Василий Бартольд: Орто Азияга командировкага барганым жөнүндө отчёт

  • 20.07.2020
  • 3290

1893-ж. май айында мени чыгыш тилдер факультети байыркы эстеликтерди (урандыларды, жазууларды жана башка ушул сыяктууларды) изилдөө үчүн Орто Азияга командировкага жиберди. Мен Чүй (моңгол мезгилине чейин көчмөндөрдүн биринен сала бири пайда болгон ар түрдүү мамлекеттеринин борбору болгон) жана Иле (калмактардын тушунда өзүнүн маанисин сактап калган моңголдордун кубаттуу Чагатайлар сулалесинин борбору болгон) өрөөндөрүнө өзгөчө көңүл бурууга тийиш элем.

Илгертен бери маданияттуу жана отурукташкан Трансоксанияга токтобой, изилдөөмдү ар дайым көчмөндөрдүн ээлеген жери башталган — Чымкенттен баштоону болжолдогон элем.

Мен эң мурда жергиликтүүлөр өзүлөрү ошол чөлкөмдөгү калк жашаган жерлердин эң байыркысы жана арабча Исфижаб[1] деп эсептеген Сайрамга келип түштүм. Моңголдордун үстөмдүгүнүн алгачкы мезгилинде Сайрам маанилүү чоң шаар болгон окшойт; Рашид ад-дин бул шаарды көргөн адамдардын айтып бергендеринен шаардын башынан аягына чейин 1 күндүк жол экендигин жана анын кырк дарбазасы бардыгын белгилейт. Эл Сайрамдагы мазарларды эң байыркы деп эсептегени менен анда азыр байыркы имараттар жок; ал тургай алар богородиңанын мүрзөсүн көрсөтүштү.

Жергиликтүү адамдар бизге жакында эле Чарвак Тепеде кызыл кумпалуу мечит болгондугун жана илгери эле салынган имарат аябай бузулуп калгандыктан ал жердин ээси Кыпчак-калпа деген мындан жети жыл мурда аны буздуруп, сатып жибергендигин айтышты; азыр андан бир нече кыш гана калган[2].

Чымкенттен Сайрамга чейинки бүт жерди какшып калган арыктар кесип өтөт, бул бир кездерде ушул жерде эл азыркыга караганда жыш жашагандыгын билгизет. Сайрамдан 4 верста түштүк-чыгыштагы кыштардын үймөгү урандыларды билгизип турат. Ошол эле багытта андан 6 верста ары Илан-бозган деген дөңдө узундугу 120, туурасы 105 кадам келген коргон бар; дөңдүн үстүнөн эң сонун карлуу тоолор көрүнөт; тоого жакын Сур-Торбат кыштагы орун алган. Азыр коргондо жана анын жанында байыркы шаардын эч жиги билинбейт, бирок шаар жөнүндө уламыш бар. Ушул шаарда күндөрдүн биринде бир кемпир суунун жээгинде уй саап жатса капыстан эле суудан жылан чыгып келип, кемпирге алтын тыйын сунуп: «Эгерде сен мага сүт берип турсаң, мен күн сайын сага ушунча тыйын алып келип турамын» — дейт. Кемпир макул болот да, бат эле байып кетет; бул жөнүндө билип калган падыша мынча байлыкты кайдан алганын сурайт; кемпир адегенде жашырат, бирок кийин чынын айтат. Падыша ишенбейт; кемпир жылан келерде аңдып тур дейт. Күтүп туруп, кемпирдин чындыкты айтканына көзү жетет, бирок падыша кемпирдин жылан[3] менен алакасына ачуусу келип, экөөнү тең кайнап жаткан майга салууга буйрук берет. Ошондон кийин жыландар кыштактын тургундарынын артынан түшүп алышат да, аларды башка жакка көчүп кетүүгө аргасыз кылышат[4]. Самарканга качып барган падыша койдун мүйүзүнө жашынып алып, ал жакка анын койлору менен барган жыландын чакканынан өлөт.

Дегинкиси Чымкент уездиндеги бардык урандылар азыркы почта жолунун чыгышыраак жагында жайгашкан; Түлкү-Баш кыштагынан баштап гана урандылар менен коргондор чоң жолдун боюнан кезиге баштайт. Сайрамдан жана анын айланасынан кийин бизди кызыктырган жер Беловодск бекетинен 2,5 верста жогору Ак-Суунун жээгиндеги Кабал-Булак урандылары болду. Урандыларга жакын тоодон агып чыккан бир нече булак Кабал-Булак аталат; суусунун даамына караганда анда айрым минералдардын кошундулары бар. Ал жерде бир нече табигый дөңдөр бар, алардын үстүнө курулуштарды курушкан. Айланасы 550 кадам жана Ак-Суунун жээгинен чукул бүткөн эң четки дөңдү жакшы бышкан калың эски кыштар каптап жатат; эгерде ушул жерде сепил бөлгөн болсо, анда ал дарыянын бүт өрөөнүнөн көрүнүп турган. Дөңдөн алыс эмес жерден биз калың куурдун сыныгын таптык; анын айланасында мындан башка да көп кыштар жатат.

Экинчи бир дөңдө дарбазаларынын жиги билинген жалдын калдыктары көрүнүп турат. Түлкү-Баш кыштагынын аты анын жанындагы ыйык делген тоонун аталышынан келип чыккан; анын чокусуна келип төрөбөгөн кыргыз аялдары кайсы бир олуяга арнап курмандыкка мал чалып, анын башын көрүнөө илишип, шыргыйларга чүпүрөк байлап коюшат. Бул тоону түлкүнүн башы сыяктуу элестетишип сыйынуучу жайга айландырышкан окшойт. Бул жерди исламга чейин эле ыйык тутушкан көрүнөт, мусулман олуяларына кийин ыйгарышкан; ал тургай олуялардын ысымдарын эл билбегендиктен жөн эле Түлкү-Баш-Ата, Чикпак-Ата, Тек-Турмас-Ата жана башка ушул сыяктуу атай беришет.

Аталышы эле айтып тургандай Түлкү-Баш тоосу түлкүнүн башына окшоп кетет; бул жер арык менен сугарылуучу бир нече тектирден турат. Жергиликтүү калк мага Түлкү-Баш деген аталыш бул “түрктөрдүн башчысы” деген сөздүн туура эмес айтылышы экендигин маалымдашты; бир кезде бул жерде түрк ханы жашаган. Сөздүн этимологиясы, албетте, жасалма, бирок уламыш кызыгууну туудурат. Кыштактан алыс эмес жергиликтүү эл калмактар салган деп эсептеген кандайдыр бир имараттан калган кыштар жаткан дөңсөө бар; уламыштарда бул жерлердеги бардык эле байыркы курулуштарды калмактарга ыйгарышкандары белгилүү.

Имараттын айланасы 200 кадам болсо керек; жергиликтүү адамдар эми деле өзүлөрүнүн курулуштары үчүн анын кыштарын пайдаланышат. Түлкү-Баш кыштагынан бир аз өткөндөн кийин ар дайым көчмөндөрдүн жай мезгилиндеги эң сүйүктүү жайы болуп эсептелген жана XII, XIII кылымдарда түрк хандарынын жайкы ордосу болгон бөксө тоо башталат. Негизги конушу Миң-Булак деп аталган. Северцов[5] Сюань Цзандын жазганына таянып, Миң-Булак Күйүк суусунун ушул эле аталыштагы ашуудан башталган башаты деген. Бирок араб маалыматтары боюнча Миң-Булак Терс суусунун батыш тарабында. Биз Ибн Хордадбектен[6] буларды окуйбуз:

«Абаржаж кыштагында дөң бар, анын айланасындагы 1000 булактан суу атырылып чыгып турат, алардан пайда болгон суу чыгышты көздөй агат, ошондуктан тетири агуучу дарыя деп аталат. Ал жерден суунун жээгине чейин 6 фарсах». «Тетири агуучу дарыя» дегенден ошол чөлкөмдөгү дарыялардын ичинен чыгышка карай аккан Терс суусун гана түшүнүү керек; анын түркчө аталышы да (Терс) ушундан. Миң-Булак жанындагы Чакпак аталган кыштак Чакпак булактарына гана туура келиши мүмкүн. Алар менен Терс суусунун жээгинин аралыгы азыркы жол менен анча деле алыс эмес. Чакпак булактарынан Терстин өзү эмес, анын куймаларынын бири агып чыгат. Булактардын жанында байыркы коргондор менен мүрзөлөр көп; кыштактын жогор жагында ыйык Чакпак-Ата мазары бар; бул жер конгломерат тоо тектеринен турган асканын укмуштуудай түрлөнүп көрүнгөнүнөн улам диний ыйык жерге айландырылса керек.

Биз Олуя-Атага келип, уезд начальниги В. А. Каллаурдан кээ бир маалыматтарды алдык жана алардын негизинде Талас өрөөнүн карап чыгууну чечтик. Мындагылардын ичинен эң көңүл бура турганы Капка капчыгайынан түштүктө, Таластын сол жээгиндеги Александровка посёлкасынын жанындагы Садыр-Коргон урандылары экен. Шаардын жалы менен сепилдин жалы жакшы сакталып калган; биринчисинин айланасы 10 верстага, экинчисиники 3 верстага жакын. Бул жер жалаң эле дөңдөрдөн турат жана алардын үстүнөн кээде жалдар көтөрүлүп жатат. Сепил шаардын түндүк бөлүгүндө капчыгайга жакын жайгашкан; анын жалы Таластын дал жээгинен башталып, бир топ эле бийик дөңсөөгө чыгат. Дөңсөөнүн үстүндөгү жал, албетте, жакшы сакталып калган; бул жерде дарбаза, жалдагы бир нече мунара жана чептин ичиндеги кароол мунара көрүнүп турат, дарбазадан кароол мунарага чыйыр жол барат. Сепилдин ичиндеги түздүктө да анча чоң эмес төрт бурчтуу жал бар; анын ортосунда сегиз бурчтуу жасалма дөбө жайгашкан. Жал топурак менен таштан, көбүнчө сланецтен бир нече катар тегиз коюлуп тургузулган.

Шаардын ойдуңдагы бөлүгүн жана дөңдүн кээ бир тектирлерин арыктар кесип өтөт жана алар шаардын сырты менен бир топ жерге чейин созулат. Тегереги тосулган мейкиндиктин бир топ жерлеринде кыштар менен карапа сыныктары жатат; ошондой эле байыркы мүрзөлөрдүн белгилери да көрүнүп турат. Жергиликтүү калк бул шаарда качандыр бир убактарда Кара-Баш деген падыша жашаган дешет.

Жергиликтүү калктын айтымында Кутумиш менен Ак-Дөбөнүн урандылары кытай шаарларынын калдыктары экен. Кутумиш Капка капчыгайынан чыга бериште, бир аз түндүгүрөөк жакта; бир чарчы верста жерде кызыктыра турган эч нерсеси деле жок кыштар жатат. Ак-Дөбө урандылары Олуя-Атадан 60 верста алыстыкта Урмарал (картада Үйүрлүү-Марал) суусунун ары жагында; так ушул урандыларда немис кыштагы Орлов жайгашкандыктан бул жердеги жал Садыр-Коргондукуна караганда кыйла эле начар сакталып калган. Жалдын айланасы 7 верстага жакын. Бул жерде көп мүрзө бар; ушул жерлердин кайсы жерин казса да сөөк чыгарын айтышты.

Биз казылган бир нече мүрзөнү көрдүк; алардын казанактары бар жана бири бирине жакын. Өлүк коюлуучу чакан оюктар бышырылбаган кыштан салынып, үстү топурак менен көмүлгөн; мүрзөлөр түндүктөн түштүктү баштанып жайгашкан. Тегерете курчалган жерден кыштарды (демейдегидей эле көмүлүп калган), тыйындарды, асем буюмдарды жана идиштердин сыныктарын табышат.

Немистер бизге араб, балким куфи жазуусу бар эки тыйын беришти; ал тургай анын биринде хандын ысмы жазылган, бирок тилекке каршы, тамгалары жышылып калгандыктан ысмын окуй албай койдум. Ак-Дөбөдө эски арыктар жок экен, сыягы, бул кадимки шаар эмес, көчмөндөрдүн станы болгон[7]. Биз көргөн урандылар орто кылымдагы географтар эскеришкен шаарлардын кайсынысына туура келерин айтуу кыйын. "VI кылымда (Земархта) эскерилген жана кийинки жүз жылдыкта (Сюань Дзандын мезгилинде) белгилүү соода жайы болгон байыркы Таластын кайсы жерде экендигин аныктоо өзгөчө маанилүү. Аны бирде Тоймакенттин[8] урандылары (Талас дарыясынын оң жээгинде, Олуя-Атадан төмөн, Моюн-Кумдун арасында) дешсе, бир туруп азыркы Талас[9] (Кара-Буура суусунда) орун алган жерде дешет. Бирок Макдисинин айтуусунда Талас бир чоң дарыянын сол жээгинде жайгашкан. Кара-Буура качандыр бир мезгилде деле чоң суу болбосо керек. Биз көргөн урандылардын бирин ушул Талас болгон деп айтуу да кыйын; кадимки эле жол менен Александр кырка тоосунун жанынан Батыш Түркстандан Чыгыш Түркстанга (же тескерисинче) бараткан саякатчылар дайыма Талас аркылуу өтүшчү; аларга түштүктү көздөй бурулуп, Талас өрөөнүнүн жогорку жагына баруунун эч бир кажаты жок эле. Талас азыркы Олуя-Ата[10] орун алган жерде болгон деген жыйынтыкка келүүгө туура келет.

Макдисинин жазганы боюнча чет өлкөлүк көп көпөстөр турган Шелжи Талас өрөөнүндөгү маанилүү шаар болгон. Макдиси имиштерге таянып, бул шаардагы исфахандыктар эле 10 000 (бул сан, чындыгында эле апыртылган) экенин айткан. Балким, азыркы Садыр-Коргондун урандылары ошол шаар болсо керек.

Кырсык ушул жылы Талас өрөөнүнө арылап барууга мүмкүндүк бербеди. ОлуяАтадан Верныйга чейинки жолдогу жана Ысык-Көл айланасындагы урандылардын фотосүрөттөрү менен алар жөнүндө жазылгандарды Илимдер академиясы мени менен командировкага чогуу жиберген С. М. Дудин, балким, жакында жарыкка чыгарар.

Кийинки командировкада, негизинен, ар түрдүү, көбүнчө мусулмандарга чейинки жазууларды издеп табыш керек эле. Тилекке каршы, байыркы мүрзөлөргө коюлган жазуусу бар таштарды биз эч бир жерден кезиктире албадык; эгер алар бар болсо, анда тоо тарапта жана аларды жол көрсөтүүчү кишилерсиз табуу мүмкүн эмес. Жергиликтүү адамдар бизди ал жакка алып баруудан таптакыр баш тартышты жана таштар жөнүндө түрдүү коркунучтуу укмуштарды айтышты. Давдав (Машат кыштагынан 16 верста аралыкта) тоосунда кандайдыр бир абдан терең чуңкур бардыгын жана анда чоподон жасалган мүрзө таш жаткандыгын айтышты; бир нече сарт ал жакка барышкан, алардын бири узундугу 14 аршин аркан менен түшкөн, аркан кыскалык кылган; сарт коркконунан кыйкыра баштаган, аны тартып алышкан (бул жөнүндө экспедицияга катышкандардын бири мага айтып берди).

Түлкү-Баш кыштагында мага кыштактан 5 верста аралыкта үңкүр бар экендигин жана анда кишини соруп жаткан жыландын сүрөтү тартылган таш бардыгын айтышты, үңкүрдөн дайыма түтүн чыгып турат. Кайсы бир кыштакта жашаган беш орус ал жерге барышкан, бирок түтүндөн коркуп кайта кетишкен. Буларды бизге сарттар айтып беришти; айланадагы орус кыштактарынан сураштырсак деле эч натыйжа чыккан жок. Жергиликтүү адамдардын мындай таштардын кайсы жерде экендигин көргөзгүсү келбегендиктери, көбүнчө андай жерлерде катылган кенч болуш керек деп шектенишкендиктеринен болуп жатат.

[1] Сайрам (Сайрат шахрй) жөнүндө жергиликтүү китепчени Н.П.Остроумов жарыкка чыгарган (Ташкен, 1884); андагы маалыматтар бүт уламыш мүнөздө жана ушунусу кыйла кызык. Бул жерлерде исламдын башкы таратуучусу Самани Исма'ил китепчеде «иран гяурларынын» жолбашчысы болгондугу көңүл бурарлык (21-6.).

[2] <Сайрамдын байыркылыгы жөнүндө кара: Иванов, Сайрат; М. Массон, Старый Сайрат; Бернштам, Проблемы древней истории, стр. 73—76. Сайрамды Исфижаб менен окшоштуруу чечилбеген маселе боюнча калууда.>

[3] Азыр деле ар бир сарт жылан кармап алса, эч зыяны жок болсо да аны өлтүрүү өзүнүн милдети деп эсептейт; балким бул зороастризмдин калдыгы болсо керек.

[4] Ушундан улам коргон Илан-Бозган Жылан бузган аталып калган.

[5] Путешествие по Туркестанскому краю, стр. 41—42.

[6] Ибн Хордадбех, текст, 28; Кудама, текст, 204-205.

[7] <Чындыгында Орловдогу Ак-Дөбө изилдөөчүлөр Кул менен окшоштурушкан накта орто кылымга тиешелүү шаар чалдыбары. Ак-Дөбөдөгү казуулар жөнүндө кара: Бубнова, К истории средневековой горной промышленности.>

[8] Schuyler, Turkistan, vol. II, p. 121.

[9] Tomaschek, WZKM, Bd CXI, S.106.

[10] <Акыркы мезгилде Таласты — Таразды Жамбыл (мурунку Олуя-Ата) деп эсептөө шек туудурбайт. Советтик мезгилде Жамбылдагы орто кылымга таандык эң чоң шаар чалдыбарын тарыхый-археологиялык жана тарыхый-топографиялык жактан 1925—1927-жылдары М. Е. Массон (кара: Умняков, Археологическая и ремонтно-реставрационная работа, стр. 268—269), 1936—1939-жылдары А. Н. Бернштамдын экспедициясы (Бернштам, Памятники) изилдеген. Бул шаар чалдыбары жөнүндө дагы кара: Ремпель, Некрополь.>

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз