Сардарбек Рыскулов: Куу Кумпай

АҢГЕМЕ

Кеч күз. Куш салуучу мезгил кирип келди. Көл башындагы алдаяр элинин алгыр канаттууга ышкыбоз, чала-моңол мүнүшкөр болуп калган жигиттери бирден куштарын кондуруп, бир күнү эртең менен Моюттукуна келишти. Алардын максаты атактуу мүнүшкөргө куштарын сынатмакчы. Бул кезде Моют сексенден ашып, үйүнөн алыс аттана албай, чөгүп калган учуру болчу.

Жигиттер Моюттун үйүнүн босогосунан төрүнө чейин кыркаар тартып олтурушту. Моют алардын куштарына бир сыйра көз жүгүрттү. Ар биринин куштарынын колдорунан эмне келерин өз-өзүнчө тактап айтып берди. Анан ошолордун аяк жагында олтурган тоголок мурун мотуракай кара жигиттин кичирек кызыл кушун тиктеп туруп: «Сеники куш аягы «жон жору» экен. («Жон жору» чүйлүдөн чоңураак, куштан кичирек болот). Бүгүн табында көрүнөт. Төмөнкү-Саздын четиндеги ураган эски ноолунун кырында күйкөдөн чоңураак, ителгиден кичирек турумтай сыяктуу бир бозомук жүндүү канаттуу олтурат. Ошол жерге көптөн бери байыр алып калды көрүнөт. Кушуңду алыстан көргөзбөй оң капталына далдалап, чукул барганда шилтесең алдагың эң эле учкул, өтө эле шамдагай көрүнөт, ал антип-минтип ордунан көтөрүлгөнчө чыркыратып илип түшөр, ошону барып алдырып келчи» деди.

Отурган жигиттер ордуларынан козголуп, дүрбөй түштү эле, Моют аларды тыйып койду: «Силер дарбыбагыла, баарыңар алдагы куштарыңарды калдактатып, абылган-жабылган боюнча барчу болсоңор, ал алда кайдан силерди көрөт да, шектенип учуп кетет. Тиги баланын жалгыз барганы жакшы».

Жигит «Жон Жорусун» кондуруп, Моюттун көрсөткөн багытын карай аттанып кетти. Дабыраган мүнүшкөрлөр куштарын кучактаган бойдон тынч алып отуруп калышты. Арадан чай кайнам убакыт өттүбү, өткөн жокпу, жанагы «Жон Жорунун» ээси — мүнүшкөр жигит Моют айткан куу ителгини алдырып жетип келди. Кушчу жигиттер тегеректеп калышты. Моют ителгиге жумшак кайыштан боо тагып, керегенин ылдыйкы тор көздөрүнүн бирине илип байлады да, сыртка чыгып, тоо текенин мүйүзүнөн жасалган кичирек туур алып келип, ителгини ага кондура албай алек болуп жатты. Колго биринчи түшкөн жапайы куш адамга моюн сунбай, улам талпынып, туурга конмок мындай турсун, жулунгандын үстүнө жулунуп, үнүнүн жетишинче чаркырап, өжөрлөнө берди. Анан канаттарын катуу чапкылап, эки бутунун курч тырмактары менен жер тытып кирди. Долу.

Моют ага карабай тиги бурчта олтурган байбичесине кол жаңсай унчукту: «Жагданда кызыл булгаарынын өөндөрү боло турган эле, карап көрчү байбиче?»

Байбичеси «лам» дебестен жүктүн астында жыйылуу турган эски жагданын ачып, жыты буркураган кыпкызыл булгаарынын өөнүнүн бир келкисин алып Моюттун алдына таштады.

Моют тиги турумтайдай болгон куу ителгинин башына ченеп, томого оюп бычты.

— Кимиңердин колуңар жөндөмдүү, бул томогону тиге салгыла, — деп кушчу балдарды кыдырата карады. Кушчу балдардын ичинен бирөө суурулуп чыкты.

— Мен тигейин.

— Ме, тиксең. Байбиче, бул балага чыйраткан тарамыш жибиңден бир эки учук берчи, ийне шибегеси менен.

Байбичеси ошол замат аларды даяр кылды. Тикмечи жигит кичинекей томогону шапа-шуп тигип, Моюттун колуна карматты. Чаркырап жаткан өлөрман азоонун башына томого катылды.

Томого эң эле эптүү бычылып, кооз тигилген экен. Ителгинин башына баш болуп, куюп койгондой жарашты. Эки көзү туюкталып, караңгылай түшкөндө «эмне болуп калдым» деп апкаарып калды көрүнөт, туткунга түшкөн байкуш, ары-бери мойнун кыйшалактатты да, анан туурга кондурса тынч алып олтуруп калды. Моют кушчу жигиттерге акырында муну айтты: «Бүгүндөн баштап санап жүргүлө да, жыйырма күн өтүп, жыйырма биринчи күн дегенде келгиле. Мунун өнөрүн ошондо көрөсүңөр».

Болжошкон күнү баягы кушчу жигиттер келишти. Моют үйүндө болчу. Ителгиси капшыттагы туурда анда-санда кагынып-силкинип, тумшугу менен канат-куйругун таранып, баягы жулунган бейжай долу кыялдын бири жок, момоюп тынч олтурат. Башында томого. Моют мүнүшкөр жигиттерди карап алып, мындай деди:

– Балдар, жаман тамдын алдындагы чоң сазга көз чаптыргылачы, андан өрдөк-каз үзүлчү эмес эле, бирин-серин жүргөнү бар бекен?

— Ошол жактан келатабыз, — деди жигиттердин бирөө, — төрт кара каз жүрөт.

— Андай болсо, менин көзүмдүн кубаты алыскы караандарга жетпейт. Ителгини эшикке алып чыгып, ошол сазды көздөй томогосун шыпырып агытып жибирейин, жакшылап көзөмөлдөп тургула, карегиңер курч эмеспи?

Моют өзү айткандай, турумтайдай болгон кичинекей куу ителгисин үйдөн чыгары менен коё берди. Ителги жер менен жер болуп сызган бойдон барды да, каздардан берирээк четтеги дөмбүл баштардын бирине жетип, күйкөдөн бетер сороюп олтуруп алды. Анысы аз келгенсип, канат-куйругун шалдыратып кагынып-силкинип, анда-санда моюнун соксоңдотуп, эки жагын каранып коёт. Дегеле, казды качырайын деген көңүлү жок. Адамдын кыжырын кайнатат.

Жигиттердин бирөө кыйкырып чаба турган болгондо Моют тыйып койду. «Жөн жайына койгула, саз жакын, ушул жерден көрүп турасыңар». Жигиттер тынчып калышты. Аңгыча ителгиге «жан» кирди көрүнөт, дөмбүл баштан секирип жерге түштү да, каздарды туурап тайтаңдап басып жөнөдү. Адегенде чочулашып, үрпөңдөп уча турган болуп турган төрт каз жайлана түшүштү көрүнөт, кайра баштан саздын балыр чөбүнүн арасын тыткылап оттоп киришти. Ителги улам жакындап, бирде токтоп, бирде тайтаңдап басып бараткан. Ошол учурда төрт каздын тобунан бирөө бөлүнүп, укуруктай мойнун жерге сала сунуп, каркылдап, ителгини качырып сала берди. Ителги кайра артын карай качты. Аңгыча каз жете келди да, ителгини чокумак болуп айбат кылды. Ал оюнда аны кулаалы же күйкөнүн бири десе керек. Ителги кайра бурулуп, каз менен беттеше түштү. Каз ошол замат эки канаты менен жер чапкылап, тырпырап жатып калды. Аларды көрүп турган ары жактагы үч каз биринин артынан бири жабалакташып жетип келишти. Улам бирөө ителгини чокуйм деп бой тиреше калат да, ошол замат кылтакка муунгандай тырпырап жыгылат. Акыры төртөө тең жаткан жеринен өйдө болушкан жок. Ителги тайтактап басып келип дагы бир дөмбүл баштын үстүнө секирип конду да, канат-куйругун таранып, улам-улам силкинип коюп олтуруп алды. Көрүп турган жигиттер чаап жөнөштү.

Алкымы кыйылган төрт каз менен ителгини Моюттун алдына алып келишти.

— Куу кумпай деген ушул болот, балдар, — деди Моют. Бул ителгинин уруусунан чанда чыгат. Төрт каз эмес, кырк каз болсо да бирде качып, бирде куумуш болуп олтуруп баарын кырмак. Мындан тоодактар да, куулар да, аңырлар да кутула алышпайт, учуп баратканын жандап баратып, мойнун кыйып түшүрөт. Ал түгүл бүркүт да мындан коркот. Бүркүттү да учуп баратканда мойнун кыйып өтөт. Бул бар жерди билсе, ал тегерекке бүркүт уя салбайт. Куу кумпай ителгиден башка канаттууларды аябайт...

Моют кыраакылык кылып муну күн мурун байкаптыр. Анын саздын четиндеги жаман ноолунун кырына конуп алып, бирин-экин каз-өрдөктөрдөн басып жеп, тоютун кандырып жүргөнүн билип, колуна тийгизе албай жаткан тура. Картайганда алыска аттанып куш, бүркүт сала албагандан кийин, үйдөн туруп Куу кумпайын агытып, тиги сазга келген өрдөк, каздарды убараланбай четинен тердирип, канаттуунун даамдуу, таттуу этинен жеп турайын деген экен көрсө, Моют карыя.

Акыры, көзү өткөнчө ошол Куу кумпайын колунан чыгарбай эрмектеп жүрүп дүйнөдөн кайтты кайран киши.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз