Дүйшөн Жапаров: Бул жарыктан болбойт окшойт сыр каткан

  • 29.12.2020
  • 3423

*     *     *

Өмүр көрдүм жарымын ый коштогон,
көңүл көрдүм күлкүсү ыйга окшогон.
Бир нерсеге мени эгер салыштырсаң,
Комузга окшойм боорунда кыл боздогон.

Күлүк мисал күүлөнтүп черткин мени,
Сезилбесин күн батып, кеч киргени.
Күү үзүлгөн кез болор кыл үзүлүп,
Күүнүн бирок болобу эскиргени?

Комузуңмун, жан биргем, черткин мени,
Кол ойнотуп боорума, эзгин мени.
Туулсам да энеден эки-үч сапар,
Сендей чебер черталбас эч ким мени.

Күрөш болсун гүлдөтөр өмүр багын,
Күүгө айлантып күнү-түн көңүл зарын.
Каран калган күндө да караманча,
Унут кылсын көңүлдөн өлүм барын.

МЕНИН ҮНҮМ

Көчөлөрү көк жалтаң, газондору...
Хорго түшкөн станок, моторлору.
Келгениме бир топ жыл болсо дагы
Калаа мени Өзүнө аз оңдоду.

Көрбөгөн аз, аралап, ырын укпай...
Көгүн чалган самолёт зымырыктай.
Күү-шаа түшкөн Өзүнчө бул дүйнөдө
Менин үнүм чыккан бир, чыңырыктай.

Кириш үчүн калаага күч керектей,
Калаа бизге, калаага биз керектей.
Бир учурда миң сан үн чыккан жерде
Менин үнүм баарынан ичкеректей.

Жашоо – азап, бир туруп тамашадай,
Мага – мааним өлчөнөр таразадай.
Буртулдаган буйласыз бул агымга
Менин үнүм чыккан бир каяшадай.

ЖАЛГЫЗДЫК

1.

Бир жерим кемип турат.
Ыйлагым келип турат.
Көздөрүм көрүп турат,
Көңүлүм өйүп турат.
Кулагым угуп турат.
Курагым улуп турат.
Бир жерим кемип турат.
Ыйлагым келип турат.

2.

Мекеним, Ат-Башым бар,
Медерим – азбасым бар.
Ыр жазар каламым бар,
Ышкыбоз кадамым бар.
Күн мисал аялым бар,
Гүлжайна, Байаным бар.
Ата-энем, айылым бар.
Алпейим кайыным бар.

Бакыйган инилерим -
Бар өлсөм, тирилерим.
Досторум сыйлап турат,
Ич, же деп кыйнап турат.
Дагы эми эмне керек?
Бугума эмне себеп?

Бир жерим кемип турат,
Ыйлагым келип турат.

16.04.1989-ж

*     *     *

Куюлуп күндө Көлгө түшөсүңөр.
Куу болуп суу үстүндө сүзөсүңөр.
Сурмалуу көзүңөргө куса толуп,
Суроолуу алда нени күтөсүңөр.

Керилген пери сындуу сөөлөтүңөр.
Кемийлек жаштыгыңар, дөөлөтүңөр.
Көбөйүп чачтын агы баратканда,
Көзүмө көрүндүңөр бөөдө силер.

Бийикте жылдыздардай күйөсүңөр.
Билемин Көлдү силер сүйөсүңөр.
Дагы бир жолугууну эңсеттирип,
Далайга жан дүйнөмдө жүрөсүңөр.

Бийикте жылдыздардай жанасыңар,
Билемин бар силердин канатыңар.
Назыңар элжиретет ичимди эзип,
Наристе, баёо, кармаак бала сыңар.

Түрүңөр көз алдыма пайда болуп,
Түйшөлөм, түнөшөт деп кайда конуп...
Артыма аккым келет, амалым жок,
Алдыман тоону бузуп дайра болуп.

Силерге, Көлгө, Тоого - аманчылык!
Жигерде жазсын акын калам сыгып!
Биз эми көрүшпөспүз... балким... кийин,
Бир жерде жолуңардан калам чыгып.

*     *     *

Көлдук досум, мынча неге муңайдың...
Көтөр башты, көптүкү го бу кайгың.
Көптүгүнөн түйшүгүнүн баштагы
Көл жаралган көз жашынан кудайдын.

Сендеги арман – акындын да арманы,
Көлгө кара, көрүнбөгөн ар жагы.
Көл – кыргыздын көрүнүүчү күзгүсү,
Ак калпак тоо – аталардын арбагы.

Жаратылыш баарын жайгап өзүнчө,
Көл бериптир көзгө басар көзүрчө.
Көздө жаштын бары жакшы бирок да
Көп жашыба, бирөөлөрдүн көзүнчө.

Билбегендей көп кылымдап көл жашап,
Бизге айткансыйт: "Мендегини көр жашап".
Биз тайыздап, биздин тагдыр тайыздап,
Бизге азап, бизди көрүп көлгө азап.

Көлдук досум, мынча неге муңайдың...
Көтөр башты, көптүкү го бу кайгың.
Көптүгүнөн түйшүгүнүн баштагы
Көл жаралган көз жашынан кудайдын.

КАНТИП?

Күтпөгөнмүн сенден мындай жосунду,
Айрый албай касың менен досуңду.
Кантип капыс ушунчалык өзгөрдүң,
Кандуу ишке кантип колуң созулду?

Кантип мага кастык ишке батындың,
Караан тутаар жакыны элең жакындын.
Ырысына шерик болор сен десем,
Ырын отко жагыптырсың акындын.

Өтүп жатат баягы өлбөс тирилик,
Өксүк дүйнө, жүрөк чарт-чарт тилинип.
Тикен басып тургансыймын жыңайлак,
Тиктешкенсийт баары мага тигилип.

АЙ АЛДЫНДАГЫ ЫРЛАР

Түшүмдө сен жашаган үйдү көрөм,
Ойгонуп атыңды атап күнгүрөнөм.
Ай жарык. Сыртка чыгам. Турат бактар,
Акындай шам алдында үргүлөгөн.

Чегем да махоркадан чылым жасап,
Олтурам калем алып, шыгым качат.
Эч нерсе болбогондой дүйнө бейкут,
Башкасын жалгыз менден тыным басат.

Ушинтип бу түн дагы өтүп жатат,
Жылдыздар улам бирден өчүп жатат.
Эч нерсе болбогондой, көрбөгөндөй
Табият тынч уйкуда көшүп жатат.

*     *     *

Карап ал мейли жаман көзүң менен.
Чагып ал, билем, ачуу сөзүң белен.
Кабатыр болбо унут калтырат деп,
Кайгымды алып кетем өзүм менен.

Жакшы кал, эми мени унут ылдам,
Тарасын көгүн жапкан булут ылдам.
Ай мага жолдош болор бүгүн түнү,
Айтуяк жамбы мисал уютулган.

Алпечтеп сени сылап багалбадым,
Алтындан сырга, мончок тагалбадым.
Сен эртең майрам түшкөн калаадасың,
Мен эртең элсиз, ээн аралдамын.

*     *     *

Үстү жактан үнсүз тиктеп муздак ай,
Ушуп жүрөк, таң атканча уктабай,
Үйдөн чыгам, үстү-үстүнө чегем да,
Үйгө кирем, үйдүн көзгө муздагы ай!

Бир курт соруп жан-дүйнөмдөн жашылды,
Жерге салды, көтөртпөдү башымды.
Жалгыздыгын улам тактап адамдын,
Жашым менен далай албай жашымды.

Эски жара... эстен чыккан, ыр баскан...
Эси жоктор аны тырмап ырбаткан...
Бүттү го деп жүргөн элем бейкапар
Бул жарыктан болбойт окшойт сыр каткан.

Мен "таалайдын" тандабадым жаңысын,
Адеп эле аксак түшкөн арышым.
Белди байлап жоготсом да калганын
Мен жашоомо берем кайра жаңы ысым.

Беш жыл мурун өлгөн "жылаан" тирилди,
Бекем эле... жүрөк чарт-чарт тилинди.
Кайгы деген катуу болот турбайбы,
Каңк дедире кагып түштү "жинимди".

26.07.1989-ж

*     *     *

Карандай аяз, кара түн,
Кайыгып топоз тоңгудай.
Асылып турам аскада
Амал кыл мага чоң кудай.

Ак көңүл, абдан унутчаак,
Акындык менде аз эле.
Жаралуу болгон кыз сүйүп
Жакшы кез эле, жаз эле.

Кызыгы кетип жашоонун,
Кыркылып тилек кыйылган.
Күйөрүм сенсиң, беришсең
Күлкүңдөн бир аз, ыйыңдан.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз