Бейшебай Усубалиев: Аккан суу

  • 01.04.2025
  • 359

Умереть это еще не всë.
(Э.Хемингуэй)

Мелис байке экөөбүз бири-бирибизди аяп да, бири-бирибизге таарынып да жүрдүк окшойт. Анын мени аяганынын да, мага таарынганынын да жөнү мындай эле: «Сен эмне үчүн таланттуу болуп туруп, илимге да асылып, күч-кубатыӊды талаага чачып жатасыӊ…» Мунун бир күбөсү катары анын «Тандалма чыгармаларынын» 2 томдугунун экөөнүн теӊ биринчи бетине мага жазып берген кол тамгасын буруу-терүүсүз келтирейин.

Профессор Бейшебай Усубалиевге!

Жазуучулук чоӊ талантты илим менен дарс окууга тебелеткениӊе кейип кетем. Кандай арман, кандай гана аяныч…
05.07.2016.

Ушинтип бадырайта жазыптыр да, аны дарылап жаткан доктур уулум Мейкинден берип жибериптир. Мындай шумдуктуу тилек-каалоодон а дегенде денем муздай түштү да, анан кайра көп өтпөй чын жүрөгүмдөн ыраазы болдум: «Менин талантым үчүн ушу Мелис байкедей күйгөн бир да адам болгон жок окшойт!..»

Аккан сууда арам жок эмеспи, Мелис байке дайыма агып турчу эмес беле. Китептерин берип жибергенден көп өтпөй эле батада чогуу отуруп калдык. Мени көрөрү менен бакылдап коë берди:» Телерадиодон келатып, бир комиссиясына мүчө экенмин. Бейшебай, сенин «Акча» деген повестиӊди алтын фондуга өткөрдүк. Бу Бейшебай жанагы илим деген балакетине асылып жатып албадыбы, болбосо, Айтматовдон кийинки эле кыйын жазуучу ушул болмок. Чын эле ушинттим…»

Деди да, өзүнө гана таандык күлкү менен бир жадырап алды.

Эки-үч жыл өтпөй чоӊ китепканада дагы жолугушуп калдык. Тегерек-четибиз бүт чыгармачыл адамдар. Мени көрөрү менен эле, чуркап келип бетимден өптү. Мен таӊдана карап калдым. «Билесиӊби сен, – деди мага жадырай карап. – Мен сага айтчу элем го, илимге жолобо деп… Көрсө, сен илимде да кыйын турбайсыӊбы. Академиянын мүчө-корреспонденти болупсуӊ! Кут болсун!...»

Чын дитинен кубанганы бүткүл тулку-боюнан, ырай-пешенесинен даана көрүнүп турду. Деги эле Мелис байкеде башкаларда көп учурай бербеген бир касиет бар эле: ал кубанса бүт денеси менен кубанар эле, бүт денеси кыймылга келип, бүкүлдөп жаткандай туюлуп кетчү. Менден бөлүнүп, дагы бирөө менен бакылдашып бараткан Мелис байкени «Баары бир мени илимге кыйбай турасыз ээ…» деген ой менен узата карап туруп калдым…

Эми менин таарынычыма өтөйүн.

– Эх, Мелис байке, Мелис байке, – дечүмүн мен, – сизден кандай гана мыкты жазуучу чыкмак. А сиз чоӊ болом деп жүрүп, талантыӊызды чачып жибердиниз. Ушуну эми араӊ түшүнүп, киришип жатасыз…

Чын эле, мага ушундай сезилчү. Мен анын бир да чыгармасын окуп көрбөсөм да, анда кандайдыр бир талант уюп жаткандай, аны өзү элес ала бербегендей туюлар эле. Мына эми, Мелис байкенин чыгармасын биринчи жолу дит коюп окуп отурам. «Жинди Сабыр» повести, мунун каарманы жөнүндө, тагыраагы «жиндилиги» тууралуу биз бала кезде далай укмуштарды укканбыз. Мелис байкенин «Жинди Сабыры» чыгарма эмес эле, жандуу картина, кино экен. Табигый диалогдор, нукура кыргызча салыштыруулар, кептик образдар, дагы көптөгөн поэтикалык табылгалар – мына ушулардын баары окуя мына азыр сенин көз алдыӊда эле чубап өтүп жаткандай таасир калтырат десеӊ.

Булар сырткы кыймыл-аракет эмес, булар Жинди Сабыр менен анын Акишинин жан дүйнөсү, тагыраагы, алардын – тирүүлөй эле жаны. Эгер кино кылып тартылып калса, трагедиялуулугу жагынан В.Шукшиндин «Арманынан» («Калина Красная») ашса ашып түшмөк, асты кем калмак эмес. Бирок муну туя билип, колго ала туган кинорёжиссор качан чыгат болду экен?

Окуп жатканда Мелис байкенин тирүүлөй өзүн көрүп турдум, бирок жазып жаткандагы, окуяларды, мүнөздөрдү жууруп-ийлеп жаткандагы элесин эмес, оозеки айтып жаткандагы элесин. Дүйнөлүк алкактагы бир залкар тилчинин «ой, бул өзүнчө алганда туман», – деп айтканы бар. Чындыгында эле туман, өзгөчө Мелис байке өӊдүү таланттардыкы. Мына, ал тумандын арасында жүрөт, окуялардын, а түгүл каармандардын ички чайналууларын да көзү менен көрүп, жүрөгү менен туюп турат, бирок тумандаган ойлор анын тилинен ашып кетип, тактап айтканда, тилдин калыбына түшпөй, Мелис байкенин колдору кыймылдап, силкилдеп, бети-башы бырышып, бирде күлүп жатпайбы – мунун баары теӊ желкелеп алган ойду тизмектөөгө чама-чаркыӊдын жетпей жатканы, ойдун тил менен жуурулуша албай жатканы.

Мелис байке бир окуяны айтканда, көбүнчө аягына чыга алчу эмес. Баштайт, анан колу, бүткүл денеси кыймылга келе баштачу, колун силкилдетип, «жанагычы», «тигилчи» (биз көрүп тургансып) дегендерди кайталап, анан ырахаттана каткырыгы таш жарып калат эле. Өзгөсүн билбейм, мен эмнеге күлгөнүнө түшүнбөй калчумун. Көрсө, айтчу окуясын тирүүлөй көрүп-сезип туруп, ошол көргөн туйгандарымды дал ошондой жеткирип жатам деп ойлочу тура. Оозекичи Мелис байке менен жазмачы Мелис байкени «Жинди Сабыры» аркылуу салыштырып отуруп, мен ушундай бүтүмгө келип отурам.

Өкүндүм да кубандым. Өкүнгөнүм – Мелис байкенин чыгармаларын мурда окубаганым; окусам – андан көп сабак алмак экенмин. Кубанганым – чоӊдукта жүрсө да, Мелис байке шапар тээп жүргөн эмес экен да. Башында бышырып, ичинде эзип жүрбөгөн сүрөткер «Жинди Сабырды» мынчалык деӊгээлде төгө алмак эмес. Жарыктык Мелис байке «Жинди Сабырды» жазбай эле, төгүп салгандай туюлат экен.

…Бир жолу теледен Мелис байкенин жылкы жаныбарга мүнөздөмө берип жатканын көрүп-угуп калдым. Жылкынын өзгөчө жандык экендигин, таза-тунуктугун дүлөй уккудай ийне-жибине чейин майдалап келгенде, ким болбосун, өзүнүн адамдыгынан кечип, жылкы жаныбарга айланып кеткиси келгендир деп ойлоп кеттим. Акырында жылкы мына ушундай жандык дегенсип, адатынча бир каткырып алды.

Деги эле Мелис байке кыргыз ырым-жырымдары, салт-санаасы, жөрөлгөлөрү, символикалык белгилери жөнүндө билгендиги жагынан кийинки жазуучулардын ичинен кыйла эле өзгөчөлөнүп турар эле. Эл ичинде сүйлөшүп жатканында анын бул жөндөм-шыгын көп байкадым. «Мунун баарын кайдан билип алган?» – деп танданып койчумун. Мелис байкеден мурда мындай жөндөм-шыкка эгедер бир адамды билер элем. Ал – Ашым байке (Жакыпбеков). Эми ойлосом, экөөнүн түшкөн нугу бирдей экен, жок, экөөнү бирдей нукка түшүргөн жараткандан бүткөн шыбагасы бирдей, окшош экен. Ошол шыбага акыры Ашым байкени касиеттүү «Манаска», а Мелис байкени тарыхый романдарга алып келиптир. Мелис байкенин тарыхый эс тутумду канчалык деӊгээлде поэтикага айландыргандыгын азырынча айта албаймын. «Барымта» менен «Көкөй кестини» окуп чыккан соӊ, бул чоӊ проблемага өзүнчө кайрыларбыз деген ниетим бар. Андан көрө чогуу иштеген күндөрдү үзүл-кесил болсо да эске түшүрө кетким келет.

*     *     *

Мен Мелис байкени Басма комитетине башкы редактор болуп иштеп баштаганында биринчи жолу бетме-бет көрдүм окшойт. Бир күнү эле башкы редактор лекция окуйт экен, баарыӊар чоӊ залга чогулгула деген буйрук болуп калды. Орус, кыргыз бөлүмдөрү болуп баарыбыз чогулдук. Мелис байке кирип келди да, лекциясын баштады. Негизги темасы бүгүнкү күндө көркөм адабият дүйнөсүндө болуп жаткан жаңылыктар тууралуу маалымат берүү экен. Жаӊылыктарды айтып келатып, ара-чородо адабият дөө-шаалардын айрым чыгармаларын анализдеп жатты. Жыйын бир жарым саатка созулду окшойт. Кимге кандай таасир калтырды билбейм, мага анализи жакты. Анан дүйнөлүк адабияттан жакшы кабардар экени таӊ калтырды. Анан ушунчалык даярдыгы бар туруп, өзү эмне үчүн көзгө толумдуу (анда мен анын «Алмалуу бак», «Алчалуу төр» деген чыгармаларын окуйт элек) чыгармаларды жарата албай келет деп таӊ калдым…

*     *     *

Буйрук экен, көп өтпөй бир редакцияда чогуу иштешип калдык. Окуу китептерин даярдачу редакция эле. Биринчи эле келгенде анын басма ишин ийне-жибине чейин мыкты өздөштүргөнүн билдик. Баарыбызды мурда-кийин көрүп жүргөндөй, а түгүл өзүбүздү өзүбүздөн жакшы билгендей жаркылдап жакшы таанышты. Ошондогу бир сөзү мээме уюп калыптыр: «Башкасы эчтеке эмес, бир да ката кетпесин. Окуу китебинен ката кетирүү – бул чоӊ күнөө»… Деди да: «Эгер кетирер болсоӊор, анда аяшмай жок»! – деп күлүп, өз кабинетине бет алды. Ким эле кетирейин деп атыптыр…– деп күнкүлдөп биз кала бердик.

Чындыгында, редакция иши жөнгө салынып калган, редакторлордун баары иштин көзүн билгендер болчу. Ошентсе да бизде бир көйгөй бар эле. Ал – музыка, чет тилдери боюнча окуу куралдары жана алардын авторлору. Бул авторлор кандайдыр бир өздөрүн өйдө сезишкенсип, бизге өзгөчөрөк мамиле кылышчу, кыскасы, алардын талаптарын биз кыӊк этпей аткарууга милдеткер элек. Ошондой ойдо жүргөндөрдүн биринде Насыр Давлесов баш болгон музыка китептеринин авторлору күүлдөп кирип келишти. Көнгөн дооматтарын коё башташты. Баштаганда эле Мелис байке: «Жүргүлө, менин кабинетиме, буларга тоскоол болбой!..» – деп өкүм сүйлөп, аларды ээрчитип кетти. Анан көрүп ал, Мелис байкенин толкуну башталды.

Бир саатка чукул бакылдаган үнү коридорду да жаӊыртып турду окшойт. Бирок кызык, бакылдаштын акыры адаттагыдай эле Мелис байкенин каткырыгы менен бүттү. «Музыка китеби өзгөчө түйшүк менен чыгарын бирөө да оӊгулуктуу билбейт экен. Сабаттарын ачып, көкөлөрүн көздөрүнө көрсөтүп койдум окшойт… А силер…» – деп сөзүн улабай, күлүп коюп, чыгып кетти.

Дагы бир жолу мени кабинетине чакырып калды. Кирсем – жоон топ чет тилдер китептеринин авторлору.

– Мына өзү да келди, – деди мага колун жаӊсай аларга, – илимдин кандидаты, буйруса эки-үч жылдан кийин доктор болот. Силердин араӊарда бир кандидат барбы? (Бирөө менмин дегендей болду). Ушу кандидат башы менен силердин сабатсыз түзүлгөн кыргызча тексттериӊерди ондойм деп жүрүп чачы агарып кетмей болду. Силер кыргыз балдары үчүн жазып жатасыӊар да окуу китебиӊерди, анан алардын убал-сообу кимге? Же эмне, кыргыз балдарга эптеп чампалап койсо эле боло берет деп ойлойсуӊарбы!...

Бирөө да үн ката алган жок. Мен акырын чыгып кеттим. Ыӊгайсыз абалда калдым, анткени мен чет тил китептерин редакциялачу эмесмин. Ошентсе да Мелис байкенин бул ык-амалы аларга көрсөткөн айбаты экенин, алар эми жөнү жок чамгарактагандарын токтотуп, окуу китебинин сапатына олуттуу мамиле кыла баштарын ойлоп, кудуӊдап да алдым.

*     *     *

Кызык, Мелис байкенин бир жолу да жумуштан калганын учуратпадым. Ооруп калыптырмын, негедир ооруп турам деген сөздөрүн укпадым. Балким, ноокастангандыр, бирок таптакыр билдирчү эмес. Дайыма бир калыпта жүргөндөй туюлчу. Бир жолу гриппке каршы эмдөө жүрүп калды, баарыбыз эмдетүүгө милдеттүү экенбиз. Эмдетип жаттык, кезек Мелис байкеге жеткенде:

– Мен, эмне, эмдеткидей детсаддын баласы билем!.. – деп шылдыӊдагансып кетип калды.

– Сиз милдеттүүсүз, биз ойноп жүргөнүбүз жок, сизге чара көрүлөт!.. – деп медайым ызырынып кала берди.

Баарынан кызыгы, эмдеткендердин бардыгы эки-үч күн дене табыбыз көтөрүлүп, чүчкүрүп-бышкырып жүрүп, анан барып оңолдук. Мелис байке:

– Кандайсыӊар, детсаттын балдары, өзүӊөргө келдинерби!.. – деп бизди мыскылдап күлүп жүрдү.

*     *     *

Мелис байке ушунчалык тез иштечү. Кол жазманы карап калса, каткырыгы, кыжынганы (оӊдоо процессинде кубанткан да, ызырынткан жерлер да көп эле учурайт эмеспи) менен бирге калеми да шакылдап кыймылга келип турар эле. Бир жолу кадырлуу профессорубуз Аскар Осмонкуловдун кол жазмасын редакциялап жатсам:

– Ой, Бейшебай, ушундай да оӊдойсуӊбу, автордун стилин да сакташ керек да. Берчи мага, төрт жүз беттен ашык экен, мунун баарын сен минтип оӊдоп отурсаӊ... – деп жүз элүү беттейин алып кеткен.

Эртеси түшкө чукул кол жазманы мага сунуп:

– Быягы бүттү. Сен да эртелет, эзип жата бербей…– деп койду.

Түштөн кийин мени башкы редакторго чакырып калды. Барсам, Мелис байке менен Аскар агай ызылдашып жаткан окшойт, бири кызарып-татарып, бири кара көк; ортодо башкы редактор Санжы Егиналиев. Көрсө, мындай болуптур. Аскар агай түз эле башкы редакторго кайрылат:

– Эмне себептен менин китебим кечигип жатат, ушинтип эле кармай бересиӊерби?

Башкы редактор Мелис байкеге бир тийген көрүнөт, ал шыдыр эле:

– Кол жазма деп макулатураны алып келе беришсе, кечигет да. Мына бу кишинин кол жазмасын Бейшебай кызыл жаян кылып оӊдоп отурат, тездет десем, бул боюнча кантип коë берем дейт, кыйын болсоӊор, өзүӊөр тездетип алгыла!.. – деп буркулдайт.

–  Бүтүп калдыӊбы? – деди баш редактор.

– Ооба. Бир-эки күндө бүтөм буйруса.

– Ошентчи, айланайын! – деди баш редактор сурангандай.

Аскар агай экөөбүз ээрчишип чыгып кеттик.

– Кызыл жаян эле дейт, кана көрсөтчү, – деди агай мага. (Аскар агай да бир дүрт этип, анан бат эле жазылып кетчү).

Көрсөттүм. Окуп чыкты да:

– Ой, оӊбогур, – деди мени күлө карап, кызыл жаян кылганыӊда мен айтчу эле ойду айткан (берген) турбайсыңбы!

– Ооба, сиз айткан эле ойду бердим. Бирок сиз айткандай, жазгандай берсем, башкаларга жетпей калып жатпайбы, алар эмнени айткысы келген дешип түшүнбөй калып жатпайбы.

– Кандайча?!

Ал кайрадан көз жүгүртүп чыкты да:

– Болуптур, өзүӊ билгендей оӊдой берчи, оюмду бузбасаӊ болду, – деди санаасы тынгандай. Бир аз туруп, борсулдай күлө кетти. – Деги ушу силердин Мелисиӊер чыныгы жигит, эркек, шар. Баарын ачык эле бетке айтат, же бар, же жок деп. Эмилбектин иниси да бу?

Мен ал ким эле дегендей ийнимди куушурдум. Көрсө, Мелис байке ошо кездеги профсоюздун төрагасынын бир тууган иниси экен. Мелис байке бизге ал тууралуу такыр айтпаптыр, бир гана атасы жөнүндө кеп салганда мындайча оозуна алып калчу:

– Атам Эмикемди өзгөчө жакшы көрөр эле. Катуу жыгылып, тил-ооздон калып жатканда “Эмилбек качан келет?” – деди. Эмикем чет өлкөгө кеткен эле. Биз төрт манжабызды көрсөтүп: “Төрт күндүн ичинде келип калат”, – дедик. Санап жаткан окшойт, төртүнчү күн дегенде, башын көтөрүп, төрт манжасын көрсөттү да, жаздыкка башын коюп, көп узабай жүрүп кете берди. Эки-үч сааттан кийин, Эмикем өкүрүп түштү.

Ушуну эскергенде, Мелис байкенин үнү каргылданып кетер эле. Сыягы, өмүрүндөгү бир чоң арманы болуп калган окшойт.

*     *     *

Китептин өз учурунда чыгышына жана жасалгасына өзгөчө назар бурар эле. “Окуу китеби 1-сентябрга чейин окуучулардын колдоруна тийбей калса, биз алардын бетин кантип карайбыз!” – деп көп какшачу. Бирок турмушта ар кандай жагдайлар боло берет эмеспи. Бир жылы жаңы “Алиппени” өз учурунда чыгара албай турган коркунуч туулуп калды. Комитеттин бир кызматкери мындай “акылдуу” сунуш киргизиптир:

– Анда пробный кылып ак-кара түстө чыгара бергиле да, кийинки жылы оңдоп аласыңар...

Бул кабарды Мелис байке угуп калып, жер сабап, атайын жыйын өткөргөнү эсибизде:

– Силерде деги мээ барбы! – деди ал жетекчилерди көзгө илбей. – Башталгыч класстын, болгондо да 1-класстын “Алиппесин” ак-кара кылып чыгарууга кантип дитиңер барып жатат! Мына, кызыл алма дейли, китепти карай салса – капкара тоголок бир нерсе турат, жүрөктү түшүрүп. Биринчиден, силер балдардын эстетикалык сезимин өлтүрөсүңөр, экинчиден, окууга, билимге болгон кумарлыгын өчүрөсүңөр, иренжитесиңер. Үчүнчүдөн, бүтүндөй башка элге уят, анан... – Бууракандап келип, сөзүн улай албай калды.

Жыл айланбай түстүү татынакай “Алиппеге” алмашты баягы кара ала “Алиппе”. Мелис байке болбосо, ал баягы кара ала “Алиппебиз” канча жылга чейин ошол таз кейпинде каларын бир кудай билет эле.

... Бир курдай Мелис байке экөөбүз отурсак, телефон шыңгырап калды. Тыңшоорду алдым (ал өзү өмүрү алчу эмес, жетекчи албаш керек, кызматкер алышы керек, ал ошол үчүн жетекчи, билип жүргүлө, – деп каткырып калчу.):

– Жанагы Мелис Абакиров дегениң барбы?! – деди бир өкүм үн.

Тыңшоорду Мелис Абакировго сундум:

– Ай, Мелис Абакиров! Сен коммуниссиң да ээ, алдакы парт билетиңди үстөлдүн үстүнө коюп койгун!

– Эмнеге коюп коём?

– Эмнеге экенин билбейсиңби? Эмне үчүн окуу китептерин министрликтен бекиттирбей туруп басууга берип жатасыңар?

Кеп төркүнү эми түшүнүктүү болду. Бул өкүм чыккан үн министрликтин бөлүм башчысы экен. Илимдин кандидаты эле, көп жылдык тажрыйбасы бар, ишке көнүккөн, өзүнүн өкүмдүгү менен министрликтегилердин да, басмалардагылардын да жүрөгүнүн үшүн алган жан эле.

– Жаңы окуу китептери гана бекитилет да, ал эми эскилери бекитилбей эле...

Мелис байкени толук сүйлөттүрбөй, кепти жулуп алды:

– Аны сага кайсы атаң айтты, парт билетиң үстөлдүн үстүндө турсун!..

– Парт билетиңди өзүң үстөлдүн үстүнө коюп койгун! Эмнеге кол жазмалар эки-үч ай кечигип келет бизге? Аларды басмага даярдасак, анан бекитебиз деп силер дагы эки-үч ай басып жатсаңар, окуу жылы кап ортолоп калып жатпайбы, ага чейин окуучулар эмне менен окушат?

– Аны мен билбейм, аны авторлор...

– Авторлордун ишин жөнгө салуу так эле сенин тикелей милдетиң, ошону билип жүргүн. Мына, эми өзүң парт билетиңди үстөлдүн үстүнө коюп кой! Түшүндүңбү?..

Мелис байке тыңшоорду коюп таштады.

– Көрдүңбү буларды, өз милдеттерин көзүнө сайып көрсөтүп койбосоң, үстүңө минип алышат. Көнүшкөн да министерстводон да деп. Силердин өзүңөрдө да бар, бирдеме деп коюшса, бүжүңдөп... – Мага нааразылана карап койду.

Милдет-укук демекчи, бул жагынан Мелис байке менен директордун ортосунда кагылышуулар көп болуп турар эле.

Бир жолу Мелис байке жыйынга он мүнөттөй кечигип келди. Шашкан түрү бар.

– Эмне кечигип жүрөсүз? – Директор сөзүн токтото коюп, Мелис байкеге тике карады.

– Комитетте окуу китептеринин сапаты жөнүндө жыйын болуп, ошондо кармалып калдым.

– Ага мен деле чакырылгам. Барбай, мындагы зарыл иштер менен...

Мелис байке кепти жулуп алды:

– Сиз барышыңыз керек болчу, сиз милдеттүү болчусуз. Окуу китептеринин сапатынан артык кандай дагы зарыл иштер бар экен?

– Сапат керек дечи... Бирок жыйынга өз учурунда келүү да милдет. Мына, Дилдебекти военкомат чакырып, барбай эле жыйында отурат. Жибергеним жок.

– Туура эмес кылгансыз. Военкомат чакырганда сөзсүз барышы керек. Бул – закон. Эми жибербей койгон сиз да, барбай койгон Дилдебек да закон алдына жооп беришиңер керек!..

Директор не дээрин билбей, маселени башка жакка буруп кетти.

*     *     *

Эми ойлосом, ал учур китеп доору экен. Бир китебибиз жоголуп кетсе, түйшөлүп, түн уйкуңдан калар элең. Мелис байкенин Асанкадыр Эсенканов деген жакын курдашы бар эле. Жазуучу, а дегенде дүрт этип катуу чыгып, кийинчерек партиялык иштер менен алектенип, негедир солгун тартып кеткен. Ушунчалык окумал киши, дүйнөлүк классиктердин далайларын эчак эле ичип-жеп койгон. Бир бөлмөсү өзүнчө бир китепкана болчу, ага эч кимди киргизчү эмес. Алыска кетерде кулпулап койчу. Ушул Асанкадыр байке Нарындан которулуп келип, убактылуу биздин үйдө туруп калды. Бир күнү эле ачууланып, бозоруп-татарып кирип келди.

Мен суроолуу тигилдим.

– Жанагы Мелис да, менден көрөт, шашма, кайсар десе...

Көрсө, окуя мындай болуптур. Экөө адабият жөнүндө сүйлөшүп отурушуп, бир сүйлөмдүбү же эпизоддубу – талаша кетишет, бирөө Хемингуэйдики дейт, экинчиси Драйзердикиби, айтор башка бирөөнүкү дейт. Шашма жаны Мелис байке “мен азыр” – деп алып ордунан ыргып турат да, кабинетине жөнөйт. Кирип караса эле, Хемингуэй ордунда жок. Атып чыгат да:

– Хемингуэйим жок. Сен эле алган окшойсуң. Сенден башка бүгүн бир жан да келген эмес! – деп бир тиет.

– Эй, кайсар, сенин Хемингуэйиңди эмне кылам? Менин китеп текчемде анын толук томдугу жыйылып турат.

– Сен албасаң, анан ким алат? Сен эле...

Асанкадыр байке намыскөй, ачуусу чукул киши эле.

– Ээ, адам эмес экенсиң!.. – деп эшикти карс жаап чыгып кетет.

Мен эми экөө бет карашпай калды го деп ойлогом. Асанкадыр байке бир-эки саат өтпөй эле кайра жөнөп калды. Күүгүмдө кирип келди, жадырап-жайнап:

– Мелисти жайладым, жайлаганда да кандай дейсиң...

Мен таңдана карадым.

– Шахмат ойноп, үч жолу утуп алдым. Дагы бир жолу дейт, кой дедим, дагы утулсаң, намыстанып...

– Жанагычы, китепчи, байке?

– Кайсы?

– Хемингуэйчи?

– Аа... Шашма неме кайпастап жатып тике маңдайында турган Хемингуэйин көрбөй калыптыр.

– Анан?..

– Анан “Ушу Хемингуэйден менде экөө, бирөөнү сага берейин. Жана сага да катуу...

– Тойдум сенин Хемингуэйиңе, анын бардыгы томдугу менен жыйылып турат дедим да, баса бердим!..

Ушул окуяны жазып жатып, биздин китепке болгон кусалыгыбызды сагынып кеттим.

*     *     *

Мелис байкеде жердешчилик деген түшүнүк таптакыр жок эле. Жолдош-жоролорунун дээрлик баары түштүктөн болчу. Мурза байке менен Жолон Мамытовго өзгөчө сыймык менен карачу. Жолон байкенин бир да чыгармасын сая кетирчү эмес.

– Жолон гезиттеги ырларыңды окудум. Өзгөчө бул ырың жакшы чыгыптыр, – деп анын телефондон айтып жатканын көп уктум.

Мурза байке (Гапаров) кечкурун акырын, каалгый басып басмага келчү. Аны көзү чалганда эле, Мелис байке каткырып калчу:

– Оо, Мурза аке кезектеги колуктусуна келаткан тура... Жазгандарындай эле бар: сымбаттуу, ойлуу, жайма-жай...

*     *     *

Ичиндегисин тегиз төгүп алмай Мелис байкенин кан-жанына сиңип калса керек деп ойлойм. Бир жылы басма директору да, башкы редактору да кызматтан бошоп (бошотуп салышты). Буга байланыштуу чогулуш өтүп, ар ким өз ойлорун айтты. Чогулуш адаттагыдай эле орусча өтүп жатты. Кезек Мелис байкеге келди. Мелис байке экөөнүн тең жоопкерчиликтүү, иштин көзүн билген кызматкер экенин, басмага сиңирген эмгегин баса белгилеп, мындан аркы иштерине ак жол тиледи. Анан бир аз тынып алды да:

– Жолдоштор! – деди күлүмсүрөп. – Бирок чындыкты да айта кетишибиз керек. Иш деген иш, бирок мамиле, болгондо да адамдык мамиле деген бар го. Ушу жагынан директорубузда чоң өксүк бар эле. Кимди болбосун бооруна тартпай, түртүп турчу. Кандай десем, кандайдыр бир жагымсыз... Мына, бая күнү эле бир редакторум келиптир, “байке, мен отработканы качан кылсам болот” – дейт, эмне деген отработка, мен билбеген десем, “Атам каза болгондо да үч күнгө арыз жазып суранып кеткен элем, ошонун ордун толтурушум керек экен, директордун ошондой буйругу бар экен дейт. Ичимден кан өтүп кетти, ие, айланайын, атасын акыркы сапарга узатып жатса, анан отработка, ушу да адамгерчиликпи, адамдык мамилеби?..

Зал дымый түштү.

– Ал эми башкы редактор өзүнүн алсыздыгынан кетти, иштей албагандыгынан эмес, өзүн коргой албагандыктан, алсыздыгынан кетти. Адам өзүн коргой билиши керек!..

Ушундай илептүү сүйлөм менен бүтүрдү да, ордуна барып отурду. Ал отурары менен, директордун аялы да басмада иштечү, ал атырылып трибунага чыкты да, кыргызча сайрап кирди. Мелис байкеге карай айтпаганды айтты көрүнөт. Ошентип, чогулуш кой-ай менен аягына чыкты. Бирок эртеси эртең менен жумушка келсем, баягы эженин ажылдагы Мелис байкенин кабинетинде жаңырып жатат. Чыдай албай кирдим, эже мени көрүп токтоп калды.

– Эми мен болгонун болгондой айттым да, – деди Мелис байке токтоо. – Ар кимде ар кандай кемчилик болот экен...

– Болсо эле, эмне... – деп келатканда, эжени мен эжекелеп алып чыгып кеттим. Эже демин баса албаган бойдон биринчи кабатка түшүп кетти.

– Качкан жоону катын да алат дейт, Мелис байке, – дедим бир топтон кийин тамашага чаргыта.

– Ой, мен кача электе эле көздөрүнчө ушу сөздөрдү ачык эле айтчу элем го...

Мен үндөй албадым.

*     *     *

Мен Мелис байкенин ойлуу отурганын бир жолу да көрбөдүм. Кайсы жерде болбосун, же сүйлөп, же күлүп жаткан болот, айтор дайыма кыймылда.

Анда Мелис байке басма үйүндө директор болуп иштеп калса керек. Уулунан айрылганын угуп, көңүл айтканы кирип калдым. Жай кабыл алды.

– Кечээ келдим эле, байке, жок экенсиз.

– Ооба, айтышты.

– Эми, байке, өтө оор жоготуу... Арты кайрылуу болсун, кайрат кылыңыз.

Андан башка эмне кылам дегендей, башын ийкегилеп, үндөбөдү да, менин ал-жайымды сурай кетти.

Айттым да, коштошуп чыгып бараттым. Артымды кайрылып караганым жок, бирок Мелис байкенин ойго батып турганын кадимкидей туюп турдум.

*     *     *

Кээде Мелис байкенин кабинетинен каткырык эле чыгып калчу. Мурда кимдир бирөө менен сүйлөшүп жатат ко деп жүрүптүрбүз. Көрсө, өзү эле жалгыз экен. Китеп же кол жазма окуп жатканда, күлкүлүү жерине келгенде, чыдабай каткырып жиберчү тура. Жаштар деле, дасыккандар деле Мелис байкеге көп кайрылышчу. Ушунчалык тез окуп чыгар эле. “Индия киносундай кылып дайны жок чоё берипсиң”, – деп жаштарга кеңеш айтып жатканын көп уктум. Ал эми дасыккандарга “аягын башкача бүтүрсөң болмок”, “аталышын өзгөртсөңчү”, “эки бөлүмдү сыгып эле, бир бөлүм кылсаң болчудай” дегендерин эшитип калчумун. Анда өзү да чайналып, далай чыгармаларды башына бышырып жүргөнүн кайдан билейин, Мелис байкенин калемгерлерге айтып жаткан кеңештерин угуп отуруп: “Көрүнгөнгө кеңеш айткыча, өзү деле бирдеме жазбайбы”, – деп нааразы боло берчүмүн.

Менин чыгармаларымдын канчасын окуганын билбеймин, мага бир да жолу чыгармаларым жөнүндө эч бир пикир айткан жок. А башкаларга айтыптыр. Бир жолу Айгүл:

– Бейшебай, кечээ Мелис байке коридордун ортосунда туруп алып, жоон топко сенин бир чыгармаңды ушунчалык мактады дейсиң. Бүт эле жаттап алган окшойт... – деди маңдайы жарыла, өзү мактоо уккандай.

“Түн” аттуу жыйнагымдын бет ачары болуп, анда “Азаттыктын” кабарчылары Өскөн Даникеев баш болгон сүрөткерлерден мен жөнүндө интервью алышкан экен. Мелис байке менин чыгармаларым тууралуу жылуу пикирин айтып келип:

– Бейшебайдын өзгөчөлүгү мына мында, – дептир, – анын ичинде жазуучу менен бирге редактор да отурат.

Кийин жылуу пикири үчүн Мелис байкеге ыраазылыгымды билдирсем:

– Ошону сен дагы угуп алдыңбы? – деп каткырды.

*     *     *

Кийинки жылдары Мелис байкедей эч ким жигердүү да, күрдөлдүү да иштеген жок окшойт. Повесть артынан повесть, роман артынан роман жазды дегендей. Алардын баары окурмандары тарабынан жылуу кабыл алынды. Өкмөттүн да көз жаздымында калган жок. Эл жазуучусу деген ардактуу наамды алып, баарыбызды кубанычка бөлөдү.

Баарыдан да жакшы карыды. Карыган жок, кайра жашарып кеткенсип, акылы туптунук, өзүн абдан сергек алып жүрдү. Жыйындардан, маектерден калбай, өзүнүн аксакалдык кеңештерин, каалоо-тилектерин айтып жүрдү.

Узун кол чатырына сүйөнүмүш болуп жыйындан же салтанаттан чыгып келатканы баарыбыздын көз алдыбызда эле калды го.

– Ээ, Мелис байке, ушу ак жайдын күнүндө да кол чатыр алып жүргөнүңүз кандай жорук? – деп сурап калышса:

– Ээ, акылы жокторум, бул деген кол чатыр эмес, – деп күлүп калчу, – бул деген – таяк, орусча трость дейт.

Ушинтип жайдары жүргөн күндөрүнүн биринде Мелис байке өтүп кетти деген суук кабар угуп калдым. Ишенген жокмун. Кечээ эле жадырап... Бирок...

Эми Мелис байке, таза-тунук элеңиз, бирөөгө катуу айткандырсыз, бирөөдөн катуу сөз уккандырсыз, анын баарын каткырыгыңыз менен жууп кетчүсүз. Баарынан да ичиңизде кылдай кек калчу эмес. Андыктан күрпүлдөппү же жайма-жайбы агып жаткан сууну көрсөм, Сиздин жадыраган элесиңиз көз алдыма тартыла түшүп, жүрөк бир тыз этип алар да, анан тулку боюмду жылуулук өрдөп кетип турар...

09.02.25–16.02.25 саат 12:51

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз