Саул Абрамзон: Никенин алгачкы түрлөрүнүн калдыктары

Балдарды жаш кезинде никелөө жөнүндө бүтүм.

Никелешүүнүн өткөн убактагы эң көп жайылган түрлөрү али төрөлө элек балдарга ата-энелеринин куда түшүшү — бир-бирине карата бел куда болушу, ошондой эле көп учурда ал түгүл бешиктеги наристе балдарын ата-энелердин кудалашы, мындай учурларда бешик куда мамилелери келип чыккан.

Бул эки форма тең кандайдыр-бир даражада «калыңдык» никенин басымдуулук кылышы менен байланыштуу болгон. Эки учурда тең калың төлөнгөн, ал эми аны төлөө көп жылдар бою колуктунун күйөөсүнүн үйүнө кирген учуруна чейин созулган. Бирок никелешүүнүн бул формаларынын өз алдынча мааниси да болгон, ал эми өзүнүн келип чыгышы боюнча алардын «калыңдык» нике менен эч кандай жалпылыгы болгон эмес, бирок акыркысы сыяктуу эле болочоктогу жубайлардын ата-энелеринин бүтүмүнүн натыйжасы болгон; генетикалык жактан ал эң байыркы никелик институттардан келип чыккан.

Кыргыздарда кичине балдардын, ал түгүл курсактагы балдардын болочоктогу никеси жөнүндө алардын ата-энелеринин ортосунда келишим түзүүнүн расми адабиятта белгиленген, ал жөнүндөгү маалыматтар Токмок уездинин кыргыздарынын адат укугуна арналган кол жазмаларда да, ошондой эле биздин кыдырып чогулткан жазмаларыбызда камтылган.

Бул адат бойго жеткенде болуучу үйлөнүү аземинин өзүнчө белгилүү тарыхы болуу менен кыргыздардын үйлөнүү расимдерине да түздөн-түз тиешеси бар. Бул үйлөнүү аземинин негизги белгилери ал бала чак курагында кудалашкан, бойгожеткен жаш адамдардын ортосунда болгон никенин бардык учурларында да сакталып калган.

Никелешүүнүн бул сыяктуу түрлөрү өткөн мезгилде кыргыздардын арасында гана эмес, казактардын, жарым көчмөн өзбектердин, тажиктердин жана Орто Азиянын башка элдеринин арасында да таркаган. Анын үстүнө казактардын «Козу-Көрпөш менен Баян-Сулуу» деген элдик лирикалык белгилүү поэмасынын мазмундук негизин дал ушул расим — али төрөлө элек балдардын болочоктогу никеси жөнүндө ата-энелеринин ортосундагы макулдашуу түзөт. Акад. В. В. Радлов жазып алган поэманын варианты боюнча, бул поэманын мазмуну төмөндөгүдөй.

Эки бай — Сарыбай менен Карабай экөөлөп маралга аңчылык кылып жүрүшүп, бир-бири менен аңгемелешип отуруп, алардын ар биринин үйүндө кош бойлуу аялдары калгандыгын билишет. Алар өздөрүнүн ортосунда түзүлгөн достукту бекемдөө үчүн күтүлүп жаткан балдарды никелештирмек болушат.

Алар өздөрүнүн чечимин «Сизден уул, менден кыз туулса, анда куда бололу» деген ант менен бекемдешет. Карабайдан кыз, Сарыбайдан — уул туулат. Бирок Сарыбай дүйнөдөн кайтыш болуп, Карабай жаңы досунун өлүмүн жамандыкка жоруп, кызын жетимге бергиси келбей, башка жакка көчүп кетет. Калмак Кодардын жардамы үчүн Карабай ага өзүнүн кызы Баян-Сулууну аялдыкка берүүгө убада кылат. Кайтыш болгон Сарыбайдын уулу Козу-Көрпөш кудалашкан колуктусун энесинен угуп, аны издеп чыгат. Кыздын атасынын айылына келип, ал койчулукка жалданып, кыз менен жолугушат. Бирок Кодар жаштардын өз тагдырларын баш коштуруу жөнүндө каалагандыктары жөнүндө билип калып, Козу-Көрпөштү жүзү каралык менен өлтүрөт. Баян-Сулуу Кодардан өч алып, ал да өлөт. Өзүнүн сүйгөнүнүн мүрзөсүнө келип, кыз өзүн-өзү өлтүрөт.

Ушул сыяктуу эле мазмун — балдарды төрөгөнгө чейин эле никелештирүү кыргыздын «Манас» эпосунда да бар. Эпостун каарманы Манас күтүлүп жаткан балдардын болочоктогу никеси жөнүндө афгандык аким Акун-кан менен келишим түзөт. Биринчисинен Семетей деген уул, ал эми экинчисинен — Айчүрөк деген кыз төрөлүп, алар күйөө бала жана колукту деп эсептелип, акыры жубай болушат.

Фольклордук чыгармаларда бул реалдуу расим идеалдаштырылып, татаал мазмундук түзүлүш үчүн: күйөө бала менен колуктунун төрөлгөнгө чейин эле өз бактылары үчүн күрөшү, патриархалдык-феодалдык уклад түзгөн бөгөттөрдү алардын жеңип чыгышы үчүн негиз катары кызмат кылат. Албетте, патриархалдык-феодалдык мамилелердин чектелбеген ата-энелик бийлик менен бирге бул элдик расим терең из калтыргандыгы менен эсептешпей коюуга болбойт. Акад. В. М. Жирмунский мындай деп адилеттүү жазат: «Эгер реалдуу турмуш-тиричилик мамилелеринде жакынкы убактарда эле бул расимди аткаруу көп учурда жаш адамдардын жекече сезимдери менен патриархалдык ата-энелик бийликтин, урук менен үй-бүлөнүн ортосунда курч жаңжалга алып келсе, эпостун жана элдик романдын (негизин ошол эле коллизия түзгөн ортоазиялык «Тахир менен Зухра» элдик романы эске алынып жатат) идеалдык чагылдырылышында төрөлгөнгө чейин же бешиктеги кезинде эле кудалашуу бир кыйла учурларда сүйгөндөрдү төрөлгөнгө чейин бириктирген провиденциалдык, ыйык жана бузулбас байланышты көрсөтүп турат. Мунун өзү үй-бүлөлүк мамилелер же мүлктүк ой-максаттар өзгөргөн учурларда ата-энелердин өздөрүнүн ыйык расимди бузушуна мажбурлап» тигилердин өз сезимдери үчүн күрөшүнө жогорку санкция берет.

«Козу-Көрпөш менен Баян-Сулуу» поэмасында жана «Манас» эпосунда чагылдырылган жана өткөн убакта казактар менен кыргыздардын турмуш-тиричилигинде кеңири таркаган расим өзүнүн келип чыгышы жагынан бөлөлүк никеге милдеттүү. Ал никенин милдеттүү формасы болгон жана бөлөлүк нике эркек төрөлгөндөн тартып эле аялдардын белгилүү категориясына — ар кандай даражадагы туугандаш өздөрүнүн бөлөлөрүнө үйлөнүүгө укук алган мезгилде келип чыгышы мүмкүн.

Ортоазиялык арабдарда калың төлөө болгон эмес, муну Н. И. Винников баарыдан мурда аларда бөлөлүк никелер кеңири таркагандыгы менен түшүндүрөт. Акын Жанактан жазылып алынган «Козу-Көрпөш менен БаянСулуу» поэмасынын варианттарынын биринде бел-куда расимине негизделген никелешүүлөрдө бир кыйла өткөн заманда калың төлөнбөгөн. Карабай менен Сарыбайдын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн убагында милдеттенме мындай деген формула менен билдирилген: «уул туулганда, кыз туулган заман болсо, аларды калыңсыз никелештирелик».

Никенин бул формасы коомдун өнүгүшүнүн кийинки этаптарында да өзүнүн милдеттүү-мажбурлоо мүнөзүн али сактап кала берген, ал түгүл никелешүүнүн башка формалары биринчи планга коюлган убакта бөлөлүк никелер сакталып, аны али урматташкан. Никенин бул формасынын андан аркы эволюциясы бир кыйла алыс туушкан ата-энелердин, андан кийин ушундай никелердин жардамы менен өзгөчө тыкыс, достук мамилелерди түзүшкөн туушкан эмес үй-бүлөлөрдүн ортосунда да төрөлө элек же наристе балдардын никелешүүсү жөнүндө бүтүмдөрдүн практикасына алып келген.

Тарыхый-социологиялык аспектте алганда «бел куда» жана «бешик куда» деп аталган никелешүү менен бөлөлүк никелердин формаларынын ортосунда белгилүү байланыш орнотулушу мүмкүн. Биринчилерин никенин эң байыркы формаларынын — бөлөлүк никелердин дериваттары катары кароого бардык негиздер бар.

Күйөөнүн жана колуктунун никеге чейин жүз көрүшүүлөрүнүн расими. Өткөн убакта кыргыздардын үйлөнүү расимдеринин жөрөлгөлөрүндө күйөө менен колуктунун никеге чейин жүз көрүшүү (күйөөлөө же күйөөлөп баруу) расими маанилүү орунду ээлеген, аны аткаруу бир кыйла аземдер менен болгон. Ал бардык эле жерде таркатылган, бирок кээ бир түштүк кыргыз уруулары жайгашкан райондордо бул милдеттүү мүнөздө болгон эмес, сейрек сакталып жана анын өзүнчө бөтөнчөлүктөрү болгон.

Күйөө менен колуктунун никеге чейин жүз көрүшүүлөрүнүн расиминин келип чыгышы үй-бүлөлүк никелик мамилелердин байыркы формалары менен тыгыз байланышта болгондугуна карабастан анын турмушта өкүм сүрүшүнө белгилүү өлчөмдө экономикалык себептер да колдоо көрсөткөн. Колуктусуна күйөөсүнүн никеге чейин барышынын мезгили адатта калың төлөөнүн жүрүшүнүн мезгилине туш келген. Калыңды толук төлөп бүтмөйүнчө күйөө колуктусун үйүнө алып келүүгө жана өзүнүн никелик укугун ачык жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүгү болбогондугу белгилүү. Бирок калыңды төлөө көп учурда узак мезгилге созулуп, калыңы жетишпеген үй-бүлөлөрдө негизинен калыңды барабара, бөлүп-бөлүп төлөп берүү зарылчылыгы менен түшүндүрүлгөн.

Кыргыздарда никеге чейин күйөө менен колуктунун жүз көрүшүүсүнүн расими болгондугу жөнүндө бир катар байкоолор жана изилдөөлөр кабарлайт. Ал жөнүндө маалыматтар кыргыздардын расимдери жөнүндө кол жазмаларда да бар. 1946—1955-жылдардагы кыдырып жазып алгандарыбыз бул расимдин бардык белгилерин калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берди.

Күйөөлөө расими кыргыздарга гана эмес, башка элдер үчүн да, анын ичинде кыргыздардын коңшулары үчүн да мүнөздүү. Ал «жасырын баруу» жана «урын келүү» деген ат менен казактардын арасында кеңири таркап, жарым көчмөн өзбектерде эскинин саркындысы формасында сакталып калган жана тажиктерде «кынголь-бози!» (колукту менен ойноо, колукту менен эрмектешүү) деген ат менен бекем сиңген. Мына ошентип, бул расимди түшүндүрүүнү никенин тарыхына байланыштуу көп элдер үчүн кандайдыр жалпы көрүнүштөрүнөн издөө керек. Бул проблеманы изилдөө менен А. Н. Максимов колуктусуна күйөөнүн баруу расиминин өтө олуттуу ырым-жырымдык мааниси бар, анткени ал «белгилүү даражада бүткөн нике катары адат укугу тарабынан таанылган» деген толук негиздүү ынанымга келген.

А. Н. Максимов айткан жобону бир аз тактоо менен башкы үйлөнүү тоюна — үйлөнүү аземинин чегине жеткен пунктуна чейин кыргыздарда болгон күйөөнүн колуктусуна барышынан коомдук пикир менен адат укугунун нормалары жактырган, чындыгында никенин өзүнүн башталышын, никелик мамилелердин келип чыгышын көрө билүү керектигин көрсөтүүгө болот. Күйөө менен колуктунун жүз көрүшүүлөрүнүн маанисине мындай көз караш Л. Я. Штернберг көтөрүп чыккан кээ бир ой жүгүртүүлөргө да толук ылайык келет, анын пикири боюнча, бул сыяктуу расимдер жыныстык катнашууну никеге айландырат жана эгер алар коомдук жана диндик санкцияларды туудурбаса, укук ченемдүү болуп саналат.

Күйөөлөө расиминин көп жактары күйөө менен колуктунун үйлөнүү тоюна чейин жолугушуусунун мезгили байыркы өткөн убакта жубайлык турмуштун башталышы болгондугу жөнүндө пикирди ырастап отурат. Эгер кыргыздардын туушкандык жана куда-сөөктүк терминологиясына таянсак, бул расимдин ал түгүл атынын өзүн «күйөө» деген түшүнүктөн эмес, «кызынын күйөөсү, карындашынын күйөөсү», б.а. күйөө бала деген түшүнүктөн тыянак кылып чыгаруу туура, бул үчүн да күйөө деген термин колдонулат. Бул — «күйөөлөө» расими. Колуктунун сиңдиси эжесинин күйөөсүн жезде деп аташы да бекеринен эмес. Колуктунун энеси кызынын күйөөсү менен жолугушуулары жөнүндө билмек гана турсун, андай жолугушууга көмөк көрсөтөт. Алар жөнүндө колуктунун атасы да билет, бирок «официалдуу» гана кабардарсыз адам катары эсептелет. Бирок аларга карата күйөө качуу (көрүнбөө) расимин катуу сактайт.

Күйөөлөө расиминин кээ бир белгилери үйлөнүү тоюнун убагында болучу нерселер менен толук ылайык келет (жаштардын ойну, күйөөгө жаңы кийим кийгизүү, күйөө менен колуктуну «байланыштыруу», күйөө тараптан колуктунун туушкандарына көп сандаган белектерди тартуулоо ж.б. ). Күйөөнүн колуктусуна барышынын бүт аземин үйлөнүү расиминин алгачкы стадиясы катары кароого болот. Кийинчерээк эскире баштаган үйлөнүү тойлору таптык коомдун шартында калыңдын жана септин маанисинин баарыдан мурда күчөшүнөн келип чыккан үйлөнүү расиминин алгачкы формасынын өнүгүшү жана татаалдашы гана болуп саналат. Үйлөнүү циклинде мусулмандык никелешүү расиминин (нике кыюунун) пайда болушу никенин диндик санкциясынын идеясынын киришинин, исламдын идеологиясынын бекемделишинин натыйжасы болгон.

Күйөөлөө расиминин өзү жубайлардын матрилокалдык жайгашуусу мүнөздүү болгон никелик мамилелердин стадиясына сөзсүз барып кошулат. Дал колуктунун атасынын айлында күйөө менен колуктунун жүз көрүшүүсү болот, бул жакка ал үчүн «жол ачык», ошондуктан ал биринчи жолу келгенден кийин колуктунун улуу туушкандары менен жолугушуп калуудан гана качып ийменип, эми таптакыр ачык келе баштайт. Бул жолугушууларда маанилүү роль колуктунун туушкандарына, анын айлында жашагандарга таандык. Алар күйөө жана анын жоро-жолдоштору минип келген аттарды пайдалана алышат, ушул жерде күйөөгө жаңы кийим кийгизишет д.у.с.

Күйөөлөөнүн убагында көңүл ачууга катышкандардын арасында байкалгандай жыныстардын ортосундагы кээ бир эркиндик көп башка элдер сыяктуу эле бир убактарда кыргыздардын ата-бабалары басып өткөн топтук никелик мамилелердин стадиясынын башка калдыктары менен байланыштуу болгон. Никенин эрте формаларына мүнөздүү болгон айрым көрүнүштөрүн күйөөлөөнүн убагында жанданышында адаттан тыш эч нерсе жок. Мындагы бардык шаан-шөкөттөрдүн башкы катышуучулары жаштар болгон, анын үстүнө активдүү роль, бир жагынан күйөөнүн жолдошторуна, экинчи жактан — колуктунун жакын туушкан кыздарына таандык болгон.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз