Саул Абрамзон: Никелешүүнүн башка түрлөрү

  • 14.10.2020
  • 3550

Кыргыздардын, ошондой эле Орто Азиянын жана Казакстандын башка элдеринин да турмуш-тиричилигине жакынкы өткөн убакта эле бардык жерде таркалган никенин түрлөрүнө левират (жесирин — жеңесин, келинин алуу) жана сорорат (балдызын алуу), өзгөчө биринчиси таандык болгон.

Никенин бул формалары жана алардын генезиси каралып чыккан. Кыргыздарда никеден тышкары мамилелеринин өзүнчө бир формалары, алар менен левират менен сорораттын генетикалык жактан байланышта болушу алтайлыктарда Л. П. Потапов изилдеген ушул сыяктуу социалдык институттар менен салыштырылышы мүмкүн. Тувалыктарда никелик топтук мамилелердин ушуга окшош эски калдыктары жөнүндө С. И. Вайнштейн кабарлайт.

Никелешүүнүн өзгөчө формасы алмашма нике, б.а. кайчы куда деп аталган никелешүү болгон. Мындай учурларда же үй-бүлөлөр экинчи тараптын уулдарына кыздарын күйөөгө беришкен же башка комбинациялары да мүмкүн болгон, маселен, бир адам өз кызын экинчи бир адамдын уулуна берген, ал эми экинчиси өз карындашын биринчинин инисине турмушка берген. Эже-сиңдилер менен да так эле ушундай алмашышкан. А. Жумагуловдун билдиргенине караганда, кээде кыздары же карындаштары менен эмес, бир кыйла алысыраак даражадагы туушкандарынын кыздары менен алмашкан.

Никенин бул сыяктуу формасы Орто Азиянын башка элдерине да, маселен өзбектерге («каршы куда» деген ат менен ) жана түркмөндөргө белгилүү.

Г. П. Васильеванын пикири боюнча, никенин мындай формасы генетикалык жактан дуалдык уюмдашуунун шарттарында экзогамияга барып такалышы мүмкүн. Андан ары, патриархалдык-феодалдык мамилелердин таасири астында никенин бул формасынын мазмуну өзгөрүп, кыздар менен алмашуу үйлөнүү тоюна материалдык чыгымдарды, баарыдан мурда калың төлөөнү азайтуу же жокко чыгаруу максаты менен жасалган. Расимди мындай түшүндүрүүгө көп негиздер бар, муну, мисалы, кыргыздардын кайчы кудасынан да көрүүгө болот.

Никелешүүнүн дагы бир формасы — бул келинчеги үчүн иштеп берүү, буга калың төлөөгө каражаты болбогон жана анын үстүнө жардам күткүдөй жакын туушкандары жок кембагал же кедей барууга аргасыз болгон. Мындай эркекти өзүнүн уулу жок жана өз чарбасы үчүн жумушчу күчүнө муктаж болгон адам үйүнө кийирип алып, күйөө бала кылып алган (аны күч күйөө, б.а. иштеп берүүгө алынган күйөө бала деп аташкан). Эки-үч жыл жашап, аялы үчүн «иштеп бергенден кийин» кедей аялын алып кетүүгө укук алган.

Никелешүүнүн формасы катары кыз ала качуу өткөн убакта өтө сейрек жолуккан. Тянь-Шанда биз маектешкендин айтып бергенине караганда, куда түшкөн кызга калың төлөөгө каражат жетишпесе, ал адегенде бир аз төлөгөн, андан кийин кыз менен макулдашып алып, аны ала качып кеткен. Ушундан кийин баланын атасы кыздын атасына барып, уулу үчүн кечирим суроого тийиш болгон. Бул алдына түшүү деп аталган. Жарашуудан кийин күйөөнүн ата-энесине колуктунун энеси жөнөгөн. Ал кыздын себин ала келген.

А. Жумагулов алган маалыматтар боюнча, күйөөнүн туушкандары кадырлуу адамдар болуп, аны колдой алган учурларда же жигиттин жуучулары ийгиликке жетише албаганда, же болбосо колуктунун ата-энелери бул никеге каршы болгон учурларда гана ала качып кетүүгө аргасыз болгон. Ала качуу, адатта, колуктунун макулдугу менен жүзөгө ашырылган.

Ала качып кеткен кызды анын туушкандарынын зордоп кайра алып келиши күйөө жана анын туушкандары үчүн намыс болгон, ошондуктан кыздын туушкандарынын уруксатысыз алынып кеткен кызды болочоктогу күйөөсүнүн кадырлуу туушкандарынын биринин үйүнө кармашкан. Адатта иш тараптардын жарашуусу менен аяктаган. Мындай учурларда калың бир кыйла көп өлчөмдө төлөнгөн.

Кыз ала качууну салыштырмалуу сейрек колдонушкандыгынын негизги себеби, ушунун негизинде келип чыккан жаңжалга эки тараптын тең туугандарынын жана туушкандарынын кеңири чөйрөсү тартылып, кээде оор кесепеттерге алып келген уруктук араздашуулар келип чыккан.

ҮЙЛӨНҮҮ РАСИМИ

Адабиятта камтылган маалыматтардын толук эместиги кыргыздардын негизги үйлөнүү расимдери жөнүндө ачык түшүнүктү түзүүгө акыркы мезгилге чейин мүмкүнчүлүк берген жок.

1946-жылдан тартып, автор Кыргыз ССРинин ар түрлүү райондорундагы кыргыздардын үйлөнүү расимдери жөнүндө бир кыйла материал чогулткан. Кыргыз этнографтары чогулткан маалыматтар менен чогултулган бул материал кыргыздардын үйлөнүү шаан-шөкөтүнүн бардык негизги этаптарын жана көп маанилүү тетиктерин калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет.

Үйлөнүү шаан-шөкөттөрүнүн ырааттуулугунун көп варианттары болсо да, ал эми үйлөнүү расимдери жергиликтүү өзгөчөлүктөргө ээ болгон (алардын келип чыгышы мурунку уруулук салттар менен, ошондой эле кыргыздардын айрым топтору менен коңшулаш элдердин ортосундагы көп жылдык карым-катнаштарынын натыйжаларына байланыштуу), үйлөнүү расимдеринин эң маанилүү составдуу бөлүктөрү жалпы схемага алып келиниши мүмкүн.

Улан менен кыздын ата-энелеринин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн сериясын ачкан, кудалашууну жана сөйкө салууну түзгөн биринчи акт жуучуларды жиберүү. Сөйкө салуунун акырында калыңдын өлчөмү жөнүндө макулдашуу болууга тийиш болгон. Бирок кээ бир жерлерде калыңдын өлчөмүн белгилөө эки тараптын өкүлдөрүнүн бир канча жолугушуусу менен коштолгон үйлөнүү ырым-жырымынын маанилүү өз алдынча этабы болуп саналган.

Үйлөнүү расимдеринин чоң циклин жогоруда айтылып кеткендей, күйөө менен колуктунун никеге чейин жүз көрүшүүлөрү түзгөн. Мындан тышкары, калың төлөшүнүн жана колукту тараптын сеп даярдашынын убагынын ичинде өткөн сөйкө салуу менен үйлөнүү тоюнун ортосундагы мезгил күйөө менен колуктунун туушкандарынын өз ара катнашууларын, өз ара белек беришүү, кээ бир башка расимдерди жана үйлөнүү тоюна даярданууну өзүнө камтыган.

Колуктунун атасынын айлында өткөрүлгөн кыз узатуу тою үйлөнүү шаан-шөкөтүнүн акыркы чеги болгон. Бул үйлөнүү тоюнун алдында жана тойдун убагында байыркы социалдык нике институттарына, ошондой эле диний символикалык жана магикалык түшүнүктөргө барып такалган көп сандаган расимдик аракеттер жасалган. Үйлөнүү салттары көп тамаша куруу, ыр-музыкалык жана мелдешүү элементтерин камтыган оюн-шооктор менен коштолгон.

Бул расимдердин жана каадалардын эч болбогондо кээ бирөөлөрүн санап өтөлү: эң ар кандай шылтоо менен күйөөдөн жана анын туушкандарынан колуктунун туушкандарынын сатып алуу-белектерди талап кылышы, меймандарга ун чачуу же аларга сүт же айран чачуу, күйөө тараптан тамак-аш салынып келген куржунду ачуу, күйөөнүн ата-энелеринин белектерди таратып бериши жана колуктунун ата-энелеринин батасын алуу (бул үчүн ичине тамак салынган тогуз жыгач табакты, кийим-кече жана майда буюмдарды беришкен); ат чабыш, жөө күрөш жана эңишүү, улак тартуу, жаштардын оюндары, колукту менен күйөөнү жүз көрүштүрүү аземи, күйөөгө жаңы кийим кийгизүү, жаштарды символдуу «байлаштыруу», күйөө менен колуктуга атайын союлган улактын өпкөсүн чабуу, жерге терең орнотулуп көмүлгөн жоон арканды тартышуу (төшөк талашуу) боюнча мелдеш, жаңы баш кошкондор үчүн атайын тигилген үйлөнүү боз үйүн көрүү жана анда үйлөнүү төшөгүн салуу, нике кыюунун мусулмандык расими, септи көрсөтүүгө коюу жана аны күйөөнүн туушкандарынын карап чыгышы, эң акырында кетип жаткан кыздын энеси жана башка жеңе-сиңдилери менен коштошуусу.

Үйлөнүү шаан-шөкөтүнүн баары жаш келиндин күйөөсүнүн айлына жөнөп кетиши менен аяктоого тийиш болгон. Бирок чындыгында меймандар тарап кеткенден кийин жаш күйөө көп учурда дагы беш күнгө чейин кайнатасынын айлында жашап, андан кийин аялын айлына алып кеткен. Кээ бир жерлерде жаш келин бир-бир жарым айдан беш-алты айга чейин атасынын үйүндө жашап кала берип, бул убактын ичинде күйөөсү дайыма ага келип-кетип, 15—20 күнгө чейин калып турган.

Жаш келиндин жөнөп кетишинин өзү да бир катар өтө ар түрдүү шаан-шөкөт менен өткөн, ал эми келиндин күйөөсүнүн айылына келишинен кийинки башкы актылардын бири отко аралаштыруу, күйөөсүнүн үйүндөгү очокко жакындатуу (отко киргизүү) расими болгон. Андан ары жаш келин күйөөсүнүн атасы жана анын туушкандарынын мүлктүк үлүшүн (энчи) бөлүп бериши, өкүл ата менен өкүл эне дайындоо болгон.

Никелешүүнүн аземинин эң акыркы, корутунду «аккорду» жаш келиндин бир канча убакыт өткөндөн кийин ата-энесинин үйүнө барышы (төркүлөө) болуп саналган, мында ал бир айдан үч айга чейин, ал эми кээде бир жылга чейин мейман болгон. Ал кайра жөнөп кетээрде атасы ага мүлкүнүн бир бөлүгүн берген, бул да энчи деп аталган.

Кызды ала качып кеткен учурда үйлөнүү ырым-жырымы кээ бир өзгөчөлүктөр менен жүргүзүлгөн. Бүтүндөй алганда көп башка элдер сыяктуу эле кыргыздардын үйлөнүү расими кеңири коомдук мүнөзгө ээ. Ал күйөөнүн, ошондой эле колуктунун бүткүл үй-бүлөлүк-туушкандык тобунун иши болуп саналган шаан-шөкөттүн көп белгилерин сактап калган.

*      *      *

Кыргыздардын үйлөнүү расиминде казактардын, Орто Азиянын жана Түштүк Сибирдин кээ бир элдеринин үйлөнүү шаан-шөкөттөрүнө бир кыйла окшош белгилери байкалат. Көптөгөн үйлөнүү расимдеринин универсалдуулугу жалпыга белгилүү, аны баарыдан мурда кыргыздардын, казактардын, жарым көчмөн өзбектердин, Саян-Алтай тайпак тоолорунун элдеринин жана башкалардын үйлөнүү расимдеринин төмөндө мүнөздөлгөн окшоштугу менен түшүндүрүүгө болор эле. Бирок мындай түшүндүрүү жетишсиз. Бул элдердин тарыхый тагдырлары бир-биринен ажырагыс, этникалык жактан калыптануу процесси ал элдердин эң кийинки маданий-тарыхый өзгөчөлүктөрүнө таасирин тийгизүүчү байланыштарын көрсөтүп отурат.

Үйлөнүү расиминин биринчи эле этабы — куда түшүү менен сөйкө салуу, кыргыздар менен казактарда көп жалпы белгилери боюнча окшош. Жуучуларга жана күйөөнүн туугандарына кийит кийгизүү расими буряттарда да белгиленген. Мурда айтылып кеткендей, колуктусуна күйөөсүнүн никелешүүдөн мурда барышы (күйөөлөө) көп жагынан казактардын расимине ылайык келет. Маселен, кудалашкандардын никеге чейин жүз көрүшүүсүнө кыздын атасынын алдын ала макулдук бериши, кыздын туушкандарынын аялдарынын (жеңелеринин) күйөөдөн белектерди алышы (муну менен ал колуктусу менен жолугушууга өзүнө укук «сатып алгандай» болот). Күйөөнү бөлөк боз үйгө жайгаштыруу д.у.с. кыргыздар менен казактарда милдеттүү болуп саналган.

Башкы үйлөнүү тоюн колуктунун атасынын үйүндө өткөрүү расими кыргыздар менен казактарда гана эмес, жарым көчмөн өзбектерде, алтайлыктарда жана буряттарда да болгон. Акыркыларда, кыргыздардыкы сыяктуу эле үйлөнүү аземинин алдында күйөөнүн атасынын үйүндө өзгөчө той өткөрүлгөндүгү кызык. Ал түгүл жаштарга бата берүүнүн формуласы кыргыздарда, хакастарда (бельтирлерде), буряттарда, телеуттарда тексттик жактан дээрлик дал келет.

Мына ушуга байланыштуу кыргыздардын жана алтайлыктардын үй-бүлөлүк никелик мамилелеринде колдонулган терминологиянын өтө жакындыгын белгилей кетүү керек, маселен колукту үчүн термин (кыргызча колукту, алтайча — колту), колукту үчүн акы төлөө термини (кыргызча — салык, алтайча — шаалта, шалта д.у.с.) менен сүрөттөлүшү мүмкүн.

Казактарда жолуга турган үйлөнүү расимдеринин арасында колукту үчүн күрөштү, анын убагында ар бир тарап колуктуга ээ болууга тырышкандыгын элестеткен кыздар менен уландардын ортосундагы мелдеш («тартыс») бардык жерде ойнолот. Бул расимден кыргыздарда күйөө менен колуктуну «байланыштыруу» расиминдеги мотивди көрүү кыйын эмес, мында тараптардын ар бири (күйөөнүн туушкандары — эркектер, колуктунун туушкандары — аялдар) байланган күйөөнү жана колуктуну өздөрүнө тарткылашып, эркектер (күйөө тараптан) менен аялдардын (колукту тараптан) ортосунда аркан тартышуу боюнча мелдеш жүргүзүлгөн. Бул мотив күйөө менен колуктунун уруктарынын ортосундагы күрөштөр, башкача айтканда чыңдалып бараткан патриархалдык уклад менен өз позицияларын коргоп жаткан үй-бүлөлүк никелик мамилелердин архаикалык түзүлүшүнүн ортосундагы карама-каршылыкты чагылдырат.

Үйлөнүү тоюндагы жаштардын оюндары казактарда да, буряттарда да кеңири тараган.

Уруулук түзүлүштүн эң байыркы көрүнүштөрүнө барып такалган расимдердин ичинен кыргыздарда үйлөнүү тоюнун убагында жээндерди атайын сыйлоо жана калың менен сепке кетүүчү чыгымдарга таекелеринин милдеттүү катышуусун (аларды алууга да катышуусун) атай кетүү керек. Н. П. Дыренкованын сүрөттөп жазганына караганда, телеуттарда үйлөнүү тоюнун убагында колуктунун таекелери өз жээндерине атайы «дьеен» деп аталган эт табак тарттырган. Болжол менен мына ушундайдын өзү кыргыздарда болгон, үйлөнүү тоюнун убагында той ээси ар бир жээнине эт табак тарттырган (мына ушундан жээн табак деген расим келип чыккан), мында эттин чүйгүнү тартылган.

Шорлордогу, алтайлыктардагы жана кумандиктердеги никенин материалдык жагынан күйөөнүн жана колуктунун энелеринин туугандарынын ролу Н. П. Дыренкова тарабынан толук чагылдырылган.

Күйөө баланын (күйөөнүн) жана колуктунун (келиндин) туушкандарына карата сактала турган тыюу салууларга байланыштуу милдеттүү мүнөздө болгон расимдерди кыргыздардан тышкары өзбектерден, казактардан, алтай түрктөрүнөн жолуктурабыз. Бул тыюуларды алып салууга кыргыздарда белгиленген «отко киргизүүгө» окшош расимдер тыгыз байланышта болгон (бул М. Хангалов тарабынан буряттарда сүрөттөлүп жазылган).

Бийск округундагы алтайлыктарда деп кабарлайт С. Швецов, колукту өзүнүн болочоктогу күйөөсүнүн боз үйүнө жөнөп баратканда, аны коштоп бараткан эки атчан кыздын көздөрүн бүркөнчөк менен тосуп барышкан. Кыргыз аялдары, алтайлыктар сыяктуу эле өздөрүнүн жүзүн эч убакта жаппаганы менен, бирок жаш кыргыз келин күйөөсүнүн айылына биринчи жолу бараткан убагында жүзүн баш киймине төөнөлгөн бир жапырак ак чүпүрөк менен жаап алат, ал бүркөнчөк деп аталат. Бул чүмбөттү келин боз үйгө кирээрдин алдында кимдир-бирөө, адатта бала же өспүрүм сөзсүз алып салууга тийиш.

Казактардын эски үйлөнүү расминде ушуга окшош «бет ашар» расми жолугат, мунун убагында кандайдыр-бир улан ыр ырдап жатып, таяк менен келиндин бетин ачкан. Ушундай эле учур кунград уруусундагы өзбектердин расминде да бар; буларда ал «келин көрсатар» деп аталган; келинди боз үйгө киргизип, ал отургандан кийин эркектердин бирөө ордунан туруп, ичке чыбык менен анын жүзүн жаап турган чүпүрөктү артка каңтарып салган. Шорлордо келин күйөөсүнүн агаларынын үйлөрүнө биринчи жолу барганда бетин чүмбөттөп кирип, отко жүгүнгөн. Кузнецк тайгасынан тартып түштүк Өзбекстандын Гиссар тоо кыркасынын этектерине чейин тарыхый-маданий байланыштын изин ушундайча байкоого болот.

Кээ бир жерлерде, атап айтканда түштүк кыргыздарда жаш келиндин үйлөнүү тоюнан кийин атасынын айлында көпкө чейин жашашынын жана келиндин өзүнүн тууган-туушкандарыныкына (төркүнүнө) сөзсүз барышынын (адатта үйлөнүү тоюнан кийин бир жыл өткөндө) биз жогоруда белгиленген расимдери матрилокалдык никенин айкын далили боло алат.

А. Д. Гребенкин ар түрлүү өзбек урууларынын никелик нормаларын кыскача санап өтүп, тюаклы, багрин, кыпчак, мангит жана кытай урууларында аял үйлөнүү тоюнан кийин күйөөсүнүн үйүнө барбастан көп убак бою өзүнүн ата-энесинде жашай берет (мангиттерде бир жылга чейин жана багриндерде 6 жылга чейин). Мындай учурларда күйөөсү аялына түн жамынып уурданып барып турат. Аны аялынын үйүнө анын жакын тууганы болгон кемпир тосуп алып, узатып турат. Аялдын өзүнчө үйү болсо да, өзүнүн жасаган иштери жагынан атасына жана энесине баш ийген. Күйөөгө чыккан өзбек кызы төрт жылдай бөлөк жашап, 3—4 балалуу болгондон кийин күйөөсүнө көчүп барган учурлар да болот. Мына ошентип, түштүк кыргыздарда жана жарым көчмөн өзбектерде байыркыдан келип чыккан өтө окшош расимдери бар.

Кыргыздарда жаңы турмуш кургандар үчүн күйөөнүн айлында алачык тигип берүүнү белгилей кетүүчү факт, ушундай эле максат менен шорлор, шолгандар, кумандиндер да «adag», «pukpecek», «solte», «odan» деп аталган алачык сыяктуу турак-жай жасап беришкен.

Жаш келиндин өз ата-энелерине барып келишинин кыргыздарда жогоруда белгиленген расимине толук окшош расим алтайлык түрктөрдө бар, ал ушуга окшош «төркүн-торгун» деп аталат. Эң акырында, кыз ала качып кетүүгө байланыштуу кыргыз расимдери да жарашуу, уландын атасынын үйүндө үйлөнүү тоюн өткөрүү ж.б. маанилүү учурларда, ошондой эле айрым майда нерселерде хакастар менен шорлордогу бул сыяктуу расимдерге өтө жакын. Кыргыздардын жана Түштүк Сибирь менен Орто Азиянын элдеринин үйлөнүү расимдеринен кээ бир гана жалпы белгилери мына ушундай.

Кыргыздар менен же эң илгерки, же бир кыйла кечки мезгилде кандайдыр байланышта болгон элдердин окшош шаан-шөкөттөрүн кыргыздардын үйлөнүү расими менен салыштырганда ал ортоазиялык түрк тилинде сүйлөгөн дүйнөгө (баарыдан мурда казактардын жана жарым көчмөн өзбектердин раашдерине) жана элдердин түштүк сибирдик түрк-моңгол чөйрөсүнө (өзгөчө алтайлыктардын жана хакастардын, айрым жагынан буряттардын расимдерине) өтө жакындыгын көрсөтөт. Мындай жакындык бул элдер басып өткөн социалдык өнүгүүнүн стадияларынын жана алардын экономикалык базисинин бир типтүүлүгүнүн, чарба жүргүзүүнүн шарттарынын жалпылыгы жөнүндөгү болжол менен гана түшүндүрүлүшү мүмкүн эмес.

Үйлөнүү шаан-шөкөттөрүнүн окшоштугу, ырым-жырымдардын кээ бир маанилүү элементтеринин, ошондой эле бир кыйла сандагы майда салттардын түздөн-түз катарлаштыгы жогоруда аталган элдердин составына кирген кээ бир уруулардын жалпы тарыхый тагдырларына, бир катар бул элдердин жалпы ата-бабаларына алып келип такалашы мүмкүн деп айтууга толук жол берилет. Демек, мына ушунун баары элдердин каралып өткөн чөйрөсүнүн этногенетикалык байланыштарынын кошумча далили боло алат.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз