Бир дарыканачы жардамчысы эмне иш кылса да кынтык таап, жактырбай уруша берчү экен. Бир ирет кожоюн шакирти дагы бир жолу ишти туура эмес жасагандан кийин, ички ачуусун баскыча тиштене сүйлөп акыл айтат:
— Ишти жасардын алдында тоок мээңди иштетип, алдын ала ойлонуп ал. Көзгө сайып көргөзүп, айтмайынча жасабай тура бергениңди ташта, мени жарым сөзүмдөн түшүнгөнгө аракет кыл. Эгер кандайдыр бир жасалбаган ишти байкасаң карап турбай аткар, чала желген тамак көрсөң жеп бүтүр же жугундуга төгүп, идишин жуу. Оозуңду ачып отура бербей аракеттен. Ошондо гана башкаларга үлгү болосуң!
Бир жолу кожоюнга бир жактан чакыруу келип жөнөп кетти. Жардамчы дарыкананы шыпыра баштады. Бир кезде ал тамак-аштын, шараптын жана дарынын кудайы Яо Ванъенин айкелчесинин алдына курмандык катары коюлган тамак менен жарым чөйчөк шарапты көрдү. Ошол замат устаттын айтканын эстеп тамакты жеп, шарапты ичип ишин улантты. Ошентип көңүлдүү иштеп жаткан анын көзүнө иероглифтер толо жазылган карыз тактасы көрүндү. Көп ойлонуп турбастан тактаны жалтырата сүрүп тазалады. Түштөн кийин кайтып келген кожоюн Яо Ванъенин алды бош калганын көрүп шакиртинен сурады:
- Кудайдын курмандыгын кайда койдуң?
- Аны мен жеп, идишин жууп койдум, - деди жардамчы эч нерсе болбогондон бетер.
- Эмне! Жеп салдыңбы? Бул эмне кылганың тоок мээ?! Качан сага курмандыкты же деп айттым эле? – ачуусунан улам туттуга түштү кожоюн. Анын чанагынан чыкчудай көзү эми тазаланган карыз тактасына урунуп, кайрадан суроо узатты: - Ким менин жазууларымды өчүрдү?
- Мен, - деп жооп берди жардамчы эч нерсе болбогондой. – Сиз өзүңүз айтпадыңыз беле, жасалбаган иш болсо аткарып, чала желген тамак болсо түгөт деп. Карыз тактасы бир айдан бери сүрүлбөптүр жаркырата сүрдүм, тамак желбептир, жедим.
Муну укканда дарыканачы ачуусун кармана албай жарылды:
- Акылсыз акмак! Колуңа тийген иштин баарын бүлдүрөсүң! Сенин мээң таптакыр иштебейт! Көзүңдү ачып алып уйкуда жүргөндөйсүң! Мен уктап жатып да сен аткарган иштерди сергек түшүнүп, кандай аткарышты билем!
Жардамчы үн катпады, болгону ичинен кымыңдап, сыртынан сумсайып тим болду. Кийинки күнү кожоюн түшкө жакын уйкуга баш койду, аңгыча бир киши аны түшкү тамакка чакырган кат алып келди. Жардамчы катты алып калып, аны кожоюнга азыр эле жеткирерин айтып, кишини кетирип жиберди. Убаданы аткарыш үчүн ал дароо эле кожоюндун үстүнө кирип, анын жүзүнө катты такап чыгып кетти. Бир аздан кийин бул аракетин дагы кайталады. Кожоюн эч нерсени туйбады. Ал кеч бешимге чейин бут серппей уктады. Ойгонгонунда жардамчысы катты берип, түшкө жакын тамакка чакырылганын айтты. Кожоюн сыртты карап, күүгүм кире баштаганын байкап, катуу ачууланды:
- Акмак! Өз учурунда ойготуп, катты эмнеге берген жоксуң?
- Сиз уктап жатып да баарын менден жакшы көрүп-билериңизди айтпадыңыз беле. Мен катты эки жолу көргөзгөм, бирок сиз эмнегедир унчуккан эмессиз. Эми болсо мени күнөөлөп жатасыз, - деди жардамчы.
“Сага айла жок экен” дегенсип кол шилтеген дарыканачы жардамчынын өзүнө жараша иш кылып жатканын түшүндү. Ошондон кийин шакирти кемчилик кетирсе да астейдил мамиле жасай баштайт.
Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ