АЗАМ уулу Амирбек: АБХАЗ ЛЕГЕНДАСЫ: «КЫЗДЫН КӨЗ ЖАШЫ»

Орусчадан оодарган Амирбек АЗАМ уулу

Сиз Рица көлүнө бараткан жолдогу шаркыратманы байкадыңызбы? Алдагы шаркыратма эчендеген жылдардан бери агат жана миң жыл бою ага берет. Бул жөнөкөй шаркыратма эмес, суусу да өзгөчө: муздак, кыздын көз жашындай тунук. Бир тамчы көз жаш менен шамал да ойнойт, күн да ойнойт, бирок аны кургатышпайт. Бул тамчы жаш, кыздын көз жашы, ал ысык жана түгөнбөйт. Илгери, илгери, качандыр бир мезгилде, бул жерде не жол, не абхаздардын Бзыбь кыштагы, не шаркыратма болгон эмес. Жападан жалгыз там гана турган. Ал тамда чабандын үй-бүлөсү жашайт. Кемпир-чалдын жалгыз кызы аябай сулуу экен. Анын аты эбак унутулган. Береги кыз эчки кайтарат жана малын тез-тез эле бийик тоого айдап чыгып кетчү. Ал кыз ушинтип жүрүп, бир күнү тоо периштесине жолугат жана алар бири-бирин сүйүп калышат. Бул тууралуу каардуу, ичи тар мастан кемпир билип калып, жаалданып кыйкырганда тоолор солкулдап, дарыялар кайнайт, көп кылымдык дарактар тамыры менен кошо  оодарылат.

— Өлүм башындагы кыз түбөлүк жашоочу периштени сүйүүсүнө жол бербөө керек. Мен бул жердин кожоюну болуп турганда андай болбойт!

Заарлуу мастан жаш кызды өлтүрмөк болот, себеби ал тоо периштеси менен күрөшкөндөй алы жок эле. Мастан кемпир күнү-түнү кызды аңдып жүрүп,  ал эчкилерди кайтарып, жардын четине барганын  көрөт. Мастан кемпир кызды кармап алып, тоонун чокуларынан да бийикке көтөрүп чыкты:

— Тоо периштесине болгон сүйүүңдөн баш тартпасаң, сени аскаларды көздөй ыргытам. Сен жырткыч куштарга жем болосуң.

Кыз жалбарып, сүйгөнүн чакыра баштады, бирок ал алыс жакта — Кавказ тоолорунун башка бир чокусунун үстүндө учуп жүргөндүктөн, сүйгөнүнүн үнүн укпады.

Ошон үчүн  кыз  сүйгөнүн аяп, мастан кемпирден аны азапка салбоону өтүндү. Бирок мастан кемпир өз айтканынан кайткан жок. Ал кызды  аскалардын учуна эми гана ыргытайын деп жатканда, сулуунун көздөрүнөн сүйүүнүн тамчысы шорголоп агып, үнү өрөөндөр менен жылга- колотторду аралай жаңырды:

— Мейли, мен өлөйүн, бирок сага менин көз жашым жетет. Бир миң жыл түгүл  эки миң жыл бою менин көз жашым тоонун жылгасынан ылдый көздөй ага берет. Адамзаттын сүйүүсүн өлтүргөнүң үчүн эч качан жаның жай албай кыйналасың.

Ошондон бери кыздын көз жашы шаркырмата болуп агууда.

Бул легенда 1955-жылы Абхзиянын  Гагра районундагы Бзыбь кыштагында Чкоки Канжария деген адамдын оозунан жазып алынган.

(В.П.Пачулианын Падение Анакопии. Легенды Кавказского Причерноморья”  деген китебинен.  М.: Главная редакция восточной литературы, издательство Наука”1986.)