МУРАТОВ Абдыкерим: АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ: АК МАКТЫМ CУЛУУ

АҢГЕМЕ

Байсарынын өргөөсү.

Түндө түндүгүн түрүп жатышкан.

Мактым асмандагы жылдыздарга карап үнсүз сырттагы дабыштарды тыңшайт: шаулдаган суунун чамынып киргени, аттардын кишенегени. «Сүт-а-к! Сүт-а-к!..» Кайдандыр сүтактын кыйнала үн катканы жаңырып, кыздын жүрөгү болк эте түштү. «Келди!» «Сүтак болуп келди!» Сүтак дагы үн катты.

– Жаныбар сүтак эй, ушинтип таң аткыча кыйкырып чыкса, таң атарда оозуна бир тамчы сүт куюлат! – Атасы ойгоо экен кимге айтканы белгисиз, өзүнчө кобуранып койду.

– Сүт-а-к! – Ана, Баатырбеги сүтак болуп белги берип чакырып атат.

Мактым ордунан акырын туруп сыртка жөнөдү.

– Кайда Мактым? – Атасынын үнү чыкты.

– Сыртка эле.

– Айсулууну ээрчитип чык! Коркосуң!

Мактым унчукпады. Чыгып кетти.

– Сүт-а-к! – Үн чыккан жакка карай караңгыны жирей акырын басты. Тиги жактан да кимдир бирөөнүн карааны жылып келатат. Бул эки караан заматта биригип калды.

– Алтыным, сулуум, назигим, перизатым…

– Кой эми кет?! Атам ойгоо.

– Азыр, азыр.

Сүтак сайрабай калды. Баатырбек Мактым кыздын кумарына тойбой кайра-кайра карайт, чачтарынан сылайт. Кимдир бирөө жөтөлдү. Жигит караңгыга сиңип кетти. Мактым кыз өргөөгө кирип келди. Эки бети албырганын атасы көргөн жок, тез-тез дем алып атканын байкады, көпкө түндүктөн көрүнгөн асманга тигилип жатты, жүрөгү эми элеки жигиттин кучагынан жөн чыкпай туйлап чыгып, тынбай дүкүлдөп согуп атат, алыстан кайра сүтактын сайраганы эшитилди.

* * *

Байсары көп ичинде жүргөн бир жан эле. Бу кишини кийин элден мал бөлүп койду, бир жылы төрт эчки багып, алары жакшы төлдөп, алты жылда эле эчкилер батпай кетти. Эчкисин уйга, жылкыга алмаштырып, малын көбөйтүп, анан ошол мал-алга өзүнүн да ышкысы артып, чычкак улак чыгаша кылбай мынтип он эки канат ак өргөө жасатып, малы жокторго кекирейип карачу болду. Байсарынын көтөрүлүп калышына эки уулу Айталы менен Малсары да кыйла кысса кошту, экөө тең тириликке бүйрө чыгып, уучулук кылып эт менен үзбөй багат, аң терилерди алыстан келген соодагерлерге майда-чүйдөгө алмаштырып атасын курсант кылышат. Мына азыр да мал-алын көбөйтүүнүн айла-амалын издеп Байсары өргөөсүндө аюу талпакка жамбаштап отурат, тигиндейрээк ашкана тарабында жети-сегиз жашар кызы Айсулуу күп бышып өзүнчө күйпөлөктөйт.

– Ассалому алейкум. – Сырттан эки бирдей жигит салам айтып киришти. Булар Байсарынын балдары, атасы экөөнү тең чакырткан.

– Ассалому алейкум. – Келгиле, отургула, балдарым, – атасы адаттагыдай эле маанилүү иши барда эки уулун бирдей чакыртып, дайым өзү гана отурчу аюу талпагын жылдырып ошого отурушка таклип кылат. Азыр да ошентти. Балдары унчукпай атасынын кабак-кашын карап отуруп калышты. – Сөз мындай балдарым, Айсулуу кымыздан куйчу акелериңе? – Кыз эки акесине кымыз куйду, атанын сөзү анан уланды, – балдарым, бул жерден көчпөсөк болбой калды. Бетегесин мал тебелеп, оттун куну кетти, мал ылаңдап жатабы дейм, түк семирбей атат. Мынтип отурсак жутка кабылабыз.

Атасы балдарынан не деген кеп чыгарын күтүп, сөзүн ушул жерде тамамдап, экөөнүн оозун карады, тигилер бир топ унчукпай туруп, Айталы улуулук кылып кеп баштады:

– Жакында эле көчүп келдик эле го, ата. Мындай токой тарапка, жаңактын арасына мал жайсак, ал жактар азырынча от эле го…

– Жаңактын көлөкөсүндөгү от малга от болуп маани кылбайт. Малдын ичин өткөрүп арыктатып иет. Экөөң барып жер караштырып, оңуттуу конуш издеп келгиле, ылайык болсо эки-үч күндө көчө турган бололу.

Сөз бүттү, эми атасы тигил экөөнүн кебине кулак салбайт. Экөө чыгып кетти. Дагы баягы көчүү, дагы баягы конуш издөө, деги булар бир жерден жай алып бутту кенен созуп отурушпады го? Качан болсо малга жайлуу жер деп жүрүшкөнү жүрүшкөн.

Өргөөгө Ак Мактым кирди. Атасына таазим кылып ийилип, ыйбаа менен ашкана тарапта турду. Кыздын солкулдап турган убагы, толгон айдай толукшуйт, укурук моюн, калем каш, көздөрү карагаттай жайнаган, ууртуна күлкү топтолгон Ай десе Ай, аркы жок, Күн десе Күн, көркү жок, чырайын көргөн адам эстен танган болуп турган, толуп турган маалы эле.

– Чакыртыпсыз, атаке? – тике карай албай атасына акырын унчукту.

– Бойго жеткен кызды атасы эмнеге чакыртат, кызым, келин-кесектен сени тексиз жерден тең тапты деп уктум, уккан кулактын айыбы жок, мен сага малдуудан малдуу, алдуудан алдуу кудалар келгенде ынабадым, токол болбосун деп өз эркиңе койдум, сен болсо жылкы семирип ээсин жыгытат болуп… Кой, эсиң барда этегиңди жап, кызым…

Кыз туталанып оозуна кеп ала албай туруп калды, каршы сүйлөйүн десе чын, не кыларын билбей, жүзү манаттай кызыл тартып, уятынан араң чыдап:

– Анча эмне болду, атаке? – деп араң сүйлөөгө батынды.

– Мен сени өз колум менен өрүш толгон жылкысы бар байга узатам, кызым. Калыңыңа күтүрөтүп кой алдырам, балам. – Кыз Мактым атасынын акыр бир күн ушинтип айтарын купуя туюп жүргөн, мына эми ошентти, кыз кылыгы менен атасына эркеледи:

– Мал деп жүрүп куруйт окшойбуз, ата…

– Адам мал менен адам. Малың болбосо сен бир моло ташсың, эч ким сени карабайт, эл катары санабайт. Чуңкурга түртүп салып кете берет!

– Кантип эле?!

– Ушундай, буга менче болгондо көзүң жетет! Кептин кыскасы, бул жерден көчөбүз. Акелериң конуш чалганы кетишти, сен да көчкө даярдан, энеңдин мына кайтыш болгонуна эки жыл болду, ордун сен бас, кызым, апаң гөрүндө бутун узун сунуп беймарал жаткыдай болсун!

– Бул эмне дегениңиз, атаке? Дайыма элден бөлүнүп көчүп, журттан алыстап… – Мактымдын да көчүш көңүлүнө көк таштай тийген эле, анын үстүнө кызды чочуткан Баатырбектен алыстап кетүү. «Сүтагын» көрүп албаса колунан идиши түшүп, кусалыгы артып, кыйналчу болду кыз шордуу.

– Элден качсам мен мал үчүн, оттуу жер үчүн качып атам, менин малым башка мал туягы баспаган жерлерде жүрсө дейм, жерден чыккан көктү башка бут баса электе жесе дейм.

– Атаке, журт бузулуп, калмак кутуруп атат дейт. Бир күнү бизди жалгыздатып талап-тоноп кетеби, эмне болсок да, кандай күн көрсөк да эл менен чогуу болуп, көпчүлүк менен кошо тартпайлыбы азабын да, кууралын да.

– Кызым, аны мен да ойлогом. Калмактын калың жоосу келсе биринчи кимге келет, ошо элге келет, ошо сен айткан көпчүлүк биринчи чачылат, ошолор тонолот. А биз булуң-буйткада калабыз. Калмактын кайгуулдары каңгып баарын билип кетти.

Тоодо, токой ичтеринде үңкүрлөр көп, мал-салыбыз менен кирип алабыз. Кудай да сактанганды сактайт.

– Коюңузчу, ата, ушунда эле калалычы? – Кызынын айткандарын кыңк дебей аткарган берки акелерине окшоп кете бербеген көктүгүнө бир эсе ачуусу келсе, бир эсе ыраазы боло Байсары акыркы сөздү кууланып бүтүрдү:

– Кызы атасына акыл үйрөтпөйт, балам. Бул баш далайды көргөн, тексиз жерден тектүү болгом. Кийин акыры атамкы туура экен деп каласың! Айсулуу, эжеңе кымыз куй! – Сөз токтоду. Айсулуу сыр аякты толтуруп эжесине кымыз сунду, Мактым ооз тийимиш болду да, кайрадан сиңдисине узатты, жүрөгүнө кымыз барбады…

Ак Мактым чачтарын чубалтып, бурала басып, ичи толо күйүт менен өргөөдөн чыгып кетти…

* * *

Ашуу ашып, бел жүрүп Кыз Мактымдын кабарын угуп айтылуу уруунун чириген байы Апсатар Байсарынын өргөөсүн тапты. Эл менен сүйлөшүп, далай ишти ың-жыңсыз бүтүргөн Апсатар жаман иниси Ыбырайга келин алып берип, агалык карызымдан кутулбасам болбойт деп кыйладан бери санаада. Иниси кичине чагында айрымач сынып аттан жыгылып бели бүкүрөйүп калган, ошондон акыл-эси да жайында эмес, туруп-туруп талмасы кармайт. Айылында көзгө көрүнгөн бир кыз бар эле атасына куда түшүп барса, кызын бергиси келбедиби, кыз өзү билет деп койду, анан намысы күч бай элден эл, жерден жер кыдырып сүрүштүрүп отуруп ушул Мактымдын даңазасын угат, атасы Байсарынын жаңыдан байып атканын, малды баладан артык көрөрүн элден угат. Анан дагы бир нерсе – Байсары да буларга уруулаш болорун, экөөнүн уругу да бир экенин эшитет. Азыр ат бастырып алыс жолго көңүлү ток келатканы да ушундан.

Байсары адатынча аюу талпагына жамбаштап үргүлөп эки күндөн бери көчөр жердин жайын айтпай жоголгон балдарына кейип отурган. Сырттан ат байланганы билинип, бир киши кирип келгенде, анын атактуу Апсатар экенин көргөндө ыргып турду.

– Ассалому алейкум, кыз атасы.

– Алейкума ассалам, журт атасы. Келиңиз? Куш келипсиз?! Эки киши – бири атактуу бай, экинчиси ошого жетем деген жаңы бай жайланышып отуруп, мал-алды, эл-журтту кеп кылып, кымыздан ууртап-татып бир топ отуруп калышты.

Кыйды Байсары Апсатардын не келгенин болжосо да, аныгына жете албай, ичинен чын эле Мактымдын колун сураса кантип жооп берерин билбей ойлонуп атты, Апсатар болсо Байсарынын малы канча экенин, ой-мүдөөсү эмнеге барып такаларын аңдып алды, өзүнүн малынын алдында мунуку бир чавра эле турбайбы? Апсатар сөздүн пайитин келтирип, келген жөнүнө өттү:

– Байсары аба, туугандыгыбыз бар, аны жакшы билесиз. Катташпасак өзүбүз алыстап кеткидейбиз. Ыраакты жакын кылган кыз, сизге туугандыгыбызды жаңылайлы деп келдик. Менин үкөмдү билерсиз, мени милдеттендирип отурат, мен ошол акалик парызымдан кутулбасам болбойт, мени кандай көрсөңүз Ыбырайды да ошондой көрүңүз, эки уулуңуз бар экен, үч уулдуу болуңуз.

Байсары ушул сөздү баятан бери эчен жолу күтсө да билбемиш болуп, ойлонгон кишиге окшоп, кытмыр жооп кылды:

– Кыз чоңойсо жуучу басат экен, Апсатар үкөм. Эки жылдан бери келим-кетим үзүлбөй койду, энеси жок кызды не кыларды билбейт экенсиң, башым маң, көпчүлүк экен, бирин жөнөтсөң, бири келет. – Муну менен Байсары кызынын баасын өйдөлөткүсү келип атканын Апсатар билип эле турат, атайы келгенден кийин эмне кылат, не десе куп дебешке болобу, мунун өйдөсү дале малынын бир четин гана капшырат да.

– «Кымызды ичкенге, кызды сураганга бер» – дейт. Мынтип журт да калбаалуу болуп турат. Калыңдан кам тартпаңыз. Канча малыңыз болсо, дагы ошончо мал кошуп берем.

Байсары ичинен кымыңдай түштү:

– Байлыгыңды угуп жүрөм, Апсатар, куру койбостурсуң. Келин-кесектен бир сөз эшиттим, Ак Мактым кызым бир отунчу жигит менен кеп бышырып жүрүптүр, мен экөөнү алыстатып тоонун башына көчөм, буйруса сен тарапка оойм, калмактан да далдараак, анан кызды ошондо сүйлөшөлү…

Апсатар тигил кишинин көңүлү бар экенин туйду, качпашын билди, эми биротоло жайлап кетүү керек:

– Ачыгын айта бербейсизби, Байсары аба, болбосо үмүттү үзүп өзүбүздүн кыздардан тандап туруп бирин алып берейин.

Иштин башкача болуп кетишинен кооптонуп Байсары жайдарылана күлүп, жойпуланып калды:

– Ачыгын айтам, үкөм, малдуудан малдуу, туугандан тууган качпайт. Калыңга берер малыңды камдай бер!

Ошентип экөө сөз бүтүрүштү, Байсары ызаат кылып Апсатарды оо бир топ жерге чейин узатып келди.

* * *

Ак Мактымдын чачын жууган күн өзүнчө бир салтанат, кыз чачы кудайдын пендеге берген бир көрсөтмөсү, олбурлуу жигиттин кулачы кенен кулачтаса кырк кулач келет. Чубалжыган узун тулум чач ак көбүктүү дайрада капкара болуп кыйла жерге чейин агып барат, таштан ташка чамынган тоо суусу кыз чачына кумарын кандыра албай бир жайкап өтөт да, ылдый шашып кайра жаңы суу үзүлбөй чачты сыйпап өтөт, кыздар кызыл-тазыл кийинип, Мактымдын чачын суу кыргагына чыгарып, айрандап жууп, кайра чубалтып сууга таштап, кайра чыгарып, кайра жууп, бир күн кечке убара, кыз Мактым болсо акелери жасап берген эгиздеги балаханага чыгып каткырып күлүп, ырдап жүргөн кыздарга тамаша сөз ыргытып, бети колуна эндик, кына коюу менен убара. Кыз чачына өзгөчө баёо балыктар куштар, чачты аралай сүзүп, тиштеп тартып, кыздар суудан чыгарып алса, кошо ыргып чыгып, оңуп калышат.

Кыз-келиндер ырдап, бири-бирине суу чачып, бири-бирин сууга түртүп, чач жууп атканын да унутуп, анан ары жак, бул жакты карап токой ичинен жан адам көрүнбөгөн соң көйнөктөрүн этинен алып ыргытып суу ичине чумкушат, Мактымдын чачтарына чалынып, балаханадан «жаным ийлеп» кыйкырганда чачын тебелеп алганын же бутуна кошо илип кеткенин билип, абайлап калат да, кайра жээкке чыгып, эки жагын каранып алып, бири-бирин кубалашып токой ичине кирип кетишет.

Азыр да Ак Мактымдын чачын жууп-тарап көчкө таярдап атат. Мактымдын ырабдайы мурдагыдай эмес, ооз учунан күлүп, ооз учунан ырдаган болот, антсе да кыздар жанын койбой Мактымды сөзгө тартып ырдатат.

Кыздар баары биригип Мактымды карап ырдап киришти:

Утургу тоодон ышкырган,
Уларың барбы, эжеке?
Ушунча мерген дегдеткен,
Кумарың барбы, эжеке?
Өйүзгү тоодон ышкырган,
Уларың барбы, эжеке?
Өзгөчө мерген дегдеткен,
Кумарың барбы, эжеке?

Кыздар кыткылыктап күлүп, токой ичин жаңыртып, ырларына Мактымдан жооп күтүп калат. Анан мукам, ажайып бир чырайлуу, назик, муңайым, жүрөктүн түпкүр таманынан чыккан үн менен Мактым кусалуу ырдай баштайт.

Алтындай болгон карааның,
Ай чыкканча карайын.
Ай чыкканда келбесең,
Оо, жигит,
Азабың тартып калайын.

Күн сыңары карааның,
Күн чыкканча карайын,
Күн чыкканда келбесең,
Оо, жигит,
Күйүтүң тартып калайын.

Мактымдын ырын кыздар улап кетишти:

Ай тийген тоодон алкынган,
Тулпарың барбы, эжеке?
Адамдын баарын дегдеткен,
Тумарың барбы, эжеке?
Күн тийген тоодон үн салган,
Күн-түнү тынбай сайраткан,
Зейнебиң барбы, эжеке?

Арытадан Баатырбектин келатканын балаханадагы Мактым биринчи көрдү. Келатышы башкача, шашып алган, жолго салбай, жолду кыскартып кесип өтөт. Кимдир бирөө:

– Кыздар Баатырбек аке келатат! – деди.

– Отунчу келатат!

– Апей ботом, жездебиз десеңер, – дешип кыздар кыраан-каткы күлүп, Баатырбектин алдын тороп, балаханага чыгарбай үймөлөктөп жан-алын койбой тосуп атышты.

– Ырдап бериңиз?!

– Эжебиздин көрүндүгүн бериңиз?!

– Кызга келген жигит ырдайт, ырдап кой, уул!

– Ырдаңыз, болбосо Мактымга чыгарбайбыз! – Кыздар биринен өтүп бири таандардай жабалактап чурулдашат. Баатырбек не кыларын билбей, ички муңун, эмелеки угуп келген сөзүн ырга оодарып, аванга келтирип төгүп кирди:

Кашың кара кундуздай,
Жаркырайсың жылдыздай.
Жазгы баар болгондо,
Бакка булбул конгондо,
Айткан сөзүң эстечи?..
Кудалап келип Апсатар,
Кулакка сөйкө салыптыр,
Колуңа алтын тагыптыр.
Унуттуңбу Ак Мактым,
Ак-Таштагы шерт-сөздү?
Турган жериң секиче
Кеп-сөзүбүз бекисе,
Отунчу деп чандыңбы?
Малы жок деп калдыңбы?

Баатырбектин ырынын маанисине, не деп атканын кыздар анча түшүнүшпөй, бири-бирин карашат, жоош жигиттин бу не деген жоругу деп таңыркашат.

– Жолун тоспогулачы? – Үстүнөн Мактымдын суранычынан кыздар тең жарыла берип, балахананын жолун ачышты.

– Ырың эмне, Баатыр?

– Эмне десең, ошо! Мени калыңга берер малы жок деп, колунан мал табуу келбейт деп табалаганыңбы? Апсатардын бүкүр үкөсү менден өйдө экен да?! – Баатырбек кадимкидей капаланып, ачуусунан өзүн араң карманып атты.

Баатырбектин сүрүнөн, анын ыраң-башынан сезгенишкен кыздар дарыя бойлой ылдый басышты.

– Ким?! Кимди айтасың?! – Мактым эмне кеп экенин түшүнбөй дендароо болду.

– Эч нерсе билбегенсип чочуганын.

– Чын эле эч нерсе билбейм.

– Мен сага тең эмесмин да…

– Кудай урсун түшүнсөм. Мындай бир түшүндүрүп айтчы?!

– Чынбы? Чын эле түшүнбөйсүңбү?!

– Чын, түшүнбөйм. Түшүндүрүп бер?

– Отунда Апсатардын кишилери менен чогуу болуп калдым, – Баатырбек Мактымды караса ал чын эле эч нерсе билбегенсип турган экен, анан өзүн токтотуп түшүндүрүп кирди. – Алар өздөрүнүн байы сенин атаңа барып, сага сөйкө-шакек салып келгенин, жакында иниси Ыбырай менен тоюңар болорун айтышты.

– Кантип эле?! Ишенбейм! – Мактым чын эле ал иштен кабары жок да. Ошентсе да чындыгы болуп калбасын деп ичинен шектенип турду. – Анан сен аларга эмне дедиң?!

– Эмне демек элем. Алган отунумдун баарын өрттөдүм да, тоонун башын алоолонтуп күйгүзүп кете бердим.

Ак Мактым кыздык наздануу менен жигиттин жибип келатканына эреркей:

– Баатырым, анык баатырсың да… Кантип эле мен убада-сөздөн танайын? Кантип эле мен сени таштап кетейин? – деди.

Анан экөө бири-бирин аяп, жакшы көрүп, кызганып тиктеп турушту.

– Билесиңби, Баатыр, биз жакында бул жерден көчкөнү жатабыз. Экөөбүз алысташып кетет окшойбуз, – Мактым ич күптүсүн Баатырбекке чыгарды.

– Кайда? Неге?

– Билбейм, акелерим жер оңутун байкап келишти. Качан көчөрүбүздү билбейм, иши кылып жакында. Ушундай болуп атат. Атам бир нерсени билип калган го?! – Кыз жигиттин көкүрөгүнө башын сүйөдү, Баатырбек не кыларын билбей ойлоп тапкан сөзүнө кудуңдай дароо айтты:

– Анда качалыбы?

– Кайда?

– Экөөбүз ээрчишебиз да, баш ооган тарапка кете беребиз. Кете беребиз… Кете беребиз…Кете беребиз…

– Карыганчабы?

– Карыганча. Балдарыбызды ээрчитип жер түгөнүп, Күн баткан жерге чейин кете беребиз.

– Күн чыккан жакка де?

– Мейли. Күн чыккан жак болсо, Күн чыккан жак болсун. Тезирээк таңды тособуз.

– Кыялкечим десе.

– Сулуум, Ак Мактымым. Убадага бек болчу, бир гана меники болчу! Башка эч кимдики, эч кимдики болбочу?! – Баатырбек кызганыч менен, берилүү менен ушинтти.

– Ишен, ишен! Мына менин убадама кепил болсун. – Мактым башынан бир тал чачты жулду да, анан түрүп-түрүп отуруп колуна чогултуп, сууга таштады. – Суудай тунук, чачтай көп бололу. Ушул бир тал чачым менен убада-сөзүмдү бекемдейин. Ушул убададан тайсам, ошол чачым кайра өзүмдү муунтсун… Жакындап калды күтө турчу, мен сеникимин да…

– Ырахмат, алтыным, ырахмат, чүрөгүм, ыраазымын! – Баатырбек Ак Мактымды өзүнө жакындатып баратты эле суу жээгинен кыздардын каздардай катарлашып бака-шака түшүп келатканын көзү чалып, тартынып туруп калды.

* * *

Жерден жер койбой, элден эл койбой басып, кырып, талап-тоноп келет бул калмак кошуну, барар жери, жетер чеги алыс, кургак жердин бүткөнүнө чейин жүрө беришмек. Буларга туруштук берер күч жок, кара таандай каптап келет, артынан өрттөлгөн жер, күйгөн токой, жаңы коюлган кабыр өкүрүк-өксүк, ый, арман, бели сынган ат, кузгунга жем болгон адам калат. Кек калат, ачуу калат, ыза калат, жесир калат, жетим калат, кошок калат… Аны менен иши жок калмак кошуну жерден жер көбөйтүп, элден элди басып, ашуудан ашуу өтүп, закымдан закымга алданып беттеген жагынан кайра тартар түрү жок алдынан чыккандын барып айпап, каршылашкандын баарын жайпап, жердин бетин канга боёп артынан кара түтүн чубалтып кетип барат…

* * *

Баатырбекке кепилдикке таштаган кырк кулач узун чач таштан ташка урунуп, айлампада тегеренип кайра агып, шаркыратмадан шаулдап созулуп түшүп, суу боюндагы кишилердин челегине илинбей, муздак суудан канганча шимирген жылкы жаныбардын оозуна кирип барбай аккандан агып, суу кыргагындагы адамдар менен, мал менен, токойлор менен, тоо менен, дарактар менен, түз менен иши жок, балыктар менен жарышып жүргөндөн жүрүп отуруп бир ташка кептелди да, чыга албай узун болуп чубалып, ылдый агып кете албай же үзүлүп тынбай ошол жерде туруп калды.

* * *

Түмөндөгөн калмак колу бул жерлерден кыйла кыйналып калды: түгөндү деп түтүнүн түрө чаап, малын кырып, аркы кырга чыкса дагы эки-үч боз үй, дагы чабат, дагы чабат, жылга менен жүрүшсө кырдан чыгат, кыр менен жүрүшсө, жылгадан чыгат, кошундун жолу арбыбай койду, суу чыккан жердин баарына коно берген бу элдин ушундай чачкындыгына таң калышты. Анан да же кудайды билбеген, же ханды билбеген бу жердин жигиттери ат үстүндө шамалдай жүрүп, кокту-койдон, ой-колоттон кырк-элүүдөн болуп чыга калып, кошундун бир чекесинен сүрүп кирип, кайра жок болушат. Тим эле ат үстүндө туулгансып, жылкы үстүндө куштай сызышат.

Бекарстан тайчи да, ноёндор да, кошуун да чарчап бүттү. Бекарстандын журтуна кайткысы келип калды, жашы да бир мынчага барды, жерин кеңитти, иниси Жансеректин көзү бышты, колго кадыры сиңди, ошого табыштайт да, калган өмүрүндө түштүгүнө жорго минип өткөргүсү келет. Бир күнү Айжаңтуң кызы көз ноёну тайчинин жанына келди:

– Тайчим, ушул жерге тыңчылар келип кеткенде бир кыз жөнүн айтышкан.

– Ии, кандай? Дагы эмненин башын кылтыйтканы турасың?

– О кыз жөнүндө тыңчылар шилекейин чуурутуп кеп кылышкан.

– Кандай кыз экен ал анчалык шилекейди агызган?

– Кыздын аты Ак Мактым сулуу дейт экен.

– Э, мактымдарды көрбөй жүрдүк беле? Ошолордун биридир!

– Жок, бул башкача кыз окшойт. Кырк кулач чачы бар?

– Кандай, кандай? Кырк кулач?!

– Ооба, паашам ошондой.

– Аны кайдан табабыз?

– Ушул жерде, тоолордун арасында, жаңак токоюнун ичиндеги муздак суу аккан дайрасы бар конушта турат экен.

– Анда, бүт кошунга жарлык кыл. Ошол кыз колго түшсө, колунан катуу кармабай, сугалактык кылбай, өзүмө тез алып келишсин!

* * *

Бекарстан тайчинин жардыгы бүт калмак кошунуна тарады:

– Калың калмак кошуну, Бекарстан тайчинин жардыгын уккула! Ушул кыргыз журтунда, тоолордун этегинде, бир жагында көк ирим көлү бар, бир жагында жаңак, мисте токою бар конушта пери десең пери, адам десең адам, ай тамактуу, алтын үндүү, кырк кулач өргөн чачы бар, миң делдеге алмашкыс башы бар, көргөндүн көзүн талыткан, шилекейди чуурутуп, оозду ачтырган ажайып сулуу Ак Мактым аттуу кыз жашайт. Таң эртеңки үрүлдө үр кыздарга кошулуп көлгө түшүп, душман белгиси болгондо үйүнөн чыгып, жаңак оюгуна жашынып уктайт деген каңшаар укканбыз. Ошол кызды табууга, колунан катуу кармабай, жаман сөз айтпай, ууру көз менен үңүлбөй тайчи алдына алып келүүгө жардык кылынат! Ким ушул ишти аткарып, ушунун өтөсүнө чыкса, ат башындай алтын таберик кылынып, элине кайтарылат! Тайчинин сөзү сөз, Кыз Мактымды тапкыла!

* * *

Бекарстандын кошуну жеткен жердин кызын олжолоп, жигиттерин тилсиз кул кылып, элди чаап, басып алган журттун туткундарына чеп-сепил курдуруп жан алакетке түшүп атышты. Дарыя боюнда азыр да иш кычаган. Алыстагы сепил-чепке барчу суу үчүн куур жасап, аны дарыя менен туташтырар күн. Туткун жигиттер муздак суу кечип, сөөгү какшаганга карабай, чоң таштарды алып бир жерден экинчи жерге жылдырып, куурдун оозунда сарыгып кетсин үчүн таштарды тизип жан алакетке түшүп иштеп атышат.

Кара бет калмак сакчы пайгамбар жашына барып калган чалды өзүнө чакырып, мобул ташты ал дегендей ишара кылды. Иштеп аткан туткундардан бөлүнүп келип тигил абышка сербейген сакалын бириндетип сылап, ташты ала берди эле таш ордунан жылбады, анан боюн түздөп туруп калды, аңгыча кара бет жигит чалды камчы менен жон талаштыра бир чапты, ансыз да денеси шишип көгөрүп турган абышка чыдабады көрүнөт, камчысын шарт колунан жулуп алып сууга ыргытты. Туткундар эс-учу чыгып, баштарын көтөргөн бойдон тигил экөөнү карап калды.

Аңгыча тигил кызыл бет сакчы башка сакчыларга бир нерсе деп чулдурады, башкалар чуркап келди да, бирөө абышканы жон талаштыра бир тепти, киши ташка чалынып түштү. Тигилер ташты көтөр дегендей белги берди, чал кайра ташты кучактады, ошондо кызыл бет көчүккө келтирип тепти эле, чал таштын үстүн баса жыгылып, оозунан кан куюлуп кетти да, турбай калды, анан сакчылардын экөө чалдын бири эки колунан, бири эки бутунан кармап суунун шарына таштады, абышканын денеси бир жок болуп кетти да, айлампада кыйла көрүнүп-көрүнбөй айланып туруп, кайра калкып суу үстүнө чыгып, төмөн карай агып жөнөдү, бир жигит башын өйдө кылып тура калды эле, ошол замат эле аны кайтарып турган сакчынын камчысы жонуна кызыл сызык сызып койду, тигил жигит ачуу менен өзүндөй ташты көтөрүп келип таштады эле суу башка бир сакчыга – иштетер адамы калбаган баягы кызыл бет сакчыга чачырады, ал не кыларын билбей бирдекелерди айтып сөгүнүп ары жылып кетти.

– Бекарстан тайчи келатат! Тайчи келатат! – Орсок тиш ноён буларга кыйкырып кабар кылды, сакчылар өздөрүн ырастап былк этпей калышты. Ары жактан шашыла баскан бир топ киши көрүндү, алардын ортосунда жашы токтолуп калган, тууралуу, олбурлуу, көздөрү бүтүгүй, жүрүшү шагдам, кош мүйүз түшүрүлгөн тулга сымал баш кийим кийген, кызыл көз тайчи келатты. Туткундар ишин токтоткон жок, көгөргөн балтырларын суу жайпап, үшүгөндөн не кылар айласын таба албай, тоокторчосунан бир буттап таштардын үстүнө тура калышат.

– Иш кандай, сакчылар? – Бекарстан өз кишилерине карады.

– Жакшы!

– Жакшы!

– Иштеп атабыз! – Жигиттери бир ооздон каардуу кол башчысынын оозун карашты.

– Иштеп атсаңар, мындай, жакын келгиле? – Бекарстан сакчыларды өзүн оротуп алып эч ким укпасын дегендей акырын айтты. – Силердин ишиңер тамамдап калды. Бүгүн түнү дарыя менен сепил-чеп куур аркылуу байланышат, суу барат. Эртең таңда туткундардан кыбыр эткен жан калбасын! Куур ушерден башталарын булар билип калышты, эми бул сырды эч ким жан кишиге чыгарбагандай болсун! Иш бүткөн соң сепилге суу баргандан кийин киши чаптырам, ошондо Ай баткандан кийин уу чылап тамак ичирип, моюндарына таш байлап, дайрага таштагыла! Тирүү эч ким калбасын! Кокус кийин сепилибизге суу барбай кала турган болсо, ошерде ушунда сакчылык кылган баарыңдын ичегиңерди сууруп ыргытам! – Бекарстан ушинтти да, жайкалган шар дайраны карап койду, ушул дайрадай шар эл багынбай жатканына кыжыры келди, тиги туткундарды көрүп андан бетер тиштенди, көк сакал карысынан тартып, жаш баласына чейин суу ичинде белине чейин түшүп алышып эртеден кечке иштей беришет, көгөрүп кетсе да качып чыгышпайт.

– Тайчим, тайчим, – төмөнүрөөктөн бир сакчы чуркап келатат. Колунда бир нерсеси бардай абайлап жүрөт.

– Не болду? Эмне дейсиң? Тынччылыкпы? – Кыйкырынган сакчыга тайчинин кыжыры келди. Тим эле энеси эгиз төрөгөнсүп чуркайт.

– Тайчим, мобуну көрүңүзчү? – Айнып калган сакчыбы купкурук колун көрсөтөт.

– Эмне? Аның эмне! – сакчынын колунан тайчи эчтекени көрө албады. Сакчы жакын келди.

– Мобуну көрдүңүзбү? – өрөпкүп кыйкырып сүйлөдү.

– Көрдүм, кыл го! Кыргыздын кылданган атынын кылы го?! – Тайчи ушунча кишинин алдында баркын төгүп аттын кылын алтын тапкансып көтөрүп келген тигил сакчысын кылыч менен тең бөлүп койгусу келди. Жакын келсин, азыр ошондой кылат.

– Кыл эмес, бул чач, өлчөдүм, кырк кулач чач экен?!

– Ким айтты чач деп?

– Тигинде мен иштетип аткан туткун чал айтты?

– Алып кел ошол чалды?! – сакчы чымын-куюн болуп тызылдап чуркап, чалга кол булгалап жөнөдү, ушул учурда Бекарстан орсок тиш ноёнуна чачты кулачтатты, ашык-кеми жок чач кырк кулач чыкты. Абышка сакалы куудай, көкүрөгүнө чейин төгүлгөн киши экен, арык буттары көкмөк болуп үшүп титиреп, жыгылып кетпей калчылдап араң турду.

– Бул эмне? – Тайчи абышкага кайрылды.

– Ч-ч… – Абышка титиреп сүйлөй албай, тиши жок мүлктөрү бири-бирине тийип калчылдап атты. – Сууга түшүрсөңүз булар калчылдабай калат?! – Орсок тиш ноён кол башчыга карады.

– Сууга түшүр! – сакчы куу сакал чалды сүйрөп барып сууга түшүрдү. Чын эле чалдын калчылдагы токтоп, жай ала түшкөнсүдү.

– Бул чачпы?

Чал ооба дегенсип башын ийкеди.

– Кимдики? – Бекарстан митаам көз караш менен көзүн чалга жылдырды. Чал унчукпады. – Мактымдыкыбы?

– Ооба. Жо-ок! Билбейм?! – чал калтырап эки анжы жооп берди. Ошол бойдон тигилердин сөзүн жоопсуз калтырды. Туткундар эңкейип таш көтөрүмүш болуп абышкадан көзүн алышпады. Бир убакта абышканын, туткундардын аксакалынын башы Бекарстандын чапкан кылычынан ыргып кетип сууга түшкөнүн, анан денеси башы жок, саамга токтоп туруп, Тайчинин үстүн канга боёп жыгылганын, көзү чекирейген баш сууда курдумга бир чөгүп алып, анан төмөндү карай аста каалгып агып кеткенин көрүп турушту.

– Сакчылар, баягы айткан сөздү аткаргыла! Кыз Мактым дайра боюнда экен. Кылданган зубун кошуун менен мен дайра боюн кыдырам! – деди да, Бекарстан артына бурулуп шагдам кадамын арбыштуу таштап сепилге карап жөнөп кетти.

* * *

Калмак киргенден кийин элдин тынчы кетип чачылганы-чачылып, ар ким өзү менен өзү болуп, мүрзөлөр көбөйгөндөн көбөйүп, карга-кузгундун күнү тууп, көмүлбөй калган киши өлүгүнө олчоюп отурушуп кардын кампайтып, жоголуп дайынсыз кеткени мындан көп, журт үстүн кара булут каптады.

Байсары малын айдап жайытка чыккан бойдон кайтпай калды, Апсатар да ошол кеткен бойдон кайра келбеди, Кыз Мактым эки агасы, сиңдиси менен жаңы журтуна көчүп, мал-алсыз, боз үйүн да тикелей албай үңкүр ичинде элден бөлүнүп жашап калды. Мактым бүгүн дайра боюна Айсулууну ээрчитип келди. Атасы дайынсыз кеткенден бери жакшылыкка ыроолоп башын жуубай ырымдайт, бүгүн ал кургак тарап алганы, чатыштарын жазып, жок дегенде жүдөөсүн бир аз жазып койгону токой ичиндеги дөңсөөгө келди, баягыдай шаң кайда, жанында Айсулуудан башка эч ким жок. Экөөлөп шашып-бушуп чачын тарап атты.

– Мактым?! Мактым?! – агасынын үнүнөн Мактым кысылып, коомайланып калды. Караса, эки агасы – Айталы менен Малсары жакын келип калыптыр. Мактым чочуп кетти. Жөнчүлүктө келбейт эле, бир балээ болгон го деп ою жамандыкты алды.

– Эмне болду, акелер, тынччылыкпы?

– Биз ууга баратабыз, – деди Малсары.

– Кайда? Бейубак чыгыпсыздар го?! – Мактым тигилердин тамаша-чындап айтып атканын ажырата албай сурады.

– Уунун убагына карабай калдык, калмактар кырып койду, үйдө тишке урунар эчтекебиз калбады. Атабызды азалайбыз деп отура берсек, тырайып өлүп калгыдайбыз. – Айталы улуулук кылып капалуу сүйлөдү.

Мактым булардын чын эле кетип баратканына эми ишенгендей:

– Барбай эле койгулачы, коогалаң болуп турат, алда эмне болуп кетет… – деп андан ары айта албай калды.

– Койчу, Мактым, мынчалык эмне болду? – Малсары карындашын жайлантып жубатууга аракет кылды.

– Эртеден бери жүрөгүм элеп-желеп болуп бир жамандыкты туюп атат, бирдеке болуп кетпесин, барбагылачы?

– Койсоңчу, эмнени айтасың? – Малсары дале тоготпойт.

– Сага кийик атып келебиз, ээ, Айсулуу? – Айталы Айсулууга карап жылмайып коюп, жонундагы ак бараңын оңдонуп жолуна түштү. Артынан Малсары ээрчиди. Алар жалгыз аяк жол менен Күрөбөс тоону беттеп салганда Мактым түндөтөн бери түпөйүл кылган, бир күндө чыкый чачтарынын учун агарткан санаасын төгүп кирди.

Түндө бир жатып түш көрдүм, аке,
Түшүмдө мүшкүл иш көрдүм, аке,
Бул түшүм менин корккон түш, аке,
Жүрөгүм сезип болгон түш, аке,
Кызыл бир кыян сел көрдүм, аке,
Кызарып аккан тал көрдүм, аке,
Кызыл бир байрак эл көрдүм, аке,
Кылкылдаган жоо көрдүм, аке,
Тосмо бир, тосмо жол көрдүм, аке,
Тосмологон эл көрдүм, аке,
Тааныбаган эр көрдүм, аке,
Топтошуп жүргөн эл көрдүм, аке,
Канжыгадан баш көрдүм, аке,
Кара бир көздөн жаш көрдүм, аке,
Желбирей желбир жел келет, аке,
Желбиреген туу келет, аке,
Көзүмө бир жаман көрүнөт, аке,
Жер жайнаган эл келет, аке,
Карайып аккан сел келет, аке
Кара бир кочкул кан көрдүм, аке,
Канжыгада баш көрдүм, аке,
Карайып баскан эл келет, аке,

Мактымдын созолонгон муңдуу добушу кыйла жерге ботосун жоктоп боздогон каймалдын үнүндөй угулуп, арманы да, атасына айткан кошогу да, кимдир бирөөгө болгон кусалыгы, сагынычы да ушунда айтылып аткансыды. Агалары шарт токтоп Кыз Мактымдын созолонгон армандуу муңканышын эшитип туруп калышты. Алдыга жылышка да, артка бурулушка да дарман жок, эки агасы молодой катып, не кылар айласын ичтеринен ойлошуп, ууга кетейин десе Мактымдын боздоосу алдыга жылдырбай, калайын дешсе, ачкалыгы жанга батып, анын үстүнө уучулуктун жолдон кайтпаган насил-наркынан аттап кете албай селейип турушту да, боорукер, ишенчээк, баёо Малсарыга биринчи жан кирди:

– Калалычы, аке, анда. Мактымдын түшү жакшылыктын белгиси эмес, башка күнү баралы?..

Ээлигип алган Айталы:

– Ээ, түшкө не кирбейт?! Түшүңдү ырымдаба?! Түшүң түлкүнүн богу!? Табирчини тапкан экенсиңер. Кеттик, Малсары?! – Ушинтти да артын карабай жолун улантты.

Мактым шагы сынганга капа болуп акелерин саартан берки бушайман сөзүн укпаганга көзүнө жаш келип буулуга түштү, Малсары токтоп, бир-эки кадам бери басып:

– Капа болбочу, Мактым? Акемди билесиң, ууга бир жөнөсө өлтүрсөң да калбайт. Мен жолдон кайтарууга чыгынып көрөйүн. Өзүбүз дале алыс кетпейбиз. Мынабул Күрөбөс тоонун берки этегинен эле колго тийгенин атып келе калабыз. Көп болсо үч күн. Кайыр, Мактым?.. Кайыр, Айсулуу?.. – деп коюп агасынын артынан ал да жөнөп кетти.

Агалары кеткенден кийин Мактымдын санаасы санга бөлүнүп, өзүнчө бул кылыгын ичтен айыптап, жакшылыкка жоруп, жаман нерсени ойлобоюн десе да ойлор биринен сала бири келе берди. Бир туруп атасын мал-алы менен Карымбайчасынан жер жутуп, а атасы как кыямат кайымга чейин ошол малын айдап бара бере тургандай, кыйналып-кысталып кой, уй, жылкы, эчкинин артынан сандалып кетип аткан болуп элеси келе калат да, анан ал элес жок болуп, эки акеси Күрөбөс тоодо калмактын колуна түшүп айдалып бараткандай сезилет, бир туруп эки агасын эки килейген илбирс аңдып жаткандай селт эте чочуп алат, анан көптөн бери өлүү-тирүүсү дайынсыз Баатырбек мойнуна золу салынып каяккадыр бир жакка айдалып кетип бараткандай болот, дагы башка элестери биринин артынан бири келип, Кыз Мактымдын чач тараганы да убайым менен кошулуп, колундагы буюмдары түшө берип, не кылып атканын өзү дурус аңдабай делбе болгон кишидей карбаластай берди. Күн бешимден ооганда биринчи Айсулуу кыйкырды:

– Эже, караңызчы, тигинде кара таандай жылып келаткан эмне? Кыз Мактым сиңдиси көрсөткөн жакты карап карбаластап калды:

– Айланайын, Айсулуу, түшүм ушул беле?! Сен кач, тез чуркап акелериңе жет. Күрөбөс тоонун күн чыгышына бар, акелеп кыйкыр?! Жүгүр, тез?! Таап кел! Баягы токой ичиндеги далдоо жол менен жүр. Анан түн киргизип үңкүргө келгиле?! Мен да жашырынып отуруп, түн түшөрү менен үңкүргө барам.

Айсулуу чуркаган бойдон элеңдеп элик көзүн бакырайтып жөнөп кетти. Шашкалактап Кыз Мактым чачтарын түрүп чогултуп, этине ороп байлап, жигиттик кийимин кийип, туулгасын оңдонуп эми жөнөй берерде чачы жазылып Тайгүрөң аты мүдүрүлүп, жаныбар жылкы көмкөрөсүнөн кулайт. Ашпаш дегиче калмактын тыңчыларынан төрт жигит келип калат. Мактым Тайгүрөңдү жыккан жазылып кеткен чачын кайра жыйнап киргенче жигиттер кылычташып, кыздын шаштын алат, кыз төртөөнү эптеп алаксытып, кылычташса кылычташып чачын белине ороп Тайгүрөңдү алкынтып кайра жөнөй берерде дүңгүрөгөн көп кол менен тайчи ороп калат. Бекарстан айланып келип Ак Мактымды көрүп куштарланып, кыздын сулуулугуна кумар болуп чын эле эл айткандай арзыса болор ургаачы экенине көзү жетти. Кыздын сулуулугуна там бере кайра-кайра карады.

– Түзүк, түзүк, издеткенче бар экенсиң, Ак Мактым сулуу, – деди да кызга жакын келип колундагы баягы бир тал чачты көрсөтүп:

– Мобуну тааныйсыңбы? – деп кайрылды.

Мактым тиштенип туруп өзүнүн тулум чачын тааныды, кызыл көз тайчини теше тиктеп ошол чачы менен бууп өлтүргүсү келди, анан койнундагы катылуу канжарын эстеп, колун шарт койнуна салды да, канжарды алып туруп тайчини урарда сезип калган кыйты кол башчы кыздын назик колунан катуу кыса кармады эле, канжар ыргып түшүп жерге сайылып калды.

– Иттер, жойлогон түлкүлөр! – Мактым каарданып кыйкырды.

– Мейманды ушинтип тососуңбу? – Бекарстан калп эле жойпулана сүйлөдү.

– Мейманды ким чакырды?

– Сиз. Сизге окшогон сулуулар. – Тайчи күлүмүш этти.

– Менин көрөйүн деген көзүм жок, баскынчылар!

– Көзүңдү бар кылабыз, ургаачым. Биз деген жигитпиз!

– Жигит болбой жерге кир!

Ары жактан Айдар көкүл ноёну Бекарстанга жакын келди:

– Айтпадым беле, сизге ылайык деп… Менин сүйүнчүлөгөнүм үчүн…

– Ал бирдеке деп келатты эле, тайчи:

– Шилекейиңди тарт, аңги! – деп камчысы менен уруп жиберди.

– Алып бар муну желдет, мууздап сал, Мактымдын ырымы болсун! Желдет тайчинин ишенген Айдар көкүл ноёонун эки жигитке бастырып алып койчосунан муздап таштады, таштын үстүн кан жая берди, бая ушул таштын үстүндө Айсулуу ташканак ойноп атпады беле? Эми кан жайып жатат, Мактым не кыларын билбей нес болуп жыгылайын деп араң-араң карманып турат, муундары калтырап-титиреп атты.

– Көрдүңбү, сен үчүн эң жакшы ноёонум, силер мусулмандар айткандай кудайдын жолуна кудайы болду, – деп кызыл көздөрүн Мактымга тигиле ууртунан күлүмүш болуп, каштарын оймойто чоюп койду. Ошол күнү жайнаган калмак кошуну ой-түздүн баарынан чогулуп аскер жыйналышын өткөрүп, ага каканы (какан – аким, улук) менен кантажысы (кантажы – аскер, кол башчы), жымпаң (жымпаң – абак, түрмө) башчы менен дуңгучу (дуңчу – тилмеч, котормочу) келди. Кол башчы Бекарстан сүйлөдү:

– Көп калмак кошууну – ааламдын эң ыйык, эң күчтүү адамдары уккула! Силер менен кыйла жер, кыйла элди караттык, мен чарчап бүттүм! Мындан кийин кошуун башчылыкты иним Жансерекке табыштайм! Силерди кургак жер түгөнгүчө, Күндүн батар уясына чейин баштап барар жеңерман башчыңар бүгүндөн баштап Жансерек! Жансеректин айтканы – айткан, дегени – деген! Жансерек калмак кошунунун кол башчысы болду! – Ушинтти да ал өзү урунуп жүргөн оор кылычын – канча бир адамдын башын жула чапкан, колун шылый койгон, кардын жарып чыккан кандуу кылычты инисине кош колдоп сунду, анысы агасынын кылычын алды да, чөгөлөп туруп болот кылычтын мизине эриндерин тийгизип ант берди. Көпчүлүк кыйкырып атты:

– Жабуу!

– Жабуу!

– Жабуу!

– Жансерек!

– Жансерек!

Бекарстан ызы-чууга түшүп, иниси Жансеректин атын ураан кылып кыйкырып аткан учу-түбү көрүнбөгөн кылкылдаган көп колду көрүп ичи элжиреп турду, бир кезде – мындан жыйырма жыл абал, өзү да ушинтип кылыч өөп ант кылган, андан бери бу кол канча көбөйдү, жеңген жердин жигиттеринин баарын өздөрүнө кошуп келатат, самсыган көпчүлүккө тең келер күч калбай калды окшойт, анан да басып алган жерлерде калтырылган кол күчүчү, жазайылдарчы, төө мылтыктарычы, түмөн-түмөн кошун топтолду.

Ушундайда уруштан кетип атканы бир чети алаам кылса, бир чети туурадай көрүндү, эми жаштар согушсун, карыр алдында бутту узун сунуп жатсын.

– Мен өз элиме кайтам, – деди Бекарстан инисине, – Мактым сулууну, мени жеткирер тандама колду, арабаларды бул жердин тартуулары менен кошо саздаттыр. Ишиңе, улуу жүрүшүңө оомат тилейм! Жер үстүндө калмак кошунуна тең келер күч жок, мындан кийин да болбойт! Кыямат күнгө чейин ааламды биз терметебиз! Кош, иним, кылычың кандуу, жүрөгүң жалдуу, көзүңөткүр, сөзүңөктөм болсун! Жеңил жүрүп, элиңе оор кайт!

– Ишенимиңизге ырахмат! Жер түгөнүп, Куш уясына дейре элдин баарын талап, ордобузга ташый беребиз! Сиздин кандуу кылычыңызды дат бастырбайм! – Жансерек бүт бийлик өзүнө өткөнгө жетине албай кубанып, агасын не деп алкарын билбей атты…

* * *

Калмак кошуну жүрүшүн улантты. «Бекарстандап» ураан чакырган көпчүлүк Жансеректин атын айтып, «Жансеректеп» ураан чакырып, Күн батышты беттеп жол алды. Үлпүлдөгөн саябандуу наапа араба жасап Ак Мактымга алып келди.

– Келиңиз, отуруңуз? – Бекарстан тайчи менен кетчү орсок тиш ноён кыздан суранды. – Биз оорукка кетебиз.

Мактым унчукпай, турган жеринде катып тура берди. Зордуктап көтөрүп салыштан, же катуу урушуудан ноён тайчиден айбыкты, мынтип кетип атканда кол башчы Айдар көкүл ноёндун күнүн салып койсо жаман да. Акыры арабага отургузууга Бекарстан өзү келди, ансыз да ал Мактымды шынаарлап эле андан чыга албай, узап кете албай имерчиктеп аткан.

– Чыгыңыз, Ак Мактым сулуу, барар жерибиз узак жол, эрмектешип кетебиз?

Мактым башын көтөрүп, үч күндөн бери биринчи сөз катты:

– Мага шамшарыңды бер?!

– Эмне кыласың, чүрөгүм?

– Өлүгүм өз жеримде калсын!

– Сага шамшар кармаш жарашпайт, сен кытай шайы кийип, пар жаздыкта шарап ичип, шапар тээп жатышың керек. Экөөбүзгө башка нерсенин кереги жок. Биз иштерин иштеп, жасарыбызды жасап бүттүк! Чык арабага?!

Мактым дале өз ыктыяры менен чыкпай, мелтиреп тура берди.

– Чык, биз зордобойлу, олжо кызга окшобой, жыргар жериңе өзүң отуруп бар!

Мактым дале чыкпады. Акыры аргасы түгөнгөн Бекарстан зордуктап отургузду да, араба жүрүшүн тездетип, кыз көз жашын төгүп Ата Журттан алыстап баратты.

Ак Мактымдын көз алдында балалыгы өткөн тоо-таш, токой, дарыя бою, мистезарлар, жаңактар калып атты. Ана Күрөбөс тоо шаңкайып күнгө аппак кары жалтырап улам алыстап калып, кичирейип кетип жаткансыйт. Күрөбөс тоодон эки агасынын, сиңдисинин элеси чыга калды. Мактымдын ичинен буулуккан үн чыкты:

Оюма келбес калмактын, аке,
Колунда кетип баратам, аке,
Жаз жайлооңду айтып кой, аке,
Жазында качсам табайын, аке,
Күз күздөөңдү айтып кой, аке,
Күзүндө качсам барайын, аке,
Кыш кыштооңду айтып кой, аке,
Кышында таап алайын, аке.

Аска жаңырыгына аралаш Айталы акесинин үнү болор-болбос угулду:

Жазында жайлар Жалпак-Таш, Мактым,
Жазында качсаң, шондон тап, Мактым,
Күзүндө күздөр Күрөбөс, Мактым,
Күзүндө качсаң, шондон тап, Мактым.
Кышында кыштар Кызыл-Таш, Мактым,
Кышында качсаң, шондон тап, Мактым.

Айталынын элеси акырындап-акырындап отуруп, үнү угулбай өзү да жок болуп кетти да, Малсары келе калды көзүнө, анан кичи акесинин ый аралаш үнү эшитилди:

Кабарыңды кеч алып, Мактым,
Карбаластап биз калып, Мактым,
Үңкүргө келсек, үнүң жок, Мактым,
Үн берчү сулуу өзүң жок, Мактым,
Канатыбыз кайрылды, Мактым,
Тирүүлөй сенден айрылдык, Мактым.

Малсары да ыйламсырай жок болду. Эми Күрөбөс тоодо чачтары жазылган жылаңайлак тызылдап чуркаган сиңдиси Айсулуу көрүндү, ал ыйлап алган, коркуп өңү купкуу:

Калмактар салып чуулган, эже,
Арманың бизге угулбай, эже,
Күйүгүп келсек кийиктей болуп,
Кийитиң турат, өзүң жок, эже,
Капкара бир кан көрдүм, эже,
Калмактан жерде баш көрдүм, эже
Көзүңөн аккан жаш көрдүм, эже,
Күнгө кеткен кол көрдүм, эже,
Балаханаң бош көрдүм, эже,
Тирүүбү, өлүү билбедим, эже,
Жазылган чачыңөрбөдүм, эже…

Мактым эсинен чочуп:

– Айсулуу! Ай-су-луу! – деп катуу кыйкырып алды. Жанында кетип аткан сакчылар, тайчи, арабакеч баары эстери ооп Мактымды карап калды, ал жинди болгон немедей атырылып, чачтарын жазып, жакын келген кишини ургулап, колуна тийген нерсени ыргытып, өзүн өзү муунтуп, башын колдору менен түрткүлөп, чачтарын тарткылап делбе болуп кетти:

– Байлап таштагыла, акмак канчыкты! – деди да Бекарстан өзүнүн асемделүү атын минип алыстан Мактымдын чүмбөт арабасына көз кырын салып жерине кетип атты…

Булардын артынан бая Мактым колго түшкөндөн бери калбай ээрчип жүргөн Тайгүрөң ат чылбырын сүйрөп Мактымдын арабасынан узабай башын жерге салып азалуу немедей келе берди.

* * *

Кыз Мактым туткун Мактым аталып бөтөн эл, бөтөн жерде Бекарстандын аялы болуп жашап калды. Түнү түшүнөн, күндүз оюнан өскөн жери, бир туугандары, балалыгы кетпей койду, айла барбы күн күнгө алмашып, ай айга толуп, жыл жылга кезек берип качайын десе кача албай, кайтаруусунан кете албай, ичкени ирим, жегени желим болуп санаа кырк кулач чачын акка боёп, бетине тырыш чиймелеп, өлбөстүн күнүн өткөрүп атты. Апсайган арстандай кызыл көз, суйдаң сакал Бекарс­тан шарапка кызып келип, күндүз кечке уучулуктан, гаремден бошобой түнү келип бышылдап доңуз окшоп Мактымдын жанында бир колуна анын чачын ороп, бир колуна көкүрөгүндөгү кош дөңдүн бирин мыжыга кармап уктайт, башкадан жазса да тайчи ошентип укташтан жазбайт, канча жолу Мактым качайын деди, канча жолу Бекарстан ойгонуп аны качырбай уштады. Ошентип жүрүп эгиз уулдуу болушту.

* * *

Бекарстандын гареми.

Бу чөлкөмдүн туш тарабынан алынып келинген кыздар үлбүрөгөн жупжука дүрдүң-дүрүйө кийимдерди кийип алып бийлеп атышат, мындай бийдин ыргагына маашырланып ичимдиктин кайфин сүрүштү тайчи басып алган жерлеринин хандарынан жана акимдеринен үйрөнгөн. Ал тамашага батып, акырын кыздардын кыймылына көз салып, ичтен жашы өтүп күч-кубаттан калып баратканына, ушул кыздар менен жетелешип кете албай турганына тиштенип, кантсе да ушинтип көрүп тургандын өзүнө канаат кылып, напсин ургаачылардын назик денесине агытып шилекейин куюлтуп, өзү тойгон менен көзү сугалактык кылып карап атты. Кыздар ансайын бу абышка болуп бараткан бир кездеги каруу­күчтүү кызыл көз кол башчыны табалагандай жакын келишип, суйдаң сакалдарын кармалашып, беттерине беттерин тийгизишип, колундагы ичимдигинен ууртап татышып, ансыз да тили салаңдап сөөктөн үмүт кылган итчесинен үмүт чиркинин үзө албай турган чалдын ичин өрттөшөт.

Сырттан баягы Орсок тиш ноёну чуркап келди да тайчиге ийилип, таазим кылып:

– Урматтуу улуу тайчим, ат чабыш бүттү, – деди. Ырасында эле эки күндөн бери ат чабыш болуп атканын эстен да чыгарып коюптур.

– Ии, кайсыл ат чыкты? Бексаргылбы же Чынсаргылбы?

– Жок, андай болбой калды, алдаяр тайчим.

– Анан кимдин аты чыкты?

– Сиздин кыргыз аялыңыз Мактымдын аты алдына ат салдырбай келди?

Бекарстан көзүн ачып, өзүн өзү токтотуп алды:

– Кыргыздын аты чыктыбы? Кыргыз… Кыргыз… Чаңтуунун (чаңтуу – мусулман деген мааниде) кызына көрсөтөм мен. – Тайчи тиштенип, ачуусу келип, бир кыйла ойлонуп туруп сөзүн улады.

– Ал катын эмес, олжодон келген олжоке ал, туткундан келген туюке ал можур (можур – келгин деген мааниде) ит. Катын башы менен байгеге ат кошот деген эмнеси?! Байгеге ат кошуп марага чыгуу катындын кылар иши эмес! Кыргындан келген кызтеке кутурган экен! Эрсиреген кулжакейдин атын кармап, кулагын жулуп, жал-куйругун кесип таштагыла! Өзүн мага алып келгиле?!

Орсок тиш ноён кудуңдаган бойдон чыгып кетти, булардын да, тайчинин да иниси Чынарстан баш болуп көз арткандары Мактым. Кандай сулуу, адамдан башка жаралган, бир көрүп алыш деген өзү канчага турат, аны тайчи да билет, элге кошпойт, өз үйүнөн чыгарбайт, Мактымдын көргөн күнү бир гана төшөк.

Бекарстандын алдына Мактымды алып келди. Баягы Мактым эмес, тайчиге шарт-шурт басып, кыргыздар кийчү жоо кийимин кийип, кылыч асып, чачын белине ороп байлап алыптыр, куду илгери олжого түшкөн кезиндегидей. Бекарстан таң кала карады, ыйлаш менен тултуюштан башканы билбеген кыргыз аялы бүгүн не болуп калган.

– Бу кандай, Мактымым, эркек кылар иш кылып, байгеге ат кошуп жүрөсүң. Сенде намыс жокпу, сен деген улуу Бекарстан тайчинин аялысың. Ушуну билесиңби?!

– Билбейм!

– Анан эмнени билесиң?!

– Жерим – кыргыз, элим – кыргыз, журтум – кыргыз, дилим – кыргыз. – Бекарстанга бирге жашаган күндөн бери ачылып бир сүйлөбөгөн, адамча тике карабаган Мактым бүгүн башкача болуп сиркеси суу көтөрбөй, чечкиндүү карап сүйлөнүп атты. Акыры ушул сулууну сүйлөтөм деп тайчи канча убараланганда дудуктан бетер унчукпай койчу эмес беле? Эми мынтип, нонок деп жүргөнү дарт десе, балээ деп…

– Дагы эмнени билесиң?

– Башка эч нерсени билбейм!

– Сен олжо кыз экениңди, сени мен буйлалап жоодон алып келгенимди, таман астыма тебелеп, кулак кести кул кылсам да өз эрким экенин билбейсиңби?! Кааласам мен сени базарга сатам, кааласам сени жакшы көрүп сени талашкан иниме же башка бирөөгө өткөрүп берем! Айт чыныңды, эмне үчүн ат коштуң!? Мен Тайгүрөң атыңдын жонун жоор, бутун аксак кылып койбодум беле?!

– Ооба! Сен экөөбүздү тең ошенткенсиң! Асыл чаңда жатса да, асыл бойдон калат да! Менин Тайгүрөңүм ошондой асыл мал экен?!

– Аа, ошондой бекен?! Тултуңдабай туурасын айт! Эмне үчүн байгеге ат коштуң?! – Бекарстан сакалдарын сербейтип, көзүнүн каары көрүнүп эми чындап кыйкырыгына күчүн чыгарып атты.

– Айт дейм?!

– Көрөйүн дедим.

– Эмнени?

– Күндө күрүч жеген силердин атыңар мыкты бекен же жонунан жоору кетпеген менин атым мыкты бекен.

– Көрдүңбү анан?!

– Көрдүм!

– Менин намысыма тийгени кылдың бул ишти, мени уятка калтыруу үчүн ат агыттың!

– Ооба, ошенттим. Элим күчсүз болуп, бириге албай чачылып-төгүлүп, өзүм колго түшүп, сага туткун болдум, мени зордоп алып келип, зордоп катын кылып, бала көрдүң. Балдарымдын атын мен Асан, Үсөн коёлу десем, сен көнбөй Чин менен Хун койдуң. Капастагы куштай арманым айтып күндө ыйладым, андан пайда таппадым. Акыры байгеге мени ээрчип келген Тайгүрөң атымды коштум. Менин эли-жеримен ушул ат гана эстелик болуп жанда жүрөт, ошол ат болбогондо, ошого ылым санабаганда, арманымды кулагына айтып, күлдөбөгө барып, Тайгүрөңгө ыйлап-ыйлап албаганда мен да уу ичип өлөт элем. Ушул атты байгеде ырымы кылдым, жакшылыкка жорудум, чыгып берди жаныбарым. Мен сенин маскараңды калмак журтунун баарына чыгардым.

– Тарт тилиңди, канчык! Сени Чынарстан келгенде чачыңды жулуп, ошого тапшырбасам!… Өзүмдүн колум барбай турат!..

– Чын элеби?! Койсоңчу?! Ал кол эмнелерге гана барбаган!..

– Кантип бир канчыкты өлтүрүүгө барбай калсын! – Бу жоош, тилсиз аялынын мындай кылыгына тайчи чыдабай баратты:

– Чыгып кет! Жогол! Көзүмө көрүнбө!

Мактым аста басып, өзүнүн айтып алган сөздөрүнө өзүнчө ыраазы болгон таризде артка бурулуп да карабай, көздөрү кыпкызыл болуп турган күйөөсүн тиктебей чыгып кетти.

* * *

Уктоочу канаасында калың төшөктө Ак Мактым сунала жатат. Сулуулук деген канчалык болсо адамда кала берет турбайбы. Уктап жатканда ууртунда жылмаюусу, жаздыкка төгүлүп, андан жерде узун чубалып жаткан чачы, жумулган көздөрү, кирпиктери, аппак койкойгон ак куу мойну, көкүрөктөрү… Анын жанында суйдаң сакалдуу, беттерин небак тырыш аралап, өмүр бою ат үстүндө жүргөнгө белдери бүкүрөйүп калган кызыл көз Бекарстан уйкусуз жатат. Адатынча бир колуна Мактымдын бир чачын ороп, бир колу менен эмчегин кармап жанындагы олжодон тапкан келинге жакындай албай, белинен суусу качканга ызасын кимден чыгарарын билбей буулуга бул сулууну эртең эле иниси Чынарстанга өткөрүп бергиси бар, анан кайра бул оюнан айнып ушинтип жанында жата бергиси келет.

Көптөн бери Жансерегинен дайын жок, же өлүүсү, же тирүүсү белгисиз, кошундан көп жигиттер качып келишти, алардын айтуусунда бир жерде катуу кыргынга учурашыптыр. Эми көрөр күнү не болот? Ошол кыргындан бу кошундун бели кайра түзөлүп, кайра урушкан баягыдай дүң менен кире алабы? Бул жакта да урушка кирер эркек тана калбады. Ушуларды ойлоп отуруп Бекарстан кеч уктады. Адатынча коңуругун тартып, шараптын күчүнөн бадандары жибип көшүлүп кетип, анан адатынча коңурукту баштады. Ак Мактым түш көрдү. Түшүндө илгерки өткөн бир күн экен. Айылында жүрөт. Кыздар тегеректеп алып чачын жууп атат. Асманда Ай эмес эле Баатырбек отурат, таарынгансып тескери карап алыптыр, токой баары кыйылып, ордуна таштар жайнап кетиптир, аңгыча эле бирөөлөр кыйкырып ызы-чууга түшүп таштарга от коюп өрттөп келатат, таштар алоолонуп күйөт, кыздар топтолуп алып кошок кошот, бирөө «Манас» айтат. Чочуп ойгонуп кетти. Жанында Бекарстан коңурук тартып уктап атат. Мактым кайра көзүн жумду, уйку-соонун арасында көз алдына акырын тыкылдап басып Тайгүрөң келди.

Тайгүрөң Мактымдын башына келип, кесилген сопол куйругун чычайтып, көзүнөн шоро жашын агызып, муңканган үнү менен шыбырап кирди:

Ала-Тоо кайда, эл кайда, Мактым,
Ак калпак кийген эр кайда, Мактым,
Кулун чак кайда, көрүнбөс жайда,
Көк шиберлүү жер кайда, Мактым,
Көк иримдүү көл кайда Мактым,
Белес-белес кырды ашып, Мактым,
Бел туткун элге кетели, Мактым,
Ашуу-ашуу кырды ашып, Мактым,
Алтыным элге кетели, Мактым,
Адыр-адыр кырды ашып, Мактым,
Армандуу элге кетели, Мактым,
Көзүңдү ачып ойгончу, Мактым,
Кыз чагыңды ойлочу, Мактым,
Эсиңе келип ойгончу, Мактым,
Элиң жакты ойлочу, Мактым,
Туруп бир эстеп ойгончу, Мактым
Туулган жерди ойлочу, Мактым,
Сен кетпесең, мен кетем, Мактым,
Жал-куйруктан айрылып, Мактым,
Сопол болуп арыдым, Мактым,
Кезегим жетип карыдым, Мактым,
Сен кетпесең, мен кетем, Мактым,
Мен жеримди сагындым, Мактым,
Мен элимди сагындым, Мактым.

Тайгүрөңдүн шыбыры акырын узап, карааны да көрүнбөй, көзүнөн элеси күңүрттөнүп алыстап баратты. Ал ошол бойдон кетип кала тургансып, Мактым не кыларын билбей атына жалынып кирди:

Түлкү бир жүрбөс түнөк жол
Түндөп келдим арман күч.
Түшүмө кирбес калмактын,
Колуна түштүм арман күч.
Карышкыр жүрбөс караан жол,
Капталып калдым арман күч.
Кашыма келбес калмактын,
Колуна түштүм арман күч.
Бул алжыган калмактын,
Адамга сыяр кеби жок,
Атка минсе эби жок.
Армандуу өткөн жан болдум,
Алымды сурар киши жок,
Алышып ойнор теңим жок.
Ала-Тоо кайда, жер кайда?
Айтпай кыргыз эл кайда?
Кулаалы деген куш болдум,
Кудай кылды кыз болдум.
Калмактан көрүп кордукту,
Куруган Мактым мыш болдум.
Жарганат деген куш болдум,
Жаратып кудай кыз болдум,
Жабыр тарттым жашыман,
Жалпы журтка мыш болдум.

Мактымдын ый аралаш айткандарын Тайгүрөң уккансып туруп калды, ал да же каларын, же кетерин билбей көзүнөн жашын куюлтуп бир кыйла башын жерден көтөрбөй не айтарын билбей тура берди. Мактым кайра тигил атты биротоло таштап кете тургансып жалынып кирди:

– Тайгүрөң?! Тайгүрөң?! Мени ала кет!? Жаңак-мистеге толгон, мергенчилик кылып кумардан канган жеримди сагындым… Балыгы көккө ыргып, шылдырап мөңгү жыттанган көк кашка дайра суусун сагындым… Көчүп-конуп ат жалында күн өтчү, жайлоодон жайлоо тандаган, көчкө кошо жигиттери жандаган көчмөндүк күндөрдү сагындым… Тоодон чыгып, тоого батчу толгон Айды сагындым… Ай жарыгындагы акчөлмөктү сагындым… Уларлуу тоодон шыралгалуу кайтчу эки акемди сагындым… Жанда жүргөн медерим, бакыракай элик көз сиңдим Айсулууну сагындым… Суу боюнда тизилип, каркырадай чурулдап ыр менен кечти киргизчү теңтуштарымды сагындым… Кумарына куштарлантар, жүрөгүндө оту бар, көздөрүнөн нур чачкан, илебинин ысыгы өмүр бою өчпөгөн Баатырбекти сагындым…

Эркиндикти, каалаган жакка кетүүчү, каалаганды жасоочу, эркин күн сени сагындым… Ала кетчи, Тайгүрөң, ала кетчи тулпарым?.. Ала кетчи?!

– Токточу Мактым, мен баягы Тайгүрөңүң эмесмин. Учкан куш менен теңтайлашар алым калбады. Мени түгөтүп бүттү. Кабырга-сөөгүм каржайып араң калдым.

– Анда эмне качалы дейсиң, колго түшсө не болот?

– Коркосуңбу?! Сен анда качпай эле кой? Жашай бер ушинтип! Мен бетегеси белге жеткен, булак суусу дартка даба болор, үйүр-үйүр жылкылары кишенеп оттоп сайран курган, чарчабай Куяш нуру башкача мээрим төкчү, кишилери ат кадырына жетчү кулун кез өткөн жериме барып өлөйүн!

– Жо-жок! Жок! Тайгүрөң, мени ала кет! Мен да кетем! Көз ирмемге да калтырба! Алып кет! – Мактым кыйкырып чочуп кетти. Тайгүрөң жок, кетип калганбы, жанында бышылдап карт күйөөсү уктап атат. Чачын тартты жылбайт, бир мамагына колун коюп, бирин оозуна салып, чачын белине байлап алган. Мактым акырын козголуп, бүт баденин калтырак басып башындагы бычакты алды, анан өзүнүн эки чачынын бирин, Бекарстан белине ороп жатканын кесип кирди, атайын саздалган курч бычак заматта бир чачын сопойтуп койду, туруп барып оозуна салган мамагынын ордуна иттин өпкөсүн алып келип сордуртту, кармаган эмчегинин ордуна койдун өпкөсүн карматып, өзүнүн ордуна жүккө жыйган бокчону таштады да, лып жылып чыгып кетти.

Тайгүрөң караңгыда туруптур, Мактымга жатып берди да, ал үстүнө отурар менен ордунан туруп дабыш чыгарбай жортуп барып, анан сызып жөнөдү. Мактымды биринчи көргөн күндөн эле ал жеңесине кайниси Чынарстандын көзү түшүп, акырын күзөтүп келет, оюндагысын аткарайын дейт, агасынан коркот, анын үстүнө тайчи бу жаңы келген кыргыз аялынын жанынан кетпей койгон. Инисинен да кызганып көп жолото бербейт. Жеңесинин баскан-турганы, чачтарын чубалтып ары-бери өткөнү ага бир керемет сезилип, күндө булар уктап жатканда таң эртең менен кичинекей үйдүн жылчыгынан карап алмайы бар. Бул ага адат болуп калды, антпесе уктай да албайт, жүрө да албайт, ошол жылчыктан акесинин жанында жаткан жеңесин көрөт да, көпшөнү сууп, анан барып кайра түшкө чейин уктайт. Күндүз да караганы караган. А түгүл кийинки күндөрү акесинин катын алып берем деген кыстоосунан баш тартып, аялсыз өтөм деп чечти, жылчыктан бир жолу жеңесин көрүп алса болгону. Өткөндө Бекарстан отургузуп алып:

– Жеңеңди аласыңбы? Мен сага өткөрүп берейинби? – деди чын-тамашасы белгисиз. Чынарстан унчукпай койду. Мунусун макулдугу экенин агасы да, өзү да билди.

Мына адатынча Чынарстан жылчыкка келип, эки жакты каранып алып көзүнө тааныш тешиктен каректерин ичкериге таштады. Жок. Көргөн көзүнө ишенбеди, агасы бокчону кучактап, бирдекени соруп жатат. Чуркап эле кирди. Бекарстандын ойгонор түрү көрүнбөйт, кароол уктап калган. Чынарстан коңурук тартып жаткан агасын бир тээп кыйкырды:

– Койнуңда жаткан катының кана, акмак?! Алсырап шарап ичкенче, атаңдын канын ичсеңчи?! Бозоруп бозо ичкенче, ботоңдун канын ичсеңчи?! Бир катынды кармай албай, же мага бербей кылганың ушулбу?! Иттин өпкөсүн соргончо муунуп өл! Бокчону кучактап жатканча, бокту кучактап жат! Тур?! – Бекарстан коркконунан өң-алеттен кетип атып жанындагы Мактымды карады да, анан карааны көрүнбөгөн соң көзүн пар ачып, буту-колун чала кийип, кыйкырынып сыртка жөнөдү, ары канаадан эгиз балдар кошо чуркашты, дале бейкапар уктап аткан сакчыны тайчи бет талаштыра бир тээп жыга койду, ошол бойдон ал турбай калды. Мактымдын артынан куугун түштү.

Жаныбар Тайгүрөң, азуу сөйкөп карыбас ат сызып барат. Таңкы жел Мактымдын буурул чачын делдектетип жазып, бириндетип бөлүп сапырып, чубалжыган узун булут ээрчип алгансып анын караанын коштоп барат, ат күүлөнгөндөн күүлөнүп, тушоосунун өйкөгөн орду бутун сыздап оорутканына карабай, аяктары аяктарына тийбей жаныбар учуп барат. Артынан куугун келерин билип Тайгүрөң, үстүндөгү Мактымдын камчысы жогун туюп, камчы салар алы жок экенин түшүнүп чымырканып, тиштенип, тууган жер көзүнөн өтүп, кулан чагы эсине түшүп, дайрада сүзгөн, көлгө кирип киринген кездерин элестетип чуркап барат.

Арттан куугун келет. Таң бу жер үстүнөн сүрүлгөндөй алдыда Мактым менен Тайгүрөңдүн карааны сүрүлүп барат, уюлгуган чаң калат, аттар ташыркайт, чарчайт, чуркагысы келбейт, ойноктойт, камчы салдырат.

Мактымдардын астынан күргүштөнүп кирген улуу дайра кезикти.

– Бала-Сай, – деди ыйлагысы келип. Бул дайраны бойлой бир кезде анын эли конгон, ушундан ары созулуп кетер эле булардын жери, кийин мындан алыс-алыс­ка көчүп кетишкен. – Бала-Сайдан өтө аласыңбы, жаныбарым? Тайгүрөң дайранын сүрүнөн айбыгып туруп калды. Аттай таштарды омкоруп, карагайларды түбүнөн агызып, нугун бүт көөмп кирип турган чагы экен бу дайранын. Мактымдын ыйлагысы келди. Колго түшөр кез жакындап төмөн жүрдү, кечүү жок, жогору жүрдү. Не кыларын билбей карбаластап турганда арттан ызы-чуу түшүп кыйкырышып куугундар келип калды.

– Айда, Тайгүрөңүм, сууга тарт! – Мактым атты омуроолоду. Тайгүрөң эки колун бийикке бир сермеп алып, кошкурунуп сууга өзүн таштады. Мактым шолоктоп сү­йүнгөнү, күйүнгөнү билинбей ыйлаганы, күлгөнү окшобой денесин суу каптай бергенине карабай аттын мойнун кучактап көзүн бекем жумду. Тайгүрөң жаныбар сууга каршы тура албай агып барат, ошентсе да бут сермеп аркы өйүзгө жылган болот. Мактым көзүн ача албай, күүлдөгөн дооштон кулак тунат, чачы чубалып дайрага агат, башын тартып жөнөйт чачтары. Өлүм көзүнө көрүнүп, эптеп эле өзү чыкпаса да, Тайгүрөңүн ал өйүзгө чыгаргысы келет. Алай-дүлөй караңгы, шаулдаган ызы-чуу күчөп, куюндай кирген суу ыйык жолдон ашып, бир убакта төөөркөч дайра буларды жеңип агып жөнөдү.

– Багынба?! Тарт, Тайгүрөң, аз калды, ушундан чыксак кетебиз! Тууган жерге аз калды! Ушундан өтсөк куугун жете албайт?! Тарт! Жаныбар тарт! Камбар ата колдой көр! Жаныбар, Тайгүрөң тарт?! Оо, Илияз баба, колдой көр! Кудай, ээй, кудай! – Мактым суу ичинде кыйкырып атты. Тайгүрөң бутун оңдоп алгансыды, кайра сүзүп кирди, суу азая түшкөнсүдү, аркы жээкке жакындап калды, канаттарын каккылап аңыр учуп өттү. Ат жээкке жетти.

Экөө тең аркы өйүзгө кулады, чач дале сууда агып, Мактымдын башын талашып атат, ал көзүн акырын ачып эсине келди, жатып алып Тайгүрөң ээсинин чачын тиштеп суудан чыгарып атыптыр, Мактым ууртунан күлгөн болду. Тайгүрөң анын туткунга түшкөндөн бери тиштерин көрсөткөнүн эми байкады. Мактым көп жылдан бери биринчи мерте күлүмүш болду.

Аркы жээкте атчандар турат. Эч кимиси даап түшө албайт. Бир убакта Чынарстан чаап келип сууга атын агытты, ат сүзүп эле келатат, Мактымдын эси чыкты, ыргып туруп, Тайгүрөңгө минерде Чынарстандын аты көрүнбөй калды, анан «Мактым» деген ачуу үн угулду да, дайрадагы нокот сымал караан да жок болуп, күңгүрөнгөн гана суунун авазы угулуп калды.

Мактым кайра жайланып алсырап отурду. Аркы өйүз­дөн Бекарстан кыйкырды:

– Кайт, Мактым, кайт?! Бул эмне кылганың?!

Мактым калтырап-титиреп үн катпады.

Бекарстан дагы кыйкырды:

– Кайт, сулуум, кайт!

Тим эле жаш баладай, өмүр бою бир жүрүп, жакын болгон адамынан айрылып аткансып кыйкырат:

– Бери өт, Мактым?! Бери өт!

Мактым да чыдап тура албады, ал да кыйкырды:

– Кайтпайм! Сага экинчи барсам түбү катуу жер урсун!

– Дүйнөмдү сага калтырам, кайт?!

– …

– Алтын сарайымды таштап, айдай болгон эки ­уулуңду таштап кайда барасың, кайт?!

– Алтын сарайың өзүңө кут кылсын!

– Кыйкырып калар кызым жок, Мактым, кыз бол, кайт артыңа?! Ушунча жыл сага жамандыгым тийди беле?!

– Сен мени жерден айрып, элден айрып, жаштыгымды жок кылдың! Мени кор кылдың! Эми өлсөм да барбайм!

Бекарстан Мактымдын кайтпасын билди, бу кирген убакта Бала-Сайдан бир да ат кече албасын да билет, баятадан бери Тайгүрөңдүн өтүп кеткенине таң, ушерге келгенде кармап кетем деп жолду ката көңүлү жай жүрбөдү беле?! Же суу агызып инисине окшоп өлүп калбады, ал өйүзгө өтүп алып турганын кара, бери келсе, кайра өтсө жээкке чыгар менен муунтуп таштамак, өзүн бүт журтуна уят кылып иттин өпкөсүн сордуртуп, бокчону кучактатып салганын карабайсыңбы бу бурут катындын.

Анан тайчи амалга салып алдап кирди:

– Кечир мени, Мактымым?! Кайт артыңа?! Кайт, Мактым?! Экинчи сага кол тийгизсем өлөйүн! Эгиз уулдарыбыз үчүн кайт, алардын атын эми сен айткандай Асан, Үсөн коёлу, кайт. Бу Бала-Сайдан сенин атың гана өтөт экен, аттын башын бери бур, Мактым! Эми каалагандай жашайсың! Кытай шайыга ороп, жел бешикте терметип, Мавранахрдын мейизине канаттуунун сүтүн кошуп багам! Кайт?! Бекарстандын бул сөздөрү кулагынын сыртынан кетип атты, уккусу да келген жок, азыр өзү да, аты да бир аз тыныкса, балдарын бир көрүп алса анан кайра жолго чыгат. Сагынган тууган жерине барат… Куштай сызып барат!

Ана балдарын алып келатышат. Бирине бири окшош Асан, Үсөнү келатат. Апалашып жан-алы калбай аттан түшүп жүгүрүп келатышат. Жээкке келип чамынып агып аткан дайранын сүрүнөн айбыгып эки бала тең тиги өйүздөгү турган Мактымды жалооруй карап туруп калды.

– Апа! – деп кыйкырды бири, ага экинчиси кошулду:

– Апа!

Мактымдын балдары кыргызча «апалаганга» денеси дүүлүгүп, эмчектери ийигенсип өзүн дайрага таштап ийе тургансып кыргакка келди, жүрөк тушун сыйпалап тапты, Тайгүрөң да козголуп Мактымга жакындады.

– Мына Хун менен Чин үчүн кайт?! Балдарыңды таштаба! – Аркы өйүздөн тайчи дале кыйкырып атты, эми анын Мактымдын кайтпасына биротоло көзү жетти, ачуусу келди. – Үн катпайсың олжоке, жакшылыкты унуттуңбу?! Элиңди чаап жок кылууга карысам да алым бар, жериңди дагы басып күлүн көккө сапырам, журтуңда бир чөп калтырбай такырайтып таштайм! Кетсең кете бер?! Кайтасыңбы?!

Мактым не кыларын билбеген, акыл-эстен айрылган кишиче дел болуп тура берди, балдар гана аны тушап салды.

– Айт, кайтасыңбы?! Же балдарыңды сууга таштатайынбы?! – Бекарстан дале айкырат. Эми гана эсине келгенсип Мактым да жооп кылды:

– Алар сенин да балдарың го?

– Менин балдарым сенин жериңдин ар бир коктусунда бар! Буларды сууга таштайм?! – Бекарстан ноёндоруна бирдеме деди, алардан экөө эки балага жакын келип артына турушту. Балдар бирдей кыйкырышты:

– Апа-а!

Мактым бул өйүздөн кыйкырды:

– Таштабагыла?! Качкыла?! Балдарга тийбегиле?!

– Таштагыла! Тигил эки ноён эки баланын качканына, тыбырчылаганына карабай артынан түртүп сууга алып келатты.

– Токтогула, таштабагыла?! – Мактым сууга кирди, чачтары сууга агып түштү, Тайгүрөң да Мактымдын алдына келип аны суудан тосту.

– Таштагыла?! – Бекарстандын арстанча айкырганына удаа балдардын «апалаган» ачуу үнү жаңырып, кыйкырган бойдон сууга агып жоголду, Мактым балдарынын суудагы караанын ээрчип балдарына чейин суу кечип агым менен төмөн жөнөдү да, анын көкүрөгүнөн ый аралаш сөз чыкты:

– Ананайын көкүрөк күчүктөрүм, садага болоюндарым, силерге боорум тартылбай жүрдү эле, калмаксынтып жаттым эле, жан этимден бүткөн экенсиңер го, жүрөгүмдү сууруп кеттиңер. Силер атаңардын колунан өлдүңөр! – Ал сууда чачы агып, көзүнөн жашы Бала-Сайга төгүлүп, жүрөгүн мыжыга кармап сууда агайын-агайын деп араң турду. Чачынан бир неме тарткансыйт, акырын башын көтөрүп караса, Тайгүрөң тартып эске келтирип атыптыр, аркы өйүздө балдары тургансып жалт карады, эч ким жок, алысыраакта чаң чыгарып куугун болуп келгендер кетип атат. Мактым өзүн бир азга токтотту, аттын мойнун кучактап буулугуп шолоктоп өксөп-өксөп ыйлады, көз жашы кургады, Тайгүрөң аны мойнуна артылткан бойдон салбаңдатып жээкке алып чыкты. Жээкке чыгып алып ал аттын мойнун кучактап-кучактап алып:

– Ырахмат, бар эми кет, тулпарым, менин жытымды тууган жерге алып бар, алып бар да, ал дайрага агып кетти деп айт, баарын айтып бер, Бекарстан кантип туткундаганын, кантип канча жыл кыйналганыбызды, кача албай жүрүп, акыры качып чыкканыбызды, анан жолдо мынтип калганыбызды, баарын-баарын айт, мени кечиришсин! Бар, Тайгүрөң бар, бир гана ишенимим эми сенде калды, ээриң жок – ээң жок болсо да, карууң калбай карысаң да элибизге аман жет! – Мактым аны дагы кучактады, жайдактап агытып, чылбырын оозунан чыгарып дайрага ыргытты.

– Эркин жүр! Бар эми?!

Тайгүрөң имерчиктеп кете албай турду. Мактым жонунан таптап, соорусуна ургулап койду. Тайгүрөң акырын жылып барып Күн батышты беттеп барып анан шыр жүрүштү салды. Мактым чочуп сууну карады, кароолонуп, күргүштөп, таштарды омкоруп, кылдырттатып агып атат, октос бербей кирген экен канкор дайра. Суунун ичинен эки баласы «апалап» кыйкырып аткансыды:

– Кармагыла, балдарым, чачымды кармап чыккыла! – Мактым чачын сууга таштады. – Менин элиме жоо болуп, жериме көз артып, атаңардын ишин улантып, кыргызга басып кирип, жерин өрттөп, элин өлтүрүп, жигитин кул кылып, кызын талап, олжолоп кыйнамаксыңар. Эрксиздиктин абалын, капастагы куштун күнүн мен көрдүм, эми башка эч ким көрбөсүн. Силер балдарым, бирөөлөрдү менин күнүмө калтырмак элеңер, андан кутулдуңар. Периште өлдүңөр, таза кеттиңер, эми каргышка калбайсыңар. Бирөөлөрдүн көз жашынын кунуна төрөлбөпсүңөр. Мен ошого ыраазымын, ошол менин ыйманымы тазалайт. Менин элиме жоо болуп дагы бир кыргыздын шордуу кызын шорлотподуңар. Мен да силер менен кетем! Аруу, пакиза Бала-Сайда силер менен бирге болом. Элиме барсам, арттан кууп жоо барып дагы бирөөлөрдү азапка салбасын. Тентип кетсем эки уулумдун убалы уктатпай кыйнабасын. Мен силерди ичимден дайым Асан, Үсөн деп атасам да, сыртымда антип айта албай, Чин менен Хун деп келдим. Эми антпейм, силерге жетем да, бирге болобуз, Асаным менен Үсөнүм…

Мактым эсине бир нерсе түшүргөнсүп бая эгиз уулдары турган аркы өйүздү бир карап алды. Караса куду Асан, Үсөн турган жерде чоң кыпкызыл Күн туруптур, ал уясынан чыгып келаткан экен. Жарыктык Күн жер үстүнө келатыптыр. Мактым Күнгө кайрылды:

– Күн эне, касиеттүү Күн, бараткан жагыңда менин элим бар, эки агам, бир сиңдим бар… Бала күндөн берилген Баатырбегим бар, менден аларга дубай салам айт. Кутман жерим, касиеттүү тоолорум, токойлорум бар, аларды табыңа жылытып, нуруңду чачып, мээримиңди аябай сээп өт! Жакшылыгыңды адамдардан аяба, Күн! Тайгүрөң аты келатат деп сүйүнчү ал элимден, Күн эне. Сен баарына тегиз бол, аалам ээси, Күн! Бирин жылытып, бирин муздатпа, баарына бирдей кара, Күн! Кыз Мактым туткундан чыгып, касиеттүү Бала-Сайда сууга агып кетти де, душман болор тукум калбады, жоонун тукумун ала кетти де! Аманатымды унутпа, Күн эне! Унутпа! Сапарыңдан чарчабай жүрө бер! Күн эне жакшы бар!

Мына эми баары бүттү. Эми күрпүлдөп-шарпылдап агып аткан бут алдындагы сууга карады. Дайрага айтар сөзү калды:

– Алтыным, Бала-Сайым, күнөөмдүн баарын жууюн, балдарыма мени жеткире көр?! Бала-Сай сени менен күн көрөйүн, сен эмне болсоң, ошо болоюн, о Бала-Сай, бооруңа ал, барар жерим сен гана. Адамды бул дүйнөдө суу гана аруулантып, суу гана тазалайт. Бала-Сай, мына мен келдим.

Ак Мактым өзүн суунун шарына таштады. Суу аны өзүнө имере тартып, балдарынын артынан алып жөнөдү…

Бала-Сай күрпүлдөп агып жатат…

Төбөдө Күн шашып барат…