АРКАБАЕВ Кубаныч: МУА ЭЛ ЖОМОГУ: ДЕЛЬФИН ЭТИН АДАМДАР НЕГЕ ЖЕБЕЙТ?

Бир аралда чоң энеси менен бирге бир улан жашаптыр. Чоң эне жыпар жыт чыгаруучу кокос майын даярдоонун өзгөчө ыкмасын билип, аны менен небересинин денесин сүргөн күнү анын кереметтүү жытынан улам дельфиндер жээкке жакын сүзүп келишчү экен. Мындан пайдаланган аралдын жашоочулары дельфиндерди оңой эле торго түшүрүшүп, ошол күнү олжого туйтунушчу болуптур.

Дагы бир жолу аралдын тургундары дельфиндердин чоң үйүрү торго чалынганын көрүп, олжолуу болгонуна сүйүнүп жатышканда алардын арасындагы кокос майын сыйпанып жыпар жыттанган алиги уланга бир дельфин сүзүп келип мындай деп адамча сүйлөптүр дейт:

— Мени үйүңө алып барчы.

— Сен биздин тилди кайдан билесиң? Эмне үчүн мага минтип кайрылдың?- деп таңгалат жигит. Бирок дельфин унчукпастан баягы сөзүн кайталады:

— Мени үйүңө алып барчы.

Жигит уруунун салты боюнча мынчалык чоң олжону жалгыз ээлегенге болбосун айтайын деди, бирок негедир карманды да дельфинди үйүнө алып келди.

— Мени жаткырып, үстүмдү төшөк менен жаап, чакырганымда гана кел,- деп суранды дельфин.

Жигит анын айтканындай жасап, бир топ убакыт өткөндөн кийин дельфиндин чакырыгы менен кирсе, бет алдында абдан сулуу кыз туруптур.

— Сен кимсиң? Бул жерге кайдан келдиң?- деп чочуп да, таңгалып да сурайт жигит.

— Мен өзүң көргөндөй дельфин болчумун, а азыр адамга айландым. Мен сенин кокос майыңдын жыпар жытын жыттайм деп жүрүп өзүңдү сүйүп калдым.

Муну укканда улан не кыларын билбеди. Аны чоочун кызды үйгө кийирип алганы үчүн, кармаган олжосун баардык эле балыкчылардай ортолукка бербегени үчүн чоң энеси урушмак болчу.

Көп өтпөй чоң энеси келип эле үйүндө баары жайында эместигин байкады. Ал кыйкырып небересин чакырганда, ал ичкериден кызды ээрчитип чыга келди. Чоң эне таңгалганынан селейип калганында кыз өзүн тааныштырып, бул жакка кайдан келип калганын баяндап, небересин сүйүп калганын мойнуна алды. Чоң эне муну угуп ишенгени менен болбой эле бул ишти карылардын талкуусуна коюп, кыздын тагдырын элдик жыйындын чечими боюнча өзгөртүүнү талап кылып туруп алды. Кыз буга макул болбой, элдик жыйынга барууга караманча каршы болуп, чоң эне менен небере аны үйдөн чыгара алышкан жок. Айласы кеткен чоң эне акырында карыларга өзү барып, аларды үйүнө чакырып келди. Алар кызды урууга кабыл алуу же албоону ойлонуп, ар кайсыны айтып кеңешип жатышканда кыз мындай деди:

— Сиздер билесиздерби, дельфиндер кимдер экенин? Дельфиндер деңизге чөгүп өлгөн адамдар. Алар деңиз түбүнө түшкөндө дельфинге айланып кетишет,- деп өзү дагы деңиз жээгиндеги кайсы бир кишинин кызы болгонун далилдеди.

Буга ишенген карылар жыйыны мындан кийин деңизден дельфин кармаганга тыюу салышып, анын этин жебөө чечимине келишти. Ошондон кийин адамдар дельфиндерди ыйык санап, аларга аңчылык кылбай калышыптыр. Дельфиндер дагы деңизге чөгүп бараткан адамдарды куткара башташыптыр.

Ал эми алиги дельфинден кызга айланган биздин каарманыбыз ошол жаш жигитке турмушка чыгып, көп балалуу болушуп, өмүр бою чоң энесин алаканга салып бөпөлөп багышыптыр, балдарым.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ