Бар экен, жок экен, бир акылдуу, сулуу, ак көңүл жана эмгекчил кыз болгон экен. Он сегизге толгонунда турмушка чыгып, ата-энесинин үйүнөн алыс жакка узатылат. Бирок аздектеп алган жубайы абдан жалкоо жигит болуп чыгат. Тамак жегенден да эринген мындай жалкоо дүйнөдө болбосо керек: ал тургай аялы ашын алдына алып келбесе кечке чейин ачка жата берчү экен.
Мындан улам үйдүн бардык түйшүгү жаш келинге жүктөлөт. Ал жер иштетет, мал карайт, отун жарат, тамак бышырат, суу ташыйт, үй жыйнайт, кыскасы, кылбаган иши калбайт. Ал эми күйөөсү күнү бою жамбаштап жатканы жаткан.
Бир күнү келин төркүнүнө барып, карыган ата-энеси менен учурашып келмей болот. Күйөөсүн жүрү десе бармак тургай ордунан тургандан эринип, эрдин кыбыратып жооп бергиси да келбей, эптеп башын чайкайт. Минтип жата берсе күйөөсү ачкадан өлөрүн ойлогон келин ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры казан менен бир нан жаап, ортосун ойот да күйөөсүнүн мойнуна кийгизип, курсагы ачкан сайын айлантып жей бериши керектигин түшүндүрүп, сапарга чыгат.
Күндөр өтүп, келин төркүнүнөн кайтып келет. Үйгө кирсе күйөөсү адаттагысындай эле төшөктө жаткан болот. Караса, мойнундагы нандын оозуна жакын жери гана желген болот. Анын мынчалык аз жегенине таң калат, жанына жакын келсе, өзөрүп ачкадан өлүп баратса да нанды айландырып жегенден эринип жата бериптир.
Дүйнөдө ушундай да жалкоолор болот экен ээ, тобо!
Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ