- Эгерде бирөөнү мойнуңа мингизгиң келбесе, анда ага жүгүнбө.
- Кимдин кандай жашары, анын бирөөлөр менен сүйлөшө билгенинен көрүнөт.
- Дүйнө адамдар көбөйүп кеткен үчүн жок болбойт, ал адам сыяктуулар көбөйүп кеткенинен жок болот.
- Адам өсүүдөн калса, кемий баштайт.
- Кем акылды аргументтер менен эмес, фактылар менен жеңесиң.
- Башың иштебесе, чөнтөгүң менен жооп бересиң.
- Жок жерден эле бир нерсени убада кылган адамдан сак бол.
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ