
Биздин кыштакта ушунчалык сараң поп-атакебиз бар эле. Ал пайда табуу менен чыгым болбоону гана ойлончу. Күз келип, эгин чабык менен түшүм жыйноо учуру келип, жери көп поп-атакебиз үч батракты жалдады. Таң атары менен поп батрактарды ойготуп, тамактандыра баштады.
Батрактар апылдата тамак жегенин көргөн поп ыйык санаган башын чайкап ойго батты: “Булар азыр тамак көрбөгөндөй жеп атышат, түштө да ушундай сукулдашат, ал эми булар түштөнүш үчүн талаадан келгиче канча убакыт өтөт? Эгер талаага тамак алып барсак, аттар чарчайт. Андан көрө түшкү тамагын азыр эле берип салайын”, — деп дароо эле кемпирине түшкү тамакты берип кутулууга буйрук берди. А мужуктарга эмне, оңдонуп отурушуп, кайрадан апылдатып киришти. Ал эми поп кайрадан ойго батты.
— Кемпир, бер кечки тамагыңды, мужуктар кечке чейин алаксыбай иштесин!
Ошентип кечки тамак да алдыга келди. Бирок жегендери кокосуна жеткен батрактар жей албай калышты. Буга поп ого бетер сүйүнүп кетти:
— Андан бетер жакшы, бул тамакты эртең эртең менен беребиз.
Бирок батрактар башкача ойдо экен: тамак желип бүтөрү менен бирөө чалкасынан түшүп, ошол жерден эле оозун чоң ачып эстеп уйкуга баш койсо, экинчиси үстөлдүн алдына сойлоп кирди, үчүнчүсү уктоочу бөлмөнү карай басып баратып:
— Меймандостугуңа рахмат, кожоюн! Курсак токто адам жакшы уктайт.
— Эмне дейсиң? Кандайча жакшы уктайсың? А ким иштейт, менби?!
— Биз иштейбиз, бирок эртең…
— Кандайча эртең? Таң жаңы эле атты го…
— Биз деген азыр эле кечки тамакты ичтик, а кечки тамактан кийин жатып эс алыш керек. Ар нерсенин өз учуру болот…
Поп айтаарга сөз таппай калды. Анан ал ач көздөнөм деп өзүн өзү алдаганын түшүндү. Ал эми биз калп айткан жокпуз, ишенбесеңер, поптукуна барып карасаңар дагы эле үч мужук үч жерде коңурукту кош тартып, токпейил уктап жатканын көрөсүңөр.