Мурдунан алыска көзү жетпегендерге мурдунан алыс маселени айтсаң, катуу ишенет.
* * *
Партияңдын зоболосун сакташ үчүн өз пикириңди тез-тез өзгөртүп турушуң керек.
* * *
Чоң иштин башында турган адамга карама-каршы көз караштагы партиялардан мурда өз партиялаштарынын арасында жолтоо болчулар көп.
* * *
Биздин көзүбүздү чындыкка коошпогон шумдуктар ачат.
* * *
Министрдин туура эмес иш жасаганынан да, туура эмес дөөдүрөгөнү опурталдуу.
Жан Франсуа РЕЦ
Акылы чолоктун акылы куру көкүрөктө.
* * *
Мансаптан алыс жүргөн адам даражалуу кызматка татыктуу талапкердей көрүнө берет.
* * *
Пендечилик чыр-чатактардын узактан бери уланып келаткан себеби, дайыма эки тарапта тең күнөө бар.
* * *
Жакшылыкты билбегенге жакшылык кылгандан да, акмакка кызмат кылгандан өткөн акмакчылык жок.
* * *
Калыбы, өзүбүздү өзүбүз мактабаганда, өзгөлөрдүн кошоматчылык үчүн айткан мактоосунан бузулбайт элек.
* * *
«Мен кылдым!» деп көпчүлүк көзүнчө төш койгулаганың эмес, көмүскөдө бекинип жасаган ишиң чоң эрдик.
Франсуа де ЛАРОШФУКО
Реформа жасоого каражат таппаган өлкө жаңыны кой, эски реформаны калыптандырууга каражат таппайт.
* * *
Жаңылык киргизгенин реформа деп жар салгандар бар.
* * *
Дайынсыз эркиндик өзүнөн өзү дайынсыз жок болот.
* * *
Жок нерсеге ишенүү – акылы тайкылардын дини.
* * *
Өз кемчилигин моюнга албагандардын канында бир мандем бар.
* * *
Залимдер көп үчүн залимдер көбөйдү.
* * *
Бийлик канчалык тайраңдаса, анын тагдыры ошончолук опурталдуу.
* * *
Эркиндикти колдон чыгарбаш үчүн анын чегин да билиш керек.
Эдмунд БЕРК
Которгон О`Шакир