Көл жээгинде уулу экөө гана жашаган жалгыз бой зайып болуптур. Уулу көлгө барып балык тутуп келчү экен. Бир курдай көлдүн ээси – суудагы дөө[1] чыгат да минтип айтат:
– Мен дагы жээкке чыккым келет.
Ушул учурда лама-дөө да пайда болот. Лама-дөө сууну чаңдатып жиберип, суудагы дөөнү өзүнүн жибек торуна түшүрүп алып, аны өзүнө малай кылып алмак болот. Тиги бала сууда жашаган дөөнү аяп, лама-дөөнү балкасы менен төбөдөн ары бир салат да, суудагы дөөнү тордон бошотот.
Ошондо суудагы дөө жибек торду боз уланга карматып, өзүнүн ак батасын берип:
– Ылайым эле торуңа балык көп-көп түшүп турсун! – дептир. Дептир да, көлүнө кайра чумуп кетиптир.
Которгон О`ШАКИР
[1] Водяной (славяндык элдик мифологияда - сууда жашаган дөө).