Бекжан Курманбеков: «Ээ болуу» менен мүнөздөлгөн дүйнө

  • 12.12.2020
  • 3429

Чоӊ кишилер цифра десе эле жантыгынан жата калат. Жаӊы бир дос тапканыӊды сүйүнчүлөсөӊ, алар эч качан алгылыктуу суроо бербейт. Алар эч качан: «Анын үнү кандай экен? Кандай оюнга ышкыбоз экен? Көпөлөк кармайт бекен?» - деп сурабайт. Алар: «Жашы канчада экен? Ага-иниси канча? Салмагы канча? Атасы канча акча табат?»- деп сүрүштүрөт.

Чоӊ кишилерге: «Мен кызыл кыштан салынган кооз там көрдүм, терезесинде герань гүлү өсүп, чатырында кептерлер учуп жүрөт» - десеӊ, алар ошол үйдү түк көз алдына келтире алышпайт. Аларга: «Жүз миӊ франктык там көрдүм» - деп айтышыӊ керек, ошондо алар: «О, сонун экен!» - деп тамшанышат.

Антуан де Сент-Экзюпери «Кичинекей ханзаада»

Бүгүнкү биз жашаган пост-модерн дүйнөдө жашоонун жалгыз максаты максимум ыракатка (радикалдуу гедонизм) жетүү болуп калганы жалпыбызга маалым. Адам табиятын изилдеген ойчулдардын пикирине ылайык радикалдуу гедонизм «жакшы жашоо» менен камсыздашы мүмкүн эместиги далилденди. Антсе да бүгүнкү күндө замандаштарыбыз гедонизмдин тартуулаган аздыр-көптүр ыракатын чыныгы бактылуулук катары таанып, жашоолорун гедонизмдин нугу менен кечирүүдө.

Адам баласынын ушунчалык ээ болуу көксөөсүнө сүӊгүп кирүүсү, күнүбүздүн көйгөйү болгон эгоизмдин жайылуусуна шарт түзүп, ач көздүүлүктүн ар бир адамда калыптануусуна түрткү болууда. Арийне, ач көздүүлүк өкүм сүргөн жерде тынымсыз согушуулар, кагылышуулар жана келишпестиктердин жүзөгө ашырылышы толук мүмкүн.

Күнүбүздөгү адам, системанын негизинде стандартташтырылып, материалдык баалуулуктарды кууп, ээлик кылууга гана жарап калды. Адабият жаатындагы Нобель сыйлыгын лауреаты Альбер Камюнун сөзү менен айтканда: “Жашоонун токтобостон кайталана берүүсү адамдарды көп деле ойлондурбай калды. Башкача айтканда, адамдар  бир процессти кайталоодон тажашпайт. Мисалы; күнүгө таӊ атпай туруу, трамвайга түшүү, офисте же фабрикада төрт-беш саат иштөө, тамактануу, кечинде кайрадан трамвайга түшүп үйгө келүү, уктоо жана кайталанма иш күндөрү: дүйшөмбү шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума... ж.б. Бул ритмди көпчүлүк адамдар дээрлик күндөп, айлап, жада калса жылдап кайталашат.”

Ал эми “Эски осуятта” (Ветхий завет) жазылган булактарга таянсак, алты күн тамак-аш чогултуп, жетинчи күнү, тагыраагы “шаббат” (Суббота, бүгүнкү жекшемби күнүн Шаббат деп аташкан) күнү эс алуу болгон. Мында айтылган “эс алуу” адамдардын ар кандай физикалык жана психикалык стресстен алыс болуу үчүн эмес, жаратылыш менен адамдын ортосудагы гармонияны калыбына келтирүүнүн натыйжасында пайда болгон тынчтыкты жана бейпилдикти билдирет. Шаббат күнү эч нерсенин бузулушуна же жасалышына уруксат берилген эмес. Бул күнү бир чымчым чөптү жулуу же жада калса бир чийдин жагылуусу тынчтык абасынын жана гармониянын бузулушу катары эсептелген. Жыйынтыктап айтканда, шаббат күнү адам эч бир нерсеге ээ болбогондой күн көрүп, сыйынуу, окуу, тамактануу, ырдоо, жана сүйүүгө байланышкан күчтөрүн колдонуп, “болуу” мүнөзүнө таандык жашоо кечирүүсү керектелген. Ал эми “ээ болуу” ой жүгүртүүсүнө суугарылган бүгүнкү дүйнөдөгү жекшемби күндөрүбүз тилекке каршы, башка иш күндөрүнөн анчалык деле айырмалана бербейт.

Экзистенциализмдин көрүнүктүү өкүлү Габриель Марселдин “Болуу жана ээ болуу” (Etre et avoir, 1935) аталышында эмгеги да кебибиздин өзөгүн түзгөн “ээ болуу” түшүнүгүн тереӊдеп талдоого алат. Марселдин пикирине ылайык, бүгүнкү күндө адам коомдук турмушта статистикалык изилденүүчү объектке айланып калды. Албетте, мындай дүйнөдө "ээ болуу" түшүнүгү, “бар болуу" түшүнүгүнө караганда алда канча чоң мааниге ээ экени  айдан ачык. Ошондуктан мындай дүйнөдө ар бир адам белгилүү функционалдык өзгөчөлүктөргө, кайсы бир ой-пикирлерге, мал-мүлккө, байлыкка ээ болууга умтулуп келет. Марселдин көз-карашында "ээ болуу" адам баласын жатыркоого (отчуждение) кептеп, бул дүйнөдөн чоочундаштырат.

Азыркы тапта биз "ээ болгон" нерселер, чындап келгенде  бизге ээлик кылып келет. Себеби ар убак "ээлик" кылууга аракет жасагандар "ээ болгон" нерселерине көзкаранды болуп калат. Болгону биз бул нерселерди аӊдап түшүнө бербейбиз. Ошондуктан мындай адамдар "экзистенциалисттик" перспективадан караганда өздөрүн жоготкон адамдар болуп саналат. Ушул сыяктуу абалдардан улам, азыркы тапта адамдар өздүк болумду  жоготушуп, онтологиялык жактан көптөгөн проблемалар менен байма-бай кагылышууда. Эң негизги маселе өздөрүнүн маңызын жоготкон адамдардын "жоготкон" нерсени баамдашпай жашагандыгында болуп жатат.

Ал эми Франкфурт мектебинин өкүлү жана неофрейдизм менен фрейдомарксизм агымынын негиздөөчүсү Эрих Фроммдун философиялык түйүндүү түшүнүгү да “ээ болуу” маселеси менен тыгыз байланыш курат. Бышыктап айтканда, Эрих Фромм “Ээ болуу же Болуу” (Haben oder Sein, 1976) деген китебинде “ээ болуу” принцибине ылайыкташкан бүгүнкү индустриялык коомду сындап жазат. Фроммдун пикирине ылайык, бүгүнкү күндө тилекке каршы, дүйнө түзүлүшү “ээ болуу” категориясындагы адамдарга ылайыкташтырылып түзүлгөн сыяктуу. Себеби, бүгүнкү системалар адамдарды бактылуу кылууну максат кылышпайт. Тескерисинче, системалар адамдарды зомби же болбосо тирүү дене, өлүк рухка ээ болгон жандык катары көрүп келет. Тактап айтканда, бүгүнкү дүйнөлүк система адамды субъект катары эмес, объект катары таанып, чыныгы адам каалоосу жана эркиндиги менен  эсептешпейт.

Эрих Фромм “Ээ болуу же болуу” деген китебинде күнүбүздөгү адамдардын ой жүгүртүүсүн поэзия аркылуу ачып берүүгө аракет кылат. Мисал ирээтинде XIX кылымда жашап өткөн англиялык акын Теннисон менен немис акыны Гётеге таандык ”Гүл” тууралуу ырларга салыштыруу анализин жасайт. Алгач Теннисондун ырына көз чаптырып көрөлү:

Кичине гүл сулуулугуӊ төгүлүп,
Жаракалуу дубалдардан көрүнүп.
Ажарланып суктандырып турасыӊ,
Сени албасам каларым чын өкүнүп.

Көркөмдөлүп жалбырагыӊ, гүлдөрүӊ,
Кичине гүл билбей турам деӊгээлиӊ.
Айтасыӊгы Кудай менен адам ким,
Алаканга кармаганада сен гүлүм?

Жогорудагы ыр саптарында Теннисондогу гүлгө ээлик кылуу көксөөсүн көрө алабыз. Теннисон жалгыз гана каалоо менен токтолуп калбастан, жактырган гүлүн тамыры менен жулуп алууга ашыгып жаткандыгын да баамдасак болот. Гүлгө болгон кызыгуусу гүлдү өлтүрүүгө багытталуу менен тим болбостон адам баласына табышмак болгон Кудай менен адамдын дүйнөсү жана кимдиги тууралуу айтып берүүсүнө мажбурлап жаткандай туюлат. Бул ырда азыркы адамдардын “пайда көрүү” ой жүгүртүүсү ачык айкын көрүнүп турат.

Э. Фромм, ошондой эле  дүйнөнүн алп акыны  Гётенин төмөнкү ырына токтолуп кетет:

Жандап алып өзүмдү,
Жөн гана бак аралап,
Бара жаткам токойдо,
Аста-секин кадамдап.

Ал аӊгыча ажарлуу,
Бир гүл көрдүм жанымдан.
Жылдыз сымал жаркылдап,
Көлөкөнү жамынган.

Үзөйүн деп ийилсем,
Ал сулуу гүл үн катты.
«Соолуп өлсөм жакшыбы,
Каалайсыӊбы ушуну?».

Деди гүлүм акырын,
Көздөрүнө жаш ала.
Ажыратып тамырын,
Алып бардым бакчага.

Кооз бакча ичине,
Дароо тиктим суу чачып.
Ошол гүлүм азыр да,
Өсүп жатат гүл ачып.

Мында Гёте, жөн гана сейилдеп жүрүп, кокусанан кичинекей гүлдү көрүп калат да дароо аны үзүп алууга ашыгып кирет. Бирок  Теннисондон айырмаланып гүлдү үзө турган болсо гүлдүн өлүмгө учарышан да жакшы билет. Ырга маани берсек, Гёте үчүн гүл жандуу өсүмдүк экендиги сүйлөө жөндөмүнө да ээ экендиги ырасталып турат. Ошондуктан  гүлдүн Гёте менен сүйлөшүп, аны туура жолго багыт алышына шарт түзүп берет. Демек, бул кырдаалдагы маселени Гёте, Теннисонго салыштырмалуу башка нукта чечүүгө аракет жасайт. Бышыктап айтканда, гүлдү тамыры менен казып алып, өз үйүндөгү кооз бакчага жаныдан отургузуп, суусун куюп, ал гүлгө кайрадан жаӊы жашоо тартуулайт. Тилекке каршы, биздин дүйнөбүздө “ээ болуу” ой жүгүртүүсү тамырлап бекем калыптанганына байланыштуу, адамдардын жасаган иш-аракеттерин Гётенин ырына эмес Теннисондун ырына үндөшүп жатканын көрүүгө болот

Эрих Фромм жогоруда аты аталган эмгегинде “ээ болуу” ой жүгүртүүсүнүн кесепетинен келип чыккан күнүмдүк жашоо образдарындагы айрым маселерден кеп козгойт. Мисалы:

Окуп-үйрөнүү туурасында; “Ээ болуу” ой жүгүртүүнүн негизинде бүгүнкү студенттердин абалы: “Ээ болуу” тибиндеги студенттер бир учурда сабакты угуп, ошол эле мезгилде айтылган кептердин логикасын түшүнүүнү каалашат. Ал менен токтолуп калбай мугалим тарабынан түшүндүрүлгөн түшүнүктөрдү дептерине жазууга далалат кылып, келе жаткан сынакта жогорку баа алууну максат кылышат. Тилекке каршы, бул учурда жазууга тереӊ маани берип, сабакты жетишээрлик даражада түшүнө беришпейт. Себеби мында студенттер пассивдүү угуу менен активдүү жазуу ыкмасын жетекчиликке алгандыгын көрүүгө болот. Мындай иш-аракеттин жыйынтыгында окуучунун сабактан уккандары жана эсине сактагандары сынакка чейин гана өз доорун сүрөт. Натыйжада, өтүлгөн теманын ички маӊызы менен окуучунун ортосундагы чоочундук  пайда болот. Чындыгында «ээ болуу» тегине мүнөздүү студенттердин жалгыз гана максаты бар. Тагыраагы, бул студенттер үйрөтүлгөн нерселерди эсине сактап, өтүлгөн темаларга ээ болууну негизги максат деп таанышат. Андыктан эсине жакшы сактоо үчүн бул мүнөздөгү студенттер, алган маалыматтарды  көрүнгөн кагазга жазууга, график түрүндө түшүрүүгө, чиймелөөгө ж.б. ыкмаларды колдонууга мажбур болушат. Ошону менен катар, мындай студенттерде жаӊы ачылыштарды жаратуу, илим-билимге жаӊылык киргизүү ары турсун, ал тууралуу ойлонуу жат нерсе катары кабылданат. Себеби бул мүнөздөгү студенттер үчүн, жаӊы ой пикирлер, мурдагы сакталган маалыматтарга жолтоо болуп ыӊгайсыздык жаратат.

*      *      *

Эстөө туурасында; “Ээ болуу” ой жүгүртүүсү жатыркаган эстөөгө кептеди: Азыркы тапта, адам жүзүн же болбосо пейзажды эстөө - бул кайсы бир фото-сүрөттөрдү карап чыгуу ыкмасы аркылуу ишке ашып калды. Демек, мындагы фото-сүрөт адамды же пейзажды эстөө үчүн эс-тутум каражатынын ролун ойноп, эс тутумубуздун жатыркаганынан (отчуждение) кабар берет.. Күнүбүздө жатыркаган эстөөгө кабылгандардын сап башына сатуучуларды кошсок болот. Себеби бүгүнкү сатуучу эӊ жөнөкөй алып-кошууларды да акылы менен эмес электрондук эсептегичтерди колдонуу менен чыгарууда. Чындыгында, маалыматтарды жазуу ыкмасы менен сактоо, эс-тутумдун начарлашына жол ачары айкын. Мексикада болгон кезимде, ал жактагы окуп жазганды билбеген жашоочулардын эс-тутуму өнүккөн индустриялык өлкөлөрдөгү көп окуп, көп жазган адамдарга салыштырмалуу күчтүү болгонуна күбө болгом. Мен ушул сыяктуу маалыматтарга таянып, окуу жана жазуу, пассивдүү сабаттуулук процессинин ролун аткарарына, адамдардын элестөө жана фантазиялык ойломдорун солгундатарына  ишенүүгө аргасызмын.

*      *      *

Баарлашуу туурасында; “Ээ болуу” принцибине мүнөздөлгөн адамдардын баарлашуусу:Эӊ аз дегенде ар бир адам жашоосунда бир жолу болсо да белгилүү, атактуу же маанилүү киши менен жолугуу тажрыйбасын башынан өткөргөн чыгар. Же өзү менен байланышкан жумуш, же сүйүү мамилелеринин натыйжасында кимдир-бирөө менен жолугууда болгон. Мындай маанилүү жолугуу алдында “ээ болуу” тегин кабылдаган адамдар көбүнчө тынчсызданууга кабылып, бул жолугушууга өздөрүн даярдоого өтүшөт. Тагыраагы, мындай адамдар жолуга турган адамга кайсы темалар жагарын изилдеп, баарлашуу кантип башталарын жана кандай процессте өтөрүн алдын ала пландашат. Мына ушул тапта алардын кээ бирөөлөрүнө мурда ээ болгон ийгиликтери, жакшы сапаттары, коомдогу орду, сырткы көрүнүшү жана кийим-кечеси сыяктуу куралдары кайрат берип, жардамга келет. Натыйжада, бул типтеги адамдар бул куралдары  менен  өздөрүн аӊ-сезимдүү түрдө баалоого өтүп, ошол нерселерге таянуу менен  ачылып, баарлашууга өтөт. Албетте, эгерде мындай куралдарды билгичтик менен пайдаланса, каршыдагы баарлашуучунун таасирлениши турган иш. Бирок бул адамдын ийгилиги каршысындагы адамдын чабалдыгына байланыштуу экендигин да белгилей кетүү керек.

Демек, бүгүнкү “ээ болуу” ой жүгүртүсүнө мүнөздөлгөн адамдар баарлашуу учурунда ээ болгон нерселерине гана ишенип калгандыгын айтууга негиз бар.

*      *      *

Окуу жаатында; “Ээ болуу” ой жүгүртүүсүнүн негизинде окууга болгон мамиле: Бүгүнкү “ээ болуу” принцибиндеги окурмандарды чыгармадагы көбүрөк кызыктырган нерсе, баш каармандын өлүп-өлбөгөндүгү, же жаш кыздын ал каарманга ашык болуп, же болбогондугу эсептелет. Көпчүлүк окурмандар романдардын жыйынтыгын билүү үчүн эле окушат. Демек, мындай шартта романдын, бактылуулук же болбосо азапка салуу менен аяктоосу окурманга ыракат берет. Эгерде андай болсо, окурман романды ыракат  тартуулаган каражат катары колдонот дегенди айгинелейт. Чындыгында мындай окурманда романды окууда жаӊы бир билимдин калыптануусу жана адам табияты жөнүндөгү көз карашынын тереӊдеши мүмкүн эмес.

Ошондой эле бүгүнкү билим берүү системасында окуучуларга рамканын сыртындагы билимдер окутулбайт. Мисалы, тигил же бул философтун позициясынан күмөн саноого, ал философтун өзүнө каршы келген учурларын кармоого, анын айрым көйгөйлөргө көз жумуп кеткендигин жана кээ бир темаларга көӊүл бурбагандыгын аӊдап түшүнүшүнө үйрөтүшпөйт. Ошондой эле окуучулар автордун чыныгы көз карашы менен ал жашаган доордун таӊуулаган көз карашынын ортосундагы айырмачылыкты ажыратууну жана автордун кайсы учурда жүрөгүн жана кайсы учурда акылын колдонгонун биле беришпейт.

*      *      *

Ишеним туурасында; “Ээ болуу” тегине таандык ишеним: Мындай абалдагы адам башкалар тарабынан калыптанган кээ бир стереотиптерди (айрыкча бюрократия) өзүнүн ишениминдей кабыл алат. Себеби ал чындыгында бюрократиянын, иерархиянын туткуну абалына келип калган. Бул адамдар өздөрүн ишенимдүү күчкө арнагысы келет. Натыйжада, ишенимдүү күч катары, бюрократияны тандап, ага баш ийүү менен өздөрүн коопсуз сезишет. Демек, бул жолду тандаган адам ойлонуу жана өз алдынча чечим чыгаруу сыяктуу иштерден кутулат. Жыйынтыгында, ал адам өзүн туура ишенимге ээ болгон “beati possidentes” башкача айтканда, бактылуу адам катары эсептөөгө өтөт. Себеби “ээ болуу” тегине таандык ишеним, адамга ишенимдүүлүктү берип жаткандай туюлат. Бул ишенимди жайылткан жана коргогондор чексиз күчкө ээ делгендиктен, адамдар бул ишенимди кабылдашып, өздөрүн жаӊылгыс чындыкта жашагандай ойлошот. Бүгүнкү күндө эгемендүүлүктөрүн курмандыкка чалуу менен ушундай ишенимге ээ болуу, көп адамдар үчүн табылгыс шанс сыяктуу сезилет.

*      *      *

Сүйүү туурасында; “Ээ болуу” ой жүгүртүүсүнүн натыйжасындагы сүйүүгө болгон мамиле: Сүйүүнүн алгачкы этабында эки жуп бири-бирин жетишээрлик деӊгээлде тааныбагандыгына байланыштуу каршыдагы жубуна абдан этият мамиледе болуп, ал адамдын жүрөгүн багындырууга аракет жасашат. Бул этапта, көӊүлгө жуга турган иш-аракеттердин тынымсыз болуп тургандыгы үчүн бул жуптар бири-бирине абдан сүйкүмдүү көрүнүшөт. Аты аталган эки жуп бири-бирине ээ болууну көксөп, каршыдагы жубунун жанданып, таасирлениши үчүн болгон энергияларын коротушат. Көпчүлүк учурда мындай иш-аракеттер үйлөнгөндөн тарта өзгөрүүгө дуушар болот. Нике келишими боюнча жубайлар бири-биринин денелерине, сезимдерине жана кызыкчылыктарына ээ болуу укугун алышат. Тилекке каршы, бул типтеги жубайлардын сүйүүдөн күткөн мөөнөтү ушул жерге чейин гана созулат. Себеби алар үчүн сүйүү, менчиктештирип ээлик кыла турган объект (предмет) сыяктуу нерсе абалына келип калган.

Турмуш курууга аттангандан тарта түгөйлөр мурдагыдай сүйүүгө маани берүүдөн, сүйүүнү жандандыруудан өздөрүн оолак туткандыгынын натыйжасында мурдагы сүйүүдөгү сулуулуктар жоголууга дуушар болот. Демек, мында түгөйлөр көнүл калуу иш аракетине жетеленип, айласыз абалга кептелишет. Ошентип бул түгөйлөр өздөрүнө мындай суроолорду арка-аркасына бере башташат: “Башында ката кылып алдыкпы?  Каршымдагы адамды жакшы тааный албадымбы? Же мен өзгөрүп кеттимби?”. Ушул сыяктуу суроолордун жетегинде калган жубайлар көпчүлүк учурда каршысындагы түгөйүн күнөөлүү катары таанып, өздөрүн болсо алданган, алмаштырылган адам катары жыйынтык чыгарууга аргасыз болушат. Бул мезгилден тарта түгөйлөр мурунку кездегидей бири-бирин сүйбөгөнүнө күбө болушат. Натыйжада, сүйүүгө “ээ болуу” ой жүгүртүүсүнүн жаӊылыш иш-аракеттин жыйынтыгында алардагы сүйүү жок болууга аргасыз болот. Ушул мезгилден тарта түгөйлөр кайра баштан бири-бирин сүйүүгө багыт албай, тескерисинче, экөө бирдей орток нерселерге сүйүүлөрүн арнашат. Ал орток нерселердин катарын акча, коомдук жер, үй, бала-чака ж.б. толуктайт. Бул аталган орток нерселер түгөйлөрдүн сүйүүсүн өздөрүнө буруп алышат. Башында албууттанган сүйүү менен башталган нике бара-бара достук, мүлктүк шериктештикке айланып кетет. Ошентип бири-биринен бөлүнгөн түнт, өзүмчүл эки адамдын  биригүүсү “үй-бүлө” аталышын алып калат.

Жогоруда Эрих Фромм жазган “ээ болуу” мүнөзүндөгү жашоо образдарынан айрым гана мисалдарды келтирдим. Бул өӊдүү көйгөйлөрдөн кутулуу үчүн Фроммдун пикирине ылайык, ээ болгон нерселерден, көрө албастыктан, ач көздүктөн баш тартып “болуу” мүнөзүндө жашоо кечирип, жаӊы адамды жана жаӊы коомду жаратуу  керек.

Жеке менчикке ыктоо менен жалаӊ пайдага умтулган бүгүнкү биз жашаган прагматисттик, гедонисттик коомдо экзистенциалисттик «болуу» (быть) тибинин баалуулуктарына шайкеш күн кечирген адамдарды кездештирүү, караӊгы бөлмөдөн кара мышыкты кармоого барабар болуп калды. Анткени бүгүнкү көпчүлүк адамдардын жашоосу жалаӊ гана «ээ болуу» менен мүнөздөлүүдө. Бул мүнөздөгү адамдар ушунчалык көп болгондуктан, өздөрүндөгү жүрүм-турумду жана жасаган иш-аракеттерин  кынтыксыз, туура деп кабылдашууда. Мындай кесепеттердин натыйжасы биздеги аӊ-сезимдин көйгөйлөрүн экзистенциалисттик жол менен чечүүнү татаалдаштырып келет. Антсе да бүгүнкү күндө айрым өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө “ээ болуу” ой жүгүртүүсүнөн канчалык бир деӊгээлде алыстап, минимализм жашоо стилинде өмүр сүрүү бара-бара актуалдуулукка айланууда.

Байыркы грек философиясында arete (1. компетенттүүлүк, 2. изгилик) деген жакшы түшүнүк бар. Мисалы; бычактын аракети жакшы кесүү, күлүктүн аракети жакшы чуркоо, калемдин аракети жакшы жазуу ж.б. Ал эми адамдын аракети эмне болушу мүмкүн? Ээ болуубу же Айтматов айткандай күндө адам болуубу? Бул суроо бүгүнкү күнүбүзгө дейре адам табияты менен байланышкан курч маселелердин катарын толуктап келет.

Бекжан Курманбеков, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенти

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз