Октябрь Капалбаев: Каргыш

  • 23.10.2020
  • 4885

АҢГЕМЕ

Матай мырзанын колуна Ак жал тийгенден баштап, мартабасы артып, батышынан Кетмен-Төбөнүн чынжырлуу манаптары Рыскулбектин уулдары, түндүгүнөн Суусамыр болуштугунун мыктылары, чыгышынан боркемик, чекир саяктын чоң манаптары, түштүк-батышынан Кең-Кол-Каракыр болуштугунун ак сөөктөрү менен катышып, насиптеш болуп, жакшылар менен шынарлаша басып, өзүнө-өзү кадимкидей канат байлап, каада күткөндү үйрөнгөн. Ак жал демекчи, Ак жал Матайдын колуна мындан беш жыл мурун түшкөн эле. Ал мындайча болот.

Матай адатынча Кичи-Суусамыр жайлоосуна элден эрте барып, көч өтө турган жолго жакын барып отурукташып калды. Ары-бери өткөн жолоочуларга, мал айдагандарга кымыз сунуп, жаңылыктардан угуп, бир кумардан чыгуу өнөкөтүнө өткөн. Ошол үчүн быйыл дагы каадасынча эки үйүр жылкысын желеге байлаган. Улуу балдары бой жетип, үйлөнүп калгандыктан тиричиликти кылуу, бээ саап, кымыз ачытуу алардын милдетине эчак айланган. Күндөн күнгө мал айдаганы, анын артынан боз үй, чатырын, көр оокатын өгүзгө, атка артынгандары көбөйүп барат. Көч баштаган ак элечек байбичелер неберелерин учкаштырышып, маңкайышып салабаттарын жазышпайт. Артынан бири-бирине тийишкен кыз-келиндер шаңкылдашып, күлкүлөрү таш жарат. Жаңы үйрөтүлгөн тайларга минген боз баш балдар менен секелек кичинекей кыздар куушуп ойноп, көчтүн көркүн ого бетер чыгарышат.

Кечки убак болуп, шам кирерине аз убакыт калган. Көчтүн аягы эбак тыйылган. Үрүл-бүрүлдөн, давандын ылдый жагынан үч караан көрүнүп, аны мурун байкаган иттер авалап үрүп, алдын тоскон болуп чуркап калышты. Ошондо да «чык, кет» деп үйдүн ээси кыйкырат дегенсишип, арттарын кылчак-кылчак карап коюшат. Алар билгендей эле күндүзү минген атын отко койгону жаткан Матайдын улуу баласы иттерди кууп, келе жаткан караанды туштап басып, күтүп калды. Аңгыча даакысы түшө элек сары тайынын соорусунан сүйөп түртүп, атын жетелеп, энтиккен жолочу үйгө жакындап келип, алгач, тоскон жигит менен, андан кийин калгандары менен учурашып, бир аз дем басып, атына артыла турду. Үй ээсинин үйгө чакырганынан кийин гана үшкүрүнө, атын не кыларын билбей кайсактап калганда: «Атыңды балдар жайгарып коёт. Кел, үйгө кир, демиңди бас, суусундук ич», – деп, Матай жолоочунун колун чайкаттырып үйгө киргизди. Кымыздан берип, тамактанып, өзөк жалгашканга чейин ар нерсени айтып, суроо-жооп болуп, түн коюуланып, жылдыздар төбөгө толгон кезде жатууга кам көрүштү.

Жайлоонун табияты да, керемети да ушул, мал менен туруп, мал менен жатасың. Дегенибиз таң нурун жаңы гана чачып, жарык кире баштаганда эле Матай биринчи туруп, андан кийин кичүү, тестиер баласын ой-боюна койбой тургузуп, жакын жерде оттоп жүргөн чабдар атына, жүгөн катып, чидерин чечип, алдына жука, бир каат ичмек салдырып, жылкыларды айдап келиш үчүн жөнөттү. Улуу баласы бир короо коюн сүрүп, иттерин ээрчитип, ат мингенден эринип, кой артынан жөө кетти. Байбичеси, келин, кыздары музоо салып, уйларын саап, бүткөндөрүн агытып, айтор, ар ким өзүнө бөлүнгөн иши менен алек болушуп, үн-сөзү жок, тиргиликке сиңип кетишти. Жолоочу дагы кечке жата бергенден тартынып, элге аралашып туруп, колотко барып жеңилденип, арыта шылдырап агып жаткан тоо булагына колун салып, суугу сөөгүнө жеткенче малып туруп, какшаганына чыдабай калганда сууруп алып, «ахалап» эки колун колтуктарына ката калды. Бул кылыгына өзү дагы «бырс» күлүп жиберип, «эч ким көрбөдү бекен» дегенсип эки жагын шаша карай салды.

Эч кимдин аны менен иши жоктой. Жылыган колдорун кайра сууга салып, жүзүн чайып, суу болгон колун күрмөсүнө, шымына сүртүп, үйдү карай басып, кечеки өзүн азапка салып келген тайдын абалын билмекке короонун четинде жаткан тайды карай жөнөдү. Боз үйдүн далдоосунан көрүнгөн эмес экен, Матай сары тайдын жалынан кармап, көкүлүнөн сылап туруптур. Жолоочу экөөнүн жанына басып барып, көчтүн артында калып калган себебин ошол жерден айтты. Көрсө, ак жалдуу сары тай жылкы менен жакшы эле келе жатып, ашуудан ашып, анын таманына түшкөндөн кийин жатып, турбай коюптур. Эмне кылышмак ары тартып, бери тартып тургуза албай, анан бирөөсү эс алганда турар деп, жанында калган экен. Кечке жуук гана сары тай куйругун шыйпаңдатып ордунан туруп, өзү басып жөнөйт. Тайды акмалап турган жылкычы шашып кетип, атын мингенди унутуп, жетелеп жүрүп отурган турбайбы. Үч караан болуп көрүнгөнү ошол экен.

Матайдын ата-бабаларынан бери келе жаткан саяпкерлик касиети бар эле. Тайды бир көрүп эле анын күлүктүн тукумунан экенин сезиптир. Анын үстүнө сары тай боз үйдү айланчыктап такыр кеткиси жок. Мындан дагы чоң сыр бар экендигин сезип, «неси болсо да» деп, наштага коногун чакырып, чогуу тамактанышты. Тамактарын ичип болуп, дасторконго бата тиленип, жолоочу кетүүгө кам көрүп, сары тайын ноктолоп, жетелеп кетүүнү эп көрдү. Өзү атына минип, жетекке салса, тай такыр эле каккан казыктай тарткынчыктап, жыла турган түрү жок. Жолоочу не кылар айласын таппай калганда анан Матай: «Байым, туура көрсөң, бул жаман сары тайыңды мага таштап кет. Мунун ордуна ат жабдыгы жасалгаланган, асый чыкма, учкаяк атым бар, ошону жетелей кет», – деп жиберди. Артында турган байбичеси чыдабай кетип: «Кантет, өлмөсөк тайга, токулгалуу атын тартып, жинди болгон го?», – деп ичи күйүп кетти. «Ээ, катын! Шүк турчу! Эркектердин ишине аралашпай, ишиңди кылчы», – деп аялына кыйкырып калды. Аялы сүйлөнгөн боюнча үйүнө кирип кетти. Жолоочу не кыларын билбей, бир азга дендароо боло ойлонуп, ишенбегендей дагы бир жолу карап өттү.

Матайдын чын айтып жаткандыгын өңүнөн даана байкаган соң дароо макул болду. Кантип макул болбойт. Келишкен чабдарга күмүш менен купаланган кушмач каштуу кашкар ээрин токуп бере салды. Жүгөн, көмөлдүрүк, куюшкан, үзөңгү, басмайылынын баары күмүш менен шөкөттөлүптүр. «Баарын берип, камчысын бербей калтырыптыр деп, билгендер айтпасын, күмүш саптуу мырза камчыны камчылана кет», – деп камчысынан өйдө кармата берди. Бала-чакасынын баары таң. Жолоочу болуп өткөн окуяга бир чети айран калып, экинчи чети жаш баладай мулуңдап сүйүнгөн боюнча эми өз атын мингиси келбей, сары тайга алмашылган чабдарга минип, өз атын жетелеп Арамзанын белин карай жөнөп берди.

Уулу: «Ата, бул жаман сарыга чабдар деле ашыктык кылат эле. Тигил киши деле таарынбайт болчу», – деп атасынын кылганын жактырбагандыгын ачык айтты. «Ээ балам, мен анын таарынычына караган жокмун. Сен айтып жаткан жаман сарыны таарынтып албайын, «бааңды чыгара алмашып алдым» деп, сары тайга ызаат көрсөттүм. Сен аны кайдан билмек элең. Сенин ичиң ачышып аткан чабдардан, ээр токумдан, Кудай буйруса, жүздү, койчу, миңди алып келет бул жаман сары. Бак конду, жаман десе. Тай бул жерге жер үйшүй албайт. Үшүп калган турбайбы. Эки күндөн кийин жакага кайра көчөбүз, даярдангыла», – деп буйрук бере сүйлөп, өзү сары тай менен сүйлөшүп кала берди. Айтканындай эле эки күндөн кийин журтун тазалап, даван ашып, жакага түшүп кетишти.

Матай жаңылбаптыр. Ак жалды тай кезинен баштап чоң-кичине дебей жарыштын баарына салып, таптап чаап, кунан чыккандан баштап, аттарга кошуп чаап жүрүп отурду. Биринен дагы байгесиз калбады. Матай кургуруң, күлүктүн кирпигине чаң жуктурбай бакканды мындай кой, Ак жалды айылдагы улакка, сурап келсе, эр эңиш менен найза сайышына дагы кармата берчү. Анан да Ак жалдын күлүктөрдөн айырмасы оозу өтө жумшак эле. Ал тургай кичине ооп койсоң, улакчынын оюн сезип бурулуп, оозун тарткан жерден төрт туягын сүрүлө токтотуп, куугандарга мышык-чычкан оюнун көрсөтүп, карап турган элдин жарпын чындап жазаар эле. Айрыкча, Ак жалга Эрназар баатыр мингенде экөө бирине бири бап келип, Эр Сыргак тирилип келип калгандай элес калтырып, көргөндөр таңдайларын таңкылдатышып, көзгө көрүнбөй калганча аңкайыша карап калышар эле чиркин. Бирок «жокчулук уят эмес» болгону менен ар бир тойдо эле «атыңызды берип туруңузчу» деп сурай бергендин өзү баатырдын намысын көп болбосо да, аз эмес түшүрүп коёт эмеспи.

Оң-солго атынын арты менен таанылган Матай мырза канатын андан ары созгусу келип, достон тандап, дос күттү. Анан да чаткалдык багыштардан, датканын тукумунан келин күтүп, бапыратып той берип, кичүүсүн үйлөп келин алат. Тойго деп алыс-жакындын баарын чакырып, көк бөрү ойноттуруп, келген конокторду тостуруп, нарк-нускалуулугун көрсөтүп, жыйган-тергенин ченебей чачат. Келиндин келгендеги аты Күмүштак экен: «Матайдын болгон дүйнөсүн чачып, келин болуп келди. Бул анык Чачыкей экен», – деп узун тилдүүсү айта коюп, ошондон кийин ал келин Чачыкей атыгып кетет.

Мына ошол Чачыкейдин келин болуп келгенине бир нече жылга аяк басса да согончогу канабай, көкүрөк-көөдөнү зилдеп, өзүн күнөөлүү санап, кайын журтунан корунуп, көздөрү шимирилип, бет сөөктөрү тартылып, мүрүлөрү кадимкидей сыртка чыга көрүнүп, күндөн күнгө арыктай берди. Башка келиндериндей тыным алдырбай кара жумуш, үй жумушун кылдырып кыстабаса деле арыктагандан арыктап, акыры төшөк тартып жатып, он күн ичинде эле белгисиз оорудан тура албай, оо дүйнө кете берет. Матай байкуш не кылмак, даткалар менен тең болдум деп, канаты жок деми менен учуп-конуп жүргөн мезгилинде эми минтип кайгы чырмады. Келини төшөккө жыгылганда эле кудаларына ат чаптырган экен. Алар келип калышты. Дагы жакшы, акыл-эсин жогото электе көрүшүп, туугандарынын да шектери тарай түштү. Ким билет? А эгер кызынын көзүн көрбөй калса, ар нерседен шек санашып, ичи ачышып турган немелер Матайды урук-тууганы менен кошо ызаалап коймок беле? Ай, ким билет?...

Матай эми өлүктүн зыйнатын мыктылап өткөрүүнү чечип, катышып жүргөн жерлеринин баарына чабагандарды чаптырды. Алар келгиче жайын каздырып турууну чечет. Байыркы ата-бабалардан келе жаткан салтты улап, казанагын найза сунса бойлобогондой тереңдикте каздырды. Муну көргөндөрдүн кээ бири «келинине катуу күйгөн экен» деп шыпшынышса, кай бирлери «обу жоктун кылганын кара» дешип, ачык эле жактырбай мурдун чүйрүгөндөр болду. Ошентип бул жакада мурун-кийин жасалбаган өлүк зыйнатын жасаган Матай келинин чоң ызаат менен жерге жашырды.

Өлгөн келинин «кырктыгын эртең-бүрсүгүнү өткөрөбүз» деп турган учурда, жаңы эле жакшы жүргөн энеси: «Ии, жаным жер тартып кетти. Бир аз уктай турайынчы», – деп төшөк салдырып уктаган боюнча келбес сапарга кетет. Ыйлай сыктай апасын көмгөндөн көп өтпөй улуу баласы түз эле жерден аттан жыгылып, анысы каза болот. Матайды кой, бир айылдын баары дүрбөшүп, не болуп жатканына баштары жетпей, «эми дагы не болор экен» дешип, аңырайышып, сүйлөнгөн сөздүн баары эле Матайдын кайгысынын тегерегинде. Чындап эле «кара чаар кайгы» муну менен токтоп калбады. Анын артынан келини, андан кийин бир тууган иниси болуп олтуруп, ондон ашык киши алты ай ичинде каза болуп кетти. Бул жерде жөн эле ажал эмес, чоң сыр бар экендигин жөнөкөй адамдар деле боолгоп биле башташты. Эми ажалды, жок, бул апаатты кантип токтотуш керек? «Кесирдүү аялдындын кесепти жаман» болуп, айыл элинин тынчы кетип, катуу корккондору бала-чакаларын алыскы, жакынкы туугандарына жөнөтүп жибергенге жетишти.

Балакет эми басты, «эшенбиз, калпабыз, молдобуз» деп жүргөндөрдөн да пайда чыкпай, алардын кайтарып окуган, кайтарма дубалары арга болбой, тыңчыкмаларынын дагы эси кетти. «Кысталышта ой кайыптан келет» болуп, соода менен көп жүрүп, эки жакка көп чыккан аксакалдар «мунун айласын бир тапса, пас тараптагы Ак эшен табат. Ошого киши чаптыргыла», – деп төрт-беш кишисин чаптырышат. Жай жүрбөй, катуу жүрүшкөн немелер конгон, түнөгөн жерлеринде «кырсык чырмоогун» айта жүрүшөт. Ак эшендин дайынын, анын Кадам-Жайдын Охна айылында турат деген сөздү дагы угушат. Айла жок, ошол багытты карап кетип бара жатышып, суусаган немелер жалгыз алачыкты көрүшүп, андан «суусундук иче калалы» деп кайрылып калышат. Алачыкта кара кемпирден башка жан көрүнбөйт. Салам айтып, жапырт аттан түшүшөт. Алигин алып, өзүнчө ар нерсени сүйлөнгөн кемпир алдыларына кир болуп майланышкан кара кесесин, кол чаначка куюлган арпа максымын кошо коюп, жанына жакын олтурганына «ма, кармап тур», – деп чаначын карматып, бир кесени тегеретип, баарына бирдей максымынан куюп берет. Суусундары канган жигиттер эми туралы деп турганда, баягы кемпир: «Эмне азап тартып жүрөсүңөр? «Жолоочудан жооп сурабайт» деп ата-бабаларыбыз айтчу эле. Жоготкон нерсеңер жок, бирок жок издеп жүргөндөй түрүңөр бар?», – деп капилет суроо салып калды. Ыргылжың тарткан жигиттер, адепсиздигибизди көрсөтпөйлү дештиби, улуусун карап калышты. Болгон окуяны түшүнгөн кара кемпир: «Андай болсо жолуңар ачылган экен. Издегениңер табылды. Бир аз сабыр кыла тургула. Мен азыр», – деп жыйналбаган алачыгына көпкө кирип кетип, колуна теспе, шамдарын, оттук ташын, шамшарын, кичинекей камчысын белине кыстарып, эшикке чыкты.

Көк тукаба кездемесин жерге жайып, баш жагына койдун буласын майга чылап, биликтентип, оттук ташын койгулап жатып, учкун чыгарып, аны күйгүзө салды. Эми ал койнунан, жердеги эч бир ташка окшошпогон, күрөө тамырлары чыгып тургандай салалуу көк ташты ортого коюп, сөөк мистеден жасалган теспесин тартып, күңгүрөнүп көп нерселерди сүйлөп жаткансыды. Бирок анын эмне деп жатканын эч кимиси түшүнбөдү. Чоң эле кишилер да коркушат тура. Бири-бирине ыктай, демдерин ичине тартып, алданемедей көрүнгөн кемпирден көздөрүн албай арбалышты. Бир убакта гана барып кемпир, адамдар түшүнө ала турган тилде өзү менен өзү сүйлөшкөнсүп сүйлөй баштады: «Аттиң, бардыгы тиги биринчи өлгөн келинден башталган турбайбы. Чоң күнөө кетирген тура, пай-пай... Айтпам, айтпайм. Айтпайм дедим го... Ии, эмне кылыш керек? Ооба. Тиги келин көрүндө тирилип, кепинин жеп жаткан тура. Кепинин жеп бүтсө, бир уруу эл кырылып бүтөт. Анан... Көрдү ачып, аны айсыз караңгы түндө өлтүрүп, колу-бутун муунап кескилеп, кайра кепиндеп, көр акысына ак кой союп, кошо көммөйүнчө өлүктүн чыкканы чыккан», – деп акыркы сөзүн айтып, оозунан ак көбүгү агып, эсин жоготуп, отурган жерине кулап калды. Ошондо гана эсине келген жигиттер, бири сууга чуркап, экинчиси кемпирдин башын жөлөп кыйсыпырга түшүп калышты. Бир топто барып кара кемпир көзүн ачып: «Мага карабагыла, жөнөгүлө балдарым. Мен силердин алдыңарды атайын тосуп чыккам. Эми аны силер түшүнбөйсүңөр. Эртелеп жеткиле. Эсиңерде болсун, тигил «ач арбакты» темир менен өлтүрбөгүлө», – деп араң турган немелерди ого бетер эстерин оодарып жолго салат.

Нарын дайрасын бойлоп жүрүп олтурушуп, алты күн дегенде араң Толукка келип түшүшөт. Болгон, билгендерин аксакалдарга, Матай байга айтышат. Кара каргашанын айласы бар экендигин уккан эл, көздөрүнө жаш алып, даярдыгын баарылап көрө башташты. Бардыгы даяр болду. Кеч күзгө жакындап калгандыктан күн кыскарып, түн бир топ эле узарып калган. Кеч кирери менен молдосун чакырышып, куран окутуп, андан соң жаштары жабыла мүрзөнү казууга киришти.

Айсыз кара түндө Матайдын пас тараптан алып келген «шайтан чырагын» жандырып алышканы ырас болуп, иш тез жүрдү. Казанакка чейинки топуракты бат эле эки жакка челип ыргытышты. Эми казанактын көзүнө бастырган жумуру арчаларды алыш керек эле. Ушул жерге келгенде жумуштун баары тып токтоду. «Сен ал, мен ал» дешип, казанактын көзүн ачуудан баары качышты. Матай байдын айласы кетти. Ар кимге барып жалдырайт: «Жүз кой берейин, бир үйүр жылкымды берейин, тай туяк берейин». Жан таттуу белем, эч кимдин баргысы жок. Өмүрдүн, жандын ширинин карачы: «Ак жалымды берейин, Эрназар өзүң ишке жарачы», – деп жалынып турду Матай бай.

Ак жалдын атын укканда Эрназар баатыр жалаңкыч болсо да кармашууга даяр эле: «Туугандар, силер күбөсүңөр, силер күбөсүңөр», – деп мурунтан даярдалган чочморду (катуу дарактардын, өзгөчө долондун, арчанын уюган тамырынан жасалган союл) колуна алып, казанактын оозун жаап турган жумуру арчаларды алып сыртка ыргытты. Биринчи мурунду эле эмес, көздү кошо ачыштырган ачуу, сасык жыт «бур» дей түштү. Жыт тараганча күтө турду. Сыртта коюу түн, көр ичи андан капкара, эч нерсе көрүнбөйт. Шайтан чыракты сурап кыйкырды. Көрдү тегеректеп карап тургандардын бири чыракты Эрназар баатырга кармата берди. Матай кургуруң, мактанып көрдү терең каздырганын кара... Белине чейин кирип, карап жаткан Эрназар баатырга бир убакта көрдүн түпкү жагынан шайтан чырактын жарыгына чагылышкан кыпкызыл көздүү албарсты көрүндү. Кудай бетин көрсөтпөсүн, ушундай да болот экен ээ-э... Саксайган чачтары башаламан жайылып, денесин жаап калган, тырмактары кудум жез тумшуктун тырмактарындай өсүп кеткен неме, беш кат оролгон кепинин денесинен сыйрып алып, жеп олтуруптур. Ким же эмне менен кармашаарын билбей тайсалдап турган Эрназар баатыр «жоосун» азда болсо байкап алгандан кийин акылын токтоттуп, шердене түштү. Ишти жарык түшүп кеткенче бүтүрүш керек. Анын үстүнө тигил неме «өлтүр» деп туруп бербейт. Белине кыл арканды үч каат кылып байлатып, экинчи учун сырттагы беш-алты жигитке карматып, көр ичине түшүүгө кирди. Сүйлөшүлгөн боюнча Эрназарды казанактын оозунан киргенден кийин эле ары кетирбей кармап туруу керек эле. Ал ошондуктан белинен салаңдап, колундагы чочмору менен ойду келди, белгисиздикти карай шилтеп жатты. Көз көрбөгөндөн кийин жөн жүрөк эмес, таш жүрөк болсоң да коркпой көрчү. Эмне болсо ошол болсун дегенсип көзүн жуумуп алып, болжолдоп чокморун шилтей берди. Чокмор кээде бош абага кетсе, кээде казанактын ички бетине, түбүнө тийип, жумшак нерсеге эч бир тийбеди. Бир убакта чокмор жумшак нерсеге урулгандай болду эле, кулак-мурунду кескендей ачуу чаңырык чыгып: «Айтканың аткарылбаса, колуң соолсун!», – деген үн, көрдүн ичин эле эмес, айсыз талааданы дагы бузуп жиберди. Мына дал ушул маалда үн чыккан тарапты болжолдогон Эрназар чокморун бар күчү менен кенен шилтеди. «Тарс» деген туюк үн чыгып, жанагысы көр ичине кулап, кыркырап барып, үн чыкпай алды.

Аркан белине өткөн Эрназар «тарткыла» деп кыйкырды. Иши оңунан чыкканын сезген жигиттер буйдамга келтирбей тартып алышты. Бир топко эс алалбай жатып, анан эсине келди. Аңгыча болбой таңы дагы нурун чачып, айлана-теребел көзгө даана көрүнө баштады. Эч кимдин көргө жакындагысы жок. Ишти аягына чыгарыш керек. Муздак суудан ичип, күч-кубатын жыйнап алган Эрназар баатыр көр ичине күн мурун даярдалган кепиндик кездемелерин, койдун далысынан курчутулуп жасалган кестигин, «не бар, не жок» деп чокморун ыңгайлата кармап, аркан менен түшүп кетти. Чырактын жарыгынан албарсты кейпиндеги байкуш келин суналып жатканын эми даана көрдү. Ушунчалык чоң күч менен чапкан экен, шилиси каңтарылып кетиптир. Чыракты жанына коюп, далы кестигин алып, алгач, ыңгайы келе калган колун чыканактан шарт-шарт кескилеп муунап жиберди. Андан кийин экинчи колун, карап олтурууга убакыт жок эле...

Ким билет... Буттарын, толорсуктагы эшек тамырларын, согончок тамырларын күчкө салып эле муунап-муунап кескиледи. «Дагы эмне кылыш керек эле. Аа, эстедим. Жеп жаткан кепинин табыш керек», – деп эки жагын олуй-чолуй карады. Кашайып эч жерден көрүнбөйт. Болду-болбоду ошону басып жыгылса керек. Акырын далысынан түртсө, алдында жаткан экен. Экинчи колу менен алайын деп баратканда «кор» деген үн чыкты. Катуу чочуган Эрназар баатыр туруп баратып, аз жерден чыракты сындырып ала жаздады. Шекшинип бир аз карап туруп, кыймылдабагандан кийин кайра кепинди алууга киришти. Бул жолу баары тынч өттү. Аны көрдүн аягына алып барып, жумшак топуракка бастырып салды. Эми кепинге орош керек... Эптеп жатып эбин таап, билгенинче ороп бүтөрү менен союлган «ак койду түшүргүлө» деп кыйкырды. Аркан менен түшүрүлгөн ак койду «көрдүн акысына» деп, маркумдун жанына коюп, Чоң Кудайдан, маркумдан кечирим сурап жатты.

Эрназар баатырды сыртка чыгарып алышкандан кийин дароо эле казанактын көзүн жаап, көрдү көмүүгө ашыгышты. Узун сүрөөлүү Ыйык Куран окулду...

Ошону менен чындап эле беймаал өлүм-житим токтоду. Бирок пендечилик ай, көр пенделик айе, Матай бай убадасына турбады. Ак жалды сурап барган Эрназар баатырга, кышында «кыш чыксын», жазында «азыр үйүрдө жүрөт, күзүндө берейин», – деп жыл айлантып жиберет. Акыркы жолу барганда «ордуна башка ат берейин» дегенде, Эрназар баатырдын колу чыканактан ылдый кадимкидей эле соолуп калган дешет... 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз