Кытай эл жомогу: Сатылган көлөкө

  • 15.06.2024
  • 4045

Бир кыштактын эң бай кишисинин үй алдына абдан чоң тыт дарагы өсүп чыгат. Бир жолу өтүп бараткан ушул эле айылдын бир кедей тургуну токтоп, бактын салкын көлөкөсүндө эс алмакчы болот. Аңгыча үйдөн бай чыгып кедейге опурулат:

- Эй, отурба бул жерге! Көзүмө көрүнбөй тезирек жогол!

- Эмне дейсиң? Көргүң келбесе карабай эле кой да! – кедей жарды болсо да жоош эмес болчу, андыктан каяша айтат: - Отургум келсе отурам да, сенин ишиң эмне!

- Бул бак мага тиешелүү, мен тигип, багып өстүрдүм. Демек анын көлөкөсү да меники! – дейт бай омуроолоп.

- Андай болсо арзанга болсо да, мунун көлөкөсүн мага сат, - дейт кедей амал ойлоп.

- А мунуң башка кеп. Көлөкөнү сата алам, - деп бай сүйүнүп кетет.

Ошентип келишим түзүлүп, күбөлөрдүн катышуусу менен бай кедейге дарактын көлөкөсүн сатат. Ошондон баштап кедей бактын салкын көлөкөсүндө отуруп ыракаттаныш үчүн ар күн сайын келе баштайт. Эгер көлөкө үйдүн короосуна түшчү болсо төшөгүн ала келген кедей короого жатып алат. Көлөкө ашканага жылчу болсо ашканага, эч алуучу айбанчага которулса, ал жактан орун алат кедей. Бул аз келгенсип кийинчерек үй-бүлөсү менен, достору менен келчү болот, ал тургай бир күнү жаман эшегин да байлап койот. Ошондо чыдабай кеткен бай айкырат:

- Бул эмнең эй! Алып кет эшегиңди!

- Көлөкө меники, анын салкынына эмне кылсам өзүм билем, - деп тоготпойт кедей.

Бир күнү бай конок чакырат. Ал меймандарын салкынырак деп айбанчага жайгаштырып сыйлай баштайт. Бир маалда кедей салам айтпай кирип келип, бош орунга кыйшая кетет. Коноктор түшүнө бербей кожоюнду карайт. Ал ачуусу менен кыйкырат:

- Эй, сени ким чакырды! Уятың барбы?

- Мен сенин үйүңө келген жокмун! Өз көлөкөмө келдим, - дейт кедей кебелбей.

Буга түшүнбөгөн коноктор суроо берип, териштирип, бай менен кедейдин жоругун билип күлүп, байды шылдыңдашат. Ошентип бай элге келеке болот. Акыры көлөкөнү кайра сатуусун кедейден суранат. Кедей бүт үйдүн наркын сурайт. Ыйлап жиберген кожоюнга элдин баары күлөт. Аны шакабалагандар көбөйөт. Акыры мындай шылдыңга чыдабаган бай башка кыштакка көчө качат. Кедей анын үйүнө көчүп келип, каалаганындай жашай баштаптыр.

Анан туура да: тыт дарактын көлөкөсү бүт үйдү жаап турса.

Которгон Кубанычьек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз