Өткүр Хашимов: Ак булут, аппак булут

  • 24.07.2024
  • 4060

Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия чыгарган китептердин арасында «Дүйнөлүк адабият» түрмөгүндө өзбек жазуучуларынын аңгемелери «Ак булут, аппак булут» деген ат менен жарык көрдү. Аңгемелерди түп нускадан Абдыкерим Муратов которгон.

«РухЭш» сайты өз окурмандарын жыйнакка кирген айрым аңгемелер менен тааныштырууну баштайт.

Өткүр Хашимов (Ўткир Ҳошимов) 1941-жылы Ташкент шаарында туулган. 1964-жылы ТашМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. Ал газета-журналдардын редакцияларында иштөө менен көркөм чыгармаларын, публицистикаларын үзгүлтүксүз жазып келген. «Баар кайтып келбейт» деген повести Шерназар Шүкүров тарабынан кыргызчаланып, өзүнчө китеп болуп чыккан. Автордун «Баҳор қайтмайди» (1970), «Қалбингга қулоқ сол» (1973) повесттери, «Нур борки, соя бор» (1976) романы өзбек адабиятына кызыктуу, оригиналдуу жазуучу келгенин тастыктаган. «Дунёнинг ишлари» (1982) романы Өзбекстан Жазуучулар союзунун жыл сайын берилүүчү Айбек атындагы сыйлыгынын соорундары болгон. 1986-жылы Өзбек ССРинин мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон «Икки эшик ораси» романын сынчы У.Норматов «тагдырлар романы» деп, «Нур борки, соя бор» деген романын «роман-проблема» деп баалаган.

1995-2000-жылдарда Өзбекстандын Олий Мажлисинин биринчи чакырылышынын, 2000-2005-жылдарда экинчи чакырылышынын депутаты катары улуттун руханий маданиятын көтөрүү, улуттук сезимдерди сактоо, экология, адабият, тарых маселелери боюнча тынымсыз сөз сүйлөп, маселелерди тиешелүү министрликтерге коюп турду. Мына ошол ойлору «Қалбнинг оппоқ дафтари», «Муқаддас қасамни бузганлар», «Авлодларга нима деймиз?», «Мантиқ қани?», «Давлат сири» ж.б. саясый-публицистикалык макалалары аркылуу элге жетип, коомдук аң-сезимди көтөрүүгө моралдык колдоо көрсөттү.

1999-жылы Кыргызстандын «Өмүр баяны» уюму Ө.Хашимовду «Нур борки, соя бор», «Дунёнинг ишлари», «Қатағон», «Ўзбек иши» аттуу чыгармаларындагы гуманисттик идеялары, улуттук руханий дөөлөттөрдү көтөрүп чыккандыгы үчүн «Мекен сүйөрлүк жана жогорку руханийлик үчүн» деген диплом менен сыйлаган.

Жазуучу 2013-жылы катуу оорудан кийин каза болгон.

АҢГЕМЕ

Самолёт жамгырдан карайып калган бетон жолдо катуу күч менен жүрүп барды да, анан бир саамга токтоп калгандай болду. Жамгыр тамчылары тынымсыз үзүлбөс сызык тартып аткан иллюминатордун айнегинен сыртка карадым.

Самолёт улам бийиктеп көтөрүлүп барат, жерде чоң резервуарлар, аэропорттогу самолёттор күүлөнүүчү жолдор артта калууда, алыста болсо сырдуу көрүнгө токой көзгө чалдыгат.

Көп өтпөй айлананы коюу туман каптап алгандай болду. Мындай учурда самолёт силкине берип, адамдын тынчын алат. Өзүмдү алаксытайын десем, жанымдагы орун бош, жүргүнчүлөр негедир аз. Бая аэропорттон алган гезитке кайра көз жүгүртө баштадым. Бирок аны ошол жерден эле окуп койгом. Ошон үчүн аны көңүлсүз гана бош орундукка таштадым да, жөлөнгүчкө башымды ныктай коюп, көзүмдү жумдум.

Канча убакыт өткөнүн билбей да кылдым, бир убакта аялдын үнү угулду:

- Газетаңызды көрүп берсек мүмкүнбү?

Эринип акырын үн чыккан жыкты карадым. Карадым да, аркы орундукта жылмайып отурган аялды көрүп, чочуп кеттим.

- Э, Дилафруз, сен эмне кылып жүрөсүң бул жерде?

Ал көздөрүн сүзүп, кандайдыр бир басыңкы, бирок өктөм доошу менен күлүп жиберди.

- Эмне, самолёт бир гана сиздикиби? Же Москвадан сиз гана учасызбы?

- Жоо...жок. Мен... Сени ушундай шартта учуратам деп эч ойлогон эмес эле. – Дилафруз дагы ошол өз сулуу экендигин биле турган аялдарга мүнөздүү бийликчил, бирок басыңкы, эрке күлкүсүн чыгарды.

- Жакшы... Тааныдыңыз. А мен карып калсам керек деп ойлоп турдум эле. Кел, жаныма өт!..

Орундукка кадалган курду шашып бошоттум да, анын катарына бардым.

- Көрүшпөгөнүбүзгө да он сегиз жыл болуптур... – Ал ойго чөгүп акырын сүйлөдү.

Мен эми ага жакындап, жүзүнө тигилип карадым. Дилафруз чын эле андан бери канча өзгөргөн, бир кыйла толушуп, кандайдыр салабаттуу аялдарга окшоп калыптыр. Бир гана күлгөндө каректеринен бери оттой жанган көздөрү таптакыр өзгөрбөй куду ошол эле бойдон тургандай.

Мен ага ушул сөздү айтышымды билет элем. Бирок оозумдан негедир башка сөз чыгып кетти.

- Мен сизди азыр да түшүмдө көрүп турам...

Ооба, мен аны азырга чейин түшүмдө көрүп, ага түшүмдө жолугуп турганым чын эле. Сизде да ушундай абал болобу? Кээде бир кезде, мектепте окуп жүргөн убактыңызда, жакшы көргөн адамыңыз кокусунан түшүңүзгө кирип калат. Сиз ошондо ойгонуп кетесиз да, ошол кездер кайтып келбешин, ал нерсенин кереги да жогун билип эле туруп, түн бур оокумда түрдүү-түмөн ойлорго берилип, тынчыбай, оодалактап жатасыз. Ошол он жети жашыңызда көңүлүңүздү уурдаган тентек сезимдер махабат беле, жок беле, аны өзүңүз да билбейсиз. Адам эс-акылын таанып, тиги-муну түшүнүп калгандан кийинки махабаттын жолу башка. Бирок он жети жаштагы сезимдер... бул өзүнчө бир мас кылуучу гүл жытына окшойт. Аны же көрсөңүз, же кармасыңыз, же маанисине түшүнсөңүз. Куш сыяктуу асман менен жер ортосунда эркин сүзүп жүрө бересиз... Жылдар жылып, бардык нерселер унутулганда, ошол жакшы көргөн адамыңыз кайра кокусунан түшүңүзгө кирип калат...

Мен Дилафрузду түшүмдө дайыма бирдей көрөмүн. Ал аппак көйнөкчөн болуп көрүнөт. Сурмалуу көздөрүндө оту жанып, бир нерселерди улам айта берет, айта берет, кайра эле айтканына маашырлангандай өзү улам күлө берет... Анан эле кайра кокусунан жок болуп кетет...

Ошондо, онунчу класста окуп жүргөнүбүздө, ал күн сайын түшүмө кирер эле. Чачтары жарашыктуу тармалданып, аппак көйнөкчөн, сурмалуу көздөрүндө күлкү ойнойт...

Мектептегилердин ичинен эң эле сулуусу ушул Дилафруз эле. Ал башка мектептен келген «жаңы» кыз болгону үчүнбү, бири-бирин «сенсиреп» чакырышкан классташтардын баары аны «сизсиреп» чакырышар эле. Башка кыздарга чачтарын майдалап өрүп жүрүүгө тыюу салган мугалимдер да анын чачтарына эч нерсе дешпейт эле. Дилафруз сабакка биринчи эле күнү аппак көйнөк кийип келгенде, эшиктен класска аттагандан тартып сүйүп калдым. Түндө уктар алдында кудайдан жалгыз гана бир нерсени тилейт элем – түшүмдө жок дегенде бир жолу колунан кармасам... Эртелеп сабакка барып, өзүн көргөндө болсо, андан качууга аракеттенип, араздашкан адамдардай узактан өтөр элем. Кыялымда Дилафруз асман мейкиндигинде аппак булуттар арасында сүзүп жүргөн жомоктогу перилерге окшоп, ага сүйлөш, ага тигилип караш зор күнөө эле мен үчүн.

Жашырбай айтканда, классыбыздагы балдардын көпчүлүгү ага ашык эле. А түгүл Абжал деген атаманыбыз да Дилафруздун караанын сезер менен сылык боло калчу... Түбү аты Абдужалил болсо да, жамандыгынан Абжал ылакабын алган бул бала өтө копол, ымансыз эле. Бүт класс андан коркуп, ар кандай шумпайлардын шайкесине кошулуп жүрүшүн да билер элек. Абжалды жалгыз гана түлкүдөй куу Умарали деген бала жакшы көрүп, экөө дайыма бир жүрчү, ошон үчүн балдар анын атын Умаралы дебей, «Куйрук» аташар эле.

Махабат адамды алаксытат дешет. Ишенбейм. Махабат адамга теңдешсиз күч-кубат тартуулайт экен. Ошол жылы ушунчалык жакшы окуй баштадым, мурдалары «беш» алса да сүйүнбөй, «эки» алса да күйүнбөй жүргөн менин күтүлбөгөндөй билимдүү болуп баратканыма агайлар да, үйдөгү агаларым да айран таң калышты. Мен болсо доскага чыгып таң каларлык жооп берип жатканда «беш» алышты эмес, Дилафрузду таң калтырышты гана ойлойт элем.

Бүтүрүү экзамендери узаргандан узарып, баарыбызды зериктирип жиберди. Балдар болсо мээси чарчап кеткенге наалышып, бул азаптан тезирээк эле кутулууну тилешет, а мен ичимден экзамендердин дагы да созулушун каалайм. Мектепти бүтүрсөк, Дилафруз менен бир өмүр убадалаша тургандаймын...

Эсимде, ошол күнү химиядан консультацияга жыйылдык. Эмнегедир мугалимибиз келбеди. Көпчүлүк тарап кетти. Саратандын ысыгынан кызып кеткен, бор жыты каңылжарды жарган класста он чакты гана бала калдык.

- Жакында экзамендер да бүтөт! – деди балдардын бири кыялдануу менен. – Кийин ар кимибиз ар кайсыл жакка кетебиз!

Партанын үстүнө минип отурган Абжал:

- Биз каякка кетсек да Дилафрузду ала кетебиз! – деди.

Бул сөздү ал ушунчалык бир кычаштык менен айтты, ордуман секирип турдум:

- Эмне-е?! – дедим кебимди созуп. – Сен!..

«Алып кетесиңби» дешке оозум барбады. Алып кетиш ал жакта турсун Дилафруздун мына ошол Абжалдын жанына жакын турушун көз алдыга келтирүү мен үчүн коркунучтуу эле.

Абжал баягыдан да мазактагандай кылып башкача күлдү.

- Ие, сен, неге жаның чыгат?! Сени алып кетем дегеним жок-ко?! Мен айттым го, Дила... фруз...ханды деп...

Ал жагы кандай болгонун билбейм. Бир убакта экөөбүз полдо тоголоно баштадык. Абжал чачымдан чеңгелдеп туруп, башымды жерге үч-төрт жолу урду эле, көзүм караңгылашап, эч нерсе көрүнбөй калды.

Өзүмө келгенимде, Низам деген досум сүйөп отуруптур. Эптеп ордумдан турдум. Оозум ачышып калыптыр. Алаканым менен аарчыдым эле, колум кан боло түштү. Абжал болсо химиялык формулалар жазылган досканын алдында оор дем алып, жол-жол көйнөгү жыртылып турат.

- Дагы бир жолу ооз ачсаң, же сен өлөсүң, же мен! – Ушул сөздү ушунчалык бир ишенич менен айттым, бизди орогон балдардын баарынын деми ичине тартыла түштү.

- Андай болсо бир жаңсыл кылыш керек бул ишти! – Баятан бери акыркы партада отурган «Куйрук» аста басып доска жанына келди.

Куулук менен баарысын бирден карап чыкты да, жанын жеп сөзүн улантты.

- Дилафруздун Абжалды жакшы көрүшүн билет элем. Эми болсо бу Эргеш мынтип жандан чыккан жан казык болуп турат. – Ал мага карап айтты. – Жигитчиликке бир-аар чара табуу керек.

Низам өңү бозоруп, анын жанына жетип барды.

- Сөздү бурбагын, «Куйрук»! Муну менен эмне демексиң!?

- Бир-аар нерсеге мелдеш ойносок, ара ачык болот да, калат.

- Мисалы эмнеге?

- Мисалы... - «Куйрук» оор мамиленин каршысында калгандай пешенесин тырыштырды. – Мисалы, Бөрү-Жардан ташташат. Ким аман чыкса...

- Куйругуңду шыйпаңдатпа! – Низам жийиркенүү менен андан жүзүн бурду. – Эргештин жакшы сүзө албастыгын билип туруп, сен атайын ушинтип атасың!

Мен алаканым менен оозумду аарчып алардын талашын беймарал угуп турдум. Бирок бул айтылган кептердин бир да бирөөсүнүн мага тиешеси жоктой эле. Бөрү-Жар дегенде гана былтыр бир классташыбыз темир жол көпүрөсүнөн сууга боюн таштап, кайра чыкпай калганы эсиме түштү.

Бул эмне болуптур? Мунун эмнеси жаман? Баары бир эмеспи, мага? Дилафрузду Абжалдын колуна тапшырып коюу деген эмне өзү...

- Мына ушундай де! Мелдешти эркек адам ойнойт! – «Куйрук» этияты шарттан Абжалдын жанына барып үнүн бийик чыгарды, – Жигит деген допусу тар келгенде «ий» деп качпайт!

Ордумдан аста козголдум.

- Кеттик!

Низамдын өңү кубара түштү да мага кыйкырды:

- Жиндисиңби? Сен эмне, акмак болдуңбу?!

- Азыр эмес! – деди Абжал дагы эле жыртылган көйнөгүн кармалап.

- Эртең саат ондо көпүрөнүн үстүндө.

«Куйрук» колу менен Низамды көрсөттү.

- Низам сенин секундантың болот. Мен Абжалга секунданттык кылам.

Ошол кеч түн жарымга чейин кыялымда Дилафруз менен сүйлөшүп жаттым. Кана эми, аны бир жолу көрсөм, жок дегенде акыркы жолу көрүп калсам... Жок, ал тээ алыстарда эле. Ак, аппак булуттар үстүндө эле... Тескерисинче, ал ошол түнү түшүмө да кирбей койду. Алда кандай шуулдаган, күрүлдөгөн сууларды, чытырман токойлорду көрүп, түнү бою кыйналып чыктым.

Эрте менен чочуп ойгондум. Башым сайгылашып ооруп, ыйлаган адамдай көздөрүм ачышып калыптыр.

Көчөгө чыксам дарбаза алдында Низам туруптур.

- Барба! – деди ал колун силкип. – Билесиң го, Абжал бандит! Тегирменге түшсө бүкүлү чыгат. Сен эмне ошого теңелип жаныңдан тойдуңбу?

Оюмдун бир четинде Низамдын ак сүйлөп жатканын билип эле турдум. Бирок өзүм да түшүнө албаган бир тентек сезимдер баары бир ошол ишке карай түртүп туруп алды. Кайра жакшы эмеспи? Сен өлөсүң, а Дилафруз болсо бардыгын угат да, өксүп-өксүп ыйлап-ыйлап алат. Сени сүйбөгөнүнө, кадырыңа жетпегенине өкүнөт. Абжалды болсо өмүр бою жек көрүп өтөт.

- Мага кара, Низам?! – дедим кызуу кандуулук менен. – Сен коркуп атсаң – барба! Мага секунданттын да кереги жок!

Низам барар барганча мени дагы, Абжалды да, «бардык тополоңду баштаган» деп ошол «Куйрукту» да тилдеп барды. Мага болсо анын сөздөрү таасир этпеди, кыялым башка бир нерселерде эле. Дилафруз азыр кайда экен? Эмнелерди кылып жатты экен?..

Көпүрөнүн үстүнө келип жеткенибизде ал жерде эч ким жок болчу. Эрте менен эле күн ушунчалык ысып кеткен, жалтырап жаткан темир жолдонбу, кара майга булганган шпалдарданбы – айтор, бир жагымсыз жыт келип, демиңди ичиңе кыстырат. Көпүрөнүн четине орнотулган силкилдек тосмого сүйөнүп төмөнгө карадым. Жогортодон жайылып келген суу ушул жерге – темир жол астына келгенде кууш болуп, эки чети бетондолуп коюлган жерден күү менен агып өтүп, арткы өйүздөн атылып чыгат эле. Ошон үчүн болсо керек, жогортодон саргайып келаткан суу, аркы жагынан көбүктөнүп, агарып чыгат. Жардын аркы өзүйүнөн сапсары камышзар көзгө чалдыгып, андан ары саз созулуп кетет.

- Кандай, жүрөгүң түшүп калдыбы?

Корулдаган доошунан таанып, артыма бурулуп карадым. Абжал колдорун бөйрөгүнө таянып, көздөрүн жалтыратып саал жылмайып туруптур.

Кейпи ушунчалык жийиркеничтүү көрүндү, кыжырланып көзүмдү андан алып качтым. Дилафрузду ушуга берип коёмунбу? Ушуга ээ!? Андан көрө бир жолу эмес, он жолу сууга чөккөнүм артык эмеспи!

- Кана тыйыңды ташта! – Абжал жолдун аркы четинде турган «Куйрукка» карап кыйкырды. – Ташта! Бактыбызды сынап көрөлү!

«Куйрук» дароо жалпаңдап жете келди.

- Мына! – деди колундагы тыйында көзмө-көз өткөрүп. – Каягын тандайсың?

Абжал жалтыраган табышмактуу көздөрүн сүзүп, кол шилтеди.

- Мага баары бир.

- Сагачы?

- Мага да!

- Андай болсо мындай...

Алыстан угулган гудоктун үнү «Куйруктун» сөзүн бөлдү.

- Шашылбагыла, поезд өтүп кетсин, - деди ал өзүн билгичтикке салып. – Бардыгы өз эрежеси менен болушу керек. Эркекчесинен...

Катуу күү менен келаткан тепловоз жакын келип, дагы бир жолу сигнал берди да, вагондорун сүйрөгөн бойдон өтүп кетти.

Жол боюндагы май чачырап, куурап калган чөптөр силкинип-силкинип кайра дагы мурдагы өзүнүн кебетесине келе түштү. Көп өтпөй төмөндө Бөрү-Жардын күрүлдөгөн доошу дагы угула баштады.

- Сөз мындай, «20 копеек» деп жазылган жагы биринчи түшсө, Эргеш биринчи болуп боюн таштайт. Арт жагы түшсө – Абжал. – «Куйрук» ушундай деди да, тыйынды шыңгыратып асманга карай серпти.

- Мына, Низам, сен да көр! – «Куйрук» шпалга түшкөн тыйындын үстүнө эңкейди. – Карасаң-чы?!

Низам жолдун ортосунда селейип нес болуп катып турат, чамасы бул мелдештин ушунчалыкка барып каларына ишенбеген окшойт. Мен болсо алда качан өлүмгө өкүм кылынган адамдай башка эч нерсени ойлобой калдым.

- Мына өзүң көр! – деди «Куйрук» аябай кубана. – «Мас» түштү. Биринчи болуп Эргеш таштайт.

- Айта берипсиңер! – Бирден эле Низам кыйкырып жиберди. – Силер Эргешти өлтүрмөксүңөр!

Мен кызып турган рельсага отурдум да, унчукпастан туфлийимдин байлоочторун чече баштадым. Байпагымды чечип жатканда, негедир Низам да, аны менен кажылдашып жаткан «Куйрук» да жым боло түштү. Бут кийимимди бир четке койдум да, отурган жеримден бурула берип, жинди адамдай оозумду ачып калдым. Он кадамча арыда Дилафруз турган эле. Куду ошо – түштөрүмдө көргөндөй аппак көйнөк кийип, чачтары чырайын ача тармалданган Дилафруз турат. Ал аппак туфлийи менен шпалдарды бирден аттап жакын келатты. Бул эмне – аппак булуттардын мага көрсөткөн акыркы ырайымыбы?

- Тынчылыкпы? – деди ал жакын келип.

- Тынчылык. – «Куйрук» ыңгайсыз абалда жылмайымыш болду. – Чөмүлөбүз.

Дилафруз мага бурулду.

- Эргеш, сен да чөмүлөсүңбү?

Мен ошондо гана өзүмө келдим, анын алдында ушунчалык оңтойсуз отурганыма жиним келип, ордуман аста турдум.

- Ошондой! – дедим мүмкүн болушунча үнүмдү катуураак чыгарууга аракет кылып. – Мен да чөмүлөм!

Анан Дилафруз Абжалга бурулду:

- Мен, эмне, көчөдө жаткан тыйынмынбы, артымдан мелдеш ойногудай!

Дилафруз Абжалга сүйлөгөндө ичим ачыша түштү. Анын мына ушундай чечкиндүүлүк менен катуу сүйлөгөнүн мурда такыр уккан эмес элем. Өзүмдү каякка жашырарды билбей калдым.

- Сизге ким жеткирди!? – Абжал бир жак уурту менен жылмайды. – Сизди мында эч ким чакырган жок эле го?

Абжалдын мындай сүйлөп Дилафрузду шылдың кылышы бүт денемди калтыратып ийди.

- Мага кара! – дедим үнүм титиреп. – Сөздү көбөйтпө! Баштадык!

Абжал бутун рельс үсүнө коюп, туфлийинин боосун бошото баштады. Ушул убакта эч бир күтүлбөгөн иш болду. Дилафруз «Куйрук» менен Низамдын ортосун жарып өттү да, Абжалдын ийнине колун койду.

- Кулак сал.

- Абжал башын катуу күч менен өйдө кылды.

- Аа, эмне дейсиң?

- Мен... – Дилафруз Абжалдын жүзүнө тик карады. Көздөрүнөн кандайдыр бир от жанып кетти. – Мен сени жакшы көрөм! Ушуну билмек белең?!

Ушул сөздү уккан кулактарым кеңгиреп, көздөрүм караңгылашты. Ошол каректеримдин тунарышынан Абжалдын адегенде аңырайып калганын, кийин боюн түзөгөнүн көрдүм. Жүрөгүмдүн түрсүлдөп согуп жатканын, буттарымдын алы кете баштаганын сезип турдум. Бир убак шалдырап барып, кир, май жуккан таштардын үстүнө чөгөлөп калдым. Эчен түндөрү түшүмө кирип чыкчу Дилафруз ушулбу? Кыялымда булуттар арасында сүзүп жүрчү Дилафруз, периште Дилафруз ушулбу? Азыр гана асманда, булуттар арасында сүзүп жүргөн Дилафруз эми жерге түштү. Жок-к, жерден да паска түштү. Ана, ал кетип баратат. Абжалдын, баары жаман көрө турган Абжалдын, баары жийеркене турган Абжалдын жанында, аны менен кол кармашып кетип баратат...

Туура чыкты – Абжал бекерден бекер мактанбаган. Ырас экен, башта да...

Абжал анын билектеринен кармап барат, ал болсо тасмадай тартылган рельс үстүндө дарчыларга окшоп этияттык менен тең салмагын жоготуп албаш үчүн ары-бери ийиле коюп баратат. Тим эле бир өмүр ушинтип жүрүшө тургандай. Абжал гана колун коё берсе жыгылып кете жаздоочудай. Бир нече кадам жүрүшкөндөн кийин Дилафруз артына – биз тарапка карады... Кийин дагы... Мен анын ошол карашын көргүм да келбей, жүзүмдү терс бурдум да, башымды чеңгелдеп калдым...

Бир топтон соң эсимди жыйып, өзүмө келдим. Бет маңдайымда Низам гана туруптур. Ал кебетеме тигиле карады да, кандайдыр бош үн менен сурады:

- Кандай, өлүмүңө арзыйт бекен?

- Сага эмне?! – дедим жиндидей айкырып. – Сенин эмне ишиң бар!? Жогол, ишиңди кылып, ташыңды тер!

...Эртеси химиядан экзамен берип эптеп «үч» алдым. Чыксам, мектеп дарбазасынын алдында, жалбырактарын чаң баскан арчанын арасында Дилафруз жылмайымыш болуп туруптур. Көзүмө ушунчалык суук көрүндү, жүзүмдү дароо буруп алдым. Шашылып өтүп бараткан элем, чакырып калды.

- Эргеш...

- Эмне-е! – дедим кыйкырып. – Абжал жетишпей жатабы? Азыр чыгат, күтө тур!

Ушундай дедим да, чуркап кеттим...

...Кийин... кийин бүттү баары... Мектеп да, махабат да...

Аттестатты алышым менен Москвага жөнөдүм. Институтка киришиме көзүм жетпейт эле. Бирок эмне болсо да Ташкенттен алыс кетишти каалайт элем. Ооматымданбы, же жакшы даярдандымбы, айтор, Темир жол институтуна тапшырып, өтүп алдым. Анча-мынчада Низамдан кат келип турду. Бир катында Дилафруз сени сурады, көп сурады, адресиңди бер деп өтүндү деген сөздөрдү жазган экен, көңүлүмө кубанычка окшогон бир нерсе уюй түштү да, бирок ошол эле замат анын Абжал менен кол кармашып баратканын, менин болсо делбе болгон кишидей темир жол боюнда калганым көз алдыма келе калды...

«Арабасын тартсын» дегендей жүрөгүм бир аз тыз этип коёт эле... Бара-бара тызылдабай турган да болду...

Төртүнчү курсту бүтүргөн жылы үйлөндүм. Баары бир адам качандыр бир көңүлү сүйгөн кишисинин тагдырына кызыкпай койбойт экен. Анын Ташкентте, медициналык институтта окуй турганын билет элем. Окууну бүтүп турмушка чыкканын да уккам. Жок, жүрөгүмдө кызганыч, ичи тарлык эмес, өкүнүчкө окшош бир нерсе ойгонду. Бирок мен бир гана нерсеге айран таң калдым – анын күйөөсү Абжал эмес эле.

Кийин булар да унутулду. Анда-санда гана түштөрүмдө аппак көйнөк кийген Дилафруз көрүнө турган болду.

...Он сегиз жыл аз убакыт эмес. Дилафруз чын эле өзгөргөн, шайыр күлкүсү, сурмалуу көздөрү ошол-ошол бойдон эле калыптыр баары бир.

- Мен сени түшүмдө көрүп турам... – дедим анын көзүнө тигилип.

- Жок, ээ! – Дилафруз көздөрүнүн отун жайнатып күлдү. – Кантип эле экен?

- Мен сага бул сөздү жөн эле жагыныш үчүн айтып атканым жок. Бар сөз – ушул.

- Карасаң, мен канчалык аракет кылсам да, сен бир да жолу түшүмө кирбейсиң.

Бул сөздү ал жарым чын, жарым азил кылып айтты. Дагы менин көзүмдө баягы суук элес пайда боло калды. Анын Абжал менен жетелешип кеткени, менин аянычтуу абалда теңселип калганым. Өзүмдү токтотуп калайын десем да – бул элес жоголбоду. Анан мен:

- Абжалды колдон чыгарып чеки кылыпсың, - дедим.

Ал мага карады да:

- Ки-им? – деди үнүн созуп.

Күлдүм.

- Абжал да! Эсиңден чыктыбы?

- Аны башыма тартамбы! – Дилафруз жини келе кашын серпти.

Анын көзүнө тигилип туруп сурадым.

- Акыр ошондо... Же мени аяп чөгүп кетпесин деп...

Ушуну укканда Дилафруздун көздөрүнөн сезилер-сезилбес кубаныч оттору из салып өткөндөй болду.

- Илимий иштериң менен келген белең Москвага? – деди сөзүмдү бөлүп.

Эрксизден баш ийкедим.

- Сен... сен каяктан билесиң?

- Мен бардыгын билем... – Ал көңүлү чөккөн абалда термелип башын жай силкти. – Ооба, баарын, баарын... окумуштуулугуңду да... Алты жыл мурда диссертация жактагыныңды да... Гүлү менен тоюң 14-июлда болгонун да... биринчи уулуң Жолдош 3-майда туулганын да... – Ал токтоп калды да күлүп жиберди. – Айта берейинби?

Дагы күлдү. Бирок азыр бул күлкүдө баягыдай ажайып кумардуулук, эркелик, толуп-ташкан бактылуулук жок эле. Муну өзү да байкап калды окшойт, башын иллюминатор жакка буруп алды.

Бүт денем шалдырап бошошту. Самолёт күүлдөп учуп барат, менин ичимде да куду ошондой болуп бир нерселер күүлдөп бараткандай...

Эмнеге ал сенин турмушуңду ийне-жибине чейин билет? Илимий ишиңди да, кайсыл күнү үйлөнгөнүңдү да? Эмне үчүн? Эмнеге ал Абжал тууралуу айтканда жийиркенип кетти? Демек, Абжалды жек көрөт экен да. Ошондо көпүрөдө өзүңдүн аянычтуу абалда калып кеткениңди ойлойсуң да, неге Дилафрузду ойлобойсуң? Ошондо Дилафруз үчүн, мектептеги эң сулуу, эң сыймыктуу кыз үчүн өзү жаман көргөн, өзү жийиркенген адам менен кол кармашып кетиш жеңилге турбаса керек? Ал бул ишти эмне үчүн, ким үчүн калды?

Шашпа... Ошондо рельс үстүндө тең салмагын сактап баратканда эмне үчүн кайта-кайта артына кылчайып карап жатты экен? Балким ошондо анын көздөрүндөгү жазуу-сызууларды байкабай калгандырсың? Балким эртеси мектеп дарбазасынын алдында сени күтүп турганда бардыгын бир башынан баяндап бергени тургандыр? Сага – бышпаган каллага баарын түшүндүрмөкчү болгондур? Сен болсо аны шылдың кылып, кыйраткансып кетип калгансың. Ал сени ошондо да кечирген. Болбосо неге Низамдан кайра-кайра сени сурай берген? Неге сени менен жолугууну самады дейсиң? Неге кыз бала болуп туруп, сен үйлөнгөнчө турмушка чыкпай жүрдү? Неге аялыңдан тартып, балаңдын туулган күнүнө чейин билет? Неге? Неге? Неге!..

Бири-биринен ачуу, бири-биринен тез суроолор кайра-кайра башыма келип, самолёт моторунун күүлдөшү, мээде чарк айланган ойлор баары аралаш болуп, бүт денемди титиретип барат...

Дилафруз болсо иллюминаторго тигилип, сырттан көзүн албайт. Бирок анын жүзүнөн дагы бир нерселерди айтканы жатканын байкабадым. Аны байкасам да, өз тагдырымдагы бир өксүк тууралуу ушунча мезгилден бери билинбей келген кыжаалат ойлорду эми гана сезгендей болуп аттым. Бирок... Бирок эми кеч болуп калган... Өтө кеч...

Таң каларлык нерсе – сендей «окумуштуу» эркек үчүн бир аялдын жүрөгүн түшүнүшкө он сегиз жыл керек болуптур. Ошондо да кокустан, күтүлбөгөн жерден... Демек, ал ушунча жылдардан бери түштөрүңө бекерден бекер эле кире берген эмес экен да! Сен болсо... Сен – акмак болсо!..

Дилафруз дагы да күн түшүп жаткан иллюминатордон тышкарыга карап барат.

Кыялымда ал дагы баягы ак, аппак булуттар арасында учуп жүргөн Дилафрузга айланып калган эле.

Акырын ордумдан турдум да, аркы орундукка өттүм: эми анын жанында отурушка акым жок эле...

Которгон Абдыкерим МУРАТОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз