1988-жылы француз газеталары ошол учурдун эң гениалдуу ойлоп табуучусу Альфред Нобелдин дүйнөдөн мезгилсиз өткөндүгү тууралуу некрологдорду жарыялашкан эле. Швед окумуштуусу, химик-инжененердин ойлоп тапкан 300 патенттелген жаңылыгы тууралуу эске алышпай унутуп коюшуп, аны динамитти ойлоп таап, эч күнөөсүз адамдардын өлүмүнөн акча таап байыган адам катары сыпатташкан.
Адамдардын мындай мамилеси окумуштууга ушунчалык катуу тийгендиктен, ал 1895-жылы өзү өмүр бою топтогон байлыгынын көпчүлүк бөлүгүн табият илимдеринде, адабият жана тынчтыкты сактоо жаатындагы сыйлыкты уюштуруу тууралуу керээзин жазып кеткен. Мындай иш анын булганган ысымын кандайдыр бир деңгээлде актайт деп ойлогон. Ал ойлогондой эле болду. Мына, 118-жылдан бери Нобель сыйлыгы эң кадыр-барктуу сыйлык катары саналып, бүткүл дүйнө окумуштуулары ага жетиш үчүн ат салышып келишет.
Бирок биз ал жөнүндө эмне билебиз?
- Эң биринчи илимге төңкөрүш жасап Нобель сыйлыгына татыктуу болгон илимий эмгек, 1901-жылы Вильгелм Рентген ачкан рентген нурлары болгон. Ал ачылыш ушунчалык кубаттуу болгондуктан, келечекте ал өзүнүн артынан дагы 12 сыйлыкты алган. Анын жетөө физика, үчөө медицина жана экөө химия илимине тиешелүү ачылыштар.
- Конкурстун эрежелерине ылайык сыйлыкты көзү тирүү гана адамдар ала алышмак. Бирок тарых бул эрежеден тышкары чыккан кездерди да билет: акын Эрик Карлфельд, саясатчы Даг Хаммаршельд жана Ральф Стайнмандарга сыйлык алар өлгөндөн кийин берилген. Себеби, комиссия бул адамдардын өлгөнү тууралуу маалыматтарды убагында албай калышкан.
- Табият илимдери боюнча сыйлыктардын эң көбүн америкалык окумуштуулар алышкан, аларда 380 лауреат болсо, андан кийинки орундагы англичандарда – 133, немистерде – 108, француздарда – 69 лауреат бар. Нобель өзү сыйлыкты улутуна, динине карабай, илимге кошкон реалдуу салымы үчүн берүүнү суранган.
- Эгерде бул сыйлыкты алууну кыялдансаңыз, көп жашоого умтулуңуз – лауреаттардын орточо жашы 59 жаш, эгерде илимий ачылышты жаш кезиңизде эле жасасаңыз, дагы 20-30 жыл күтүүгө туура келет.
- Дагы бир кызык факт: сыйлыкты алган адамдардын көпчүлүгү май жана февраль айларынын жыйырмаларынан кийин туулган адамдар болуп чыгыптыр.
- Аялдардын ичинен бул сыйлыкка 44 адам татыктуу болушкан, бул жалпы сыйлык алгандардын 3% түзөт. Анын ичинен 16 сыйлык физика, химия жана медицина боюнча берилген. Эң белгилүү фигура – Мария Кюри, ал бул сыйлыкты эки жолу алган: 1903-жылы – радиацияны изилдеген эмгеги үчүн, 1911-жылы – радийди жана полонийди ачкандыгы үчүн.
- Нобель сыйлыгы уюштурулгандан баштап Кюриден башка дагы үч эле окумуштуу бул сыйлыкты эки жолудан алышкан, алар химиктер Лайнус Полинг (молекуланын түзүлүшүн аныктагандыгы жана ядролук куралга каршы чыккандыгы үчүн) жана Фредрик Сенгер (инсулиндин түзүлүш курамын жана нуклеин кислотасын изилдөөлөрү үчүн), анан да физик Жон Бардин – транзистордун ойлоп табуучусу жана өтө жогорку ток өткөрүү жөндөмдүүлүгү жөнүндө теориясы үчүн).
- Нобель сыйлыгынын эң жаш номинанты кристаллдагы атомдордун жайгашуусун рентген нурларынын жардамы менен изилдеп чыккан Уильям Брэгг болгон (ал сыйлыкты алып жатканда болгону 25 жашка чыккан). Ал эми эң улуу жеңүүчүү, 90 жашында экономикада ресурстарды оптималдуу бөлүштүрүү боюнча эмгеги үчүн сыйлыкка татыктуу болгон Леонид Гурвич.
- Нобель сыйлыгын тапшыруу боюнча комитеттин эрежесине ылайык, кээ бир жылдары татыктуу ачылыштар болбосо, сыйлык берилбей калышы мүмкүн. Мисалы, Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде үч жылы катары менен бул сыйлык эч кимге берилген эмес. Баарынан көп тынчтык үчүн күрөшкөндүгү үчүн номинациясында кандидаттардын жетишсиздиги байкалган. Бул сыйлык 18 жыл бою эч кимге тапшырылган эмес. Бул сыйлыктан эң аз куру калган физиктер болушкан (6 жолу).
- Индиянын көзкарансыздыгы үчүн күрөшкөн жана зордукчулукка каршы философиясын жараткан улуу инсан Махамтма Ганди Нобель сыйлыгына беш жолу көрсөтүлгөнүнө карабай, ага бул сыйлыкты ыраа көрүшкөн эмес. Гандини өлтүрүп кетишкенден кийин гана комитет өз күнөөсүн моюнга алган, ал эми Би-Би-Си аны “миң жылдыктын адамы” деп атаган.
- Альберт Эйнштейн эмнеси менен белгилүү? Албетте, жылуулук жана салыштырмалуулук теориясы менен. Андан тышкары, ал физика илиминде көп ачылыштарды жасаган. Аны Нобель сыйлыгына 50дөн ашык жолу көргөзүшкөн, бирок бир эле жолу фото электирдик эффекти түшүндүргөнү үчүн беришкен. Ал сыйлык үчүн берилген акчаны да өзү албастан, үйлөнүп жатканда түзүлгөн келишимдин негизинде аялына өткөзүп берген.
- Германияда бийликке Гитлер башында турган улуттук-социалистер партиясы келгенде окумуштууларга чет элдик сыйлыктарды, анын ичинен Нобель сыйлыгын да алууга тыюу салышкан. Ушуга байланыштуу 1938-1939-жылдар аралыгында үч окумуштуу татыктуу болгон сыйлыктарын ала алышкан эмес. Алар Рихард Кун (витаминдерди ачкан), Герхард Домагк (пронтозилдин бактерияга каршы касиеттерин изилдеп чыккан), Адольф Бутенандт (гормондорду изилдеген) деген адамдар болчу. Согуш аяктагандан кийин аларга медалдарын беришкен, бирок акчалай сыйлыкты беришкен эмес.
- Нобель сыйлыгын өкмөттөрүнө каршы пикирлерди айткандыгы үчүн түрмөдө олтурган саясатчылар, журналисттер алган кызыктуу учурлар да катталган. Мисалы, тынчтык сыйлыгын алган антифашист Карл Осецкий, демократия үчүн күрөш жүргүзгөн Су Чжи, кытайлык укук коргоочу Лю Сяобо деген адамдарды айтсак болот.
- Сыйлыкка көрсөтүлгөндөрдүн ичинде өзүнүн карманган философиялык көз карашына, саясый абалына же атуулдук согуш жүрүп жатканына байланыштуу ал сыйлыктан баш тарткан адамдар да болгон. Алардын эң белгилүүлөрү – Толстой, Солженицын, Сартр жана Динь Кхай.
- Элде Нобель математиктерди бул сыйлыкты алуу укугунан аялынын көңүлдөшү математик болгон үчүн ажыраткан деген имиштер жүрсө дагы, чындыгында анын никелешкен аялы болгон эмес. Жөн гана ал илимий ачылыштар коомго пайда алып келип, адамдардын жашоосун жеңилдетиши керек деп эсептеген, анын ою боюнча математика андай касиеттерге ээ эмес эле.
- Баарынан көп бул сыйлыкка Арнольд Зоммерди анын кванттык теорияларын изилдөөдө жетишкен ийгиликтери, гидродинамикадагы көйгөйлөрдү изилдеп чыкканы, металлдарды, магниттик жана кванттык сандарды эсептеп чыкканы жана да инженердик физикадагы эмгектери үчүн көргөзүшкөн. Аны 81 жолу көргөзүшсө да, сыйлык бир да жолу берилген эмес. Кийин анын ишин уланткан 7 шакирти бул сыйлыкты утуп алышкан.
- Нобель сыйлыгынан башка анын пародиялык версиясы – Шнобель сыйлыгы да бар. Бул сыйлык эң пайдасыз жана сандырактаган маанисиз ачылыштарга ыйгарылат. Дүйнөдө бул эки сыйлыкты тең бирдей алган адам бар, ал Андрей Гейм. 2000-жылы ага учуучу бакалар менен жасаган белгилүү эксперименттери үчүн Шнобель сыйлыгы тапшырылса, андан он жылдан кийин Новоселов деген физик экөө графен деген материалдын мүмкүнчүлөктөрүн изилдеп, аны сенсордук экрандардын жана күн батареяларында колдонууга сунуш кылышкандары үчүн Нобель сыйлыгына татыктуу болгон.
Он жетинчи факты менен токтотолук: ушинтип алаңгазарлык менен улуулук эриш-аркак жүрөрүн илим далилдеди!
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ