Авар эл жомогу: Мышык менен чычкандар

  • 01.05.2024
  • 4370

Бир жолу мышык Кудайга тобо келтирип, кетирген күнөөлөрү үчүн Мекеге барып сыйынып келерин жарыялайт. Анын алдында жасаган кыянаттыгы, кырып-жойгон мыкаачылыгы  үчүн чычкандардан расмий түрдө кечирим сурайт. Мындан ары чычкан аттууну жебестигин, алар үстүнө чыгып тебелеп жатса да тийбестигин убадалайт.

Бул сөз чычкандардын ханына жеткенде ал аябай кубанат. Чычкан аттуунун жер үстүндөгү бирден бир душманы кечирим сурап атса анан кантсин. Ошентсе да чычкандар ханы мышыкты текшериш үчүн эки жаш чычканды жиберет. Мышык аларды жароокер мамиледе жакшы кабыл алып, мындай дейт:

- Бир туугандарым, мени мышыктык жырткычтыгым үчүн кечиргиле. Колумдан курман болгон бардык чычкан балдары үчүн аз айып, көп күнөөмдү тартууга даярмын. Мындай жорукка эми экинчи барбайм. Биз бардыгыбыз Кудайдын тең укуктуу жандыктарыбыз. Ошондуктан ынтымакта жашайлы, - деп чычкандарды жакшылап сыйлап узатат.

Кийинки күнү мышыкка көп сандаган жан-жөөкөрлөрүнүн коштоосунда чычкандардын ханы өзү келет. Аларды мышык алпейим меймандостугу менен тосуп алып, аштык, чөп-чар, жер-жемиш менен жакшылап сыйлайт. Чычкандарга той түшөт, ханы баш болуп тайраңдап бийлеп майрамдашат. Бирок бир гана карт чычкан коңулдан баш багып мышыкка ишенбей турат.

- Келиңиз аксакал, кекселикти коюп кылмышын мойнуна алып өкүнгөн мышыктын сыйын көрүңүз. Ал мындан ары эт жебей турган болуптур. Коркпой келе бериңиз, - дешет чычкандар ханы баш болуп.

- Мышыктын өзү өзгөргөнү менен көзү ач көз бойдон калыптыр, биздин жытыбыздан улам мурду-башы кыймылдап, шилекейин улам жутуп жатат, буга ишенбегиле, - дегиче болбой мышык чычкандарга кол салып, бирин да качыра койбой кырып салат.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз