
Төрөлүү бул, кубанычпы, кайгыбы
Жашоо эмне, азап-тозок айлыбы?
Жалган дүйнө, жалган болсо эмне үчүн
Мынчалык оор – бул дүйнөдөн айрылуу.
♦ ♦ ♦
Мен туулганда кошо туулган ажалым,
Билбейм качан, кайсы күнү алаарын.
Суранаарым кыйнабай ал жанымды
Айтпасаң да кетчү күндүн кабарын.
♦ ♦ ♦
Чекитпиз чексиз жашоо мейкининде
Жылт этип жанып өчкөн көз ирмемде.
Ааламга көз ирмемге келсек дагы
Ааламдай түйшүк жазган кешигине.
♦ ♦ ♦
Жаш чагымда түгөнбөстөй бул кылым,
Түгөндү го түгөнгөндөй бир чылым.
Бул жашоого кайдан, неге баш бактым
Баш катырам, түшүнө албайм, чын сырым.
♦ ♦ ♦
Акыркы жыл, айы, күнү өмүрдүн,
Айлар өтсө жылдар жылса жакындап:
Акырындап тузагына өлүмдүн
Ажал тажаал, кууп барат такымдап.
♦ ♦ ♦
Оңго бассаң бейиш төрү жайнаган
Солго бассаң тозок оту кайнаган.
Оң жол кайсы, сол жол кайсы таап көр,
Жиптин учун тапкан өңдүү саймадан.
♦ ♦ ♦
Жаз, жай, күз узап, акырын
Жакындайт кыштын илеби.
Жан дүйнө жабыр тартканын
Жаныңда бирөө билеби?
♦ ♦ ♦
Жок болсо да бардай чачып болгонун
Өмүр сүрдүм жүрүшүндөй жоргонун.
Кызыкпадым мансап, байлык дегенге
Балдарым деп – таалай, бакыт, коргонум.
♦ ♦ ♦
Жакшы менен жаман жагым санасам,
Жаман жакка ооп кетет таразам.
Жакшы сапат кудай берген тепселип,
Жетегинде Азезилдин баратам.
♦ ♦ ♦
Ооруйт башым, ооруйт боорум, жүрөгүм ,
Оңдуу кылбай көр оокатты жүдөдүм.
Оо жараткан, оң көзүңдү сала көр
Онун кечир жүз жасаган күнөөмдүн.
♦ ♦ ♦
Шатман элем, шайыр элем жаш чакта,
Ал мүнөзүм кетип барат кайрылбай.
Карылыктын белгисиби негедир,
Көбөйүүдө болбос ишке кайгырмай.
♦ ♦ ♦
Жылуулукту жакшы көргөн жан элем,
Суук тартып, муздап барат мамилең.
Балыр баскан көлчүк болдум көзүңө,
Бир коктунун булагындай бар элем.
♦ ♦ ♦
Эмнегедир алыстасаң жанымдан
Падышамын түшүп калган тагымдан.
Ээнсирейм жетим калган немедей,
Жанда болсоң жаман чалмын кагынган.
♦ ♦ ♦
Тайыз, наадан, сокур сезим, майда адам
Такыр бүтпөйт санай берсең ар жагын.
Тажап бүтүп, күм жам кылып салбаган
Таң каламын кеңдигине Алланын.
♦ ♦ ♦
Жетелешет өлкөнү туңгуюкка
Жетекчилер акылдуу Сократтай –
Жеп-ичкендин калганын термелеп жеп.
Жетегинде эл барат сокур аттай.
♦ ♦ ♦
Кекчил адам мусор салган челектей,
Таарынычын катып кымбат белектей.
Таштай албай, таштандыдай чогултуп
Кошо чирийт калбыр болот, электей.
♦ ♦ ♦
Мезгил учса шуулдатып канатын,
Мезгил менен качан, кайда барасың?
Келер күндөн не күтөсүң адамзат,
Келечектен кандай пайда табасың?
♦ ♦ ♦
Спортко маш, ыкчам элең ар иште,
Адатыңча эрте жеттиң финишке.
Ай, Эшике эмне себеп болду экен,
Ала жипти алтын башка илишке.
♦ ♦ ♦
Жакшы адамдар өлбөй тирүү калабы,
Өлүмгө бир жакшы менен жаманы?..
Акыр бир күн келбес күнүң келер деп
Аңдып жүрөт ар бир жандын ажалы.
♦ ♦ ♦
Түшкө кирсең куса болуп, сагынганым сеземин,
А өңүмдө жоктугуңа, келбесиңе көнгөмүн.
Оо, Эшике чогуу көрдүк жакшы күндүн неченин
Эми сездим жаштыгымды өзүң менен көмгөнүм.
♦ ♦ ♦
Эске салсам жаштыгымды качырган,
Эх, Эшике кетким келет артыңдан.
Жакшы күндөр өзүң менен кетиптир,
Жылдар келди көп түйшүктү артынган.
♦ ♦ ♦
Нечен ойлор гений ойлой албаган
Келип кетет карабастан алды артын.
Ал ойлорду кармап калсам качырбай,
Балким мен да гений болуп калмакмын.
♦ ♦ ♦
Чексиз дүйнө чекиттерден куралат,
Чектүү өмүрдү ажал сорот сугалак.
Кайда алпарат адамзатты «зор» мезгил
Чексиздиктен – белгисизге кубалап.
♦ ♦ ♦
Атам берген атомдордон жаралып,
Акыр бир күн айланамын ионго.
Ал иондор жоголбостур изи жок,
Айланышар розага, пионго.
♦ ♦ ♦
Саат жебеси токтобостон ашыгып
Сая түшүп кууп келет өмүрдү.
Аз өмүрдө урматташып, сыйлашып,
Аздектейли куунак кармап көңүлдү.
♦ ♦ ♦
Чогуу жашап, чогуу тосуп ак таңды,
Чогуу ичип, чогуу татып тапканды,
Жүргөн менен чогуу турмуш кечирип,
Чекесине ар ким көрөт жазганды.
♦ ♦ ♦
Ойт берме тагдыр, ойт берип тоссо далысын,
Окчундап элден басаңдап калат дабышың.
Топтошкон достор, туугандар тетир бурулса,
Токтосо дейсиң, тынч алып жүрөк кагышын.
♦ ♦ ♦
Жаш кезекте түгөнбөстөй өмүрүң,
Жаш улгайса эрип барат жаш кардай.
Жаш кездеги шайыр мүнөз, курчтугум,
Жылдар менен жылып качып жаткандай.
♦ ♦ ♦
Кармаганым чууруп түшүп салаамдан,
Куру калып достор берген саламдан.
Көңүл чөгүп турган кезде өкүнөм,
Бул дүйнөгө мен эмне үчүн жаралгам?
♦ ♦ ♦
Атеистик тарбия
Алиге кандан тарабай:
Ыйманыма так салат,
Айыкпас котон жарадай.
♦ ♦ ♦
Кечээкиңе кылчактаба, жабышпа,
Кечээки күн кайра келгис алыста.
Өмүр деген агып жаткан сууга окшош,
Суу түгөнөт балким эртең алышта.
♦ ♦ ♦
Өмүрүң чаккан ширеңке,
Жылт этип жанып жок болот.
Талпылдап жүрүп тапкан мал,
Туалетке түшүп бок болот.
♦ ♦ ♦
Балга түшкөн чымындай,
Тырмалаңдап чыга албай.
Жаман ишке төнөбүз
Напсибизди тыя албай.
♦ ♦ ♦
Баланы жасаш оңой, багыш кыйын,
Келинди абийри бар табыш кыйын.
Уул-келин ынтымакта, ыйман күтүп,
Ата-эне көрсө деймин урмат сыйын.
♦ ♦ ♦
Жашмын деп ойлоп жүрүпмүн,
Жашырбай ачсам сырымды.
Тарыхтан түшө калгансып,
Жашапмын эки кылымды.
♦ ♦ ♦
Кредит деген ит чыкты,
Канчыктай тууган процент.
Долларың болуп чоңойот,
Жүгүрүп жүрүп алган цент.