Дидем Мадак – гүлдүү ырлардын акыны

  • 11.01.2021
  • 2933

Аял акындардын ырлары, өзгөчө жеке жашоосу дайыма мени кызыктырат. Жеке жашоосу менен ырындагы окшоштукту издей берем тынымсыз. Анын үстүнө аял болуу, эне болуу өзүнчө чоң түйшүк болсо, аял акын болуу жүз эсе түйшүк, жүз эсе оор. Ошол оор түйшүктү аркалап, дүйнөнү гүлгө, ырга, шаңга бөлөгөн, чыгаан түрк акын аял Дидем Мадак жөнүндө азыноолак кеп кылмакчыбыз.

Анын ырларындагы аялдын аяр бактысын, жалгыздыгын, өкүнүчү менен убайымын жакындан таанып билген сайын ыр менен турмуш чындыгы айкалышкан саптарында канча жолу жоголдум, канча жолу аял катары өзүмдү таптым. Эмесе кыска өмүр таржымалы менен Дидем Мадак жана анын ырлары жөнүндө кеп болсун.

Түрк адабиятынын гүл жыттанган, апа жыттанган ырларынын автору Дидем Мадак 8-апрель 1970-жылы Измирде төрөлгөн. Өзүнөн алты жаш кичүү сиңдиси Ышыл менен бактылуу балалыктын доорун сүрө баштаганда, өлкө өткөөл мезгилден өтүп жаткан болот. Саясий кырдаалдын эпкини мугалим болгон ата-энесине да тийип, атасы саясий себептерден улам Ушакка жиберилет. Апасы Фүсун жумушун которууга мүмкүнчүлүк болбой кыздары менен Бурдурда жашай баштайт.

Дидем Мадак 13 жашында кырчындай жаш апасы мээдеги рак оорусунан улам көз жумат. Апасын жоготуп карайлап турган тестиер кызга атасынын көп өтпөй башкага үйлөнүп алганы катуу сокку болот. Дилинде атасына катуу таарынган Дидем ичиндеги дүрбөлөңдү ырларында даана чагылдырган.

“Атам...
Бардык сүрөттөрдөн чыгарылган адам.
Жазмыш эмне эле ал учурда,
Столдо ачык унутулган сары саптуу кайчыдан башка..."

Дидем Мадактын поэзиянын кең дүйнөсүнө кадам таштоосуна апасынын ырга болгон ышкысы чоң таасирин тийгизген. Апасынан эрте ажырап, кабыргасы кайышып жүргөн күндөрдө таежеси ага апасынын түрк акындарынын ырларын чогултуп жазган күндөлүк дептери менен ошол мезгилдин адабий журналы болуп эсептелген “Варлык” журналынын топтомун берет. Ошол нерсе Дидемди ыр дүйнөгө жетелеп кирип, ыйы менен ызасын, кайгы менен кубанычын тең бөлүшкөн жан сырдашына айланат.

Жогорку окуу жайында юридикалык факультетте окуп жүрүп, үйдөгү өгөй эне менен атасынан кутулуунун эң оңой жолун турмуш курууда көрөт. Ошентип эрте турмуш жолуна аттанып, атасы менен биротоло ажырым жолго түшөт. Бирок жаштык шары менен түптөлгөн турмуш жолу көпкө созулбайт.

"Аркамда сынык күзгү – өгөй апасы жашоомдун,
Күн батса экен деп аны менен жарышкан тестиер кыз.
Үйдөн качышымдын гүлгүн түстөгү көйнөгүндөй,
Кайгы эмне болчу ал мезгилде?
Эми колдонулбаган кол машина апамдан калган."

Жогорудагы ырында чагылдырып өткөндөй, үйдөгү тозоктон качам деп барып, жашоонун тозогуна түшөт. Турмуш аны бир топ калчайт. Апасы жок өткөн өмүрүндө аны бешенесин сылаган жан табылбайт. Ички дүйнөсүндөгү дүрбөлөңдү, эч ким көрбөгөн жертөлөө сыяктуу нымдуу үйдө кагаз чиймелеген акын, экинчи курста окуусун уланта албастан, эптеп күн көрүү үчүн түрдүү иштерде иштейт. Жалгыз сырдашы сиңдиси Ышыл. Ошондой күндөрдүн биринде сиңдиси анын ырларын республикалык ыр конкурсуна жиберет. Өзү ырларын жарыкка чыгарууга көп ниеттенбесе да, ошол сынакта анын ырлары баш байге жеңип, адабият чөйрөсүнө алгачкы кадамын таштайт. Ошондон тарта Стамбулда жашай баштаган акын, экинчи турмушун курат. Кызына апасынын ысымын ыйгарып, анын балдай таттуу тилинен баар алып, бакыт даамын тата баштаганда, апасын андан эрте алган рак илдетине 40 жашында өзү да чалдыгып, апасы Фүсун менен баштаган ыр сапарында дагы далай ойлор кагазга түшпөстөн, куду өзүндөй кызы Фүсунду үч жашында көзүн жаштап, 21-июль 2011-жылы бул жалган менен кош айтышат.

Дидем Мадак, Түрк адабиятында өз үнү бар өзгөчө акын аял. Татаал тагдыры анын акындык дареметин күчөтүп, курчуткан. Дидем Мадактын, "Грапон Кагаздары" (2000), "Ахтар дарагы" (2002), "Пулбибер Махаллеси" (2007) деген китептери жарык көргөн. Эмесе сиздерге Дидем Мадактын эне жыттуу ырларынан котормолорду сунуштайын.

АПАКЕМ

Сүйүктүү апакем,
Миң жолу ачылып,
миң жолу жабылдым сен жокто,
Бажырайган тоо кызгалдагындай.
Капкара киндигин дүйнөнү көздөй ыргыткан от жалындай.
Сыйкырдуу бир жердемин.
Мактын арзан үйүндө,
Сыясы кургай элек бир калем менен,
Тынымсыз сенин сүрөтүңдү
тартып жаткандай.
Тили өткөн чакта калган көп сүрөттөгү,
Ууртуңа күлкү каткандай.
Көк түстүү жылдызды түйүп алгандай,
Ал жылдыз караңгы фервалдын түн ортосунда
Токтоосуз дем алып жаткандай.
Эстейсиңби?
Көк түстүү чачы бар Теңирге окшотуп сүйчүмүн Бурдур Көлүн.
Азыр ошол көл
ичимде түбү терең эненин өлүмү.
Алча бактуу,
Шаңдуу шаарга окшочу энем үнү.

Кээде өлгүм келет,
Мени кайрадан төрөсүн деп.
Мээримине кайра бир бөлөсүн деп.
Чоң, кычкыл алча сыяктуу,
Кыш башталганда бир тонна көмүр төгүлчү короого.
Кээде көргөн түштөрүмдөй капкара.
Бир тонна түшүм чартылдап күйүп жатканда,
Сен кар жаай электе башкача болчусуң.
Кар жаагандан соң таптакыр башка.
Дайыма эселек кыз кезиме барганымда.

Куштар жайнап кетчү таң эртеде.
Миң жолу кайталап айтышчу чурулдап,
Биз такыр түшүнө албаган бир тилде,
Сенин ырларың курсагы ач куштарга жем чаччу.
Мышыктар болсо томолонуп ойночу.
Кардын ортосундагы сүрөттө тургандай.
Боз таргыл мышыктар курчап алчу бизди,
боз чалган тоолор анан...

Бир гана сенин
Балдар үшүүр түсүндөгү чачтарың бар болчу.
Мен бул үйдү Сыйкырдын арзан үйү деп атадым.
Сен жокто кайгы толчу.
Сыйым сыйбай калганда дүйнөгө
ушул жер мага паанек болчу. 
Ишенсең,
Булбул таңда шакка кончу. 

Жашасаң эгер,
турмушуңдун дал ортосуна,
Атам гүл төшөгөн адам болсо дечүмүн
Сен балдар романынын апасы болсоң дечүмүн.
Өлгөн жүгөрү талаасы шуулдайт.
Жүрөгүм уусу заар жылан үйүрү.
Деп башталчу балдар романы...

Жоолугуңду кымтыланып алмаксың,
Азыр кара жерге жаздангандай.
Эрте өлөрүңдү билчүмүн,
мага атайы таштап  кетүү үчүн,
Таш боор өлүк эненин үнүн.

Азыр сыйкырдуу бир жердемин.
Убакыт сүлүк курттун ичине кирип алгандай,
Өтө жай такыр шашпагандай.
Бетимдеги темгил тактардан башка,
Көтөрүлүшкө чыккан жан жок чарчагандай.

Эскертүү:
Өлгөн ар бир аял үчүн ыр жаздым.
Аларды Мак үчүн үйдүн ижара акысына бердим.
Арзыбаган акчага.
Эми бүт капалыгымдын аталышы:
АПАКЕМ!

БУРУЛУШ

Жакшылыкка мол кечтерим болсо дечүмүн,
Башым хрусталь люстрага тийгендей шыңгырасын.
Эми кээ бир кечте кызыл гүлдүү башымды
Иштен чарчап келген жаздыгым менен алмаштыра берчү болдум.
Өзүм жасап, өзүм таптым.

Жакшы күндөрүбүз болду.
Бир да жолу кашаа ачып, же үтүр койгум келген жок.
Аларга эмне дейин.
Бир нерсе айтышым керекпи?
Адамдар чакырсаң келишпейт,
Чакырбасаң мени айтсаң болмок дешет.

ТҮНДҮН СҮРМӨСҮНДӨ

Адамдар өлүштү, дайыма өлүштү,
бир күн түшүнүксүз абалда өлүштү.
Түндүн текчесинде унутулуп калышты анан
Бриллиант мончок сыяктуу чачылып ар жерде.
Балким бир күн балконго чыгып,
флейта менен балдардын ырын ырдайм.
"Достуктун сүйүү күчү бизди топтойт бул жерге"
Силер, биз, анан башка баары...

САМСОН ЖАНА ДАЛИЛА

Тамгалап окуба мени Кудайым,
Окулбай эле калайын.
Тагдырым беш болбосо койсун,
Карачы, өмүр түгөнүп барат дайым.
Балалык сүрөтүмдөгү аяз ата сыяктуу,
Карачы, мектеп окуучусундай жүрөгүм,
Момпосуйга акча сураган жайым.
Жүрөгүм болсо кыйты жерде жашайт,
Жамгыр жааган сайын,
Чатыры тешик тамга окшоп,
тамчылайт көз жаш ансайын.
Чачыма толукшуган ай тамчысы куюлган сайын.
Бир индеец жол башчысы,
Отуруп бейпилдик үчүн чылым анан  тартат убайым.
Аталышы сүрөттүн:
Толгон айда өбүшөт эки жаш дайым.

Жүрөгүм күл,
жүрөгүм жалгыз чабандес,
Эмнегедир азыр үйүңдөн алыста.
Чачтарым түш көрөт,
Түркүн түстүү шарлар
учуп жатса бир калыпта.
Чачым алчалуу бакча,
Селкинчек тээп жатышат
балдар арасында.
Дайыма мен жыгылам,
дайыма мен.
Мен:
Атым кара тору балдардын бирөөсү,
Мен балдардын бирөөсү.
Ашыкча шок.
Качан ыйлабасын,
Көзүнөн дайра болуп сел агат.
Таарындым дейт, таарындым.
Эмне дегени ал?
Мен балдардын бирөөсү,
Ашыкча шок.
Жыттап мээрим төкчү эч кимиси жок.
Убактысы же бактысы жок.
Убакытты саргыл мышык кылып жаратчы кайрадан Жараткан.
Уруксат бер жыттайын.
Кечир мени, бооруңа ал.
Коё бер, түштөрүмдө жоголоюн.
Бош бешик жомогунун жок наристесимин.
Канаты кайрылган бүркүт да менмин каргыш айтсаң.
Кошок кылып кош мени Жараткан. 
Жашоонун бармагындагы түстүү боёк болоюн.
Кечир бул кара, түшүнүксүз батамды.
Мен ансыз деле түндүн арка чөнтөгүндө унутулган төлгө ташымын.

Колдонулган адабияттар:

Мадам, Дидем (2018), Ахлар дарагы, Стамбул, Метис басма үйү.

Мадам, Дидем (2018), Грапон Кагаздары, Стамбул, Метис басма үйү.

Мадам, Дидем (2017), Пулбибер Махаллеси, Стамбул, Метис басма үйү.

Темизакйүрек, Мехмет (2017), Дидем Заманы, Стамбул, Едебий Шейлер басма үйү.

Бүкатча АКИМЖАН кызы

Анкара/Туркия

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз