Александр Солженицындын алакандай аңгемелери

  • 26.01.2021
  • 4711

Илээшчээк дөӊгөч

Кыштын камын жайда көр болуп, отун араалап жатып өӊгөчүбүз үзүлгүдөй болду. Сөӊгөгүн былтыр кескенден бери эмнени гана кылган жокпуз. Трактор менен тартып да көрдүк, өйдө-ылдый ыргыттык, тоголотуп үстүнөн бастырып, жерге уруп да көрдүк. Илээшчээк дөӊгөч моюн сунгудай эмес! Анткен сайын сөӊгөгүнөн илээшкен көгөргөн өсүндү чыгат. Ал кийин дүмүр илээшкекке айланат же коюу шак болот.

Акырында дөӊгөчтү жыгач эшекке коюп, араалап көрдүк. Бирок тоӊ моюнга араанын тиши өтчүдөй эмес. Кантип таарыса болот, ыя? Шумдугуӊ кур, көрсө ал дагы жашагысы келет экен го! Ал ушинтип гана бизден көп жашагысы келет экен!

Суудагы сөлөкөт

Тез аккан дайрадан алыс-жакындын сөлөкөтүн айырмалоо кыйын. Мейли ал көбүгү жок, тунук болсун, бир орунга турбаган шок суунун жыбыр агымында сөлөкөт даана эмес, күӊүрт, айтор түшүнүксүз көрүнөт.

Качан дайра агымы мелмилдеп аккан өзөндүн куйган жерине же көк ирим булуӊга жеткенде гана жээктеги дарактын ар жалбырагын, кабатталган жука булуттун ар бир тилкесин, асмандын куюлган көк ирим тереӊин күзгүдөй суунун бетинен көрөбүз.

Сен дагы, мен дагы. Эгер ушуга чейин эч нерсе көрбөй келсек, түбөлүк ачык чындыкты көрсөтпөсөк, каяккадыр жылып баратканыбыздын шаӊ-шааниси барбы? Дагы жашайбызбы?..

Тоодогу чагылгандуу жаан

Ал бизге ашууда көзгө сайса көрүнгүс караӊгыда кез келди. Чатырдан жөргөлөп чыгып, жаандан корголондук.

Ал бизге тиги кырка тоодон ашып келди.

Эч нерсе көрүнбөйт. Жогору жак, өйдө жак, айтор төрт тарабыӊ түпсүз караӊгылык. Улуу Белала-Кая, Жүгүтүрлүү-Чат тоолору тараптан асманды как жарган чагылгандан көөдөй караӊгылык жарыктан алыстай түштү. Бийиктиги тоо тиреген сүрдүү карагайлар жаныбызда дүпүйөт. Көз ирмемге гана бут алдыбызда жер бар экенин сезер менен кайра эле түпсүз караӊгылык сүӊгүйт.

Булут астынан ойт берген чагылгандын түркүн түстүү жаркылдагы мен мындамын дегенсийт. Кайрадан караӊгылык, сүрдүү көлөмү менен таӊ калтырган тоолор, карагайлар гана солк этпей бир орунда. Бир тынымга жарык өчсө, алардын бар экендигине күмөн жаралат.

Күндүн күркүрөгөн үнүнө капчыгай ичи толуп, дайранын күркүрөөсүн басып кетти. Жыланга, бирде тарам-тарам сызыкка бөлүнгөн чагылгандын огу кырка тоонун үстүнө сайылат. Аскадагы бардык тирүү жанга сүр көрсөтүп, жан киргизгендей жарыгын чачат.   

Ал эми биз... Биз катуу бороондон да коркпогон деӊиз тамчысындай чагылгандан, күндүн күркүрөгөнүнөн, нөшөрлүү жаандан коркпой калдык. Биз бул дүйнөнүн, болгондо да азыр көз алдыбызда алгач курулуп жаткан дүйнөнүн кыпындай ажырагыс бөлүгү болуп калдык бейм.

Кумайык

Биздин короодогу бала күчүк кезинен эле чынжырга байлап Кумайык аттуу ит багат.

Бир ирет ага жыты булоолонгон тооктун сөөгүн жылуулай алып келип бердим. Ал учурда бала курган күчүктү короого коё берген экен. Кумайык бирде арткы, бирде алдыӊкы буттарына тура калып коёнчосунан улам секирип, будуӊ-чаӊ түшөт. Короонун бул бурчунан тигил бурчуна сызып, тушардан келген опшок карга мурдун тыгат.

Барак күчүк жүгүргөн бойдон келип, кош аяктап секирип, сөөктү жыттады да кайра карга боортоктоду!

– Мага силердин сөөгүӊөрдүн кереги жок. Болгону эркиндик бергилечи! – дегенсийт...

Көлүк

Кайкы жон, кеӊ соору, курч туяк, жал-куйругу төгүлгөн, акылдуу көздөрү ойноктогон жылкы баласы! Кош өркөч, оймок ээк, ийри комуз, салмактуу логлогон акылман Ойсул-Ата! Ал турсун чыдамкайлыгы жанда жок, узун жумшак кулак кара эшек да унаа болуп берди.  

Ал эми биз эмнени тандап алдык? Жел менен теӊ жарышкан тегерек жумшак туяк, жансыз көз айнек тагынган, тукул тумшук, бүкүр темир жашикке салынган нерсени жасап алдык. Ал жайлоодогу жайытын сагынып  кишенебейт, шыралжын менен шыбак жытын искебейт же байталына, ээсине карап окуранбайт. Темирди кычыратып, көк түтүн бүркөт да турат.

Биз кандай болсок – ошентип алга жылабыз.  

Которгон Эрмек ШОРУКОВ

2018-жылдын 17-августу

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз