(Бакытбек Абдыразаковдун «Эң чоң бакыт» деген китебине жазылган баш сөз)
Бакытбек Абдыразаков тууралуу алакандын отундай бир нерсе жазууну баштаганда залкар ойчул Чыңгыз Айтматовдун «Тоолор кулаганда» романынын «биссимилдасындагы» мындай сүйлөмдөр эске түшүп туруп алды: «Жан бүткөндүн баары үчүн дайыма бирдей болгон талашсыз бир чындык бар – маңдайына жазылганды, тагдыр деген эмне экенин алдын ала эч ким биле албайт – кимге эмне буйруганын жашоо гана көрсөтөт, болбосо тагдырдын тагдырдыгы кайсы?.. Дүйнө жаралгандан тартып дайыма ушундай болгон, бейиштен куулган Адам ата менен Обо энеден бери – бу да болсо тагдыр – ошондон тартып, тагдыр сыры баары жана ар бири үчүн кылымдан – кылымга, күндөн – күнгө, ар бир саат жана ар бир мүнөттө табышмак бойдон калууда...
Мына азыр да дал ошондой болду. Ооба. Бул ирет дагы ошонун эле өзү, адамдын акылынын чегинен тышкары болгон, алтургай жараткандын кудуретине да баш ийбеген окуяны алдын ала ким биле алмак».
Ошол. Ошондой болду. Тагдыр бизди Бакытбек инибизден бөлүп кетти, же Бакытбек инибизди бизден адаштырып кетти. Алмустактан бери былк этпей турган ак карлуу тоолор кулагандай, күрпүлдөп-шарпылдап аткан тоо дайрасы тык токтогондой бир өмүр тык токтоду, жалп өчтү. Жарк деди да, жалп деди! Бул да болсо тагдыр!
Мени болсо ошол тагдыр адегенде Бакытбектин агасы Кубанычбек менен тааныштырды. Экөөбүзгө бир жерде – Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунда чогуу иштөө насибин буйруган экен, бирге иштеп калдык. Ошол кезде көп эле нерсени сүйлөштүк, пикир алыштык, иш-сапарларга чогуу чыктык, балким ошондо Бакытбек иниси тууралуу да айткандыр – бирок эсте калбады.
Мен Бакытбекти 2000-жылдын декабрь айындагы «Кутбилим» газетасынын «Кутбилим-сабак» деген тиркемесине чыккан «Дил баяндын жаңы түрү – улама дил баян» деген макаласынан улам жакшы билдим. Айылдык мектептин мугалиминин адаттан тыш темада, адаттан тыш стилде жазылган макаласы чынын айтканда мени ыраазы кылды, ыраазы эле кылбай таң калтырды. Ал макаладан шилтемелерди алып да жүрдүк. Кийин андан да оригиналдуу, андан да өз оюн батыл айткан Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла» повести тууралуу макаласы ушул эле басылмага жарыяланып, борбордогу адабиятчылардын да эсин эки кылды.
Тагдыр Бакытбек менен 2007-жылдын 9-октябрында дагы бир жолу кездештирди. Улуттук филорманиянын чоң залында мугалимдердин республикалык II съезди өтүп аткан. Жыйынды каардуу десең – каардуу, сүрдүү десең – сүрдүү, чечен десең – чечен, ошол кездеги Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров алып барган. Адатта, мындай президент баш болуп өкмөт жетекчилери, министрлер, губернаторлор катышкан иш-чаранын убактылары, сүйлөй турган адамдары бүт так болот, чийинден чыкпай жазып алып сүйлөшөт. Эмне болгонун билбей калдым: убакыт ашып калдыбы, же өзү жазылды беле, же алыскы аймактардан жаш мугалимдерге да сөз берели дештиби, же улам-улам кагаз жаза берип жыйын башчысын жадаттыбы, айтор, бир убакта эле жапжаш кара жигит минбарга жулунуп чыга келди.
Анын сөзүн так келтире албасам да болжолу мындай эле: Кадимки Искендер Зулкарнайн миң сан колу менен согуштан чарчап келе жатып, бир кичине айылга туш келет. Анан чаалыгып турганына карабай атынан түшүп, үндөбөй атын жетелеп кирет. Кол башчысын көрүп бүт аскерлери аттарынан түшүп сүйлөшпөй, жөө басат. Айылдын чыккан соң кол башчы кайрадан атына минет. Башкалар да ошентет. Жанында жүргөн оң колу, «Сиз эмнеге бул айылдан атыңыздан түшүп өттүңүз» деп сураса, Искендер пааша айтат дейт: «Бул айылда менин устатым жашайт, ал балдарды окутуп, тарбиялап чарчап келди, эс алсын». Мына көрдүңүздөрбү, деди андан ары жаш мугалим, азыр ошондой адамдар барбы? Азыркы окуучулар түндөсү мугалиминин терезесине таш уруп өтөт!..
Жыйын жапырт кол чаап ийди. Андан кийин жаш мугалим бакытка балкып отурган президент Курманбек Бакиевдин короосуна таш ыргытып, «Коркосуңбу – баштаба, баштадыңбы – коркпо», бул Чыңгыз хандын принциби деди. Кийин буга чычалап ошол кездеги мамлекет башчысы «Эгер мен коркок болсом, президент болмок белем» деп да жүрдү...
Ошол эле трибунадан Аскар Акаевдин «Манастын» жети осуятынын» кризиси, кыргыз тилинин кейиштүү абалы, өкмөт мугалимдерди шайлоо, референдум сыяктуу саясый өнүктүктөргө тартып, билим берүү ишинен алыксытып жатканы тууралуу жан күйдүрө айтып, жалпы отурган мугалимдердин алкоосуна татыган. Бул ошол кездин кырдаалы менен караганда анын чоң эрдиги, накта көкжалдыгы эле.
Тагдырдагы бул кездешүүдө ал бүт мугалимдердин курултайынын делегаттарынын көз алдында, алардын жүрөгүндө турган кепти айтты, мен болсо кол чаап залда отургам.
Кийин бир жолу менин кат куржунума мындай билдирүү таштаптыр: «Агай, саламатсызбы?! Мен электрондук почта ачтым... илимий багыттар боюнча Сизден кеңеш сурайын дедим эле. Темалар боюнча мага «жазуулар» жакыныраак эле. Сиз тараптан кайсы бир сунуштар болсо да карап көрөйүн дегемин. Сизге ийгилик каалап, Оштогу иниңиз Бакыт Абдыразаков». Ошол кезде ал Ош гуманитардык-педагогикалык институтуна келип иштеп жаткан экен. Анан «Кыргыз адабиятынан жазуу жумуштарын жүргүзүүдө интерактивдүү технологияларды пайдалануунун методикалык негиздери» деген темада кандидаттык диссертация жазууну сунуш кылып, ОшМУнун ректоруна 2013-жылдын 25-мартында макулдук кат жибергенмин.
Мен анда материалдар көп экендигине жана тез эле жазып коёруна ишенчүмүн. Бир жолку жолугушууда Оштон кайра эле үйдөгү кичүү уул болгону үчүн айылга ата-энесин, үй-жайын кароого кеткенин айтып калды. Албетте, айылда жүрүп диссертация жазуу кыйын болчу. Ошондон кийин да анын иштери менен анча-мынча кабардар болуп жүрдүм, «Манастаануу» конкурсуна окуучуларын алып келип жатканын, кыргыз тили жана адабияты олимпиадасына катышып жүргөнүн билчүмүн. Бир жолу мугалимдердин Ош облустук Август кеңешмесинде чогуу да болгонбуз. Кийин интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу бирибиздин жазганыбызды экинчибиз окуп, бирибизге бирибиз комментарийлер жазып жүрдүк. Бирок тагдыр анын диссертациялык эмгеги менен таанышууну буйрук кылган эмес экен...
Ырас, кийин дале мага келип жүрдү. Башка иш менен Бишкекте жүргөнүн айтып атты. Ошондо ал Тургунбай Эргешовдун китебин чыгарам деп аракет кылып атыптыр. Адатта мындай жыйнакты чыгарууну маркумдун жубайы, балдары колго алат. Ал эми Тургунбай акындын китебин чыгаруу оңбогондой кыйын эле: көзү эбак өтүп кеткен, мурастары бир адамдын колуна топтолбогон, архиви жок, чакан китептерине кирген ырлары жазгандарынын аз гана бөлүгү экендиги, ар кимдин колунан саргарган барактарды таап, аларды окуп, өзү компьютерде терип чыккандыгы – бир-эки адамдын колунан келер иш эмес эле. 464 беттен турган «Сүйүнчү» деген ырлар, поэмалар жыйнагын түзүү, ага абдан терең жана маанилүү «Тагдырлуу акын» деген өзү «баш сөз» деп атоодон алыс болсо да баш сөз жазып, комментарийлерди берип, беш бөлүмгө бөлүп китеп жаратуу ушул Бакытбектин колунан гана келмек, башка эч ким мындай кыла алмак эмес!
Мындан кийин да, оо кийин да кимдир-бирөө көзү өтүп кеткен акындын китебин түзүп, чыгарышы керек болсо, ушул Бакытбек Абдыразаковдун жолу менен барып, ушундан үлгү алыш керек. Кыргыз журтуна табышмак болуп келген Тургунбай Эргешовду анын «Сүйүнчү» деген ат менен китебин чыгарган Бакытбек Абдыразаков алп акынга, кыргыз поэзиясындагы эки колдун манжалары менен санап чыга турган акындардын бирине айланта алды. Ооба, ошентти!
Карасаңыз, тагдырды? «Эң кичине жер басылган энчине, Буйга менен бүтүн турат Жер шары» деп ырдаган Тургунбай Эргешов менен «…Жолду жолго ташып жүрүп бир күнү өзүн жерге уруп өлөт көпүрө» деп ыр жазган Бакытбек Абдыразаковдун тагдырлары окшошуп калды. Бир кезде Бакытбек Абдыразаков күл болуп күйүп өткөн Тургунбай Эргешовдун китебине «баш сөз» сыяктуу макала жазса, мен бүгүн Бакытбек Абдыразаковдун ырларына алгы сөз сыяктуу бир деме жазып атамын...
Бакытбек Абдыразак аз жазыптыр, өтө аз жазыптыр, бери болгондо борбордо турган акындар он жыйнак чыгара турган мезгил ичинде мунун ырлары чөнтөккө салып кеткидей бир жыйнак араң болуптур. Анан да бүйрөлүгүнө кантесиз – кайсыл ыры качан жазылганын, айы-күнүнөн бери белгилеп келиптир.
Бакытбек Абдыразаков ыр жазуу өнөрүндө өзүн эксперименттеп көрүптүр, муну айтууга негиз – ал ырларында мазмундук жактан да, формалык жактан да өтө эле тапталган жолдорго салбай, өз алдынча жол издептир. Мунун көбүн анын байыркы кытай, байыркы жана орто кылымдагы жапан, орто кылымдардагы фарси-түрк поэзиясын абдан кылдат өздөштүрүп, ошолордун таасирин чыгармачылык менен пайдаланганынан көрүүгө болот. Мисалы, жапан адабиятында хокку же хайку деген ыр формасы бар, ал лирикалык ырлар үч гана саптан турат, саптар уйкаштык куубайт, эркин турат. Мына Б.Абдыразаковдун андай ырларынын бири:
Экөөбүздүн тагдырыбыз бир экен.
Бизби, жолбу же жол баскан пендеби?
Кана, кими күнөөкөр?!..
Бул ыр 2003-жылы 4-апрелде жазылган. Темасы да «жапондорчо» – «Баскан жолго, өнгөн жоогазынга» деп аталат.
Же дагы. Жапон поэзиясында танка деген ыр формасы өтө кеңири тараган. Ал бири-бири менен уйкашпаган, беш саптан турган чакан ырлардын өзгөчө формасы болуп, анда алгачкы үч сапта негизги ой айтылат да, акыркы эки сапта жогорку ойдон жыйынтык чыгарылат. 1993-жылдын апрелинде жазылган «Кара мышык» деген ырын окуйлу:
Түнкү көчө. Уурулар келе жаткан,
Ууз жолдун артынан сая түшүп.
Чегиртке үнү «чыр-р!» этти капысынан,
Аттап кетти алдынан кара мышык.
Удаама-удаа чырылдайт чегиртке үнү...
Мына кыргыз окурманын «ойготуп», дүйнөлүк классиканын асылдары менен тааныштырууга аракет кылуусу. Ошон үчүн Бакытбекти акын-экспериментатор дегим келип жатпайбы.
Дагы бир убакта эң кеңири тараган ыр формасы бейт деп аталган, алар туташ уйкашкан эки саптан турган ыр түрмөгү, кош сап. Негизинен Чыгыш элдеринин поэзиясына мүнөздүү болгон. Низами, Навои, Баласагындын поэмалары ушул бейт формасында жазылган. Газал, касыйда да адатта туташ уйкашкан эки саптан, б.а., бейттерден турат. Кыргыз оозеки жана жазма адабиятында да бейт кездешет. А.Осмонов элдик дастандардын негизинде «Мырзауул», «Карагул ботом» поэмаларын бейт формасында жазган. Ушундай формада Б.Абдыразаков 2003-жылдын 10-августунда мындай бир философиялык ырын жараткан экен:
Сындуу элем көчүп турат дубалым,
Сырдуу аяндай өчтү өрттүү убагым.
Көркөм элем – эрдим жара кесилди,
Көлдөй элем – чөлдөн көрдүм өзүмү.
Бүркүт элем кармаганын капшырган,
Үркүйт дене, дос жок бөлөк жакшы ырдан.
Деңиз элем төө өркөчтүү толкундуу,
Кезип келем изим таппай, жол кумдуу.
Китеп элем ар барагы ширелүү,
Сүрөп турган улуулуктун мүрөгү.
Жашыл элем арчадан да кулпурган,
Тарпым калды, денем бүтүн жыртылган.
Карагаттай көзүмдөн кут төгүлчү,
Карайладым, кабыргам бүт сөгүлдү.
Туулдум, өттү өспүрүм кез бала чак,
Турмуш мени улам жеңип баратат.
Таңдын жели анда таза эле шат,
Тагдыр эми мени тепсеп келатат.
Акырында ушу сөздү эп көрдүм:
Тагдыр, сени жек көрөмүн, жек көрөм!
Караңыз, дагы тагдыр темасы, дагы тагдыр менен бетме-бет келүү. Турмуштук карама-каршылыктар, өмүр менен өлүм тиреши. Муну мойсопут адам, кексе акын эмес, жапжаш жигит, оюнга тойбой турган курактагы «жаш бала» жазып жатат. Акындык тагдыр деген, акындык шыбага деген ушул, өз тагдырыңды, өзүңдү жазып жатып, аны башка тагдырлар менен, башкалар менен тогоштурасың, ошондо гана жүрөктөн жүрөккө жетесиң.
Акыры ал:
Ойлорго тунуп эзилдим,
Бир конгон чымчык сезилдим.
Кан болуп чыкты ырларым,
Кашайган эки көзүмдөн.
Шыралжын жыттуу кырлардан,
Карасам шыбак ыргалган.
Бир чымчык болуп учамын,
Сагынсаң изде ырлардан, - деп, өз тагдырын айтып бүткөндөй, калган тагдырын ырларына таштап кете берди. Ошого каниет кылалы, эми ырларынын сапары узун болсун дейли...