
Жыгачты жыгачка жышып “ойноп” отуруп от чыгарып алган алгачкы адам чытырай күйгөн чычаласын чычайта көтөрүп алып үңкүрлөштөрүн үркүткөнү жүгүрүп, анысы ошондон бери үлгү болуп калган окшойт. Болбосо адамзат пендесинин кимиси башын кашып отуруп жаңы, күчтүү курал ойлоп таап алса эле башкасын коркуткан балалык оорусунан айыгып, оюндан от чыгарган жаман адатын ушул убакка чейин таштайт эле да. Азыркы космосту багындырган адамзаттын ичинде дүйнөнү дүңүнөн жеңип, тосмосуз жашагысы келген Искендер, Чыңгызхан, Гитлер сыяктуу өкүмдарлардын өчө элек атактарына алакан кактап, өзү дагы жер жүзүн өрткө чулгагысы келген пенделер, ал тургай өлкөлөр бардай.
Баягы анекдоттогу “мунум жарылып кетсе, менде дагы бирөөсү бар” деп гранатаны чукулап отурган немедей болуп өзөктүк курал менен ойногондор, “атың чыкпаса жер өрттө” деген ураанды бийик көтөрүп уранга байыгысы келгендер бар, бирөөнүн огородуна бекер эле ядролук курал менен “козу карын” айдап бергиси келген “дыйкандарыбыз” дагы жок эместей. Айтор “ушунчалык күчтүү куралдарды ойлоп тапкан биолог, химик, физик окумуштууларыбыздын эмгектери текке кетеби” деп коркунучтуу куралды пайдаланып жиберер бир эле “шизик” жетишпей тургансыйт. Ушинтип куралыбыз академиктин билиминен ашып кеткени менен акыл-эс, сабырыбыз алтынчы класстын окуучусунун “адин адинге ким чыгат” деген опузасында кала берди. Эстеп көрсөм өздөрүн “классыбыздын атамандары эсептеген Сембайке менен Мишакең дүйнөлүк саясый картаны жайып алышып, каколдордун кан Майданында шахмат ойноп отурушуп чукчуңдаша кетишкен.
Мишакеңдин Крымдын “кыйтыр өтүгүн” кие калган ат жүрүшүнө чычалаган Семакең жини менен:
— Останешься нАТОМ берегу. Я тебя шахмАТОМ по башке дам, — деп шахмат доскасын ала калып тап бергенде, буга кебелип койбогон Мишакең жан жагындагы ысылык салчу банкесин башынан бийик көтөрүп:
— Ты меня не пугай НАТОМ, АТО в Мажу тебя томАТОМ, — деп ызырынганда бул ойноп отуруп оюнчуктары менен чабышып кетчү балдардай болгон АТОМмандарыбыздын өздөрүнөн сестенбестен сөздөрүнүн арасындагы АТОМ деген сөзгө басым жасап айткандарынан кысчу жерибиз менен кыпылдап, бул Крым кырылышы кылым кырылышына учкун учуруп, үчүнчү дүйнөлүк тутанып кетеби деп коркуп кеткенбиз.
Ушинтип дүйнө дүңүнөн дүмөктүү ойго кептелип турганда “класстын” эң артында нөлөбой класста атаман болгону тууралуу эпикалык дастан жазып отурган Кыкеңе жаздын эпкини тийип ыңкылапчыл үндө кыйкырып калган:
— Атомго байлар кетсин! – деп.
Өткөндө “арап жазын” жылытып жиберген ыңкылабыбыздын баш ураанынын урандын күчүнө тете сүрү бар да чиркин, Атомандар баш болгон бүт дүйнө кулак делдейте калды.
А революция дегениңдин дүйнөнүн ошол делдейген кулагынан жел болуп өтсө биздин көз жашыбызды сел кылып өтүшү мүмкүн. Бул бөрү замандагы айдаган беш эчкибиздин чыга каччу ташын жара ышкырып, аларга даярдалган куу саманга ширеңке шилтеп жиберсек үчүнчү ыңкылапты мамлекетибиз көтөрө албайт болчу.
Ошентип “Атомандарыбыз” атышып кетишсе үйлөнгөн шарга окшош жерибиздин жели “быш” дей түшөт. Октябрят кезде бир нерсени ыргытаарда “бир, эки, үч, Ленин берген күч” деп санагыча эки жолу күүлөп, үч дегенибизде ыргытчубуз. Ошол сыңары эки жолу дүйнөлүк согуш чыгарып Жер-Энебизди, эки жолу революция жасап Мекенибизди күүлөп-күүлөп алдык эле, үчүнчүсүндө алар колубуздан ыргып кетиштери мүмкүн.
…Күнүгө жаңылыктардан желмогуздай түрү бар согуштук окуяларды уга берип, кулак бышып бүттү. Бирок күнүгө “эй адамзат болду эми, дүйнөлүк согуш желмогуздун үчүнчүсү күчтүү болот, жаман болот” деп ошол бышкан кулакты “жегендерге” караганда түбүнөн быкшып, тутана албай турган үчүнчү дүйнөлүктү үйлөгүлөп аткан үчүнчү күчтөр көп сыяктанып жатат.
О Кудай, ошол үчүнчү желмогуздардан жерибизди сактай көр.