Еврейлердин балдарды моюнга мингизбес алты амалы

  • 06.01.2021
  • 4970

30 жашында түнү менен компьютер ойноп, телефон чукулап же достору менен ойноп жүрүп кечке уктап, ата-энесинин моюнунда олтурган “жаш бала” – адамды кубандырар көрүнүш эмес, бирок бул көп эле кезигишер көндүм адат.

А мындай көйгөй еврейлерде кезикпейт. Тактап айтканда, таптакыр болбойт. Ийгиликке жеткен адамдардын көпчүлүгү – ишкер, актёр, жазуучу, окумуштуу, саясатчылар – негизинен еврей улутунан чыккан. Алардын жетишкен ийгиликтеринин сыры – балдарына  туура тарбия бере алышканында. Мына, карап көрүңүздөр, кылымдардан бери ушул ийгиликке жеткизип келген еврейлердин алты акылман амалы.

“Тажырыйба – бул, адамдардын кетирген кемчиликтеринин аталышы”

Биз балдарды кайсы бир иштерди туура эмес кылганы үчүн урушуп жатып калабыз. Анан да биз муну алар жакшы болсун деп, ошолордун келечегин ойлогонубузду айтып актанганыбызды кантелик. А балким бүгүн математикадан текшерүү ишинде алган 3 деген баа, анын келечекте короо шыпыргыч болуп калуусуна себеп болуп жүрбөсүн? Бул жердеги көйгөй, балдар биздин айткан акылыбызды угуп, оңолуп кетейин дешпейт, тескерисинче, алардын кыжырлары келет, андан да эң жаманы – жаңылыштык кетирүүдөн коркуп калышат.

Бир барак кагазга булгабай, катасы жок жазса болот, ал эми жашоодо бир дагы жаңылыштык кетирбей жашоо мүмкүн эмес. Болгону бул жаңылыштыктарга ар ким ар кандай мамиле жасайт. Бири кетирген катасы үчүн көрдөн алып жерге, жерден алып көргө салып, өзүн соттоп жаткан убакта, экинчиси андан сабак алып алга карай кадам таштайт. Алардын кимиси ийгиликке жетери айтпаса да түшүнүктүү.

“Ким көп уктаса, анын күндөрү кыска”

Бардыгыбызга бир суткада бөлүнгөн сааттардын саны бирдей. Бирок кимдир-бирөө 24 саатта көп иштерди бүткөрөт, а кимдир-бирөө ыйлактап жүрүп эч нерсеге үлгүрбөйт. Албетте, бул жерде иштин жайы түзүлгөн шарттарга эмес, а каалоого жараша.

Балдарга өздөрүнүн убактыларын баалап, туура пайдаланууну үйрөтүш керек. Албетте, курулай акыл айтуу жардам бербейт, өзүң аларга үлгү болушуң абзел.

“Сакалы болгон менен теке молдо боло албайт”

Коомдо кийинген кийимиңе жараша кабыл алышат дечи. Бирок биринчи көргөндө пайда болгон таасирге ишене берген да жарабайт, өзүң да өзүңдөн мыкты болуп көрүнүүгө тырышуунун кереги жок.

Тарых өзүн башка адамдын ордуна көргөзүп пайда көрө коём деген алдамчыларды көп көргөн, бирок мындай окуялардын биринин да аягы жакшылык менен бүткөн эмес. Көп убактарга чейин адамдардын башын айлантып кууланса болот, бирок акыры бир күнү бети ачылып, шерменде болот. Маанилүүсү – сенин ким экениңде. Бала мына ушуну канчалык эрте түшүнсө, турмушта ошончолук көп ийгиликтерге жетет.

Эгерде көтөрүп бараткан алтынды жана китепти колуңдан түшүрүп жиберсең, жерден адегенде китепти ал”

Еврейлер акылдуу калк деген – бул стереотип эмес, а карандай чындык. Алар Нобель сыйлыгын алган адамдардын 22% түзөт. Алардан башка мындай көрсөткүчкө дүйнөнүн бир да эли жетишкен эмес.

Билимге болгон ынтызарлыкка еврейлер балдарын өтө жаш кезинен үйрөтүшөт. Алар турмуш кандай гана оор шарттарга такабасын, мыкты билим жакшы адамдардын катарына кошорун мыкты билишет. А эгерде бала боорун жерден көтөргөндөн баштап билим алууга үйрөнсө, ал эч качан жаман адам болбойт, ал эми ата-энесинин моюнуна олтуруш оюна да келбейт.

“Ат сени уруш талаасына жеткизет, бирок ал сенин ордуңа согушпайт”

Еврейлер балдарын аябай жакшы көрүшөт, а еврейлердин энелеринин камкордугу жөнүндө көптөгөн анекдоттор айтылып жүрөт. Ошентсе да ата-энелер кайсы жерден токтоштун чегин жакшы билишет. Алар колдон келишинче аттап-тондоп чоң жолго алып барып салышат, бирок балдары жасай турган жумушту жасоо – бул аларга эң жаман кызмат экенин жакшы түшүнүшөт. Бала бекер ашка көнүп алса, жыл өткөн сайын арааны ачылып сурагандын үстүндө болот, а ата-энелер азабын тартат.

А биздин ата-энелер балдарынын мектептен алган тапшырмаларынан бери өздөрү жасап, жогорку окуу жайларына жүгүрүп жүрүп өткөзүшүп, экзамендерине акча берип баа койдуруп, жумушка тааныштары менен өткөзүп жүгүрүп жүрүшөт. Мындай каармандык менен кылган иш жакшы жыйынтык бербейт. Бала мен үчүн бардыгын ата-энем бүтүрөт деп камырабай жүрө бергенди адат кылып алат.

“Жакшы алмалар бактын башында өсөт”

Албетте, болгонуна ыраазы болуп, тынч жашай берсе болот. Бирок еврейлер антпейт. Алар балдарын чоң максатты коюп ага жетишүү үчүн болгон аракетти жасоого үйрөтөт. Акча, байлык, атак-даңк тоскоолдуктардан коркпой, койгон максатынан адашпай, талыкпай баргандарын күтөт.

Алдыга умтулган ийгиликтүү балдарды тарбиялаш оңой эмес. Бул ишке бизге макал-лакаптар аркылуу жеткен байыртан келаткан тажырыйба жардам берет.

А силер балдарыңарды тарбиялоодо кандай акылмандуулуктарды пайдаланасыңар?

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз