүт да бар эле...
Бала үндөбөдү. Ал автобустан көзүн албай ойго чөмүлө тунжурады.
Ата баласынын жанына келди. Ал да автобусту узата карады. Автобус бурулуп кетти, көрүнбөй калды.
- Боронзого көп эле бардым, жанагы музейди көрсөтө албай койдуң. —Ата кайрадан эстеди. Нааразы болду.
Бала үн катпады. Көңүлү уйгу-туйгу... Эмне жөнүндө ойлоп жатканын өзү билбеди. Баш аламан... Айланкөчөк...
- Ие катыгүн, аптобус келген турбайбы! Жүрү! — Ата баласын күтпөй антаңдап жүгүруп кетти.
Бала эңги-деңги боло анын артынан жүгүрдү.
Автобуста эл аз болучу. Экөө бирге отурушту.
— Эмики барганда мени жанагы музейге алып барчы, элдин баары эле мактайт. —Ата жалдырады. — Жок дегенде жанагы кишилерди көрсөм болот эле...
Бала үндөбөдү. Алсыз эле жүрөгү мыжылды. Терезени карап тунжурап баратты.
Ата жоопко назар бурган жок. Эмне кыларын билбеди. Жаш баладай ойной баштады. Отургучту тыкылдатты. Жылмайды. Ушул калыбында көзүн жумду... Башын чайкады. Бала жакка жүткүндү. Анан шыбырады:
- Көзүңдү жумдуңбу... «Тур. Жөнө. Кечигесиң...»
- Эскилер!.. — Ызаланды. — Киши да эскирет бекен?! — Өзүнө-өзү ишенимдүү жооп кайтарды. — Өлсө да эскирбейт! — Кеп,— баласын көздөй дагы жылды,— кеп — тирүүлөрдө!..
Бала түшүнгөн жок. Жүрөгү ого бетер мыжылды...
- Көзүңдү жумдуңбу,— деди ата кайрадан башын чайкап. Негедир бул сөзүн уланта албады. Күчү жетпеди. Бир аздан кийин өзүнчө сүйлөндү. —Эстебегендерди эстедик көрүнөт. Экөөбүз куран... — Сөзүн тык токтотту да, уулун карады. Андан ары үндөгөн жок. Мелтиреди...
Бала да тунжурады. Капысынан оору эсине кылт эте түштү. Атасын жалт карады. Билинбейт. Күбүрөөдө. Бала да күбүрөдү: «Куран окуп жатат...» Бурулуп кете албады. Ошо боюнча ойго батты...
Ойго баткан ата-бала автобуста баратты.
Узун кара жолдо ойго баткан ата-баланы тартып кьшкызыл автобус баратты.
Үндөшпөдү. Чарчашты да... Турмуштай таза эки кыргыз абышка... Жашоодой өткүр, жашоодой жалтаң, жашоодой таттуу кара сакал... Эки чалды аңырая тиктеп, эси оогон бала... Баары кездешишти, баары бирге болушту. Баары чарчады...
... Атанын жүзү тамылжый баштады...
1980-ж.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR