Илгери өткөн заманда, жан-жаныбар аманда көргөнүн жаза кетирбеген, көзгө атар Жаныбек аттуу мерген болуптур. Кайсы убакта болсо да жолу кан жара тарткандай кайберендерди атып келип, үй-бүлөсү менен кошуналарын шыралга берип кубандырган.
Пейли кенен, өзү нысапка тарбияланган жигит экен. Адырдан аркар, куюлушкан кулжа атып, жырткыч айбандарды да атып жок кылып, элдин сообуна калат. Аял албай көпкө чейин бойдок, табиятты жакшы көрүп, дайыма ач-арыктарга, оору-сыркоого каралашып, бата алып, оозго кирген азамат болот.
Бир күнү кийик атууга бир түрдүү себептер менен үйүнөн кеч аттанып чыгат. Самаган жерине жетпесин билип, атын отко коюп, жолдо калууга аргасыз болот. Ары-бери ойлонуп жатып уйкуга кетет.
Таңга маал түшү сыяктуу бир аялзаты:
– Жаныбек, уктай бересиңби, эл кетип калды, бачым турбайсыңбы? – деп үн салып, көздөн кайым болот. Уккан кулагына ишенбей:
– Эй, сен кимсиң? – деп үн салат. Эч ким жок. Айран-таң калып, капага малынып, атын токуп бастырат.
Бирок такыр жолу болбоду. Күнү бою көзүнө эчтеке илинген жок. Өзүнчө кайгырып, атын отко коё берип, айлананы карайт. Абайлап караса, зоо боорунда ээр токулган элик, үстүндө аялзаты көрүнөт. Эмне болсо ошол болсун деп бут жагына атып жиберет. Аял элик таштын жаракасына күп этип түшүп кетет. «Эмне болсо ошол болсун» – деп, Жаныбек кошо кирет. Кирсе, алкымынан ай көрүнгөн сулуу кыз. Адегенде кыздын сулуулугу көз талдырып, Жаныбек чалкасынан кете жаздайт. Кыз:
– Сен кимсиң? – дейт.
– Мен Жаныбек мергенмин – деп сөз баштайт.
– Жаныбек, мени бекер атпадыңбы, эми кандай айла кылайын, аксап калдым, – дейт да, – отуруңуз – деп орун берет.
Кыз караган жактан шоола чачып, алтын, күмүш түспөлдөнүп кетет. Эки капшытта байланган улак, эчкилер. Алар кепшеп турушат. Туяктан жасалган идишке Жаныбекке айран куят. Тышынан кичине көрүнгөнү менен, айран канча ичсе да түгөнбөйт. Азыраак ичип, Жаныбек туяктагы айранды кызга сунат.
– Коно жатсаң да ичип, идишти бошот! – дейт.
Көрсө таңга маал Жаныбекти ойготкон ушул Айпери кыз турбайбы деп ойлонот. Кубанат, толкунданат.
– Эми кетип баратасың, – деп сыйкырдуу жайнамазын колуна карматат. – Жүрөгүң жүрөк экен, эч нерседен коркпойт экенсиң, – деп жолдо баян кылат.
Экөө бирин бири сүйүп калат. Бийик карды көрсөтөт. Анын ары жагында жапызча эки кыр көрүнөт. Ашып эң кийинки кырга барган кезде, алдынан тосуп бир кара, бир сары кыз чыгат. Алар болжолдуу жерге жеткенде: «Жаныбек жездем келди» – деп кубанып, жакшы күтүп алганга аракет кылат.
Жаныбек тигилген көп боз үйлөр, шарактаган кыз-келиндерди көрүп, өзүн токтото албай, жыгылып кетет. Эки балдызы эки жагынан колтуктап жөлөйт. Бир аз эс алат. Жаныбек эс-учун жыйнап, баягы сыйкырдуу жайнамазды башына жазданып, уктамыш болуп калат. Кыздар:
– Бизге бөтөн жактан киши келчү эмес эле, сыйкырдуу жайнамазды Айпери эжебиз атайлап берген го, – деп өздөрүнчө сүйлөшөт.
Бир убакта Айпери келет. Ошентип, өргөө көтөрүлүп, шаан-шөкөт менен Жаныбек баягы Айпери кызга үйлөнөт. Өзүнчө боз үйгө жатат. Боз үйдүн түндүгү чүмкөлүү.
– Жаныбек, сен таң аппак атканча көзүңдү жумбай, мени бекем кармап жат, болбосо менден ажырап каласың! – деп эскертет Айпери.
Жаныбек баарына макул болот. Бирок Айпери түндүк тартканы кеткенде таңга маал Жаныбектин көзү илинип кетет. Аны көрүп:
– Уктаба дебедим беле, – дейт да, Айпери асманга чыр этип атылып кетип, көздөн кайым болот. Жаныбек өзүн аябай жемелейт. «Ушунча жашка чыктым аялым жок, баласыз өтөмбү» – деп аябай кайгырат. Суу жээктеп басып, бир аз эс алайын деп отурса, асмандан үн угулат.
– Жаныбек, сен капаланба, өзүң айыптуусуң, эмдиги жылы так ушул маалда ушул жерге келип этегиңди тос! – дейт да, жок болот.
Жаныбек кайра тартып келе жатса, кокту толгон эчки, теке, аркар, кулжалар. Киши деп сезип да койбой, жуушап жатат. Жаныбек аябай таң калат. «Айперинин касиети го, менден кайберендер коркпойт» – деп аябай ырым кылат. Сезбей кайберендер жуушап жатат. Ойлонуп туруп, өзүм ачкамын деп, аяк жактагы аксак кийикти атып, союп, этин бышырат. Жуп эт даяр болгондо тумшугун жеңине каткан кемпир келет. Бир кесим эт берсе жебей, жеңине катып алат. Аны Жаныбек акырын көрүп калат. Анан бат эле кетип калат. Жаныбек: «Токойдо жезкемпир көп дечү эмес беле, акыры бул желмогуз менин жанымды койбойт. Буга аракет кылайын» – дейт. Ээр токумун жаздап, бүчүрдөн адам жасап, чепкенин айкарасынан жаап коюп, мылтыгын октоп, колуна алып, карагайдын башына чыгып карап отурат. Түн ортосунан оогон ченде жезкемпир:
– Жаныбек сенсиңби, каныңды ичем, – деп тырмагын батырганга аракеттенет.
Жаныбек:
– Какбаш, менмин, – деп атып жиберет. Бутунун канын чубурткан бойдон кемпир качып жөнөйт.
Кандын изи менен Жаныбек кубалап отурса, бир үңкүргө кирип кетет. Чалына арманын айтып, ыйлап отурганын акырын көрөт. Экөөнү тең мээлеп атып өлтүрөт. Жез тырмактарын кесип алып кайтат.
Антип-минтип мезгил өтүп кетет. Жуп Айперинин айтканы эсине түшөт да, белгилүү жерге келип этегин тосот. Балтайган эркек бала этегине түшөт. Жаныбек мээнет кылып багып, кайберендин этин берип, терисин кийгизет. Бала эмгекчил, көзгө атар мерген болуп атасы экөө айылын багып, оозго кирет. Карыялар бата кылып, балага Жанадил деген ат коёт. Жанадил ууга барса, куру келбей, атасынын колун узартат.
P. S. Буудайбек Сабыр уулу түзгөн “Жомокчулар жана жомоктор” китебинен алынды.