Өткүр Хашимов: Махабат

  • 24.11.2026
  • 124

АҢГЕМЕ

I

Бири-бирин коё биришпей, энтигишип көпкө... көпкө... көпкө... өбүштү. Кыздын капкара чачтарынын майда талдары Чиркештин бетин аймалап, кандайдыр белгисиз, бирок жагымдуу бир жыт таратып, ага жигиттин бүт денеси көөлгүп жибишип, буттары, кыздын болсо эки ийини билинер-билинбес титиреп жаткандай. Кокусунан кыз силкинип боюн түзөдү, жигитти күч менен түртүп ийди. Чиркеш артында турган чүмбөт арабага сүйөнүп калды. Ал өзүнө келе албай, алда кандай бир толкун ичте толуп-ташып чайпалып тургандай эле.

- Атам союп салат! – деди кыз чачылып кеткен чачтарын манжалары менен артка тарап тегиздеген болуп.

Бирок анын азыр атасынан эч дале коркпой тургандыгы, кийин дале айбыкпастыгы үнүнөн билинип эле турат.  

Чиркеш чүмдөт арабадан үч-төрт кадам арыда, көк майса үстүнө таштап коюлган кичине, эскилиги жеткен кийизде уктап жаткан чалга карады. Чал ала-була куржунга башын жаздап, буттарын керип, чалкасынан жатыптыр, анын жүзү караңгыда анчалык дале көрүнбөйт. Андан да арыда бир түп долонодон түшкөн жалбырактарды шытыратып, карааны билинип-билинбей капкара эшек оттоп жүрөт.

Чиркеш өзүн бир аз оңдоп, кызга жакындан тигилди. Анын балбылдаган чоң көздөрү жанып турат, узун-узун кирпиктери, кырдач мурду караңгыда дагы да суктанарлык көрүндү жигитке. Чиркеш азыр дале өзүн токтото албай дээлигет. Экөө бир топко жым боло калды. Ошол кезде Арсланбап тоосунун чокусу жаркырап кетти. Бир аз өтүп-өтпөй топтоголок, толгон ай чыкты. Туш тарапка жымжырттыктын сели аккандай, айлана бейпилдиктин кучагына батты. Бариктери төгүлө баштаган долоно көлөкөдөй карарып көрүнөт, абада болсо түшкөн жалбырактардын жыты аңкыйт.

Кыз жазылган чачын кайра өрүмүш болуп, аркасына таштады. Чиркештин жанына келди да, жаш көчөттөй назик боюн ийип, арабанын ичинен пахталуу кемселин алып кийди. Чиркешке бир карап койду да, арабага чыгып, андан буттарын салаңдатып отуруп алды. Ал азыр эми эле болгон бардык нерсени унуткандай, Чиркешти такыр эле көрбөгөн-билбеген кишидей эле. Башын бийик көтөрүп, айга карап тигилип, эмелеки эстен тандырган окуяларды жадынан ыргытып койгондой. Жанагы ички толкун дагы бир жолу уруп кетти. Чиркеш эмне кылып атканын өзү да сезбей, тизелеп чөк түшүп, кыздын арабадан салаңдап турган буттарын бекем сыгып кучактап алды.

- Дилар, кетпечи! Суранам... Жалынам... Кетпечи!?.. – Ал кыздын тизесине башын жөлөдү.

Жигит ушул тапта алдындагы кыз назик колдору менен башымдан, чачтарымдан эркелетип сыласа деп күттү.

Дилар болсо ийилип туруп анын желкесинен түрттү.

- Кет, бул жерден?!

- Акыры түшүнчү... Каякка барасың? Эмнеге барасың? – Чиркеш кыздын буттарын дагы бекемирээк көкүрөгүнө кысып, жалынып баш чайкады. – Жок дебе, Дилар?.. Экөөбүз бирге иштейбиз... Сен эмне десең... эмнени кааласаң...

- Бар, кет! Мен уктайм! – Дилар анын эки ийининен кармап дагы ары түрттү.

Чиркеш кыздын чимирилген каштарына, ачуусу менен кымтылган эриндерине карап, эми дагы бир сөз сүйлөө артыкбаш болорун түшүндү. Түшүндү да, боюн түзөп, башын өйдө көтөрдү. Өзүнө да араң угулган секин доош менен шыбырагандай болду:

- Кетип калбагыла, таң атарда келемин!.. – Ушинтти да, шарт бурулуп, тасмадай агарып жаткан боз топурак чаң жолдон ылдамдай басып, андан ары аттап-буттап чуркап кетти. Асманда ай да коптоктой[1] аны ээрчип секирип-секирип келе жаткандай болот, айыл жактан иттердин үргөнү угулат, сай болсо шоокум сала күрүлдөйт.

Дөңгө чыкканда асты жактан кыштактын жарыктары көрүндү. Ал токтоп калды. Бир бурулуп артына кылчайды. Төмөн жакта, жол боюнда, бир түп долоно карарып көрүнөт. Дилар да, атасы да ошол тарапта ошол долононун астында калып кетти.

Чиркеш өтө тез жүргөнү үчүн деми кысылып, тердеп кеткенин эми сезди. Көйнөгүн чечип, желкесине таштады да, дагы алдыга – айыл тарапка тигилди. Чоң жолдон нур чынжырлары менен байланып калгандай катар-катар машиналар өтүп барат. «Пунктка пахта алып кетип жатышат» - деп ойлонду ал. Туруп эле көңүлү чөктү. «Жок! – деди сүйлөнүп. – Эч жакка барбайм! Барбаймын! Үйгө да, Диларанын алдына да. Мага эчтеме керек эмес, эч ким да!» Ал көйнөгүн жерге таштап, кургап, саргайып калган чөптөрдүн үстүнө отурду. «Өзү эмне болуп жатат? Ушул кызды кайдан да учураттым?! Эми кантип эле бардык нерседен – үйүмдөн, айылымдан, атамдан айрылам? Кантип эми Тентек-Сай жеримен өмүр бою баш ооп кетем? Эмне болуп жатат, өзү?» Ал аябай кунт коюп кулак түрө баштады.

Бул жолу сайдын күрүлдөгөн шоокуму даана угулду. Кийин короздор узун-узун созуп кыйкыра баштады. Балким, алардын короосундагы тажылуу короз да коногунда туруп мойнун созуп аларды коштоп аткандыр. Балким, Касым ата кырмандан кайтып, анын келишин күтүп, супада насын оозуна салып коюп, үргүлөп отургандыр. Чиркештин элесине Касым атанын аппак кашынын астынан ойлуу, муңайым карап турган көздөрү, нурдуу жүзү, чокчо сакалы кадимкидей көрүнө калды. Ушул көздөрдүн нурун алган Чиркеш өзү эмеспи?! Ушул чачтарга, сакал-мурутка кыроо түшүргөн да Чиркеш өзү эмеспи?! Акыры аны адам кылган, ата ордуна ата болгон ушул киши эмес беле?.. Чиркештен башка сөйөнөрү, таянары барбы ал кишинин?.. Кана эми, булардын Тентек-Сайына ошол эски чүмбөт араба кирип келбеген болсо?.. Кана эми, ошол эски арабада келе жаткан лөлү[2] кызды – Дилараны көрбөгөн болсо...

Ушуларды эстеп туруп Чиркештин ордунан шарт секирип тургусу, анан жарыктары көрүнүп турган пастагы кыштагына чуркап кеткиси келди. Бирок качандын бир кезде – балалыгында эсине бекем орноп калган, унутула баштаган бир сагыныч туйгусу келди да, чалкасынан көктү карап жатып алды. Ай болсо өйдө көтөрүлүп, катмар-катмар болуп көккө тарап жаткан күзгү булуттарды акырындап сүзүп барат, жерден болсо түнкү топурактын нымдалган жыты аңкыйт...

II

Ал окуядан бери бир топ мезгил жылып кеткен. Кыйла жылдар...

Чиркеш эс тарткандан ушул топурак-мекен бойго жеткирди. Дүйнөгө кайсыл күнү келгенин, атасы ким, энеси ким экенин азырга чейин билбейт. Төрт-беш жашында – адамдарды айрып-биле турган куракта эле өзүн лөлүлөрдүн чатырынан көрдү. Ата-энеси бул дүйнө менен кош айтышып кеткенин ошолордон укту. Баарын ээрчип жүргөнү үчүн, «чиркешти» деп, атын да Чиркеш деп чакырышар эле баланы. Алар аны колмо-кол көтөрүп чоңойтушту... Чиркеш да ушул лөлүлөрдүн бири эле. Түн жарымга чейин чилдирман чалып, оюн-зоок кылышты, кызыл көйнөктөрүнүн делбиреген кең этектерин желпилдетип бийге түшүүнү эч нерсеге алмашпай турган аялдардын баары анын энеси эле.

Муңдуу ырлардын кайгылуу ыргагынын коштоосунда кечирген түндөр, ай нуруна толо турган асман... Чиркеш дүйнөгө келип эң алдын ушуларды көргөн. Күн батар-батпас алардын лөлү көчү суу боюндагы көк майдан жерге чатырларын тигип, Чиркеш майсаң үстүнө чалкасынан жатып алчу, чилдирмандын жагымдуу үнүнө, куунак ыр-күлкүлөргө кулак түрүп калчу, улуу жагылган отту айланып аткан көлөкөлөрдөн көзү чарчап... акыры уктап кетчү...

Таң эртең адамдардын күбүр-шыбыры, эшектердин аңкылдаганы ойготуп жиберчү. Шүүдүрүмдөн ным болуп кеткен тармал чачтарын сылап ордунан турат, жабышып калган колдорун укалап-укалап коёт. Кайра ошол бүтпөс да, аягына чыкпас да узун-узун жолдор башталат. Дүйнөдө жолдордун ушунчалык көптүгүнө акылы жетпес, лөлүлөр көчү болсо бир азга да токтобойт, кайсыл жакка кетип атканын да, качан токторун да эч ким билбейт. 

Бир күн токтоду. Алар Тентек-Сайга токтоду. Жазгы кечтердин биринде лөлүлөр көчү сай боюндагы таштуу жээкке чатырларын тикти. Тентек-Сай дайрасы эсеп жеткис аралчаларды пайда кылып шоокумдана үн салып кыйкырат, асман-көккө мончокторун чачат.  Чиркеш ошондо жети-сегиздерге барып калган, тиштери бир сыйра түшүп, кайра чыккан эле. Күн бою жол жүрүп талыккангабы – эң биринчилерден болуп уктап кеткен...

Таң атарда энтигип ойгонуп кетти. Ойгонду да, ылай толкундар бирин-бири кууп келип, азоо суу агымга тартып кетип атканын сезип бакырып ийди. Бирок анын үнүн эч ким дале уккан жок. Оозуна суу толуп окшуй баштады. Сайдагы таш аралаш, ылайка суунун күлдүрөшүнөн теребел бүт титирейт, жер менен көк капкара толкундарга көмүлгөн. Чиркеш суудан калкып чыгып, капкара асманды соңку жолу көрдү да, тыбырчылап ийди... 

Көзүн ачканда башында бир бейтааныш адам ийилип тигилип туруптур. Лөлүлөр арасында мындай адам жок эле. Башына көк тукаба топу кийип алыптыр. Беттери кызарып кеткен, ак аралаган муруттары күл болуп, чокчо сакалына жабышып калыптар. Ал сыкма суу болгон көйнөгүнүн этегин кайрып, Чиркештин маңдайларын, беттерин абайлап сүрттү.

- Атың ким, уулум?

Чиркеш бул адам аны суудан алып чыкканын эми түшүндү.

- Кетем!

Ал ордунан турмакка ынтылды эле, алы келбеди. Бейтааныш киши анын үстүнө жууркан жапты.

- Көчүңөр кетип калды. Сени алда качан өлдүгө чыгарышкан болсо керек. – Бет маңдайындагы киши нааразы боло баш чайкады. – Бу сел аябай эле кутурду да. Тентек-Сай өзү ушундай. Ар бир жазда ушинтип тизгинин жоготуп коёт.

Чиркеш бейтааныш үйдүн гүлдүү кагаздар жабыштырылган төбөсүнө карап жатып, бир убакта көзү илинип кетти...

... Ал окуядан бери бир топ мезгил жылып кеткен. Кыйла жылдар...

Эгер айылга үч күн мурда дагы бир лөлүлөрдүн чүмбөт арабасы кирип келбегенде... Эгер ошол арабадан Дилараны көрүп калбаганда... Кыз кетемин деп туруп албаганда... Мурдагы бир болгон окуяларды азыр эми эстеп отурбайт беле?…

III

Күн кечки уясына жакындады. Кичи бир чүмбөт араба топурак жолдон кетип барат. Кара эшек арыктан арык ичке шыйрактары менен бышкан топуракты улам чаңытып, арабаны араң сүйрөйт, дөңгөлөктөрү азаптын баарын өзү жалгыз көтөрүп бараткандай, ары-бери кыйшайып да, кыйчылдап да алат. Арабада отурган чалдын ичке, бырышкан мойнундагы чуңкуру, ак аралаган чачы Чиркешке көрүнүп турат. Дилардын атасы эч жакка шашып атпаган окшойт, эшекти катуу айдабайт, башын бош таштап, магдырап барат. Эртеден бери чал Чиркешке бир ооз да сүйлөбөдү. Антсе да туруп-туруп эле эсине келгендей кызарган көздөрү менен ага аябай тигилип карап коёт, анан үн катпай кайра эле тескери карап отуруп алат.

Арабаны ээрчий Чиркеш менен жанаша кетип аткан Дилар ага карап сырдуу жылмайып, каердендир сындырып алган тал чыбыгы менен жол четиндеги куурайларды сабап-сабап барат. Анын гүлдүү кызыл көйнөгү батып бараткан күндүн кызгылтым нурларына андан бетер жалындай болуп күйгөнсүп, өзү да кыз эмес эле от болуп жанып кетип аткандай сезилди Чиркешке. Жигит болсо кыздын ушул тапта эмне ойлоп баратканын билбесе да, көзүн саал кысып, менменсинген, өзүнө ишенген жылмаюусунан өзүнүн чырайлуулугунан, бир жигитти ээрчитип алгандыгынан ыраазы болуп баратканын сезип турат.

Күн жер артына биротоло тоголонуп кетти. Кечтин шамалы күн батып кеткен асман тараптагы кызгылтым отторду да үйлөп өчүрдү. Ошол тапта чүмбөт араба өйдөгө өрлөп барат, баягындай эле майсыз, кургак дөңгөлөктөрү жаны чыкчуудай кыйчылдайт.

Чиркеш айылдан чыга берерде минтип көңүлү чөгүп кетишин ойлогон эмес эле. Ал Касым атанын көзүнө көрүнүштөн корккон, Тентек-Сайдан чыга бериште тааныш шофёрлордун кезигип калышынан чочулап турган. Кудай жалгап, эч ким учурабады... Ал Диларды эми өзүмдүкү деп ойлойт, ушул кыз үчүн дүйнөнүн түбүнө чейин барууга даяр эле. Бирок айылдан арылаган сайын анын кадамдары акырындашып, өзү кылып аткан күнөөсүн өзү аңдай баштагандай. Кимдир бирөө аны көзгө көрүнбөс назик, өтө эле майда жиптер менен Тентек-Сайга байлап койгону, ал жиптер барган сайын бышык тартылып, дагы бир аттам жүрсө эле чарт үзүлүп кетчүдөй.

Чүмбөт араба кырга чыкканда токтоду. Чиркеш дагы бурулуп артын карады. Төмөндө кыштакты тасмадай ороп алган сай жалтырап көрүнөт, бирок үйлөр көзгө илинбейт, жыш бак-дарактардын үстүн караңгылык басып калды. Узактан – чоң жол үстүнөн коюу чаң көтөрүлдү.

- Бада кайтып атат, - деди ал өзүнчө.

Анан эле көзү караңгылашып, каршы-терши ойлордун куюнунан башы айланып кетти.

Бир кезде өзү да чоң таргыл уюн таң эртең бадага кошуп жиберчү, кечинде ал уй өзү эле эшиктен мөөрөгөн бойдон кирип келчү. Уйду кошуна келин саап берет, Касым атанын кемпири болсо оо дүйнө кетип калган, чал жапжалгыз. Ошол чалдын өзүнөн башка эч кимиси жок экенин, анын үмүтү жалгыз гана Чиркеште экенин эми гана – айылдан узап кеткенде түшүндү.

Ошол селден алып чыккан жылы Касым ата ага китепкап, «Алиппе» алып берген. Чиркеш мектепке бара баштаган. Таңкы шүүдүрүмдү кечип талаа аралап мектепке карай жүгүрүп барганы, жайы-күзү колхоз багында балдар менен жүзүм теришкени, былтыр онунчуну бүтүрүп жатканда мектепте өткөзүлгөн кече – анын элестерине биринин артынан бири келди. Өзгөчө ушуларды эстегенде жүрөгү элеп-желеп болду.

Чиркеш күзүндө кечкисин пахта кырманда иштегенди жакшы көрчү. Ал өйдө көтөрүлүп калган кырмандын үстүнө чыгып, чалкасынан түшүп жатып алчу, ошондо асман улам-улам ага карап түшүп келе жаткандай сезилчү, пахта буласынын далысына жыпжылуу, жумшак урунушу да, салкын желге бир аз сергилең тартып кетиши да – баары-баары ажайып, ырахаттуу көрүнүштөр эле.

Ушундай өзү менен өзү болуп, жыргап жатканда ылдыйтадан келген машинанын үнү өчүп, кабинаны тарактатып, шофёр чыкчу:

- Эй, лөлү, уктап калдыңбы?!

Чиркеш шофёрлордун кополдугуна таарынчу дале эмес, өзүн ушул кыштактын бир перзенти, бир өзбеги катары эсептечү.

Анан кырман үстүнөн секирип-секирип түшчү да, кузовго шаншаха айры[3] менен пахта жүктөйт...

Кийин тракторчуга жардамчы болду. Ал артта соколорду карап, түздөп барат, улам-улам оодарылып түшүп аткан топурак жыты, керосин жыты мас кылып койгондой башы айланып кетчү, мотордун күрүлдөгү да, тракторду парванадай тегеректеп каркылдап жаткан каргалардын үнү да анын кыжырына тийчү.

Жигит ошол топурактын жытын, жаздын коңгуроосунан ойгонгон жердин жылуу дем алуусун, Тентек-Сайдын тишти какшатып жиберүүчү муздак сууларын эч качан, эч немеге алмашпастыгын, алмаша да албастыгын эми түшүндү. Түшүндү да, тиштери билинер-билинбес кычырап кетти.

...Чиркеш желкесине келип тийген чыбыктын зарпынан чочуп кетти.

- Жүрбөйсүңбү?!

Дилар бир колун бөйрөккө таяп, экинчи колундагы чыбыгын ойнотуп жылмайып турган. Айлана караңгылашып калган, чүмбөт араба алда качан төмөнгө түшүп кетиптир. 

Дилардын жылмайып турушу да, оттой жанган көздөрү да, кырдуу мурду да биринчи жолу куник көрүнүп кетти ага.

- Урбай эле айтсаң болбойбу!? – деди ал буулугуп. Ачуудан бети-башы кызырып-татарып кеткенин өзү да сезип турган.

- Бечара ашык! – Ушинтти да Дилар мыскылдуу үн менен шаңкылдап күлүп ийди.

Жымжырттык ээлеген адырлардын үстүнөн кечтин добушундай сырдуу, кырылдаган үндүн жаңырыгы келди. Чиркеш бир силкинип кыздын чыбыгын тартып алды да, майда-майда кылып сындырып, жерге ыргытты. Дилар болсо эч нерсе болбогондой жылмайып турат.

- Айылга кайтабыз! – Чиркеш өтө маанилүү, азиз бир нерсени түшүндүрмөкчү болгондой, кыздын желкелеринен кармап, сураныч менен акырындап сылай баштады. – Суранам, Дилар, жок дебегин! Бул кетип атышыбыздан эмне пайда, каякка барабыз? Жаным, Дилар, маакул дегин! – Ал анан кызды бооруна басып кулагына шыбырап кирди: - Тентек-Сайга кайтабыз. Ал жерде менин атам, жоро-жолдошторум, тракторум бар... билесиңби? – Ушуларды айтып атып ал үзүп-үзүп, буулуп сүйлөдү. Тамагына тыгылып калган жылуу бир нерсени жутуп ийип араң шыбырады. – Билесиңби, ал жерде менин... Мекеним бар. – Кыздын чачтары дагы жүзүн аймап кетти. Ошол адамды мас кылуучу майин жыт буркурады. – Дилар маакул дегин, бир жолу маакул дегин...

Кыз кетенчиктеп кетти. Эми ал жылмайбайт, көздөрү от болуп жанат.

- Эч ким сени сүдүрөп келе жаткан жок. Өзүң келе жатасың! – Анан катуу кыйкырып сүйлөдү. – Сен лөлү эмессиң, аңкоосуң! – Кийин көздөрү моймолжуп күнөөлүүдөй үнүн акырын чыгарды. – Сага туш келген кызды эле ээрчип жүрүштү ким коюптур? Бар, айылыңа бара бер! Сени менен ишим да жок! Мени менен да ишиң болбосун! Билдиңби?!

Дилар чаңдуу жолдон ылдый карап жүгүргөн бойдон кетти. Чиркеш анын шамалга парпырап бараткан көйнөгүн көрүп турат, бирок азыр өзү эмне болуп атканын түшүнбөй калды. Ал бир азга эмне кылышын билбей эки анжы болуп турду да, кыздын артынан чуркады. Дөбөнүн жарымына барганда кызга жетип келди, анан колдон кармап өзүнө карай тартты.

- Дилар!

- Кач! – Кыздын көздөрү жек көрүүгө толуп жанып турду.

- Кетпе, Дилар?!

- Кач, дейм... Малай?!

Чиркештин бүт денеси муздап кетти. Баягы жылуу демдин, берилген маанайдын ордун эми кандайдыр бир жапан күч ээледи да, колу өзүнөн өзү көтөрүлүп, аны жаакка чаап жиберди.

- Жогол! – деди кыйкырып. – Жогол!

Ал Дилардын колу менен жүзүн басып калганын көрдү. Анын шарт бурулуп, айылга барчу жолду карап чуркап жөнөдү. Артына бир жолу да кылчайып койбоду.

Арсланбаптын чокусунан кыпкызыл ай чыгып келет, топурак жол агарып көрүнөт. Чиркештин көлөкөсү да калтырып атат...

IV

Кыш эрте түштү. Гозопаялар жыйналып алына электе эле кар жаап салды. Бирок эртеси эле күн чакчайып ачылып кетти.

Чиркеш ак кардын көрпөсүн жамынып эми гана уйкуга кирген жерди чочутуп тракторун айдайт, кар баскан талаалар күн нуруна көздү уялтып жаркырайт, бириндеген гозопаялар тагдырына наалат айткандай шүмүрөйүп турат. Трактор али тоң албаган талаада жеңил гана сүзүп, музжаргыч кемедей артынан капкара из калтырып барат. Ал түштөнүүгө чыгуу үчүн моторду өчүрүп, кабинадан секирип түштү да, талаанын шагындагы тыттардын жанында турган караанга көзү чалдыкты. Бая эле, моторго суу куюп атканда да бир көргөндөй болгон. Караан кыз экен, ал пахталуу сары чапан кийип башына көк жоолук салынып алган. Жигитке анын бир колун бөйрөгүнө таяп турушу эмнегедир тааныштай сезилди. «Жолоочулардан болсо керек».

Чиркеш өз жолу менен шыйпаң тарапка жөнөдү эле, кыз кол булгалагандай болуп кетти.

Чиркеш кирза өтүктөрү менен кар малтап, беш-он кадам жүрдү да, кызды тааныды, анан шарт жүгүрүп жөнөдү. Жүрөгү дагы баягындай сагыныч жыттарына бөлөнүп башкача согуп кирди, өтүгүнүн тайышына да, ага гозопаялардын урунушуна да карабады.  

«Дилар, Дилар!» - деди ал энтигип.

Негедир кубанычтан сөз таба албайт, неге сүйүнүп атканын өзү да билбейт.

Ал үнү буулуп жүгүрүп келди да, Дилардын назик, бирок мээнетке бышкан тарамыштуу колдорун бетине тийгизди. «Колу муздап калыптыр» деп ойлоду кыздын жүзүнө тигиле берип.

Дилардын өңү-башы бозгун тартып, көздөрү киртейген, ага карабай  ууртундагы баягы чырай чыгарган жылмаюусу менен карап турат. Ал ысып кеткендей жоолугунун түйүндөрүн бошотуп, чыканагы менен Чиркештин көкүрөгүнө түрттү.

- Айдап ийбейсиңби?..

- Качан келдиң?

- Эрте менен...

- Биротолобу?

- Биротоло!.. – деди Дилар камсанабай.

Чиркеш кыздын көздөрүнө бир карады да, ушул бир ооз сөзгө ишенүүгө мүмкүн экенин түшүндү.

- Жинди! – деди ал күлүп.

Кыздын мойнуна колун артты да, аны кар баскан талаа жолунан кыштакка – өз турмушуна баштап кетти...

1964

Өзбек тилинен которгон Абдыкерим МУРАТОВ

1] Копток – созулуучу, же эластик материалдан жасалган, катуу материал менен оролгондо ыргытып ийсең кайра өзүңө келе турган тоголок шар.

[2] Лөлү – айылма айыл кыдырып, туш келген жерлерге чатырларын тиге салып күн өткөргөн уруулар (цыгандар)

[3] Шаншаха айры – атайын пахталарды көтөрүү, ары-бери жылдыруу, жүктөө үчүн беш салаа кылып жасалган шайман.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз