Сардарбек Рыскулов: Кутунбеттин Куу Чоку

  • 29.10.2020
  • 3806

АҢГЕМЕ

Тоңдун Коңур-Өлөң, Ала-Башы тарабында Кутунбеттин «Куу чоку» деген бийик чоку бар. Анын жогорку башынан этек-түзүнө чейинки аралыкта тилинген боордой кокту-колот, жылга-жыбыттар сансыз. Капталдаган адам бир кырына чыкса, улам бир кыры бет маңдайынан көрүнөт.

Куу чокунун тегерегиндеги бир-бирине окшош узун-узун өндүрлөрдүн беттерин эжигейдей эзилип, сары каймак тартып ыргалган бетеге-шыбактар, алтыгана, терискендер, ит мурундар менен ак шилбилер, тебетейдей тегерек төө тапандар менен жел соксо суудагы балырдай теңселген бир кылка көк чекенделер жыш каптап турат. Куу чокунун дал төбөсүнө чыккан адамга төмөн карай созулуп жаткан коктулардын таманындагы томпойдой таштан бери бадырайып, даана көрүнөт.

Кутунбет Коңур-Өлөң, Ала-Башта төрөлүп, өмүрү өткөнчө ошол жерде жашаган адам. Ал бала күнүнөн бери канаттууга, айрыкча бүркүт таптаганга шыктуу болгон. Ата-бабасынан бери карай жакырчылыктын алаканынан чыкпаган шордуулар эле. Кутунбеттин да минип чыгар аты, үрүп чыгар ити болгон эмес.

Кутунбет бир жылы Тоңдун Ала-Баш жагындагы адам даап бара алгыс жалама асканын бооруна уя салган зор бүркүттөрдү байкап калат. Бүркүттөр балапандарын учураарына жакындап калганда Кутунбет бар тобокелге салып, бир чети эрдик, бир чети жандан кечкен өжөрлүк менен кабат-кабат эшилген кыл арканды белине чырманып, зооканын кыл учунан төмөн карай салаңдап тырмышып олтуруп, зындандагы бүркүт-уяга түшөт. Уяда канат-куйругунун чалгындары тегизделип, коюу тыбыт жүндөрү текши жетилип, асманды эңсеп турган жалгыз балапан бар экен. Кутунбет өлдүм-талдым дегенде жанын оозуна тиштеп жатып, балапанды зоокадан араң алып чыгат. Кокус аркан үзүлүп, ошол бийик зоокадан учуп кетсе эмне болмок?! Анда сөөгү сөпөт, эти эпет болбойт беле. Кутунбеттин ышкысына баракелде!..

Ошол учурда балапандын эне-атасынын жоктугун кара? "Жакын арада айланып жүрүшкөн болсо, Кутунбетти жарып салышпайт беле. Адатта бүркүттөр балапандарынын учаарына чукулдап калганда алыска чабат эмеспи. Бул жолу да Кутунбет — кедейдин бактысына жараша дал ошондой болуп калган көрүнөт.

Балапаны чоңоюп, зор бүркүт болду. Эртели-кеч Кутунбеттин колунан тамактанып, аны эне-атасындай көрүп калды. Учканды үйрөнсүн деп, күндүз агытып, бош коё берчү болду Кутунбет. Кечкисин болсо жок издетпей өзү келет. Үйдөн тоюту канат. Азырынча талаадан жем таап жегенди биле элек.

Жай мезгили өтүп, күз келди. Кутунбет балапанын чыргаага көндүрүп, тапка келтире баштады. Ою менен бербей, тамагын тартып, этин бастатты. Чыргааны барган сайын төш таянып сүйрөтүп, бүркүттү улам бийиктен коё берип жүрдү. Чыргаачыл болду. Чыргаага алда кайдан жазбай келет. Келген сайын чыргаанын үстүнөн жем берип, тоютун кандырып коёт. Ошентип олтуруп, бүркүттү куу чокунун төбөсүнө чейин көтөрүп барып таштап, анан өзү ылдый жагындагы этекке түшүп келип, чыргаасын тартканда, бүркүт ошончо алыстыктагы бийиктен күркүрөгөн бойдон типтик сайылып түшүп, чыргааны басып жүрдү. А кийин эртең менен эрте агытып койсо, айланып олтуруп куу чокунун төбөсүнө өзү барып конуп, бүткөн боюн таранып, эки жагын сококтоп каранып олтуруп калчу болду. Ошол чокуга чыкмайын тамак бербесин бүркүт да билсе керек. Бүркүтү кеткенден кийин үйүнөн жарма-журмасын ичип алып, шашпай жайбаракат майпаңдап басып, Кутунбет тоону карай бет алып жөнөйт. Анан чокуда олтурган бүркүтүнө алыстан көз чаптырат да, тоо этегин капталдай салып, туура карай чыргаа тартат.

Кутунбет бүркүтүнө ошол тоолордун боорунан башка жерден тамак таттырбайт. Кийинчерээк түлкүгө тирилгенде да ошол майда капталдарда тирилеп, көндүрүп жүрдү.

Бүркүтү табына келип, түлкү ала баштады. Кутунбетте ат жок да, «итке минген томаяк» дегендин бири ушул байкуш! Ал эми бүркүтчү деген аттын атын тандап минет эмеспи. Кутунбет болсо жөө жүрүп салат. Бүркүтү Куу чокунун башына жеткенде, тоо этегиндеги каптал кырларга барып, этек-жеңин каккылап, бир таш менен бир ташты шакылдатып койгулап олтуруп, алтыгана, чекенделердин арасынан бүркүтүнө түлкү качырып турат. Куу чокунун өндүрлөрүндөгү түлкүнүн жатагы Кутунбетке беш колдой белгилүү. Түлкү булт берип качаары менен, алыскы бийиктен ылдый жакка көз жиберип олтурган бүркүт куушурулган бойдон сызып келип, шыпырат да коёт. Кутунбет колунан түлкүсүн ажыратып алары менен бүркүт айланып учуп олтуруп, баягы туурундай көрүп калган куу чокусуна кайра барып конот. Ошентип Кутунбет улам бир капталдан бир капталды ашып, түлкү качыра берет, тиги шымаланып даяр турган кыраан бирин куткарбай ала берет.

Кутунбетти жоро-жолдоштору тамашалап жүрүп, «жөө салар» атка кондуруп жиберишти. Бүт көл айланасына «жөө салар» деген наам бат эле тарап кетти. Мейли, айтса айта беришсин, эрөөнү жок. Ошенткен менен Кутунбетти бүркүтү байытты. Кырк-отуздай майда жандык күтүп, чарбалуу болуп калды Кутунбет байкуш. Эгерим ат минбеген томаяк ат минип, эл катарына кошулуп кетти. Байыган сайын жолдош-жоросу, карым-катышы көбөйдү. Ал эми тиги бийик чоку ушул күнгө чейин «Кутунбеттин куу чокусу» аталган бойдон калды.

Бир күнү короосунун түбүндөгү күнөскө чыгып, бүркүтүн жоон санынын жылаңач этине кондуруп, сылап-сыйпап эркелетип олтурса, келишимдүү ат минген жаш жигит маңдайына чукул келип, ат үстүнөн салам айтты. Кутунбет бүркүтүнө алагды болуп эки жагын байкабай олтурган. Абайлап караса, көп жылдан бери катыша элек өзүнүн бир тууган жээни экен чоң-кеминдик. Жээни салам айтарын айтып коюп, аттан түшпөй сороюп туруп алды.

— Түшпөйсүңбү, — деди Кутунбет.

— Жок түшпөйм, таяке.

— Эмне үчүн түшпөйсүң?! Айтчы, себебин?

— Себеби ушул, алдагы бүркүтүңүздүн боосун чечип, томогосун шыпырып агытып жибериңиз, анан түшөм, болбосо аттан түшпөстөн, бура тарткан бойдон үйүмө кайтам.

— Ай, чунак жээн, сен билгенди мен деле билем, мунун кызыгына кызыгып жүрөм, кызыгына кызыгып жүрөм,— деп сөзүн эки-үч жолу кайталап, шашкалактай түштү. Көрсө, Кутунбектин бүркүтү «куу чегир» турбайбы, Жээни да ашкан мүнүшкөр тура түгөнгүр, көзүнө чалдыгары менен тааныптыр. Айла канча, бир тууган жээнин кыя албай, бүркүттү ошол замат агытып жиберди Кутунбет.

Бүркүттүн «куу чегири» кара жолтой болот. Аны салган мүнүшкөр тукумсуз өтөт. Жанындагы коңшу-колоңдоруна да кесири тиет. «Куу чегири» бар үйгө конбой-түшпөй, жакындабай жүрүш керек» деген чындыкка сыйбаган ырым-жырымдар ошол доордо күч алып турган. Ал түгүл «куу чегир» салган бүркүтчүнүн бүркүтүн өлтүрүп, үйүн өрттөп, өзүн уруп-согуп кордоп, башка жакка кууп жиберген күндөр да болгон. Кутунбет байкуш бүркүтүнүн «куу чегир» экенин билсе да, эл-журтка шек алдырбай, жашырып жүргөн тура.

*     *     *

Арадан үч жылга жакын убакыт тез эле өтүп кетет. Күндөрдүн биринде Кутунбет баш болгон топ атчан көл башына жолоочулап баратса, Жети-Өгүздүн суусунун көлгө куя берген жээгинде тутуусу эскирген жалгыз үй тигилип турат. Үй кара жолдон бир аз обочороок эле. Үйдүн ичинен анда-санда гана шаңшыган бүркүттүн муңдуу үнү чыгат. Кутунбет ак тизгинин жыя тартып, тык токтой калды да, шаңшыган бүркүттүн үнүн тыңшады. Анан жолдошторуна жете келип:

— Тетиги жалгыз үйдүн ичинде шаңшып жаткан менин «куу чегирим» экен, — деди.

— Койчу калпыңды? — жолдоштору дүрбөй калышты.

— Койбой эле, чын. — Мелдеше да кетишти.

Кутунбет айтты: «Ушул бойдон чогуу барып, тигил үйгө түшөлү. Үйгө киргенде силер сүйлөбөгүлө, мен бакылдап үн чыгара баштайын, эгер бүркүттүн башында томогосу жок болсо, кирип барганда эле мени көздөй жулунат. Эгер томогочон болсо, үйдүн ээси бардыр, боосун чечип кой дейли. Мен силердин жогору жагыңарга олтурайын. Менден ылдый карай катарыңар менен силер олтургула. Анан бириңерден сала бириңерди аттап жүрүп олтуруп балпаңдап баскан бойдон, үн чыгарып сүйлөп жаткан мага келип токтосо, токтомок түгүл, секирип чыгып, жоон саныма келип консо — менин «куу чегерим» болсунбу?»

— Болсун, болсун! Андай болсо эле сенин «куу чегириң».

— Анда сага жыгылдык, уттуң!

— Ошондой болбой калса, атыңан ажырайсың!

— Ажырайын.

Топ жолоочу дабырата бастырган бойдон жалгыз үйдү тегеректей тартып, аттан ооп түшүп калышты. Эшик ачып, чубап кирип келишсе, бүркүт томогочон капшыттагы туурда олтурган экен. Бүркүттөн жогору — үйдүн оң капшытында орто жашап калган көк ала сакал карыя куш жаздыкты чыканактап, кырынан жатыптыр. Буларды көргөндө: «Ии, келгиле, балдар, төргө өткүлө» деп, ордунан баш көтөрүп, козголо берди. Жолоочулар саламдашып, үй ээси менен бир сыйра кол алышкандан кийин карыянын жөн-жайын сурап, Кутунбет бакылдап сөзгө кирди. Жолдоштору менен мелдешип калганын айтты. Ошол учурда бүркүт туурдан жерге түшүп, төрдөгү олтурган элди бет алып, талпына баштады. «Андай болсо» деп үй ээси бүркүттүн боосун бошотуп койду. Баятан бери талпынып жаткан бүркүт отургандардын улам биринен өтүп олтуруп, Кутунбетке жетип токтоду. Токтомок түгүл, анын оң жаккы санына секирип конду.

Анан каңшаарлуу тумшугун Кутунбеттин көкүрөгүнө, ийиндерине кайра-кайра жана баштады. Кутунбет: «Дидаарлашып, жүз көрүшкөнү жаткан тура» деп бүркүттүн томогосун шыпырып алды. Анан бүркүт көпкө чейин ормоңдоп, Кутунбетти тиктеп турду. Жолдоштору Кутунбеттин мүнүшкөрлүгүнө, бүркүтү жедеп эле аны менен ата-бала болуп калганына бир чети таң калышты, бир чети ыраазы болушту.

Үйдүн ээси Кутунбетти тааныйт экен. Көрсө, ал киши алгыр канаттууларга тор жайган атактуу саятчы тура. Мындан он чакты күн мурун торуна түшкөнүн, ошондо эле «бул бүркүт Кутунбеттики болуп жүрбөсүн» деп шек алганын отургандарга айтып берди. Ал түгүл: «Бүркүтүңдүн үнүн таанып келген экенсиң ээ» деп Кутунбетти жылмайып карап койду.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз