Токтосун Самудиновдун «Чаң баспасын сѳздѳрдү» аттуу эмгегинен V

  • 13.10.2020
  • 3256

АШКЕБИ

Жатып ичер, жанбакты,
Жамбашы анын – тѳшѳктѳ.
Арылбаган аты бар –
АШКЕБИ деп эсепте.

Ашкебисин айыптап,
Ачык айтса – арданат.
Жаш адамга, чынында
Жарашпайт ко андай ат.

КҮРПѲҢ

Жамгыр жаап шатырап,
Жарк деп, кайра ачылат.
Жашаң чѳбү жайкалган
Жайлоо маалы – бакыбат.
Кышта туулган козулар
Эми – КҮРПѲҢ атыгат.

ТАВЫСКАН

Бирѳѳ калап койгондой
Калың борук камыштан
Качып чыкты сереңдеп
Узун кулак ТАВЫСКАН.

Ээрчип келген Учарга
Жет! Тиште! – деп кыйкырдым.
Андан күлүк болгонсуп,
Ѳзүм кошо умтулдум.

Карай калдым аңгыча
Кош бадалды береги.
Издегенсийт энесин
Анын үч-тѳрт бѳжѳгү.

Эч нерседен бейкапар
Ойноп жатат саманда.
Кыртылдата чайнаган
Сабиз керек аларга.

Келгениме кейидим
Мылтык алып уялбай.
Тиктеп турат Учар да
Не кыларын билалбай.

КҮЛБОТО

Бул бир кызык топурак
Отко бышык, күйбѳгѳн.
Араңарда кимиң бар
КҮЛБОТОНУ билбеген?

Эзип, жууруп камырдай,
Андан буюм жасалат.
Чеберлердин тилинде –
Керамика аталат.

БОРЧО

Касапчыдан алуучу:
- Бир БОРЧО! – деп ѳтүнѳт.
Ал түшүнѳт заматта,
Демек, бир чоң кесим эт.

КЫҢАРАК

Сом балкадан таяк жеп,
Отто, чокто чыңалат.
Бычак ѳзү кош миздүү,
Анын аты – КЫҢАРАК.

Муну кийиз кармаган
Ишмечилер колдонот.
Ылайыктуу кескенге
Ийри-муйру оймолоп.

ЖУУШАНДЫ

Токсон торпок жоголуп,
Түп кѳтѳрдүк айылды.
Бул аймакта калбады
Буудай аңыз, чабынды…
Мал тоюнуп жатчу жер –
ЖУУШАНДЫДАН табылды.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз