Чукча эл жомогу: Куйрук

  • 24.01.2021
  • 3267

Үч күндөн бери оозуна наар албаганынан улам башын салбыратып, бутун эптеп кыбыратып, куйругун сүйрөп (ал кезде аюунун куйругу узун болуптур) келе жаткан аюуну көргөн түлкү ийрилип жата калып, шиш тумшугун барпайган куйругуна ката салып, бирдеме жегендей түр көргөзөт. Аны байкаган аюу суроо узатат:

- Эй эмнени жеп атасың?

- Куйрук жеп атам, - куулугу ашынган түлкү калпын кашайтат.

- Эмне куйрук экен? – аңкоо аюу аңкая карап жаланат.

- Эмне куйрук болмок эле, өз куйругумду да... - түлкү сөзүн бүтүрбөй тамшанат.

- Өзүңдүнбү? – таң калат аюу.

- Ооба.

- Анан куйругу жок кантип жашайсың?

- Келесоо! Куйрук таш эмес, эртең эле кайра өсүп чыгат, - дейт калпын каратып туруп уланткан түлкү. – Мени ушуга чейин ачка калтырбай куйругум эле багып келатат.

- Чын элеби?

- Ишенбесең Кудай берген куйруктун жыргалын көрбөй ачка жүрө бер! – ишенимдүү айткан түлкү артына кылчайып жемиш эткенин улантат.

- Эмне үчүн мурда айтып койгон эмессиң! – деп күркүрөп түлкүнү зекиген аюу эч ойлонуп отурбай куйругун так түбүнөн катуу тиштегенде, от чагылган көзү караңылаша түшүп, бир топто барып эңгиреген эсин жыйып, эки жагын каранса, тээ алыста түлкү куйругун бултактатып качып баратат. Өз куйругунун ордунан кан диркиреп, баягы куйругунан дайын жок.

Ошондон кийин ак аюу деген аңкоо куйруксуз айбанга айланыптыр.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз