Кимге жардам берүү керек?

  • 10.12.2023
  • 3391

Бир жолу акылман адам өз шакирттери менен сапар тартып келаткан эле. Жолдон алар бир дыйкандын өгүзү орго түшүп кетип, аны чыгара албай убараланып жатканын көрүштү. Өгүздү аңдан сууруп чыгыш бир адамдын колунан келбейт болчу. Ошентсе да дыйкан жан талашып аракет кылып жаткан экен. Акылман шакирттерине баш ийкеп койду эле, алар жабылып барып өгүздү алеки заматта аңдан сууруп алышты. Дыйкан кубанып, алкышын жаадырды.

Бир топтон кийин кайрадан өгүзүн аңга түшүрүп, аңдын кырында ыйлап олтурган дыйканды көрүштү. Шакирттери акылманды карашты эле, ал эч нерсе көрбөгөн кишидей унчукпай өтүп кетти.

Таң калган шакирттери ага суроо узатышты:

– Устат, эмне үчүн бир дыйканга жардам берип, эми ошондой эле абалда калган экинчи дыйканга жардам бербей өтүп кеттик?

– Эмне ага ыйлаганга жардам берелиби? — деп жооп берди акылман.

Сенин ишиңди сен үчүн эч ким жасабайт, айрыкча өзүң эч нерсе жасагың келбесе. Жардам алыш үчүн ошол багытта өз аракетиң болуш керек, болбосо ал жардам эмес эле, жалкоолонуп жатып алып алган бекер ашка айланат. Жардам берер алдында адамдын аракетин караш керек. Өзүнө жардам кылгысы келбеген адамга эч качан жардам кыла албайсың.

Изденгиле. Өскүлө. Өз көйгөйлөрүңөрдү чечүүгө болгон күч-аракетиңерди жумшагыла.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз