Болдукан Мамбеталиева: Булуттар көчкөн көк асман

  • 15.12.2020
  • 3645

Анда мен тогузунчу класста окуган кезим. Ал учурда совет доору бийлеп турган убак. Мал чарбачылыгы... дыйканчылык дегендей. Мектеп окучууларын да колхоз-совхозго туут мезгилинде жардамга жөнөтчү. Бурул деген классташым экөөбүз “Теңдик” совхозуна Сайнал байкеникине сакманга бардык. Туут аяктап калган кез, бирин-экин гана койлор бар тууй элек. Бизге торолуп калган эки-үч айлык козулардан 40тан бөлүп берди.

Ошентип Бурул экөөбүздүн сакмандык күндөрүбүз башталды. Мурда-кийин мал багып көнбөгөнгө аябай эле кыйналдык. Эртең менен саат ондордо козуларды алдыга салып өткөрүү үчүн тоо этектеп жайып кетебиз. Түштө булакка алып барып сугарабыз. Бурул экөөбүз ошол маалда гана тийди-качты жолугабыз. Бурул тоонун бул бети, мен бул бетинде козуларды кайтарабыз. Тоонун салкын абасы таноомдон кирип ичимди толтургандай, көкүрөгүм тоонун шамалына толот. Кыялым алып-учуп шамал менен кошо жарышат. Тоолор укмуштай зор көрүнөт. Өркөчтүү төөлөрдөй...

Асман көпкөк... Булуттар өзүнчө эле көчүп бара жаткан кербендей каалгып Чыгыштан Батышты көздөй жылат. Кулачым жайып тоолорду кучагыма кысам. Көктү карап булуттар менен кошо чуркайм. Көк асманга телмире тиктеп келечекти кыялданам. Бирде сахнада ырдап... бирде теледе диктор... бирде мугалиммин. Айтор, шамалга кошулуп кыялым уча берет. Бул мага абдан жагат.

Алгач козуларды жайып чыккан күнү тезек кургатпай кайра-кайра санап, жайылып беттеп баратса, козулардын башын кайрып, улам-улам бир жерге чогултуп убара болдум. Ушул мени абдан чарчатты. Эмнеге бейбашсыңар, бир эле жерде оттосоңор болбойбу, ары-бери чуркабай деп кыжалатмын. Жайылып кетишсе, жоголуп кетчүдөй корком. Кечке маал саат беш болгондо үйдү көздөй чуу коюп адыраңдатып алдыга салып кубалап келдим. Сайнал байке кой жайып жүрүп (6 000 кой) булар кантип кайтарат болду экен дегенби, классташым экөөбүзгө тең күнү бою дүрбү салыптыр. Анткени, биз козуларды удургутуп улам бир жерге топтогонубуз. Анан калса, кечинде алдыга салып кубалап келгенибиз чабандын көңүлүн аябай буруптур.  

***

Бейиши болгур, Сайнал байке абдан сонун адам эле. Ашык кеп-сөзү жок, катуу айтып үн салбаган. Момун... Эртең менен таң азандан кой жайып кетип, кечинде күн кызарып уясына батып бара жатканда кайтчу. Эсимде, бетти кайрыган тоонун шамалына жедеп тоттуккан кара тору, жүзү туурулган кара күрөң колдору... Башындагы кара тумагы... Колундагы камчысы... Кечинде кайтып келип үйгө киргенде, кээде кечке талаада жүрүп ачка болгонун айтып: “Эх, бүркүт болгонумда эмне! Учуп барып коён алып, улар алып жебейт белем. Жок дегенде тоок болгонумда, жерден чөп чукуп жебейт белем!” – деп айтканын гана уккам. Анан “...көк асман турат мелтиреп, көк бука турат жер тиреп...” деген ырды кечкурун чай ичилип бүткөндө, жантайып жатып алып, кең алаканы менен башын сылагылап, кыңылдап ырдай турган.

***

Кечинде дасторкон үстүндө:

– Э-э, чунак кыздар десе! Козуларды эркин оттотпой, күнү кечке бир жерге топтоп оттогонго мүмкүндүк бербедиңер го!? Андай кылбагыла, эртең эркин койгула, жакшылап оттошсун! – деп күлдү.

 Бурул экөөбүз уяттан бетибиз кызарып отуруп эле калдык. Сабира эже:

– Аа, ошентиштиби? Биринчи жолу кайтаргандыкы да... үйрөнүп кетишет, – деп сөзгө аралашып, бизди жактаган болду. Эрнис болсо бизди шылдың каткан көздөрү менен шылдыңдай тиктеп, комуз сабагына катышчудай даярдык көрө баштады...

КОМУЗ

Күүгүмдү чыдамсыздык менен күткөнүбүз, дал ушул комуздун касиети. Анан комузду коштоп ырдаган тентек мүнөз инибиздин жагымдуу добушу. Сабира эженин мүнөзү баладай. Баласы Эрнис менен кечки саат 8-9дар чамасында чогуу отуруп, калем сабын, дептерин даярдап алып, уулунан комуз мугалиминдей экзамен алат. Эрнис 6-класстын окуучусу. Бала чагынан чогуу бир үйдө өскөнбүз. 1-класстан 5-класска чейин биздин үйдө жатып окуду. Урушуп-талашып бирге жашадык. Бир туугандайбыз. Кийин гана 5-6-класс болуп калганда ат менен барып келип окуп калган. Комузда ойноп, коштоп ырдайт. Айрыкча Замирбек Үсөнбаевдин термелерин жакшы ырдайт. Эже ар күнү кечинде Эрнисти маңдайына отургузуп алып, ар бир чертип ырдаганына баа коюп турат. “5”, “4”, “3”, “2” деген бааларды коёт. Эрнис күн сайын жакшы баа алганга жан үрөп даярданат. Эне менен баланын ортосундагы мындай тил табышуу, бири-бирин түшүнүү, бири-бирине колдоо чанда чыгаар!? Бул күндөр эстен кеткис күндөр эле...

Ошентип, анын комуз черткенин көрүп, ырдаганын угуп жүрүп Бурул экөөбүздүн комузга, ырга деген ышкыбыз ойгонду. Эрниске бизге да комуз черткенди үйрөтчү деп жабыша баштадык. Үйрөнөөрдүн алдында машыгуубузду комуздун башын тиштегенден баштадык. Максатыбыз: “биз да Эрниске окшоп чертип ырдап калуу”. Эрнис бала да, чыдамы жетпей бизден тажап кетчү. Үйрөнө албай жатканыбызды көргөндө секирип ордунан тура каччу. Бурул үйрөнө алган жок. Бирок, окшошпосо да чертип, кошо үн салып ырдагандан тартынбайт. Мен бүткүл дитимди берип үйрөнүүгө күч жумшадым. Комузда алгач үйрөнгөнүм Замирбек агайдын термеси, аты эсимде калбаптыр. Козуларды тоого жайып коюп, колума үбөлүктөй таякты кармап алып, кечке чейин үйрөнгөн термени көз алдыма тартып, комуздун кайсы жерин басыш керек болсо ошол жерди элестетип басам. Ырды жаттайм. Ошондон баштап менин жан дилим, жүрөгүм комуз менен кошо биригип калганын кийин түшүндүм. Канча жылдар бою комуз жүрөгүмдүн кылдарын чертип, кайда барсам ал мени коштоп жүрдү. Кийин Эрнис иним эр жетип, үй-бүлөлүү, бала-чакалуу болгондо: “Мен алгачкы устаты болом. Мен үйрөткөм комузду...” – деп төбөсүн жогору көтөрүп, мактанып да жүргөнүн уктум. Ооба, алгач комузду үйрөткөн мугалимим, 6-класстын окуучусу Эрнис иним экенин мен тансам да, ошол күндөр тана албас!

***

Бир күнү китеп саткан дүкөнгө кирсем комуз турат. Баасы 30 сом. Мен эжем Дүйшөкан менен “Ак-Кыяда” турчумун. Эжем почтада телефонистка. Апамдар эжемди жалгыз, ага караан болсун деп мени ал жерге калтырышкан. Апам-атамдар тоодо, “Үкөк” айылында. Ал жерде 6 түтүн үй-бүлө жашайт. “Ак-Кыя” менен “Үкөктүн” ортосу 30 мүнөттүк жол. Дүкөндөн чыгып түз эле “Үкөктү” көздөй чуркадым. Дем алып, улам чуркап отуруп үйгө араң жеттим. Бир аз кечиксем эле комузду башка бирөө сатып алып кетчүдөй ашыгам. Апам үйдө экен. Мен энтигип кирип-кирбей эле:

– Апа, комуз! – дедим.

– Ыя, айланайын, мынча жүгүрүп кайдан?! Акырын! Демиңди басып, анан айтчы? Эмне болгон комуз? – деди апам.

– Апа, дүкөндө комуз бар экен. Бирөө гана, ошону мага алып берчи!? 30 эле сом экен...–  дедим.

Апам эч нерсе дебестен эле атамдан 31 сом алып колума карматты. Апамдын чай ич дегенине карабастан, кайрадан “Ак-Кыяга” чуркадым. Комузду сатып алдым. Эми комуз бар, баягыдай Эрнис комузуңду берчи дебейм. Канчалык кубанганымды азыр да айталбайм. Териме батпай жаттым...

Бирок, бир маселе жаралды... Күүлөгөндү билбейм. Айылыбызда атам кырдуу Талыпбек аттуу комузду кыйын черткен адам бар эле. Ошол адамга барсам, кулагын бурап күүгө салып берди. Жанган сайын барып, күүгө салдырып жүрүп аны да чарчаттым. Анан Бектен (Осмондун баласы) агайга бардым. Мектепте военрук болуп иштеп калган. Аз-маз чертет болчу. Күүлөп берип:

– Өзүң күүлөгөндү үйрөнбөйсүңбү! – деди.

Акыры комуздун кулагын бурай берип, күүлөгөндү да үйрөнүп алдым. Оо, анда нота билбесем да, ноталар ичимден орун алгандай... ичимден ноталуу музыка чыгып жаткандай туюлар эле...

***

Апам өзү да музыканы сүйгөн, ыр чыгарып жамактап ырдаган жамакчылык жайы бар эле. Мен бүгүн адабиятты сүйсөм, чыгармачылыкты жандаган адам болсом, ырдап үн созгон болсом, музыканы бааласам... бул апамдын таасири! Кичинебизде баарыбыз апамды тегеректеп отуруп анын жомогун угат элек. Чырактын жарыгында “Эр төштүк”, “Курманбек”, “Эр Табылды”, “Алпамыш” жана башка ушул сыяктуу кичи эпосторду, ал тургай “Манас” эпосунан обон салып ырдап, үн коштоп ырдап берчү. Апамдын калеминен жаралган “Башкарма Мөкүш баяны”, “Балама”, “Замана” жана башка көптөгөн совхоз, советтик өкмөткө арнап өзү чыгарган ырлары эл арасына кеңири тарап, ылдыйкы-өйдөкү айылдын эли жамакчы, төкмө катары таанышчу. Аттиң, бирок ырлары сакталып калбады. Жаштык менен сактай албадым...

***

7-класс окуган кезимде Макиш эжей:

– Сенин апаң ыр жазат эмеспи, демек, сен да ыр жазасың да!? 23-февраль Советтик Армиянын күнүнө карата дубал газета чыгарабыз. Ыр чыгарып кел! – деп тапшырма берди. Буга чейин калем кармап көргөн эмесмин. Кантип жазам, билбейм?  Поэзия ааламына ушундайча башбактым. Ошол күндөн ушул күнгө ошол ааламда жашап жатам.

Алгач колума тийген китеп Алыкул Осмоновдун “Көл толкуну”, Шотадан которгон “Жолборс терисин жамынган баатыр” поэмасы болду. Үйгө каникулга барганда, атайын тезек терем деп жонума канар мешокту артып алып талаага барып, жашырып Алыкулду окуп жүрдүм. Алгачкы жазган ырларымдын стили Алыкулдун ыр жазуу стилине окшош боло турган. Ошентип поэзия дүйнөсүнө башбактым.

Алгачкы ырларым азыр эсимде жок. Анткени, көп жылдар мурун баарын: бала чакты да, жаштыкты да, сүйүүнү да, кайгы-кубанычты да, өткөндү да көз алдыга тарткан барактарды, ыр дүйнөмдү отко салып өрттөгөм.

Баарын унутуп... актай барактан баштагым келди.

Аттиң, бирок бүгүн кайрадан өткөнгө кайтып барып эстээримди ошондо билсемчи!? Ырларым, ойлорум жадымда калбаса да, өткөн өмүрүм унутта калбаптыр...

***

Жаш өткөн сайын туулган жериңдин кадыр-баркын билип, өзгөчө абдан сагынат экенсиң. Секелек жана жаш курагымда: “Шаар – маданияттын очогу, билимдин кенчи, өсүп-өнүгүүнүн мекени” – деп эсептечү элем. Бул чектелген ой-түшүнүк экен.

“Ааламга жол айылдан башталат” деген абдан туура жана калетсиз айтылган. Көрсө, бардык башаттын булагы – айылда тура!? Азыр ушундай ойдомун. Туулган жерим Кочкордон шаар эңсеп, билим издеп кеткениме 30 жылдын жүзү болуптур. Жылдар өтүп, беттеги кызыл өң азып, чачтарды ак бубак аралаганда, айылым эң кымбат сезилип, далай сагынычка толгон көз жаштарымды төгөөрүмдү, ошол күндөрдө оюма да албагам.

 Кудай бул ирет мага өсүп-өнгөн, балалыгым, жаштык баёо, таза, арзуу сезимдерим калган кең кара Кочкорума келгенге мүмкүнчүлүк берди. Айылга келгенде кучак жайып, кубанып тосуп ала турган адамың болгон кандай жакшы. Досум Жийде, Зинат эжекем, апамдан кийин апамдын ордун басып, апамдай болуп калган Токтокан жеңем кубаныч менен тосуп алышты. 

  Кара Кочкорум да мени сагынып, көптөн бери күтүп жаткандай сезилди. Абасынан кере-кере дем алдым. Бах, чиркин! Айылымдын сапырылган чаңдары да, төбөнү кактаган күнү да, бетти карарткан шамалы да, бир заматта бүркөлүп, бир заматта ачылган булут көчкөн көк асманы да... баары мен үчүн кымбат!

  Сагынычымды жазып бүтүрө албай жатам... Бир күн Жийде, Зинат эжекем болуп эртеси 7синде Сагынбек байкемдикине бардым. Өзгөчө Токтокан жеңем, Асел мени абдан күтүп, жол карап жатышыптыр. Балким, байкем дагы мени күткөн чыгаар. Анткени, жолукканда да, коштошкондо да: “Унутпай, келип тур!” – дегенден башка сөз айтпайт. Байкемдин неберелери чурулдап, жолумдан чуркап чыгышты. Арасында бирөөсү анча тааныш эместей көрүнүп, бул кайсы бала, кимдин баласы деп чоочуркай карадым. Аздан соң Аселдин баласы экенин билдим. “Энелүү жетим эрке жетим, аталуу жетим арсыз жетим” – деп бекер айтылбаганы чын экенине дагы бир ирет көзүм жетти. Аселдин баласы өз үйүндөгүдөй ээн-эркин басып, чоёңдоп эркелеп, таята-таенесинин алдында, энесинин маңдайында чоңоюп жатыптыр... 

МАСТАР ЖАНА БИЗ

Түштөн кийин, саат алтылар чамасында залга кирсем, телефон чырылдап жаткан экен. Алсам Жийде досум. Мени демитип шаштырып: “Бол, тезирээк келе кал, пландар өзгөрдү. Дом культурага “Улуу Британиядан музыканттар келиптир, ошого барабыз” - деди. Чачты ары тарап, бери тарап, киймимди будалап кийип, бир заматта буйдалбастан, иним Уландын машинасын айдатып, Жийде досумдукуна жетип келдим.  Келсем, Зинат эжекем болгон кийим-кечелерин сапырып, ары ыргытып, бери ыргытып, аны кием, муну кием деп, бирин чечип, улам бирин кийип жаткан экен. Зинат эжекем да, Жийде да музаны сүйгөн жандар. Муза...поэзия...искусство...өнөр алардын жашоосунун бир бөлүгү. Ансыз экөөнүн жашоосунда кызык жок. Зинат эжекемдин жан дүйнөсү, кыялы баладай эркеликке толо. Эженин жанында Жийде оор басырыктуу, акыл токтоткон адамдай салмактуу. Кээде Жийде Зинат эже экөөбүздүн устатыбыздай бизди жөнгө салып, түздөп акыл-насаатын айтып да коёт.

Ошентип, жетиден жыйырма мүнөт өткөндө Кочкордун Ж. Абдыкалыков атындагы маданият үйүнө шапа-шупа кирип бардык. Залда эл аз экен. Менимче, элге жарыя кылышпаса керек. Кол өнөрчүлүк менен алектенгендерди алардын төрайымы чакырыптыр. Залдын тынчтыгын арак ичип алган бир адам бузду. Улам туруп:

– Жаша, жаша! - деп кыйкырат.

Анын арткы катарында дагы бир кызуу адам. Аны тыйып:

– Ушунуку өттү, руханий байып эс алайын деп келсе, көңүлүмдү бузат... Тынч отурчу! – деп актангансып биз тарапты карап коёт. Кыязы, бизге өзүн соомун дегени го. Күлө турган жорук... Мас адам мас адамды тыйып жатты... Мас эместер ичибизден тыйып, көз салып карап коёбуз... Эки концерт көргөндөй эле болдук. Бири мастардыкы... бири британдык музыканттардыкы...

 Ошентсе да мастар маанайыбызды буза алган жок. Концерт абдан көңүлүбүздү сергитип, жагымдуу маанай тартуулады. Эргүү алып, сезимдерибиз чыйралып, күү чертчү комузчудай кайтып келдик. Өзгөчө Улуу Британиялык Майкл менен Кандиданын “гортальный ыры” абдан жакты. Алар ушул ырдоону өздөштүрүү үчүн атайын Алтайга барышыптыр. Баарынан да өзгөчө кыргыздын кыл кыягы жана комузу да, Улуу Британдыктардын музыкалык аспабы менен тең тайлашып, ашса ашып, бирок кемибегендиги бизди кубантты. Баардык музыкалык аспаптар бири-бири менен үндөшүп, айкалышып, бири-бирин толуктап турду. “Музыкага тилмечтин кереги жок” деген ушу дедик. “Сыйынуу” деген музыкасынын аты эсимде калыптыр. Эстеп калууга абдан керектүү сөз экен. Бирок, алар ойногон “Сыйынуу” эмне тууралуу болду экен? – деп ичимден ойлодум. Алардын арасында кыл кыякчы Залина Касымова жана Жусуп аттуу комузчу жигит британдыктардан кем калышкан жок. Ал жигит комузда гана кол ойнотпостон, ооз комузда жана жетиген деп аталган 14 кылдан турган аспапта ойноду. Мына, кыргыздар өсөт деген ушу дедим ичимден сыймыктануум артып. Кыргыз элибиз да дүйнөлүк маданияттан артта калбай, тең тайлашып аренага чыгып жатканы мени кубантты.

Концерттен кийин кечки Кочкордун көчөлөрүн аралап, жай басып келдик. Айылдын ушунусу жакшы. Шаарга окшоп, концерттен чыгып таксиге чуркап, маршрутка күтпөйсүң. Таза абадан дем алып, кечки салкында сергип, жөө басып үйгө кайткан Кочкор кечи мага абдан таасирдүү болду.

Кең кара Кочкорум, өркүндөп өсө бер! Сен менин бардык кубанычымдын, сүйүүмдүн, өмүрүмдүн башатысың!

КЫЙРАГАН КЫРМАН

Жийде досум:

– Токойдогу сазга барасыңбы же кырманга барасыңбы? – деп сурады. Мен Жийдеге:
– Сазга суутуп коюппу, эч качан ал жакка барып көргөн эмесмин. Андыктан саз тууралуу менде эстеликтер жок. Андан көрө кырманга баралы. Алгач эмгек жолумду баштаган жерге баргым келет... Кырман тууралуу көп эстеликтер бар. Абдан сагындым..., – дедим.

Кочкордун борборунда турган көп таксилердин бирин кармап, кырмандын алдына келип түштүк. Кароолчусу кире бериште чачылган самандардын калдыгын жыйнап жатыптыр. Булар кимдер дегенсип биз тарапты карап калды. Жийде анын суроолуу карап турганын илгиртпей байкап:

– Байке, биз бир кезде ушул жерде кырманда иштедик эле. Ичине кирип көрө кетели дегенбиз, – деди. Кароолчу эч нерсе сурабастан бизге кирүүгө уруксат берди.

 Ошентип, кырман ичине кирдик. Мындан 30 жыл мурдагы кырман жок. Бардык техникалар талкаланып керектен чыккан. Ал кездеги үйүлүп жаткан дан-эгиндердин бир даны да калган эмес. Кырман ээнсиреп, каңгырап бош жатыптыр. Бир топ эле өзгөрүптүр. Мен да өзгөргөм. Жаштыгым көз алдымдан чубуруп өтүп жатты...

КЫРМАНДА КАЛГАН КЫЯЛДАР

 Мектеп уясынан учкандан кийин Кара-Кужурдан Кочкор райнонуна келип, “Теңдик” (азыркы Усубалиев) совхозунда улуу байкем Сагынбектин үйүндө жашап калдым. Үч жыл... Канчалаган кубанычты... сүйүүнү... достукту өзүнө камтыды. Кочкордун кара шамалына тотугуп кырманда арпа, буудай сапырып, курулушта үстү-башым аки, колум сырга боёлуп, кышында малчылардын сарайын туутка даярдап, терезелерге салафан кагып, ал тургай совхоздун бала-бакчасында кочегар болуп да иштедим. Эмнегедир колумдун сыр жыттанып боёлуп турганын жакшы көрчүмүн. Буга себеп: Алыкулдун “Маляр” аттуу ырынын таасири болсо керек... Кантип унутам!? Анан калса силос, кондикорм, жем-чөп, кык жыттанган кой сарайларды абдан жактырчумун. Ичимден күйөөм чабан болот окшойт деп ойлоп алып чоочуп кетээр элем. Анткени, көкүрөк дартым шаарда, жогорку окуу жайда билим алуу болчу...

Бирок, ошол кезде кара Кочкорумдун сөөктөн өткөн, бетибизди шамалына тотуктуруп, ак жүзүбүздү кызылга боёгон кургак шамалын жактырбайт элем. Азыр болсо сүйөм... Сагынам... Алыста жүрүп, көп жылдар барбай, анан шамалы да, учкан чаңы да кымбат болуп калды. Эстеп, сагынып ыйлаганым канча!? Андайда Рыспай аганын “Сагындым туулган жер сени” деген ырын угам. Уккан сайын жүрөгүм ого бетер туулган жериме тартылып... сагынычты, кусалыкты, өткөндү карегиме толтурат. Кыялымда кара шамалды алаканыма салып өбөм... чаңын кере-кере жыттайм! Бирге жүргөн досторума: Гүлбарага, Сагынга, Нуржанга, Венерага, Дамирага, Чынарага, Жийдеге, Урумга жолугам. Алар менен чогуу отуруп ошол кезге кайтып сырдашам. Алар менин эс-тутумумда ошондогу жаш бойдон эле тартылат. Канча жылдар өтүп кетсе да, алар менин карегимде ошондогудай эле элестери менен сакталуу. Анткени, мен аларды шаарга кеткен боюнча көрө элекмин. Алардын келбети, кебетеси кандайча болуп өзгөрдү билбейм?

***

Ал кезде “Теңдик” совхозу бар... Союз тарай элек учур. Мектепти бүткөн жаштар совхоз-колхоздо иштөө үчүн калышчу. “Теңдик” совхозунда жаштардын 40%ы механизацияда, 20%ы курулушта, 20%ы кой чарбачылыгында, 10%ы талаачылыкта, 10%ы башкаруу аппаратында эмгектенишет. Совхоздо “Алтын дан” жана “Кызгалдак” аттуу эки комсомолдук бригада бар. “Алтын дан” бригадасында Алтаев Эсенгелди, Исаков Кубан сыяктуу жалаң эр-азаматтар, механизаторлор эмгектенсе, “Кызгалдак” бригадасынын катарын: Кулубекова Гүлбарчын, Осмонова Чынара, Мааткеримова Сагын аттуу ж.б. саанчы кыздар толуктаган. Анан үчүнчү жаштар тобу пайда болдук. Ал үчүнчү топ “Тебетей жана топ кыздар”. Бул топко 1985-жылы келип кошулдум. 1985-жылдын күз айларынын башында Токтокан жеңем мени кырманга ээрчитип барды. Кырман дан-эгинге толуп, үймөк-үймөк арпалар, буудайлар додо болуп үйүлүп жатты. Мен барганда Гүлбайра (Далбайдын кызы) аттуу бет түспөлү кыргыздарга анча окшобой өзбекке түспөлдөш мен курактуу сулууча кыз (көрсө энеси татар экен), калганы баары кары-картаң апалар жана үй-бүлөлүү жаш аялдар “БИМ” деп аталган техника менен арпа тазалап, машинеге жүктөп жатышкан экен. Алардын катарын мен да толуктадым.

 Гүлбайра  экөөбүз бат эле достошуп, эң жакын курбулардан болуп кеттик. Сезимдеги сырларыбызды бөлүшүп, үйдөн кырманга, кырмандан үйгө жөө басып келебиз. Жигиттер буттан чалып бура бастырбайт. Кырмандын ичинен агасы көз салса, сырттан иниси жол тосуп турат. Аларга кармалбас үчүн буйтап, башка жолдор менен качалы десек, эки гана жол бар. Машине жүргөн чоң жол, үйлөрдү аралап өткөн кичине тар көчө. Баягы бир жомоктогу: “оң жакка барсаң атың, сол жакка барсаң өзүң өлөсүң” дегендей эле кеп. Чоң жолго чыксак, дайыма райпонун сүт машинесин айдаган байкемдин көзүнөн сыртта калбайбыз. Кичи, тар көчөгө түшсөк: терезе тиктеген, же сыртта дөңгөчтө өткөн- кеткенден кеп салып отурушкан карылар. Ал кезде азыркыдай каттаган 10 сомдук таксилер жок. Ары-бери буйтап жүрүп үйгө келебиз. Кырман саат 18:00гө чейин иштейт. Бирок мен саат 17:30да эле кийинип жөнөй баштайм. Жаңжалды деле жаным жактырбайт. Тынчтыкты сүйгөн адаммын. Болбосо женем жолумдан тосуп чыгат: Ой, кыз, барсыңбы деги. Байкең эмне кечикти деп күтүп жатат. Бол! – деп менин ого бетер шаштымды кетирет.

 Башында Гүлбара экөөбүз гана болсок, кийин бир топ өзүбүз теңдүү курбу-кыздар келип кошулду. Ар биринин элестери азыр да көз алдымда. Бирок айрымдарынын аттарын эстей албай жатам: Венера, Нуржан, Урумкан, Нуржамал деген аттары гана эсимде. Анан алардын элесин эсиме салган сүрөттөр. Сүрөттөр мага сүйлөйт. Алар баягы эле жаш бойдон мени телмире карап турушат. Менин бубак баскан чачымды, бетиме түшкөн сызыктарды карап: “Карыпсың” деп аткансыйт.

  Өмүрдөн эрте кеткен Гүлбараны... апаларды, байкелерди, жигиттерди эстейм.  Аларды эскерүү үчүн калгансыймын!?

  Аларды көрбөгөнүмө 30 жылдын жүзү болуптур. Азыр айрымдарынын бул жалганда көзү жок. Бул жашоо ушундай экен, бири кетип жатса, бири келип... Бейиши болгур апалардын, айрым агалардын, Карагул байкенин, Гүлбаранын да жаткан жерлери жайлуу болсун...

ТЕБЕТЕЙ ЖАНА ТОП КЫЗДАР

23-февраль жигиттердин майрамында баарыбыз чогулуп алып кырманда бирге иштеген жигиттерге, агаларга, аталарга майрамдык белек даярдадык. Биз менен чогуу иштеген жигиттерден Ороз, Тебетей, Карагул байке гана жакшы эсимде калыптыр. Карагул байкеге арпа, буудайды тазалаган “БИМ” деген машина бузулуп калганда көп кайрылчубуз. Байке ал жерде электрик-механик болуп иштечү. Ороз болсо жаш жигит, армиядан жаңы келген. Ал дагы электрик, Карагул байкеге жардам берет. Тебетей болсо агроном, дайыма көк тебетей кийип жүрөт. Ошондуктан өз аты айтылбай, биз үчүн Тебетей болуп калган. Кырмандагы бардык кыздардын “жүрөгү” болчу. Анткени билимдүүсү да, келбеттүүсү да, чымыр денелүүсү да, сырдуусу да ошол Тебетей. Бирок Тебетей бизди карындаштарындай көрүп, бизге карап сүйлөп да койбойт. Абдан эле орой, кыялы чукул. Ал биздин бойго жеткен жаш селки экенибизди көңүлүнө да албаса керек... Баарыбыз чурулдап-чуулдап, каткырып аны сүрдөтөбүз деп кылыктана карап, тим эле Орозду теңибизге албайбыз. Ороз деле кер мурут, кара тору, сүйкүмдүү жигит. Бирок ал биз менен кошо ойноп, тамашалап бизге сөз салып көз кыскандыктанбы, анын аракети биз үчүн кызыксыз. Анын үстүнө ал өзүн сүйгөн сулуу селкиге сөз таштабай, ар кимге ыржалаңдап тийишкенинен улам да жакпаса керек.

Кыздар баары 23-дө белекти Тебетейге даярдаптыр го, чиркин! Бере албай ал отурган көк вагонду тегеренип, бири-бирибизди түрткүлөйбүз. Бирок ал белегибизди алды да, рахмат айтканга да, жок дегенде жылмайып койгонго да жарабай, сурданып басып кетсе болобу!? Ушунча текебер эркекти да сүйүп болобу дегем ичимде. Ал кыздардын тилегин таш каптырып, бирине да сөз салбай, көз таштабай, башка бир сары кызга үйлөнүп кетти... Ошондо кыздардын баарынын шаабайы сууганын айт!

МАЙТАРЫЛБАС МАКСАТ

Жогорку окууга тапшырып өтө албай калып үйгө келсем, тырмагым боёлгонун көргөн улуу байкем:

– Сен эмитен эле тырмагыңды боёп алыпсың. Шаарга барсаң дагы эмне кыласың, ким билет? – деп шаарга жибербей, айылга алып калган. Ошондуктан окууга өтмөйүнчө шаарга кетпеймин деп чечкем.

 Биринчи, экинчи жылы тапшырып окууга өтпөй калганымды көргөн Токтокан жеңем дайыма:

– Ай кыз, Алыбек алына жараша дейт. Шаардагы чоң окуу жайга өтө албайсың, андан көрө Нарынга эле барып педучилищага тапшырбайсыңбы!? – деп демитет.   

Бул сөздү уккан сайын намысыма келип чыйралчумун. Менин КМУУга (Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университети) гана окуйм деген каалоом күчтүү болгондуктан, менин максатымды эч нерсе майтара алган жок. Бирок улам тапшырып, кайра өтө албай келгеним, үйдөгүлөргө көнүмүш адат сыяктуу болуп калды. Совхоздун директору Алтымыш Шаршембаев жылына ак жол тилеп, документтериме колун коюп окууга узатат. Кайра келем... Ккайра кетем...

Ошентсе да менин үч жылдык эмгегим текке кетпеди. Жүрөгүмдө жакшы элестер жазылып калды. Ак жуумал, көйрөң, бирок жүрөгү, дили таза жигитти жолуктурган, кабарчылык ишиме жол ачкан, кабарчылык күбөлүгүмдү алгандагы кубанычыма да ортоктош болгон, эң кымбат, кыйбас досум Жийдени белек кылган “Менин кең кара Кочкорум” бар бол!

АЙРЫЛЫШ ЖОЛ

Аны мен алгач жай мезгили аяктап, күзгү түшүм жыйналып жатканда көргөм. Бардык тракторлор, комбайндар, машиналар жай айынын аяк ченинде, сентябрь айынын башында совхоздун түшүмүн: арпа, буудайларды жыйнашат. “Үкөк” айылына да келишти. Алар менен кошо көк тракторун айдап ак жуумал жигит кошо келди. Оң жак бетинде, ээрининин үстүндө кара калы бар, жүзү жарык, өзү шайыр, сымбаттуу жигит окуучу кыздардын көңүлүн бурду. Үйдө иним Нукушту сүннөт кылганбыз... Ал жигит кандайча үйгө келгенин билбейм, айтор, келип калды. Аны ошондо жанынан бет маңдай алгач ирет көргөм. Кыздар кеп кылгандай эле жылдыздуу жигит экен деп койгом. Аны Чалакенин кызы Жамал классташым менен сүйлөшөт деп укканмын. Сүннөт бүткөндөн кийин, “Ак-Кыяга” (эжем “Ак-Кыяда” жашачу, мен эжем менен турчумун) кетип баратсам, баягы жигит тракторун айдап келип сиңдим экөөбүздү салып, “Ак-Кыяга” жеткирип салды. Биздин ортобуздагы мамиле ушинтип башталган.

  Ошол бойдон кийин Кочкорго келип, совхоздо иштеп атканда көрдүм. Мен айылда иштеп жүргөн экинчи жылы совхоздун “Бакыт” балдар бакчасында кочегар (от жагып) болуп иштедим. Бул ишке да кырмандан сүйрөп келип киргизген баягы эле жеңем Токтокан. Өзү ошол балдар бакчасында кароолчу болуп иштечү. Анан эмнегедир мени да кошо жанына алып алды. Балким, үйгө жакын, көз алдыбызда болот дегендир. Анын үстүнө кырмандан иштегенде кечки саат алтыдан кечиккенимде жол тосуп карагандан, менин караанымды издеп чуркагандан, байкемдин “карабайсыңбы, канакей, таап кел” деген сөздөрүнөн тажагандыр.

Баягы жайдары, маанайы жарык жылдыздуу, ак жуумал жигит күн сайын эртең менен, түштө, кечинде трактору менен сигнал берип, балдар бакчасын айланганы айланган. Бир чети жанымдагы эжелердин сөзүнөн уялам. Эжелер “баягы жигит дагы келди” деп мени карап тамашалап күлүшөт. Ошентсе да ал жигиттин бул кылыгы жүрөгүмө от салып, жалынымды күчөтөт.

Кечинде балдар үйүнө тарап жаткан маалда, тракторун гаражка токтотуп коюп, колуна магнитофонун алып, көк жынсы шымын кийип, кара көз айнегин тагынып, койкоюп мени тосуп келет. Апасы алдыңкы механизатор, союзга чейин депутат болуп, атагы Кочкорду дүңгүрөтүп тургандыктанбы, тим эле көктө жүргөндөй койкоңдоп, мактанып басат. Эч кимде жок кийим кийет... Эч кимде жок магнитофону бар. Мен анын жанында өтө эле карапайыммын. Үстүмдө өңү өчкөн күрөң юбка, анын да бир жагы көмүрдүн чогу түшүп күйүп калган. Абдан тартынам. Кээде балдар уктап жаткан маалда келип калат. Андайда эжелер мени түртүп чыгарышат. Дагы күн сайын кечки саат тогузда келет. Мени чыкпасаң “ышкырам” деп коркутат. Байкем билип калбасын деп, саат тогузду урганда сыртка чуркап чыгам. Мингени велосипед. Болгону беш мүнөт. Бири-бирибизди көргөнгө ыраазыбыз. Сүйлөшкөнгө да убакыт жок.

Экөөбүздүн сүйлөшкөн сөздөрүбүз деле эсимде жок. Анын сураган бир гана сөзү эсимде калыптыр, “Тоок үчкө чыкканда эмне болот?”. Кызык, азыр ойлосом, абдан күлкүлүү. Сүйлөшкөн сөзүбүз ушу. Азыркылар эмне деп сүйлөшөт болду экен? Уялганымдан дайыма жер тиктеп отурат элем. Ал абдан шайыр жана тамашакөй. Азыр бул жигитти эстегенде жакшы сезимдер чулгайт. Менин жүрөгүмдөн орун алып, сезимдеримди козгоп коюп, “өткөнгө айланып” кала берди. Ортобузду ажырым кылган бир жигит болду. Ал мага армияда жүргөндө кат жазып жүрчү. Көрсө, угушума караганда экөө дос экен. Ал аскер жигит менин макулдугумсуз эле мени өзүнө “меники” деп энчилеп алыптыр. Муну укканда ак жуумал, жайдары жигит жакшы кабыл албады. Мага абдан катуу капаланды. Бир күнү экөө достору болуп жабыла келишти. Кылыч деген досу мени демитет:

– Кимисин тандайсың? – деп.

Мен эмне дээримди билбейм? Аскер жигит ишенимдүү сүйлөдү:

– Мен сени канча болсо да күтөм!

Ак жуумал жигит:

– Мени алдадың... Неге?! – деп кыздардын баарына шек келтирип жатты.

Бул биздин эң акыркы жолугушуубуз болду. Актангым келген жок. Анын үстүнө эки достун ортосуна түшкөндү каалабадым. Ошентип, жолубуз экиге айрылды...

ЖИЙДЕ ЖАНА МЕН

Теңирим мага эң кымбат, кыйышпас, кайгы менен кубанычыма ортоктош, алсыздыгыма-күчтүүлүгүмө, жакшы-жаманыма күбө, оор-жеңилимди кошо көтөрүшкөн досту белек кылды. Ошол досум Жийде! Жийде мага мени эч качан сатпаган, менин тагдырым үчүн күйгөн күйүмдүү, камкор дос болуп берди. Ал эч качан менден баш тартпады. Экөөбүздүн кармашкан колдорубуз ошол бойдон калып... биз баскан жолдорубуз али күнгө сапарын карыткан жок. Жийде менин алсыздыгым үчүн уялбады, тескерисинче, сыймыктанды. Жакшымды жар салып, жаманымды жүрөгүнө катты. Экөөбүздүн достук байланышыбыздын 30 жылдык тарыхы бар. Ал тууралуу айтаарым абдан узак сөз, аягы бүтпөс аалам сыяктуу...

*     *     *

Жийде экөөбүздү да табыштырган, тааныштырган, достугубуздун башаты да болгон ушул “Теңдик” совхозу. Адаттагыдай эле окууга тапшыруу үчүн документ даярдап, совхоздун конторасына баргам. Ошол жерден жолукканбыз. Совхоздун секретаршасы менен сүйлөшүп турган кара тору, кыймылы ыкчам, сөзү курч, максаттары бийик кыз али эсимде. Ошол кыз Жийде...

Менин совхоздо кырманда иштегенимди угуп, аябай такып: “Анан кандай экен жумуш, жаштар үчүн кандай шарт түзүлгөн?...” ж.б. деп сурап, жаштар бригадасын түзүп, совхоздо иштеп, өкмөткө өз салымымды кошкум келет деген. Ал кезде биздин жүрөгүбүздө элге-жерге кызмат кылуу, өкмөткө салым кошуу керек деген каалоо-тилек күчтүү боло турган. Кыш, жаз, жай, күз кырманда арпа сапырып, буудай тазалап, аны жүктөп жүрүп, кышында кой туутта сакманга барып, түнкү күзөттө турганда канчалаган козулардын киндигин кесип жатып: “менин да элге, өкмөткө керегим тийип жатат” деп көкүрөгүбүздү керип, ичибизден сыймыктанаар элек.

*     *     *

Мен окууга тапшырып өтө албай кайра келсем, Жийде кырманда иштеп жатыптыр. Биздин ордубузду жаңы кыздар басыптыр. Арасында мен билген Жийде, Айнура (Гуля дейбиз көбүнчө), Дамира ж.б. кыздар. Гүлбайра КМУУнун юридикалык факультетине өтүп окуп кетти. Сагын менен Нуржан, Венера, Урумкандар турмушка чыгышты. Ороз политехке механик-электрик кесибине окууга өтүптүр. Баягы эле айланып айылына кайра кайтып келген, окуудан жолу болбогон мен. Бирок, менин кайра айылга кайтып келгеним Жийде, Айнура менен жакын мамиледе болушума, эл алдына чыгып өнөр жолумда такшалуума өбөлгө болуп берди.

Жийде уюштуруучулук да, жетекчилик да жөндөмү күчтүү, бизге караганда билимге көзү каныккан (көрсө, Жийде эжеси Зинаттын тарбиясын алып, бизге караганда эжеси аркылуу билимдин, маданияттын бай-казынасы менен эрте таанышкан экен). Өзүн кадимки эле партиялык же өкмөттүк кызматкердей алып жүрөт. Ал совхоздун директорубу же парторгубу, же шофер, кароолчусу болобу, айтор, ар түркүн адамдын жүрөгүнүн ачкычын таап сөзгө тартып, өз талабын жана максаттарын алар менен биримдикте ишке ашыра алган, сөзгө чечен эле.

Жийденин аркасында айылыбыздагы маданият очогубуз болгон “Теңдиктин” маданият үйүндө “Манастын уулу Семетейди” сахналаштырып, “Кыз жигит” конкурсун уюштурганбыз. Жумуштан түз эле клубга келип, топурап эле “репетицияда” жүрчүбүз. Ошол “Теңдик” совхозунун сахнасында комуз менен эл алдына чыгып ырчылык тушоом кесилген.

 Эгер тагдыр аны айылга алып кетпегенде Жийдеден мыкты саясий ишмер чыкмак. Партиялык мектепте окуу анын максаттарынын бири эле. Ал ар бир иштин көзүн билген кыраакылыгы, сүйлөө маданияты менен айырмаланып турчу.

 Совхоздо иштегениме үчүнчү жыл болгондо Жийде мени партияга өткөрмөк болуп парторгдун кабинетине ээрчитип барды. Анткени, Жийде совхоздо иштегенине бир жыл болгондо эле партияга өтүп, партиялык билетти колуна алып, саясий ишмерлер, Кочкор районун башкарып турган өкмөт башчылары менен тыгыз иш жүргүзүп турган чагы болчу.

Жийде парторгко кирип:

– Жолдош, Зарылкан Абышовна, бул кызды партияга кабыл алуу керек. Иштегенине үч жыл болуптур. Абдан татыктуу адам, – деп сунуштап, мени жерге-көккө тийгизбей мактап жатты. Жийденин сөзүн угуп бүткөндөн кийин, парторг мени көзүнүн төбөсү менен жекире карап:

– Сен эмне, партияга өтөм дейсиң? Жийде менен атаандашкың келеби? – десе болобу! Ошол жерден башымдан ылдый муздак суу куйгандай эле болдум. Партияны көрөйүн деген көзүм калбай калды. Сыртка чыккандан кийин Жийде мени жубата албай убара болду. Партияңды желкемдин чуңкуру көрсүн! Сен кайдагы партияга өт деп неге мени алып келдиң. Экинчи партия деген атты угузба... – деп Жийдени жемеледим. Ошентип, Комунисттик Партия менен кош айтышкам. Үйгө капа болуп келгенимди көргөн апам, кийин парторгко жолукканда: “Эмне үчүн сен алга сүрөп дем бергендин ордуна жаштын үмүтүнө суу себесиң?” – дептир. Кийин союз кулап, партиянын кадыр-баркы кеткенде, А.Масалиев жетектеп турган чакта Ырыскелди Ыбышовдун сунушу менен өттүм.

*     *     *

Курбум Айнура (Айтмамбетова) Жийде экөөнүн совхоздун директору Алтымыш Шаршембаевге кирип: “Бизге бир короо кой бериңиз, биз чабан болобуз” – дегенин айтып күлө берет. Алтымыш Шаршембаев Жийдени кой бакпа, чабан болбо деп көндүрө албай айласы кетип:

– Кой багуу оңой эмес карындашым, карышкыр деген бар, ал малга кол салса эмне кыласыңар? – деп карышкыр менен коркутса, Жийде кебелбей:

– Бизге мылтык бериңиз, карышкырды атабыз! – дептир көшөрүп. Совхоз директору Жийдени араң дегенде ынандырып, кабинеттен чыгарыптыр.

БИР ОРКЕСТРГЕ – ЭКИ УГАРМАН

Бир күнү жумуштан кайтып келе жатсам, жолумдан Жийде жолукту. Абдан кубанып алган. Кубанычынын себеби: шаардан Карамолдо Орозов атындагы симфониялык оркестр, анан кыргыздын аттуу-баштуу таланттары: Эрмек Мойдунов, Анарбек Ибраев, Асек Жумабаев, Нуржамал Табалдиева... ж.б. ырчы таланттар келиптир. Концерт саат кечки 18:00дө башталат экен. Ал кезде Жийде “Теңдиктин” Маданият Үйүнүн башчысы болуп эмгектенип аткан. Мен болсо, кайрадан кырманда иштеп жаткан кезим. Жумуштагы кийим боюнча эле мени ээрчитип алды. Кийингенге да убакыт жок эле... Концертке кечикпейли деп залга кирсек, залда эч ким жок. Жийде экөөбүз үмүттөнүп эл кире турган эшикти кылчак-кылчак карап коёбуз. Бирөөлөр элди саат 7ден кийин келет, азыр орозо маалы, ооздорун ачып, тамактанып алып келет дешти. Айтылуу таланттарыбыз элди эки күн күттү, бирок эч ким келбеди. Таланттардын маңдайында, бүтүндөй залды толтуруп Жийде экөөбүз гана отурабыз. Бир убакта Эрмек Мойдунов агабыз элдин эки күн бою келбегенин көрүп ачууланып, ой-да ашатып кыргызча сөктү. Жийде экөөбүз бүтүндөй “Теңдик” айлынын адамдары үчүн күнөөлү болуп, башыбызды төмөн салып отурдук. Ошондо эки күн бою концерт көрөбүз деп келип, үмүтүбүз акталбаган бизди алар: “Силер талантты баалаган жакшы кыздар экенсиңер. Жүргүлө биз менен” – деп, Жийде экөөбүздү кошо алып, Кара-Суу айылына жөнөштү. Ошентип, “Теңдик” айылынан көрө албаган концертти “Кара-Суу” айылынан көрүп кайттык. Мен жумуштан эле түз концертке баргандыктан, бут кийимимди чечсем, арпа-буудайлар чуубуруп жерге жайнап эле калды. Жийденин колунда кол тамга алам деп көтөрүп алган искусство чеберлеринин сүрөттөрү, алар тууралуу жазылган маалыматтары бар китеп. Концерттен кийин артисттер Кочкордун райондук мейманканасына кайтып келишти (анда бир эле мейманкана бар болчу). Үйгө түз кетип калбай, биз да алар менен бирге мейманканага келдик. Максатыбыз: кол тамга чогултуу. Китептин барактары кол тамгага толуп эле жатып калды. Саат түнкү бирден өтүп калган. Түнкү уруулардай болуп, китебибизди көтөрүп алып улам бир бөлмөнү такылдатып жүрөбүз. Бүгүн сонун ырларды уктук, улуу таланттар менен тамакташ болдук деп кубанычыбыз койнубузга батпайт. Бир маалда комузду шаңшыта черткен жигиттин эшигин кактык. Жийде бул жигит укмуш улуу талант экен деп тамшанып, мындан кол тамга албасак болбойт деди. Мен болсо аны коштоп жүрөм. Бая биз тамшанган жигит бизди таң кала карап калды да, үнүн өктөм чыгарып:

– Караңгыда эмне жүрөсүңөр, ыя! Бол, тезинен үйүңөргө кайткыла! Жоголгула!” – деп туруп, эшикти тарс жаап алса болобу!? Баягы кубанычтын бири жок. Үстүбүзгө муздак суу сепкендей боло түштүк. Андан ары эч кимден кол тамга албастан, анын айткан сөзү боюнча үйгө кайттык.

 Саат түнкү эки. Алгач Жийденикине бардык. Эшикти Жийденин апасы ачып, жаман көздөрү менен экөөбүздү жекире карап, ачуу сөздөр менен кайрып кирди. Ошондо да Жийде экөөбүз моюн сунбайбыз. Атасы Саамай абдан жакшы, биздин жан дүйнөбүздү түшүнүп колдогон адам эле. Жийде экөөбүз колдо болгон байлыгыбызды кол тамгалар жазылган китепти ары барактап, бери барактап көрсөтүп божурап жатабыз. Саамай ата бизди угуп:

– “Оо, менин кыздарым азамат! Улуу адамдар менен жолуккан турбайбы. Булардан келечекте чоң адамдар чыгат! – деп далыбызга таптаган сайын, биз чоң иш бүтүрүп келгенсип шерденип жаттык. Баягы бизди кууган жигиттин ачуу үнүн унутуп койдук...

МАКСАТТАРДЫН ЖЕТЕГИ

Таң атпай Жийде келиптир. Жүрү, Шамшыбек Медетбековго баралы. “Кыз-Жигит” конкурусунун женүүчүлөрүнө, Соң-Көлдө кой кыркып жаткан кыркынчыларга мактоо баракчасын жаздырып келели деди. Ээрчишип алып келе жатсак, райондук оорукананын жанынан апасы карпа-күрп бет маңдай алдыбыздан чыкса болобу!? Кайда жашынаарды билбей, шашып калдым. Жийде этегимден акырын тартып, сыр билгизбе деп шыбырады. Экөөбүз солдаттардай эле какайып калдык. Апасы бизди көрүп, каректери заарга толуп, чакчайа түштү. Түндө саат экиде келбедик беле. Балким, ошону эстеген чыгар. Анан калса, эми да ээрчишип алып, дагы бир жакка кетип баратабыз. Жаныбызга келгенде:

– Ок, уяты жоктор! Дагы кайда жөнөдүңөр ээрчишип!” – деп каарыган сөздү айткан бойдон кала берди. Эч нерсе укпаган адамдай, дүлөйдөй өтүп кеттик. Артты карагандан коркуп, кылчайган да жокпуз. Биз өрт элек, биз өз максаттарыбызга жетиш үчүн, отту да кечкенге, чөлдү да кезгенге даяр болчубуз!

*     *     *

Кырмандан түшкү тамактанууга үйгө келебиз. Кыздар бири-бирибиздикине барып, кезектешип тамактанабыз. Менин кезмегим келгенде, Токтокан жеңем дайыма тамак даярдап коёт. Учуру келип үйгө келген убакта жеңемден Жийде курбумду кайда деп сурайм. Анткени жеңем экөө бир бала-бакчада иштейт. Жеңем кароолчу, Жийде тарбиячы. Качан сурабайын, жеңем: “Жийде “важный” жумуштар менен районого кетти”, – деп жооп айтат. – Ой жеңе, Фарида эже жумуш убагында ага кантип уруксаат берди? – дейм таң кала. – Ай кыз, Жийде досуң Фарида эжени кантип көндүрөт билбейм. Биз оңой менен бир жакка суранып кете албайбыз. Жийде болсо, каалаган убагында районого, комсомол комитетине же бир жумушчу топтор же чыгармачыл адамдар менен жолугушканга кете алат. Фарида эже ага таптакыр “жок” деп айталбайт..., – деп таң калганын жашырбайт.

*     *     *

Бир ирет Жийде Соң-Көлдө кыркынчылар үчүн мактоо баракчаларын жаздырып, эртеси совхоз директорунан бир машина жалдап алып жолго чыкты. Соң-Көлгө бараткандагы кылган иши да абдан унутулгус. Союз учурунда коом атеист болуп турганда деле, Жийде Кудай жүрөгүндө жашаган, ата-бабасынын салтын карманып, динин ыйык тутунган жан эле. Кызык, бир чети партиялык адам, бир чети диний адам. Жолдо айдоочунун оозун ачырыптыр. Сары-Булакка жетип, ал жерден Соң-Көлгө бурулган жолдогу күмбөздөргө жеткенде:

– Байке, ушул жерден токтоңуз. Мен даарат алып, ата-бабалардын арбагына куран окуюн, сиз аярлап күтө туруңуз! – дептир. Айдоочу эмне кылаарын билбей оозунан сөзү түшүп отуруп калыптыр.

*     *     *

Жийдеде музаны сүйгөн жүрөк болгону менен үн жок. Ошентсе да көп ырды андан үйрөндүм. – Э-э, кара кашым, мына бул ырды үйрөнсөң жакшы болчудай деп Рыспай аганын жана башка обончулардын ырларынан сунуш кылат. Кана ырдап көрчү угайын дейм. Үнү жок болгондуктан, көп ырдын обонун бузуп ырдап, мен болсо туура эмес үйрөнүп алып, кийин туура вариантын укканда, өзүмдү ыргакка сала албай: “Сен мага ырлардын обонун туура эмес үйрөтүпсүң. Туура обонун үйрөнө албай жатам” деп ага рахмат айткандын ордуна, чыр салган күндөрүм көп болду.

МУЗАГА ТОЛГОН ЖҮРӨКТӨР

Жийдеге айлап жолукпай аалам кезип ыр издеп, муза эңсеп кабарсыз кетчүмүн. Мени зарыга күтүп кайда, эмне болду деп сарсанаага түшө турган бир адам Жийде бар экени, мендей ыр дүйнө пенденин оюна кайдан келсин!? Ыр сүйгөн, муза баккан адамдар менен маектешкенди, күнү-түнү таңшып ырдаганды абдан жактырчумун. Анда Барчынбек Бугубаев, Дүйшөн Жапаров, Майрамбек Токторов, Таалай Нуркемел, Марат Токоев, Айсулуу Көкөева, Айнагүл Базарбаева, Назгүл Осмонова ж.б.у.с жаштар болуп бир адабий ийримде болчубуз. Ийримдин аты Турар Кожомбердиевдин урматына уюшулган “От өчпөгөн коломто”. Ийримдин жетекчиси Дүйшөн Жапаров. Обончудан, комузчудан да кур эмеспиз. Арабызда Данияр Умаров аттуу обончу, комузчу кыз Насипа Калмаматова бар. Баарыбыз тең үстүбүздө үйүбүз, иштегенге жумушубуз, жегенге тамагыбыз, жолго акча тыйыныбыз жок кедейбиз. Бирок биздин жүрөктөр поэзияга... музага толгон... Бардыгыбыздын максаттарыбыз бийик. Ар жагы Кеминге, бери жагы Кашка-Сууга концерт коюп барабыз. Ал учур союз урап, бир агай айтмакчы: “өлсөң өл, акча болсо болду” деген капитализмдин саясаты бийлик кылып, адамдарга акча жыттанып турган учур. Бизге акча эмес, муза жана поэзия болсо болду.

Ошентип, поэзия, муза майрамы бүткөндө, кадимки гастролдон кайткан белгилүү артисттерге окшоп, комузумду көтөрүп алып Жийде жашаган №5 жатаканага келем. Жийде бутум киргенде эле кыйкырат:

– О-ой! Көрүнбөй кайда жүрөсүң! Деги сенде жүрөк барбы? Бул жакта сен үчүн кыйналган, тынчсызданган адам бар экенин эстейсиңби! Сени эмне болду деп далай түндөр уйкусуз калдым. Деги бир кабарыңды билгизип койсоң боло, эмне деген жансың деги?

Мындайды күтпөгөн жаным, ичиме таарыныч толот. Кантип кайра анын жанынан качып кетсем деп амалданам. Ушинтип мени издебей эле... күтпөй эле койсо деп таарынам. Комузумду кармап: “Мен шашып жатам, кеттим” дейм. Жийде баарын билген кыраакы, ал менин таарынып калганымды түшүнөт. Андайда эшикти кулпулап, мени эч кайда чыгарбайт. Болбой жулунам: “Кетем, ушинтип мени эстебей, издебей эле кой”. Ыйлаганга өтөм. Жийде болсо мени сооротуп: Кара кашым, кара көзүм, долум менин. Болду эми, анан сеники жакшыбы, дайныңды бир билдирип койбойсуң... деп чачымдан сылап энемдей эркелетет. Менин таарынычым, анын мээримге толгон сөздөрүнөн, жагымдуу колдорунун отунан жок болуп кетет. Баарын унутуп калып... поэзия, муза сапары тууралуу божурап... жаңы үйрөнгөн ырларды ырдап берем. Жийде менин күйөрманым, угарманым, кээде устатым. Мени сүрөп... коштоп отуруп угат. Укканды билген адам. Мага чыдап, менин алсыздыгымды көтөрүшкөн, жаманымды катып, жакшым менен сыймыктанган кан досум. Бар бол, менин жан досум! Ооруба! Мен эмнени жакшы көрүп жүрөгүмдө баксам, ошонун баарын Жийдеге салыштырам... окшотом...

Досум менин...
мен сүйгөн тоо жыттанган,
Досум менин...
Үкөгүмдүн суусундай кирип турган.
Досум менин...
Куюндай
чак түштө чаң учурган.
Досум менин...
Булуттай түрмөктөлгөн
түрмөк-түрмөк.
Досум менин...
чайыттай ачык туруп
заматта бүркөлгөн күн сыяктанган.
Досум менин...
илеби ысык аптаптай жайындагы.
Досум менин...
нөшөрлөгөн жаандай кеч күздөгү.
Досум менин...
Абасындай таптаза
айылымдын мен дем алган.
Досум менин...
Бутум баскан
Таштарындай сырга катуу.
Мен ичкен
Тоо булагындай суусу таттуу!
Досум менин...
Сени көрсөм
көргөнсүймүн айылымды,
Арбытасың кусалык-сагынчымды...
А бирок,
көптөн бери жолукпадым.
Сагындым, 
Үнүң укпай кулактарым.
Сен неге унчукпайсың?!
Болбойбу эч убактарың
Бир ирет чалууга да.
Телефондун шыңгырашын
Күтүп жылбай, жанындамын.
Сен балким
таттуу уйкуда жаткандырсың?
Негедир
сен тарап жымжырт-жымжырт...
Эх, досум!
Акыры
чалдыңбы сагындырып,
Күткөнүмдү
билгендей аста туюп...

*     *     *

Түшүмө кирдиң досум, маанайың пас,
Көзүңдөн жаш төгүлүп, мончок-мончок.
Ойгонсом, бул түш экен...
а бирок жүрөгүм эмнегедир
сени ойлоп катуу согот...
Не болду экен курбума?!

Бая бир кез кеткен өтүп,
Бирге жүргөн, дил түрмөгүн чечишкен.
Ошентсе да көңүлдө калган элес,
Карегиме орноп кетпейт эсимден.

Ошол кезде ойлонбопбуз эч качан,
Эки жээктей бөлүнөөрдү... жыл агып.
Мага дайым бөлүнбөстөй сезилген,
Оо! Ал учур, бир жол эле... бир эле алган багыт.

*     *     *

Бүгүн сени...
Издеп барам жолугууга,
Көкүрөктө жыйналган
Сагынычым жазууга.
Көптөн бери чогулган сыр,
Тең бөлүшүп айтууга.
Ишенем, күтүп мени...
Сен да менин
жолум тосуп турганыңа,
Колуң барбай эшигиңди жабууга.

ГАРАЖ... ПОЭЗИЯ... ТАҢЫРКАГАН ЭКИ ЖИГИТ

 Жийде экөөбүз Элет күзөтүп турган гаражга бардык. Гаражда совхоздун тракторлору, машиналары, комбайндары бар. Негизинен Элет тракторист. Күзөттө апасынын ордуна турат. Элет кара тору, токтоо жигит. Гуля деген өзбек кыз менен сөз байлашып, арзышып жүрөт. Биз менен чогу Теңиз деген жигитти ээрчитип алганбыз. Теңиз ак жуумал, сыпайы жан, ал деле сөзгө жок, көп сүйлөбөйт. Болгону арсайган тиштерин көрсөтүп күлүп коймоюу бар. Бирок вальсты абдан жакшы бийлейт. Экөөбүз партнёрбуз. Бир жолку Жаңы Жылдык конкурста биринчи орун алып, 10 рубль сыйлык алганбыз. Сыйлыкты Жамал Усубалиева эже тапшырган. Мунун баары Теңиздин ийкемдүүлүгүнөн, ыкчамдыгынан.

Жийденин колунда бир топ гезиттер бар. Ал көп ырларды жатка билет. Экөөбүз өзүнчө калганда, же жолдорду жолдош кылып сапар тартып бир жактарга бара жаткан убактарда дайыма төгүлүп ыр окуйт. Ыр окуганды абдан жактырат. Анын үнүндө кусалык... сагыныч... сүйүү жашап... көздөрүнөн от жанып.. от көздөр ойго, ырга, сезимдерге толо.  Адаттагыдай эле көркөм ыр окуганга киришти.

*     *     *

Билбейм кайдан табылгансың сен мага,
Маңдайыма бүткөн жалгыз бакыттай.
Сени сүйдүм буйрук алып тагдырга,
Башкалардын миңи сага татыбай.

Же атайы сен жаралып мен үчүн,
Төрөлгөндө мендик болуп төрөлдүң.
А болбосо, айтчы жаным эмне үчүн,
Зарлап тапкан перзентимдей көрөмүн.

Биз жолуктук Майдын жумшак түнүндө,
Ал түн мага сени эскерткич белектей.
Мен сүйлөсөм сенин үнүң үнүмдө,
Мен көрүүгө сенин көзүң керектей.

Уктаганда сенин уйкуң менде бар,
Ойлоруң да ойлорума киришкен.
Биз экөөбүз эки сандай барабар,
Биз экөөбүз эки суудай бириккен.

*     *     *

Кеч күздүн ак кыроосу көңүлдөгү,
Жылт эткен сөз нурунан эрип кетээр.
Ырларым жазган өзүң жөнүндөгү,
Сезилет сүйкүм, мээрим сенден бетер.

Тагдырдын керээзиндей ыйык сактап,
Карекке элесиңди түнөтө албай,
Ырларды сен жөнүндө кайра баштап,
Кайрадан жазып кирем түгөтө албай.

Бакытты ар ким күтөт ар кай жактан,
Багыттан бир күн мага күтүлбөгөн.
Жазга жуук келип калдың ооруп жатсам,
Мен сенин бакты экениң түшүнбөгөм.

Жашоонун жайык жолу сонун тура,
Дегдеген махабаттын таңдары аткан.
Көңүлүмдө ыраазылык топ-толтура,
Мынчалык бакыт менен кайда батам?!

Акын Омор Султановдун “Сен жөнүндө поэмасы”. Гараждын ичин поэзия кечесине айланттык. Гараж ырга толду... музага толду... сезимдерге толду... ойлорго толду. Эки жигиттин оозу ачылып эле калды. Алардын таң калган элеси али көз алдымда. Мен ырдап, Жийде ыр окуп, “Эмгек Тууга” чыккан  макалаларыбызды көрсөтүп, аларды да максаттуу жашоого чакырып жаттык. Поэзия, искусстводон алыс болгон экөөнүн баштарын маң кылдык окшойт... Экөө бири-бирин карап, анан бизди карап: “Оп бали!” – деп түшүнгөн кишидей болушуп, бизди сүрөп коюшат. Ал жерден чыгып, адамдарды убакыттарын бошко өткөрбөй, улуу иштер менен, максаттар менен жашашына чакырдык деп кубанып жаттык. Үйгө келип күндөлүгүмө “коммунизмдин мыкты куруучуларынан болуп, советтик коомго өз салымыбызды кошолу” деп жазыпмын. Жылдар өтүп, бул күн өтмүшкө айланганда Жийде окуп алып, санын чапкылап, боору эзилип күлгөн...

*     *     *

Кочкордо кар жаабайт, бирок кара шамалы ак жуумал бетти карартып, сары адамды кызартып жиберет. Тим эле этек-жекти өйдө түрүп, ызалана, долулана эркелеп, шоктонуп согот. Ошондуктан кочкорлук кыздар менен жигиттер кара тору, же кызыл беттүү, чымыр денелүү болушат. Нукуш иним өзүнүн сары жүздүү экенин мойнуна албай: “Мен ак жуумалмын”, – деп моюн толгосо, иним Улан: “Эмнеси бар экен, мен кызыл жүздүү адаммын” деп уялбай эле айтам деп күлдүрүп калат.

 Жийде да шамалга тотуккан кара тору, орто бойлуу кыз. Дайыма башына териден жасалган малакай топу, үстүнө териден тон, бутуна териден чокой кийип жүрөт. Жийде дагы алгачкы эмгек жолун кырманда иштөөдөн баштаган. Кырмандан кайткан убакта биздин үй жайгашкан Новая (мурда ушундай аталчу, азыр Жоробек Алиев) көчөсүнөн өтөт. Кээде жолугуп учурашып калабыз. Бир жолу улуу байкем биздин сүйлөшүп турганыбызды көрүп, мага Жийде менен мамилелешүүмө тыюу салып:

– Ал кыз менен мамилелешпе. Кийген тону менен тумагын, өтүгүн карачы, тим эле басмачыдай. Тынч эмес, тентек, шок окшойт – деди. Жийденин башындагы тери малакайы менен тери тону, тери чокою аны ошондой көрсөтүптүр.

Көп жылдардан кийин Жийде экөөбүздүн кыйбас, сатылбас ысык достугубузду, ынак мамилебизди, Жийденин кыраакылыгын, сөзгө чечендигин, сүйлөө маданиятын, билим деңгээлин, адамгерчилигин, өткүрлүгүн, тайманбастыгын көрүп абдан жогору баалады. Сен туура досту тандапсың. Бул сага жакшы жолдош боло алат деп кубанычын билдирди.

*     *     *

Сыртпай Мусаевдин сабагы болчу. Жийде Воронцовгадагы санаторийден атайы Мелис Эшимкановду “Ленинчил жаш” газетасынын редактору болгону менен куттуктаганы келиптир. Агайдан сурансам жиберди. Дагы экөөбүз. Менин кызматым дайыма Жийдени жандап жүрүү. Анын жан сакчысы сыяктуу. Мен ээрчип барам, бирок ичкери кирбейм. Сыртта күтүп турам. Айылда совхоздо иштеп жүргөндө Кочкор райондук Комсомол комитетинин секретары Ш.Медетбековго барганда да ушундай болгон.  Анткени мен таптап, кынаптап ирети менен сүйлөй албайм. Эмне ойлосом оюмду ачык айтып салган адатымдан чочуп, уятка калтырасың, сен сүйлөбө же кирбе, туруп тур деп киргизбейт. Кээде мага мындай сүйлөш керек деп үйрөтөт. Мен болбойм, чындыкты гана сүйлөйм деп. Акыры “тежиксиң” деп колун шилтеп басып кетчү.

*     *     *

Жийде “Илхам” тобу болуп, акыркы курста дипломдук иш жазыш үчүн чуру-чуу түшүп Бактыгүл деген кыздын үйүнө топтолуп калышты. Мени колуң жакшы, сулуу жазасың, дипломдук ишимди көчүрүп жазып бер деп чакырып алышты. Аңгыча эле “маселе” жаралды. Жийде эжесинен сураныш керек. Антпесе, эжеси кабатырланат. Эжем сени жакшы көрөт, сыйлайт. Сага калп айтпайт деп ишенет, барып эжеме дипломдук иш жазып жатат, китепканадан бошобойт, келе албайт деп айт деп бир топ сөздөрдү үйрөтүп жөнөттү. Мен эже менен бир-эки гана ирет жолуккам. Жакшы деле билбейм. Бардым. Эже мени көрүп эле Жийде жибергенин түшүндү окшойт. Мен болсо, эжеден сүрдөгөнүмдөн анын үйрөткөн сөздөрүн унутуп калдым. Ооз ачпадым, кыздар баары чогулду дегенди айтпашым керек болчу. Жийде китепканада да... Эженин суроолоруна түз жооп бербей качам деп жатып, үстүмө тамакты да төгүп алдым... Эже абдан кыраакы экен, билди окшойт, башка суроо салбады. Кетип жатканымда эже:

– Окууну ийгиликтүү аяктаганың үчүн магнитофон алып берейин деп жүрдүм эле. Бирок эрте жолугуп калдык. Эми кур кол жибере албайм... – деп Россиядан алып келген 60 000 рублдук идиш-аягын белек кылды. Мен магнитофон көзүмдөн учуп, идиш-аякка ыраазы болбой, унчукпастан жолго түштүм. Жийде идиш-аякка, мен магнитофонго кайгырдык...

*     *     *

Анда айылда болсок, азыр шаардын көчөлөрүндө барабыз. Бул жолу да эшик алдында күтүп турдум. Мелис Эшимкановду куттуктап, аябай кубанып чыкты. Мелис деген калеми курч, ойлору бийик, улуу инсан. Ал кайра тартпас көк жал. Редакторлукка ат салышканда, көп упай топтоп утуп чыгып Акбар Рыскуловдун ордуна редактор болду деди. Мен анда М.Эшимканов ким экенин билбейт элем. “Ленинчил жаш” газетасынын редактору Акбар Рыскулов, анын чыгармачылыгы менен тааныштыгым бар. Ал эми бул Мелис деген неме кайдан пайда боло калганын билбедим...

Жийде өзүнчө эле тарыхый булак. Баардык искусство, адабият дөө-шааларынан, алардын өмүр жолу тарыхынан, чыгармачылыгынан кабардар. Эжеси экөө Кочкордон Бишкекке опера-балет театрына, Кыргыз драм театрына келишет.

Шаарда туруп бизде убакыт жок. Мен үч гана жолду билем: Ленин китепканасы (Азыркы А.Осмонов атындагы китепкана), №10 жатакана, Филфактын №5 окуу корпусу. Мен каттаган жолдор ушул гана. Таңкы сегизден түшкү бирге чейин №5 корпуста окуу, бирден онго чейин китепкана. Окуганым: Кыргыз совет адабиятынын прозаиктеринин, акындарынын чыгармалары. Н.Байтемировдун “Салтанат”, “Жаш жүрөктөр”, “Жылдызкан”  романы, М.Элебаевдин “Бороондуу күнү”, А.Токомбаевдин “Акай мерген”, “Жол жомогу”, С.Карачев, К.Тыныстанов, М.Алыбаев ж.б.у.с.  Китепкана жабылганга чейин отурмай. Анда китепкана кечки саат онго чейин иштей турган. Анан ач курсак менен “оо, ушул убакытка чейин эч нерсе ичпей-жебей чыдаганга күчүм жетти” деп өзүбүзгө курсант болуп жатаканага шашмай. Жашоом ушундай үч бурчтук. Жийде аалам кыдырып жүргөндөй эркин.

ТАМЫР

Япон жоокери Хиро Онода командири майор Танигучинин: “Кандай гана болбосун бул жерден кетүү тууралуу буйрукту мен гана берем. Үч жыл, төрт жыл өтөбү, кайра кайрылып келем. Өз жаныңарды кыйганга жана багынганга тыюу салам” – деген буйругун аткарыш үчүн мекени Япониядан алыста, 30 жыл бою чытырман түнт токойдо америкалык аскерлерге каршы салгылашкан. Ошол адам мындай деген бир улуу сөз айтыптыр: “Адамдар заңгыраган имараттар арасында жашап жатып өзүнүн тамырынан эбак ажырап, жаратылыштан оолак кеткен” – деп (Д.Исанов “Күндүзү күйгөн чырак” китебинен).

Калетсиз айтыптыр. Чынында заңгыраган кооз имаратка толгон шаар менен жолдору таштак, чаңы сапырылган айылдын айырмасы асман менен жердей. Совет учурунда шаардык кыргыздар Хиро Онода айткан сыңары тамырынан ажырап, жаратылыштан оолак кеткендей эле өз эне тилин, өз каада-салтын унутуп калганын өлкөбүз демократия келгенде ачык эле билинбедиби. Ал кезде орусча сүйлөй албасаң уят эле. Орустар айылдан келгендерди “баран” деп төбөсүнөн жикире карайт болчу. Кысынып жүрүп, өз жерибиз да тардык кылат эле. Эми ал кез өтмүшкө айланды. Азыр элдин баары шаарда. Шаарда акча жаап тургандай эле агылып келип, жер басып алып там салып... Кыскасы, көк жашыл бакка оронгон шаарыбыз апырык-сапырыктай эле болуп калды. Болгону түрктөрдүн... корейлердин салган кооз имараттары гана болбосо, көчөдө кадимки эле көр тирлик менен алектенип, акча жасап жаткандар... Маасычаны, көлөшчөнү, слансычаны... Кыска көйнөк, узун көйнөк, жоолукчаны, кыркма чачы... узун чачы, айтор, баары бар. Кыскасы, шаарыбыз бозоруп өңдөн азып турганы...

*     *     *

Жийде курбум айылда тамырлап бекем орун алып, кара Кочкордун шамалын, чаңын сүйүп жашап калды. Мен болсо шаарды эңсеп, шаар – маданияттын, илим-билимдин очогу деп билим издеп кеткен тейден, асманын ыш-түтүн бийлеген, абасы машинанын, көмүрдүн газына толгон Бишкекти жердеп, отурукташып кала бердим.

Жийде шаарга келгенде, анын деми менен кошо кара Кочкорумдун таза, салкын абасы кошо келгендей. Буттарына жабышып сары чаңы кошо келгендей. Добушуна ширелип шамалы кошо келгендей сезем. Анын шамалга тотуккан кара тору жүзү Кочкорумдун сүрөтүн көз алдыма тартат. Анан карегиме тоолор толот. Этек-жеңимди желбиреткен шамалы жүрөгүмө кирет да, чаңынын жыты мурдумду өрдөйт. Ах! Кандай ырахат! Туулган жеримдин чаңы да, шамалы да, тоолору да кандай кымбат дейм. Бир кезде кара шамалын ак жуумал бетимди карартканы үчүн жектейт элем. Азыр баарына кайылмын! Сагынычым азайбастан арта түшөт, кусалыгым толуп-ташат. Кайрадан Ыр аганын “Сагындым тууган жер сени” деген ырын угам. Эми өзүм шамалга айланам. Чаң болуп сапырылам. Ушундайча Кочкорумдун шамалына, чаңына биригем. Бир бүтүн болобуз.

...Ушундай жанды тирилткен ыр болот тура!? Бул ыр менин жаштыгымды эңсетип, сагынычка... кусалыкка толтурат... Өткөндү эстеп, бир укмуштай айталгыс сезимдер, эргүүлөр келет. Музанын күчү да, сыры да укмуш белем. Жаша Муза! Жаша Рыспай!

*     *     *

Жийде курбум өткөндө чалып, керээз сөзүн да айткан: “Тигинден барып мен үчүн кечирим сура. Буга мынча карызмын берип кой...” – деген. Эми мага коштошуу катын жазыптыр.

Болдуш мен көп ойлонуп, миң толгонуп, ушул кадамга барып жатам. Эки ай эзилип бүттүм, сени дагы кыйнагым келбейт. Ириде, ийгилигиң кут болсун!!! Ошонун үзүрүн көрө гой. Болдуш акыркы мезгилде мен бардык нерседен тажадым. Бир туугандарымдан, башка дос курбулардан кол үзүп мамилемди жыйыштырып атам, бул менин чалпоолугум же алсыздыгым эмес. Ким кандай кабылдаса өз эрки, мен сага татыктуу дос боло албай калдым. Анын көп себептери бар, сен мени унут, мен сени унутам. Токтокан жеңени убара кылба. Кош бол!!! Жийде”. 

30 жыл. Кыйбастык... Ысык достугубуз... Ортодогу ишеним... Баары ал үчүн текейден арзан, камгактай жеңил болуп, эч түккө тургус болуп калдыбы?! Ойлорубуз эгиздей, жолдорубуз кош данектей бир эле. Кантип эле кол шилтеп койгонго оңой болду?! 

Сен каалагандай болсун. Андан көрө дос болууга Сен татыктуу эмессиң десең жарашмак. Сен достукка бекем турдуң. Өзүң айткандай 30 жылдык тарыхы бар мамиле. Ал менин эскерүүлөрүмдө жазылып кала берет. Сен аны менден тартып ала албайсың. Менден баш тарткың келсе, эмне кылмак элем. Сенин бул сөзүң үчүн дагы канча кыйналаар экем. Көз жашымды тыярмын, жүрөгүмдү кантип айыктыраар экем...!”. Бул менин жазган жообум...

Биздин достуктун аягы келдиби? Жолдор эки айрылдыбы? Бул баягы Жийдеге окшош эмес. Биздин достугубуз бекем жана өмүрүбүздүн аягына чейин болот деп ишенбедим беле!? Бизди өлүм гана ажыратуу керек эле. Атүгүл айтып мактанбадым беле? Жийденин достукка бекем жүрөгү менен душманыма сыймыктанбадым беле!? 

*     *     *

Кош дегенге кантип барды жүрөгүң,
Болдубу оор көтөрүнгөн милдетиң?
Ыйык эле ортодогу мамиле,
Кантип, кайдан кирдеттиң?!
Мен айталбайм “кош” дегенди,
сооротомун өзүмдү...
Өзгөртө албайм ниетим.
Анткени, бөлүнбөс эле жолдорум.
Болчу таза, аруу сендик тилегим.

Сөзүң менен дилим өлтүрүп,
Түн болуп батып барасың.
Айрылыш жол...
кайда барам, билбей турам,
Себеби...
бириккен сага ойлорум.
Үзөсүң үмүт чынжырын,
Айлампада агамын...
Көтөрүлбөйт колдорум,
Күрөшүүгө алсызмын!!!
...Түн болуп батып барасың!!!

*     *     *

Биз кадимки бала бакчадагы балдардай болуп турабыз. Урушуп кетсе сени менен дос болбойм деп, арадан бир аз убакыт өткөндө кайра урушканын унутуп, чогуу ойноп кеткен балдардай. Же жаш өткөн сайын адам кайра балага айланат деген чынбы?..

Жийде кызык эле адам. Бүгүн таң атпай чалды. Мага деле кош деген оңой болду дейсиңби? Мен ушундай келесоо болуп калдым, сен түшүнбөсөң ким түшүнөт. Мен баягы Жийде эмесмин дейт. Ооба, өткөндөгү Жийде сен эмес, башка болчу. Мен билген Жийде “кош” дебейт дедим. Биз дайыма жолугуп сырдашпасак да, ортобузда үзүлбөс нерсе бар... Ал нерсе кыйбастык, бирин-бири түшүнүү, алыстан туруп үндөшүү, жакшы тилек менен колдоо. Болгону ошол кымбат нерсе сакталып калса экен. Достугубуздун дубалы урабасын!

Биздин окшоштугубуз – Көк астында Жердей басынтып, Көлдөй чөгөргөн нерсе – жалгыздыгыбыз, ойлогон тилек-максаттарыбызга жетпей калганыбыз. Коомдон бөлүнүп четте турганыбыз. Өгөйлөп, четке каккан, шылдың менен карап: Кана, сен кыйын эмес белең? Тим эле дымагың күчтүү эле го? Колуңдан эч нерсе келбеди го... Андан көрө мен көп нерсеге жеттим... деген көздөрдүн сөзү. Канча балаң бар? Күйөөң кайда иштейт, каяктык?... – деп табалап, жүрөктүн жаратын тырмаган суроолор. 

“Каректеги караан” китебинен үзүндүлөр

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз