Чыркылдап үнүн баспаган, секирип кадам таштаган таранчы эгинге конот, каалашынча чокуп тоймой болот. Аңгыча шакапта өңүп жаткан, чыгарбай демин каткан мышык акең бир секирип, шап эттирип кармап калды аны бекем. Жеткенин билип ажалы, ичинен күчөп арманы, сыртынан такыр сыр бербей, кууланганын билдирбей, балким алданып калар деп, таранчы айтты мындай кеп:
- Өзүңүз сыпаа жан болсоңуз, жөн мышык эмес бакыйган пан болсоңуз, татыктуу тарбияңыз бар туруп, анан мени жуунбастан жейсизби, жөнөкөй маданиятты билбейсизби!
Муну укканда мышык чындап уялды, жуунуш үчүн таранчыны жерге коё салды. Таранчыга ушул гана керек да, пыр деп учту оңу келген тарапка.
Мындан мышык жакшы сабак алыптыр, курулай сыпаалыгы калыптыр, тамак жеп бүткөндө гана жуунууну адат кылыптыр.
Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ