Бул жайык өрөөндүн чыгыштагы учу Көк-Белден биригет. Кут жагы болсо созулуп кете берет, кете берет. Качан токтоорун, качан жарышкан эки тоо бири-бирине учурашарын эч ким билбейт, ошол жарышкан эки тоонун бири анча бийик эмес балык жондонгон жалпак адырчалардан турат, экинчи жагы болсо дөңсөө, андан тоо болуп, тоолор ак карлуу курама зоого барып, асманга чыгып кетет. Көккө көтөрүлүүчү шаты өңдөнөт бу тоолор. Ошол жарышкан тоонун ортосунда кайыктай болуп жайык өрөөн жатат. Чалкыган көк өрөөн. Каалгыган булуттар бул өрөөндүн ичинде эркинче сүзүп, булактары менен дайрасынан, ак мөңгүлүү чокуларынын ичиндеги туптунук көлдөрүнөн канганча суу ичип, анан өрөөнгө кырдан ылдый түшүп келип, кыбыладан жүргөн шамалга туруштук бере албай уюлгуп жөнөйт да, Көк-Белге барат. «Көк-Бел өзүбүздүкү» дешет экен булуттар сүйлөшкөндө. Өзүбүздүкү дейт экен да, жамгырын төгүп кирет турбайбы. Жамгыр, жамгыр, жамгыр… Бу жердин нооруз айда тээ саратанга чейин көргөн күнү ушул. Көнөктөгөн жамгыр… Көз ачырбаган нөшөр-чапкын…
Көк-Белдин бетин лалалар басып калды. Кыпкызыл. Малакызыл. Чымкыйкызыл. Пушту. Токкызыл. Ачкызыл. Көргөндөр өрт-жалынбы деп ойлойт, Көк-Бел эмес эле Кызыл-Бел десе жарашкыдай.
Ак Саткын кызыл лалалардын ичинде баканчалап булактан суу көтөрүп келатты. Кыздын жашы он жетиге келип, майдалап өргөн чачы далысын жаап, кымча бели буралып, сонодой узун мойну койкойуп, өзүн өзү ырастап, айдай жүзүн сулуулап, кашына осмо сүртүп, анысын кайра-кайра коюлантып жаңыртып, эндик-кына коюнуп, көргөндүн көзүн тартып, жигиттерди ичтен тамшантып турган чагы. Бир келет да бу курак, кайран курак, келет да, кетет. Гүл-талаада белинен өйдө жагы гана көрүнүп, кыпкызыл мухитте нокот болуп сүзгөн кемедей жол-жол каламы көйнөкчөн баканына эки сыр челек илген кыз каалгып келатты.
Ак Саткынды көздөй боз жорго минген бир жигит чыкты. Атынын басыгы чарчаңкы, өзүнүн көңүлү чөгүңкү, оюнда санаа бардай, лалазар ичиндеги жалгыз аяк жол экөөнү кезиктирди. Кыз жигитти уурданып карады. Баканын бир мүрүсүнөн бир мүрүсүнө алып жатып көз кыйыгынан жигиттин келишкен боз жорго атын, андан жогору тизгин кармаган колдорун, күмүш кемерин көрдү да, жүзүнө карап баратып чочуп кетти, көзүн ала качты, ал жакта жигиттин балбылдаган эки көзү туруптур. Унчукпай жер карап, сай талдай ичке боюн түзөп, кымча белин буралтып, чачпактарын шылдыратып өтүп баратты эле аттын көлөкөсү жанына келгенде токтоп калгандай болду. Кайра карай албады. Көзүн жолго кадады. Уят каны ичтен тээп, дидарына кызыл жүгүрдү, эндик койгон бети албырып күйүп кетти. Кайра баканды алмаштырды.
— Булагыңар ушул жактабы, таэже? – Кыз селт этти. Жигит ушинтип сурады. Саткын унчукпады. Башка эч ким жок экенин, ошондой болгондон кийин суроого жооп берүү керектигин түшүнсө да, унчуга албады. Кадамы шилтенбей токтоп калды, денесиндеги калтыракты туйду.
Жигит кыздын челегинин ичиндеги суудан өзүн көрдү, түлкү тебетейин, чырайлуу жүзүн көрдү, өзү челекте кыймылдап, токтобой турду, аны кыз токтотпой, кыздын калтырагы сууну козгоп, сууга кошо сөлөкөттү козгоп жатты.
Башка сүйлөшпөдү, ошол-ошол бойдон басып кетишти. Бири булакка кетти, бири булактан кетти…
* * *
Өргөөгө келгенде Ак Саткын алайлык жээндери Кубаттын уулу жылкы жоготуп издеп, айылга келгенин, уялчаак бала айран ич десе көнбөй, булак жакка кеткенин укту.
* * *
Үч күндөн кийин кырдан түшүп келаткан атчанды көрүп, Ак Саткын жүрөгүн дагы бир болк эттирип алды. Өргөөгө кирди, кайра чыкты, кайра кирди, кайра чыкты, оромолун оңдоп, боюн түзөдү, атчан өтүп кете берерде энеси:
— Жээн, жогуңду таптыңбы?! – деп кыйкырып калды. Жолдон өтүп бараткан жигит уялып:
— Арбаңыз, эне, — деди ыйбаа менен.
— Бар бол балам, кел, аттан түш, айран ич. – Жигит кары кишинин сөзүн эки кылгысы келбей аттын башын бери тартты.
— Атын алгыла, о ким бар?! Балдар жокпу!? — Кемпир ат алар киши таппай калды. Эргенчи бала жок, жалгыз калган Ак Саткын кыз уялып чыгып, атчанга жакындады. Баягы жигитти тааныды. Түлкү тебетейин көрдү. Кемер ордуна бу келиште кытайдын матасынан кызыл кур тагыныптыр. Калтырап басып барды. Жигит аттан түшпөй тура берди. Кыз караса, эбегейсиз чоң Күндү жигит тосуп туруптур.
— Жээндин атын ал, Саткынай? — Чоң энеси дагы суранды. Жигит тизгинди кызга узатты. Колу тийишип кетти, тизгин колуна тийбей эле жигиттин колу урунду кызга. Селт чочуп колун тартып алды.
Колу калтырап кетти. Тоо урап түшкөндөй, ат үстүнөн жигит үзөңгү тээп жерге түштү. Күн көрүндү, аалам ээси кызга тийди, аны жылытты. Ошондо кыз эсине келгенсип, бош калган чылбырды кармады да, атты казыкка жетеледи. Атты байлап жатып жигитти абдан карады, чырайлуу жүзүн, капкара көздөрүн, карарып жаңыдан чыгып келаткан мурутун, колундагы күмүш сап камчысын, шыңга боюн көрдү да, тымызын суктанып алды, ичинен бир сезим нукуп өткөнсүп, жигиттин жылдызы өзүнө жакын сезилди.
Энеси жигиттин атын сурады. «Кулмырза» деген жообу кыздын кулагына куттай уюй түштү. «Кулмырза… Кулмырза…» деп эки-үч сыйра кайталап алды.
— Кесеге айран куюп чык, жээнге? – Энеси Саткынды издеп калды. Кыз ордунан жылды, жүрөгү суудан чыккан балыктай туйлап баратты. Кытайдын кырма аягына мелт-калт айран куюп чыкты да, энесинин жанында олтурган жигитке жөнөдү, эшик-төрдөй жер күнчөлүк болуп, кыз жүдөп кетти, жете албай, жигит карап турганын билди, улам бутунан мүдүрүлүп, кесеси колдон ыргый турган болуп жигитке жетпей баратты.
— Ырахмат, таэже. – Жигиттин үнүнөн кыз чочуп кетти. Байкаса, Кулмырза кыздын колун аякка кошо кармап алыптыр. Ак Саткынды уят басты, тескери карап кетти. Жигиттин колу тийген манжалары от болуп алоолонуп күйүп атты. Кулмырза да кыздын аппак алаканын көрдү, бир сезим бүт баденин жибитип өттү. Кыз боз үй жакка басты. Кыргыз үйдүн ичинен, кийиздин кичинекей жыртыгынан карады жигитти, уурданып карады, андан сулуулукту, күчтүүлүктү, кайраттуулукту көрдү жана өзүнө теңтуштукту, ылайыктуулукту көрдү. Жигит кармаган колуна тигилди.
— О, Саткынай, кайдасың кызым, мейманды атка мингиз? – Энеси кайра кыйкырып калды. Оңдонуп-түзөлүп кыз атка барды. Атка минип баратып жигиттин сол колу Саткындын сол кабыргасынын үстүрөөгүнөн сыйпап өттү, кыз денеси дүрт этти, ал бурулуп энесин карады, энеси ийигин ийрип ийиктен көзүн албай отуруптур, сүйүнүп кетти, энесинин, деги эч кимдин көрбөгөнүнө кызарган бетин бир аз нур чайды, жаңыдан түп алып бездеген кош алмасы ысып баратты.
— Атың ким? – Кулмырза акырын үн чыгарды.
— Саткын! – Кыздын үнү дирилдеп чыкты, о бир топтон кийин чыкты.
— Саткын. – Жигит кызды карады да, анын көзүн качырып жиберди. Ошол ошол болду, жаз айланып жай болду, жай жылып күз келди.
* * *
Ошол күздө көрүштү анан булар. Көк-Белдиктер Алайдан жайлоодон кайтарда бир кызын алайчылардын бири алмак болуп чоң той берди, кыз той менен ажыраш аяк бир берилди.
Топ кыздардын ичинде Ак Саткын тойго барды, ошондо Кулмырзаны көрдү, кыз оюнда бир четте жүрүптүр.
— Келиңиз, таеже, келиңиз? – Жигит Саткындын алдын тороп алды. Кыздардан бөлүнө түштү. Кыз кете албай калды, бөлүп кеткен кыздарына өтө албай, өңү манаттай кызарып, алчадай көзү жалжылдап ойноп, жаздан бери тынчын алган жигитти бир көрсөм деген тилеги келсе да, үн катпай тура берди. Ошондо топ кыздар кайра келип колунан жетелеп кетти. Алар кыз оюнга топтолушту. Кулмырза улам-улам Ак Саткынды карай берди.
Жигиттер тобунан бирден киши ырдап, кыздар тобунан бирден кыз тартып кетип атышты. Мына, бир жигит улам-улам көзүн сүзүп, көз ымдап, ары-бери эркин басып, ар кыздын жанына жойпуланып бирден келип, Маргалаңдын базарында ат тандап жүргөнсүп камчысын көккө серепчилеп ырдап атты:
Ак мөңгүдөн тазасың,
Аппак айдай баласың,
Терип жесем анарсың,
Дегдетип кумар жазасың,
Карып калсам базарсың,
Капалык көөнүм жазарсың,
Укуруктай гез мойнуң,
Гүл жыттанган кең койнуң, — деп ырдап келип топу кийген уяң кызды өздөрүнүн тобуна тартып кетти, кыздар азайып, күлкү жаңырып, кезек Кулмырзага келди. Ак Саткынды бир карап алды, ошондо экөөнүн көзү чагылыша түштү, тамагын түзөп, ырдай баштады:
Ак жибектен тор түйүп
Баштап кеткен бар бекен?
Аз гана ойноп, чын күлүп,
Таштап кеткен бар бекен?
Ак кагазга чийилип,
Каттан чыккан Саткыным,
Ак оромол, гүл жоолук,
Сырттан чыккан Саткыным,
Паранданын паашасы
Булбул деймин Саткыным
Айбан аттын паашасы,
Дулдул деймин Саткыным.
Теректердин паашасы
Чынар деймин Саткыным
Караңгыда мен барсам,
Ынар деймин Саткыным.
Саткын жер тиктеди, бети чымырап, уятынан өзүн коёрге жер таппай калды, качып четке чыгайын десе, баары ошону карап, буттары калтырап, жүрөктөрү ойноп ордунан козголо алчудай эмес. Жигит түлкү тебетейин баса кийип көзүн жумуп, илептерин тиштенип, бөйрөгүн таянып ырын токтотпойт.
Ак жыгачты жошорлоп,
Ныл кылбасам өлөйүн,
Атыңдан, Саткын, мен сени,
Ыр кылбасам өлөйүн.
Көк жибектен тор түйүп
Баштап кеткен бар бекен?
Көп куунап ойноп, чын күлүп,
Таштап кеткен бар бекен?
Көйнөгүң кызыл каламы,
Көрмөйүнчө таркабайт,
Көкүрөк дарттын амалы.
Короолу болуп койнуңа,
Корголоюн Саткыным,
Тамчы болуп мойнуңа,
Шорголоюн Саткыным.
Алтын пайнек, жез пайнек,
Бычагымда болбоду.
Ай чырайлуу Саткыным
Кучагымда болбоду…
Саткын ырдын токтошун күттү. Кулмырза токточудай эмес, кызыгандан кызып ырдай берди. Кыздан албынган жүзү от болуп күйүп атат. Жерден көзүн албайт. Сансыз көп көз аны теше тиктеп турат. Батып бараткан Күн жылып келип так төбөсүнө орноп калгансып, бүт денесин чымыратып тер басты. Жигит дале токточудай эмес, ырдап атат:
Күмүш пайнек, жез пайнек,
Бычагымда болбоду.
Күн чырайлуу Саткыным
Кучагымда болбоду.
Суу аласың шар жерден.
Бой көрсөттүң ар жерден.
Торала кызыл буудайым,
Толмоч сенин бетиңе,
Дос кылдырган кудайым.
Аппак кайрак буудайым
Ак ыргалдай бетиңе,
Ашык кылган кудайым.
Күзгү буудай майзасы,
Мен амалың болоюн.
Жазга буудай майзасы,
Мен амалың болоюн.
Жазында бурлап тердесең,
Мен шамалың болоюн.
Устун-устун узакка,
Учкулдар түшсүн тузакка.
Аманат жанга бир өлүм
Ак Саткын түшсүн кучакка.
Кимдир бирөөлөр кыйкырып сүрөөгө алышты. Кулмырза жумулган көзүн ачты, кыздар тарапка басты, Саткынды көрдү да, колун сунду, ошондо жигиттин колуна кыздын колу урунду, эки кол бири бирине тийип, чыныдагы балдай балкып, жүрөктөр катуулап согуп, денелер чымырап ысып, жигиттин бүткөн боюнан тер кетип, кыздын айжамалы оттой кызарып, коёрго жер таппай, канттай ээрип, көлкүп, ээрчишип баратышты. Кыз-жигиттердин кыйкырганы, алыстагы шаркыратманын шары, жылкылардын кишенегени, көч таңылып, кетүүгө камынып кыздарын жоктоп кыйкырып көк-белдиктердин келатканы угулган жок. Бул экөө алар менен иши жоктой, эч нерсени билбеген кишилердей.
Тоо башынан кыпкызыл табак Күн чуңкурга кулап түшүп баратты. Бул чуңкурдан кайра экинчи чыкпай тургандай, өзүндөгү бүт отту ааламга акыркы ирет чачып, көктүн бир четин бүт бойдон мала кызылга боёп турду Күн. Кулмырза да, Ак Саткын да мына ушул мала күнгө чагылды.
Көч кеч чыкты. Кыздар көчкө кошулду. Алайдын жигиттери узатып баратты. Чубалжыган көч төмөнгө жол тартты. Кыз менен жигит коштошор амалын таппай атты. Жалжылдаган элик көздөр бакырайып бири биринен өтүп, коштошуп да, учурашып да, кайгырып да, айрылып да атты. Эми такыр көрүшпөй тургандай бүт кубатын тикирейип чыгарып, болгон отун сарптап карашып атты бу көздөр. Көздөрдө ашыглыктын илгертен келаткан айтып бүткүс сөздөрү, Лайли менен Мажнун, Тайир менен Зуура, Жусуп менен Зулайка, Олжобай менен Кишимжан, Раймалы менен Бегимай аңыздарын чыгарган улуу күчү катылып турду. Көздөрдө сөздөр, жалынычтар, тилек-максаттар, кызганычтар ташылып атты…
Көч узап баратты…
Шылтоолу сөз биринчи Ак Саткындан чыкты:
— Нартайлак жүгү ооп калыптыр, жээн, соопчулукка оңдошуп коёр бекенсиз? – Жигит шыпылдап төөнүн жүгүн оңдоп кирди. Калп эле кайра чечип, кайра таңды, көч бир далайга барып калды, жарык менен караңгы бул дүйнөдөгү үстөмдүгүн талашып атышты, бир убак жигиттин башындагы тебетейи ыргып кетип чаңга аралашты, кыз тебетейди илип алып колу менен аяр кармап, аста күүп, жигитке сунду, жигит башын тосту, калтыраган колдору менен Ак Саткын Кулмырзанын тебетейин башына кийгизди.
Жигит кыздын ак бермет мончогун кармалады, кыз өзүн коомай тартты, албурлуу кол жыпар жыттуу колтукка тийди да, жеңил кызды аста көтөрүп нартайлакка жакын алып барды, кыздын шаанилүү күнү кийчүү жалтыраган ыштанынын пайчасы жигиттин көзүнө кадалды, бу да ага башкача көрүндү.
О, бир топ узап барып кыз артына карады, өзүнөн көзүн албай турган Кулмырзаны көрдү. Күн көрүнбөй калды. Нартайлак көчкө кошулду. Көч узап кетти. Чыгыштан сынык Ай акырын каалгып көтөрүлүп келатты, ошол Ай жакта куду ошол жарым Ай сыңар жарым бакыт Кулмырза жалдырап калды.
* * *
Ошол жылы кышында Саткынды кудалап баталап кетишти, ыйлап-сыктаганына карабай, атасы улгайган күйөө баласынан мал алды, дан алды, чүпүрөк-мата алды, күздө эл жайлоодон тегиз кайтканда, кышка жуук, орозону өткөрүп төртүнчү катын кылып акта куу башка киргизип бермек болду.
* * *
Эрте жазда ашуу кичине ачылып Көк-Белди жамгыр тынбай сабап, лалалар гунчаларын серпип, жан кире баштаганда Кулмырза ээлигип турганда Жумабай тагасы тойго чакыртып калды. Кулмырза токтободу, чакыруучунун артынан удаа эле тагасынан уулуна берген сүннөт тоюн шылтоолоп Ак Саткындын айылына келди. Уурулук кылгандай коомайланып, далдоолонуп баягы булак жакка барды.
Булактан суу ичип, атын сугарып, караса, жалгыз аяк жол менен бакандап челек көтөргөн кыз келатат, баягы кыз келатат, түшүнө кирип, дайыма оюнан чыкпаган Саткыны келатат. Жигит алдынан тосо чыкты, лалалар арасында лала болуп келатыптыр Саткыны.
Бу көз ирмемди ал дайыма түшүндө көрчүү, көзүн жуумп, кайра ачып, кайра жуумп, кайра ачты. Баары чын, көргөнүнүн баары ырас. Экөөнүн арасы ушунчалык алыстай, алар бири бирине жетишпөөчүдөй сезилди. Кыздын көкүрөк тушу ээлигип, кумар оту күйүп, делебеси козголуп баратты, бир күч экөөнү бири бирине тартып жакын кылып турду.
— Арбаңыз?! — Биринчи жигит учурашты.
— Бар болуңуз. Келиңиз! — Кыз да кадала тиктегиси келип, бирок эрки жетпей жер карап ошентти.
— Жүрчү, булак жакка, кичине сүйлөшөлүчү, мен атайы сен деп келдим. — Жигит атынан түштү.
— Коюңуз, кетиңиз, бирөөлөр көрөт. – Кыз айыл тарапка эки кадамдай басып, кайра токтоп калды. «Мени бирөөгө кудалап болуп кетти» деген сөздү айткысы келип, бирок ооздору барбай уят деген сезим жүзүн албыртып, ичиндеги келген кептерин коё бербеди.
Ошондо кыз «айылдан чыкпай айланып, жанымдан чыкпай байланып, ашык кылып арбадың, досум, кызыглык иши шу белем, досум, кыялымда сен деп арбалдым, досум, ышкылык жайы шубу, досум, кыз туруп сага кармалым, досум, күн-түнү уйку качып, ыраңым өчүп чөп болду, досум, ашыглык күчү куйкалап ичти, өзүңдү эстеп өрт болду, досум» деп айткысы келди. Айта албады. Айтам деп жүргөн, оозу барбады.
— Келчи, сууңдан ичейин, — Жигит Саткындын челегин көтөрүп суу ичип кирди, — а унутуп калган турбаймынбы, атымчы? — Ал экинчи челекти аттын алдына койду, суусаган ат шимирип кирди. «Жинди го» деп ойлоду кыз, бирок ошону өзү да жактырып турду. «Бирөө көрбөсө эле болду, кайра суу алып келип алам да».
— Лалалар да суу ичсин. – Кулмырза арткан сууну гүлдөрдүн ичине абайлап төктү да, булак тарапка эки челек көтөрүнүп басты, анын артынан Саткын ээрчиди.
Кулмырза муздак булак суусуна бетин чайкады, Ак Саткын аны карап турду. Жигиттин коюу кара чачын, өткүр көздөрүн, албырлуу колдорун көрдү, чымыр денесин сезди, ал челекти мелт-калт толтуруп суу сузуп берди. Бу суу эмес эле эңсеген, күткөн бакыт арзуусу белем, кыз аны чайпалтпай, төкпөй абайлап көтөрдү.
Алыстан Саткындын энесинин кыйкырыгы угулду, кыз шашып калды, баканын мүрүсүнө илди да, жөнөй берди, эч нерсе сүйлөй албады, коштошкон да жок, кайра келем деген да жок. Кулмырза тигинин кетип жатканына ичи күйүп алдынан торой чыкты:
— Токточу? Кечинде тойго келчи… Ошондо сүйлөшөрбүз?..
— Мен бара албайм… Тойго барыштан калгамын… Отоолуу кыз аталгамын. – Кыз ушуну бөлүп-бөлүп, жерден башын көтөрбөй айтты да, жигитти тике бир карап туруп, анан көзүн кайра ыкчам алып, тез-тез адымдап басып кетти.
— Айтчы анда, мен сага келейин, кантип жолугушабыз?
Кыз унчукпай кете берди. Уялды. Жоопсуз калтырды. Он кадамдай баскандан кийин бир нерсесин унут калтыргандай шарт токтоду да, артына бурулду, ошондо ага тигилип сумсайып турган жигитти көрдү. Көрдү да, уятынан баарын унутуп салды, кыздык арын эстебей, башка бир боорукерлик, жакындык сезим жеңип, оозунан сөз чыгып кетти:
— Келе аласызбы? Коркпойсузбу?
— Келем! Коркпойм! – Кулмырза чуркап келди. – Жатар жериңди айт?
— Оң жак жүктүн бурчунда, арс ичигин төшөнүп, түлкү ичигин жамынып жатам… Келбей эле коюңуз. Тил алыңыз. Бейжаздым кылбаңыз… — Ошентти да кыз, энесинин үнү чыккан жакка, уят күчү менен аттап-аттап шагдам жөнөдү. Ал айтмакчы болгон сөздөрүн айта албай калды. «Келиңиз, сөзсүз келиңиз, күтөм, кыш бою күттүм. Тарсылдап доошу угулбасын, такалуу өтүк кийбей келиңиз, кырдан бирөө көрбөсүн, колот менен келиңиз, атты алыска колотко коюп келиңиз, кулундуу бээ минбей келиңиз, кулунун жоктоп кишенейт, үйүрдүү айгыр минбей келиңиз, үйүрүн жоктоп кишенейт» дейин деди. Уялды. Айта албады.
Жигиттин сүйүнүчтөн жүрөгү опколжуп, өзүн коёрго жер таппай, атынын мойнун кучактап кайра-кайра өпкүлөп, бир топтон кийин ээрге ыргып минип, теминген бойдон капталдан ашып кетти.
* * *
Ай аркан бою көтөрүлдү. Жылкылардын кошкуругу, иттердин чарчаңкы үргөн добушу, күкүктүн жан шеригин чакырган муңканычы угулат, алыста дайра күрүлдөйт, асман жылдызга толуп, тоолордун көлөкөсү алда кандай сүрдүү шаңкайып Кулмырза кетип аткан өрөөндү караңгы кылып турду. Болжоп олтуруп булакка барды. Мындан ары жакын эле, капталдап жүрүп отурса, туура Ак Саткындардын ак өргөөсүнө алып барат. Булакка жүзүн чайып, анан суу ичти. Жүрөгү туйлап бул жерде көп кармалгысы келбеди, лалазарды аралаган жалгыз аяк жолго түшүп аярлап келе берди. Келе берди. Ай жарыгы тийген ачыкка чыкты, корккусу келбеди. Ай аны ээрчип алды. Айыл тынч, анда-санда гана малдардын кошкуругу, койлордун бышкырганы угулат.
Кулмырза тааныш өргөөгө жакын келди. Бир аз тыңшап турду, эч ким жоктой. Анан болжоп туруп жүк жыйган туштагы капшыттан боз үйдүн кийизин көтөрдү.
— Бул ким? – Кыз чочуп кетти.
— Мен. – Акырын, дирилдеген үн угулду.
— Эмнеге келдиңиз?
— Сага.
— Кетиңиз! Уят!
— Ким бар?
— …………….
— Саткын, ким бар?
— ………………
Кулмырза капшытты көтөрүп өргөөнүн ичине кирди. Ээрчип келген Ай, иттердин, жылкылардын, кой-эчкилердин, козу-улактардын – баарынын үнү сыртта калды. Жылдыздар жымыңдап көктө күлүп турушту.
— Кырчын талым.
— Жагалмай кушум.
— Ак ала чүрөк өрдөгүм.
— Кыргыйым.
— Беш көкүлүм.
— Туйгунум.
— Чырагым.
— Бүркүтүм.
Өргөө ичинде эки гана адамдын жүрөктөрүнөн чыккан дооштору жүрөктөрүн аралап, караңгы түңгө сиңип жок болуп кетип атты.
Алар ашыглык лаазатын татып, кумар отун алоолонтуп, дене бою коргошундай көлкүтүп, өздөрүн өздөрү унутуп баратышты.
Бойлору балкып, биринен бири бөлүнө албай биригип, жупташып, башкача бир таттуу жибишип, бу дүйнөнүн эч качан мурда көрүп-билишпеген башкача бир ырахатына магдырап баратышты…
Ай-жылдызы менен көмкөрүлгөн асман, караңгы түнү, боз үй булардын сүйүүсүнө арбалып кошулуп ээрип бараткансыды…
Ак Саткын чочуп кетти. Кимдир бирөөнүн бутунун шырпылдаган доошу чыккандай болду. Ал доош үйдү айланып басып жүргөндөй сезилди. Бул ушундай эле кулагына угулдубу, же чын эле чыктыбы, кыз анчейин билбей жатты. Коркуп, тыңшап туруп калды. Эч нерсе угулбайт. Көңүлү бир аз жайлангандай болду. Койнундагы Кулмырзаны ойготоюн деди, кайра кыйбады, жаш баладай жакшына болуп көшүлүп уктап жатат. Акыры качантан бери ушуну тилеп жүрбөдү беле? Кантип ошол бактысын өзү чочутуп, өзү бузуп алсын! Уктай түшсүн! Анан деле туруп, кетүүгө үлгүрөт да.
Дагы экөө басып өткөнсүдү. Каалга ачылды. Ак Саткын жүрөгү түрсүлдөп катуу какты. Кайра каалга жабылды. Кыз Кулмырзаны түрттү, анын кулагына шыбырады, алар бирине бири шыбырашып сүйлөп атышты:
— Торгойлор сайрай баштады, козголуңузчу? – деди кыз.
— Торгойлор сайраса, ач кыргыйга жем болсун!
— Тараза жылдыз батып, таң агарып, короодо койлор бышкырып атат, туруңузчу?
— Койлор короодо бышкырса, ач бөрүгө жем болсун!
— Кожо акем азан чакырат, кетиңизчи?
— Кожо акең азан чакырса, көк жөтөлгө кабылсын!
Бир убакта каалга шарт ачылды да, эки киши шарпа-шурп кирип, бири Ак Саткынды түлкү ичикке бөктөрө кармап жыгылды, бири турууга үлгүрбөгөн Кулмырзаны бөйрөккө канжар менен эки-үч жолу матырып алды…
Асмандын кылда чокусунан бир жылдыз бүт калган жылдыздарды аралап, көз ирмемде учту да мунарыктын тээ учуна барып сайылып түштү.
Көп өтпөй ушул таң атарда дагы бир жылдыз асман мейкининен кулап кетти. Балким ал өзүнө өзү курч канжар матырган Ак Саткындын жылдызыдыр…