Венгер эл жомогу: Эки ач көз мамалак

  • 26.10.2020
  • 3767

Калың токойдо жашаган картаң аюунун эки мамалагы болот. Абдан ач көз, ичи тар, ынтымагы жок алар эс тартканда бакыт издеп жөнөмөй болушат. Жолго чыгарда эне аюу экөөнү ынтымактуу болууга чакырып, эч качан бөлүнбөөнү насааттайт. Экөө дайыма бирге болууга убада беришет. Ошентип жолго чыгышат.

Көп убакыт жол жүрүп, талаа кезип, дарыя кечип, узак жол басышат. Жолго алган азыктары аягына жетет, шайлары кетет. Тумшуктарына эч нерсе илинте албай бир далай жол арытып, көп убакыт узатышкан соң чоң тегерек сыр таап алышат. Бөлө тарта жемек болушат, бирок чоң кетип калат деп бири-биринен кызганышат. Ашыкча күкүмүн да бири-бирине ыраа көрбөгөндүктөн тең бөлө албай уруша кетишет. Бирөө ыркырап улуусунуп көп жеши керектигин айтат, экинчиси чыркырап кичүүлүгүн колкоо кылат. Ушинтип жулмалашып жатканда кимдир-бирөө салам айтат. Карай салышса жайдары жылмайып түлкү турат.

- Эмне болду силерге? Талашыңар эмне? – дейт ал ак учтуу куйругун булактатып.

- Бизди кырсык басты, тең бөлө албай жатабыз ырыскыбызды, - дешет мамалактар. 

- Бул иш кыйын эмес мен үчүн, кимиң улуу, кимиң кичүү экениң да мага баары бир, тепетең бөлүп берем сырыңарды,- деп түкөң жагымдуу үндө сүйлөйт.

- Андай болсо жакшы экен, бөлө сал сырды тепетең! – деп мамалактар кубанышат дердеңдей.

Сырды ошентип колго алган түкөң аны атайылап бир бөлүгү чоң, бир бөлүгү кичине кылып бөлө салат. Муну көрүп мамалактар кыйкырып жиберишет:

- Бул эмне кылганың түгөнгүр түкө?! Бирөө чоң, бирөө кичине, калыс бөлөм дебедиң беле!

- Сабыр керек, сабыр! Чыдасаңар бир аз, баарын жайгарам, - деп түкөң сырдын чоң жагынан бир сугунат. Мамалактар караса сырдын чоң жагы эми беркисинен кичине болуп калат. Мамалактар кайра кыйкырышат:

- Кана тең бөлгөнүң!

- Шашпагыла, шашпагыла! Оюңардагыдай болот, - деп эми түкөң сырдын чоң жагынан дагы сугунат. Дагы эле тең болбойт, кайра эле мамалактар нааразы. Ошентип түлкү акең бөлүштүрүүсүн улантат, уланткан сайын курсагы томпойот, сыр улам кичирейет. Акырында томуктай болгон эки бирдей бөлүк сыр калганда түкөң кытмыр күлөт, жайдары сүйлөйт:

- Мына айтпадым беле, тең бөлүп берем деп! Карачы бириңерге да көп кеткен жок. Тамагыңар таттуу болсун! – деп түкөң куйругун оңго булак эттирип, өзүн солго кылак эттирип окчундай берет.

Эки мамалак өз энчилерин бир сугунуп, жеген жебегенин билбей туруп калышат. Ошондо гана алдангандарын түшүнүшөт. Буга өзүлөрүнүн ач көздүктөрү, көрө албастыктары менен ынтымаксыздык себепчи экенин билишет. Ушундан кийин экөө ынтымактуу боло башташат.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз