Кытай экспансиясы: Орто Азиянын альтернативасыз тандоосу

  • 29.10.2020
  • 3323

Кыргызстандын бай коңшусу

Кыргызстандагы президенттин отставкасы менен бүткөн башаламандыкта Кыргызстандын саясий турмушуна көп аралаша бербеген үчүнчү тарап, Кытай бир топ зыян тартты. Козголоңчулар алтын, көмүр, жез кендерин иштетип жаткан кытайлыктардын ишканаларына кол салып, алардын жетекчилерин барымтага алышты. Мындай талап-тоноочулукка жалаң эле кытайлык активтер эмес, канадалыктардын, россиялык менчиктер да бар экенин белгилей кетиш керек, бирок эң чоң зыянды албетте, Асман өлкөсүнүн ишкерлери тартты.

Кытайлыктар Кыргызстандын экономикалык мейкиндигинен туруктуу орун алганына көп жылдын жүзү болду. Мындай абал Бишкектеги абалдын дайыма чайпалып турганынан улам жаралды. Кээ бир саясатчылар кыргыздар төңкөрүштөрдү жасоого жакын экендигин белгилеп жүрүшөт. Ал төңкөрүштөр менен катар, токтобой жүрүп турган кландык кармашуулар экономиканын кандайдыр бир өсүүлөрүнө эч кандай мүмкүнчүлүктөрдү бербейт.

Азыр кезектеги төңкөрүштүн жаралышынын эң алгачкы мезгилинин алдында Бишкектин Пекинге 4.7 млрд. доллар карызы бар, бул болжол менен республика бюджетинин 26%не барабар. Кытай бул Россия эмес, ал эч качан карызын кечпейт. Алар карыздын акысына жаратылыш ресурстарын ит бекер алышат, өлкөнүн төлөп бере турган андан башка эч нерсеси да жок.

Акыркы жылдары Кыргызстан накта экономикалык кайырчыга айланып барат, ал он бир өлкөдөн кайтарымсыз жардам алып турат. Бишкекке ал тургай Белорустар орто эсеп менен жылына 500-600 миң доллар бөлүп беришкен. Ал эми 2015-жылы Минск 400 млн доллар берген. Орто Азия өлкөлөрүнө салмактуу донорлордун катарына Канада (орто эсеп менен жылына 100 млн. доллар) Улуу Британия (жылына 1млн. – 189 млн. чейин), Швецария (жылына 21 млн. доллар) кошсок болот.

Өзгөчө орунду албетте, Россия ээлейт (жылына орто эсеп менен 300 млн долларга чейин). Андан тышкары, Россия 2013-жылдан бери, Кыргызстандын жарым миллиард доллардан ашык карызын кечип жиберген!

Башында айтылгандай, Кытайдын Кыргызстандагы негизги кызыкчылыгы энергетикалык тармактарга жана пайдалуу кен байлыктарга байланыштуу.

2002-жылы Кытай менен Кыргызстан ортосунда Кыргызстандын түштүгүндөгү нефти-газ чыгуучу жайларды биргелешип иштетүү боюнча келишимге кол коюшкан.

2014-жылы Кытай Майлуу-Суудагы, Чыгыш Избасканттагы, Чаңгыр-Таштагы жана Чыйырчыктагы пайдалуу кен байлыктар чыккан жерлерди биргелешип иштетүүгө катышууга укук алышкан.

2016-жылы Нарын дарыясында гидроэлектростанциялардын каскадын салууга ниеттерин билдиришкен. «State Power Investment Corporation» компаниясы кубаттулугу 600 МВт Ала-Бука ГЭСин, кубаттуулугу 248 МВт Тогузторо ГЭСин, кубаттуулугу 149 МВт Карабулуң ГЭС-1 жана кубаттуулугу 163 МВт Карабулуң ГЭС-2 салууга ниеттерин билдиришкен. Жалпысынан долбоорго 2 млрд. доллар каралган.

Эгерде бул ГЭСтер салынып бүтсө, иштелип чыккан электр энергиясы толугу менен Кытайдын чек арага жакын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районун камсыз кылмак. Азыркы учурда Бишкектеги саясий туруксуздуктан жана өлкөдөгү улутчул маанайдагы кыймылдардын өсүшүнө байланыштуу азырынча бул долбоор ордунан жылбай турат.

Бай кытайлардын Кыргызстандын төрттөн биринен көпчүлүгүн сатып алып, өлкөгө өздөрүнүн эмгекчи күчтөрүн каптатып алып кириши улутчул сезимдерди козуткан абалды жаратты. 2019-жылы Бишкекте Кытайдагы кыргыздарга карата кыйноолор болуп жатат деген сөз тарап, толкундоолорду пайда кылды. Анткени Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда “кайра тарбиялоочу лагерлер” салынып, анда киши чыдагыс шарттар түзүлгөнүн, ага кыргыздарды эч себепсиз эле алып кетип жатышканы, ал жакка барган адамдар катаал шарттарга чыдабай бетон дубалдарды сүзүп өлүп жатышканы тууралуу сөздөр тараган.

Кытайлык өндүрүшчүлөр өздөрүнүн өлкөсүндө жаратылыш ресурстарын иштетүүдө ыплас технологияларды колдонуудан тартынышпайт, анан Кыргызстандын жаратылышын алар аяшмак беле.

Солтон-Сарыдагы алтын өндүрүүчү «Zhong Ji Mining» компаниясы өткөн жылы жер алдынан чыккан сууларды ар кандай химикаттар менен булгашкандыктан, жергиликтүү фермерлердин жайыттагы малдары ууланып өлө баштаган. Ага компенсация төлөп бергенине карабай рудникте иштеген кытайлыктар менен жергиликтүү элдин жаштарынын ортосунда мушташ чыкты. Таш менен согушуп, бир нече киши жаракат алып, ооруканаларга жатып чыгышты.

Мындан ары абал дагы оорлошу мүмкүн:  6 млн. эли бар Кыргызстанда 400 кем эмес кытайлык компаниялар каттоодон өтүшкөн. Ошол эле убакта кыргыздар жумуш издеп көп жылга Россияга жана башка өлкөлөргө кетүүгө мажбур.

Кытайдын экспансиясына кабылса да Кыргызстандын башка тандоосу деле жок. Бюджеттеги 625 млн. долларлык таңсыктык Бишкекти Чыгыштагы “улуу агасынан” жардам суроого мажбурлайт. Мына азыртадан эле тамак-аштын баасы кескин көтөрүлүп, улуттук валютанын курсу түшө баштады, ал эми бийликтин өлкөнү кризистен тез аранын ичинде алып чыгып кетүүсүнө ишенич жок. Россиянын жардам берүүгө чамасы аз: ансыз да Москванын короновирустун экинчи толкуну менен күрөшүү, Беларуссиядагы толкундоолор, Тоолуу Карабахтагы окуялар сыяктуу тез аранын ичинде чечүүчү көйгөйлөрү толтура.  

Ошондуктан Бишкектеги убактылуу өкмөттүн өкүлдөрүнө биринчиден, жергиликтүү улутчулдардын тизгинин тартып тынчтандырууга көп күч аракет жумшоолору керек, экинчиден, кытайдан келген акча-каражаттарды пайдаланууда ачыктыкты камсыз кылуулары зарыл. Ушундай шартта гана экономикалык таасир саясий өңүткө айланып, жыйынтыгында региондогу Россиянын кызыкчылыктарына жооп бере алат.

Кытайдын жаңы провинциясыбы?

Кыргызстандын кытай зонтигинен чыгууга дагы эле потенциалы болсо, Тажикстан менен маселе биротоло чечилип бүткөндөй. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Душанбенин Пекинге болгон сырткы карызы 2,9 млрд. доллар же бардык сырткы карызынын 60% түзгөн. Мындай берешен инвестор турганда Эмомали Рахмонов сырттан башка инвестор издеп, экономикалык реформаларды жасап башын ооруткусу да келбейт. Ал эми эсептеше келгенде Кыргызстан сыяктуу жаратылыш ресурстары менен эмес, өздөрүнүн жерлерин беришке туура келет. Ушул күнгө чейин Тажикстан Кытайга кыйкырык-чуусуз эле аянты 1,1 миң квадрат километрге жакын, Чыгыш Памирдеги талаштуу жерлерди өткөзүп берди. Бул өлкөнүн жалпы аянтынын 0,77%тин түзөт. Бул көз карандысыз Душанбенин Пекинге үчүнчү жолу жер бериши. Адистердин берген баасы боюнча кытайга өтүп кеткен жерлерде уран, алтын, тоо хрусталы сыяктуу кен байлыктардын 17 түрү бар. Тажиксандын бул кен байлыктарды иштетүүгө каражаты да, каалоосу да жок болгон, бирок Кытайга карызы бар эле. Тогуз жыл мурда карыздын бир бөлүгүн кечишкен, бирок экономикалык көзкарандылык азайбастан көбөйгөн. Анысы аз келгенсип өлкөгө кытайдын жумушчулары каптап кире баштады. Кытайдын инвестициясынын бир өзгөчөлүгү ушундай, алар өз долбоорлорун ишке ашырыш үчүн жергиликтүү жумушчуларды алышпайт, өздөрүнүн жумушчу күчүн пайдаланышат.

Бийлик мындай жумуштарга жергиликтүү жумушчуларды киргизүүгө аракет кылып көрдү, бирок алар кытайлардын иштөө графиги менен иштей албасы айгине болду: алар 12 сааттык жумушчу күнүндө тынымсыз иштешет, түшкү тамактарын ошол жерде олтура калып жеп алып эле кайра ишке киришет.

Көпчүлүк учурларда кытайлар айыл чарба жерлерин 49 жылга ижарага алышып, кетпей жашап калышууда. Алардын жараткан ийгиликтери да жаман эмес. Мисалы, 2016-жылы кытайлар түшүмдү мол алып, алар өстүргөн буудайдын баасы 1, 5 сомони (0,19 долл.) болгон, ошол эле кезде жергиликтүү дыйкандардын буудайы эки эсе кымбат болчу.

Кытайлыктар Тажикстандын жер байлыктарын пайдаланганды да унуткан жок. 2019-жылы ТВЕА аттуу кытай компаниясы Айнин районундагы кеминде 52 тонна алтындын кору бар, “Жогорку  Кумарык” жана “Чыгыш Дуоба” рудниктеринде иштерин башташкан. Бул Кытай менен Тажикстандын ортосундагы “эки жакка тең пайдалуу” иштердин бир эле фрагменти.

2007-жылдан баштап Орто Азия республикаларында курулуп жаткан нерселердин бардыгында кытайлардын тиешеси бар: жолдор, тоннелдер, жогорку чыңалуудагы электролиниялар, ТЭЦ “Душанбе-2”, заводдор (темир иштетүү, химия, цемент чыгаруу), турак-жайлар. Алтын кен чыгуучу рудниктердин 60%  кытайлар иштетишет.

Жыйынтыгында, республикада 100ден 150 миңге чейин этникалык кытайлар жашап, айыл чарбасында, өнөр жай ишканаларында жана курулуштарда иштешет.

Ошондуктан, Кытайдын Тажикстан менен болгон чек ара линияларын кайрадан карап чыгууга болгон оюна таң калбай эле койсо болот. Асман өлкөсүндөгү журналистердин макалалары жөндөн жөн эле жазыла бербеси белгилүү, ал өкмөттүн маалымат боюнча саясатына ылайык жазылат.  2020-жылы изилдөөчү Чу Йао Лу Памирдин эзелтеден эле Кытайга тиешелүү экендиги жөнүндө каңкуулаган макаласын жарыялады. Автордун айтуусунда 17-кылымда Цин династиясынын убагында тоолуу массивдин бир бөлүгүн өткөзүп берүүгө мажбурлашкан имиш. Душанбе бул макалага “тараптар ушул сыяктуу материалдар ММКаларда чыгып кетпешине керектүү чараларды көрүш керек” деген таарынычын айтуу менен чектелди.

Кезекте Тажикстандын аймагынан төртүнчү жолу бөлүп берүү турабы?

Булак: knews.kg АВТОР: Евгений Федоров

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз