Жусуп Абдрахмановдун «күндөлүгүндөгү» акыл мурастар
Азыркы жетекчилерде акылдуулук, тапкычтык жок, аларга идеологиялык оппоненттерге каршы күрөштө саясий чынчылдык жетишпейт.
* * *
Менин мекендештерим үчүн – Кыргызстан кам көрүп, сүйүп, иштеши керек болгон өлкө эмес. Алар үчүн Кыргызстан өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарынын гана базасы. Менин элимдин бактысыздыгы мына ушунда.
* * *
Адамдын ак эмгеги менен жеткен татыктуу ийгилигин тартып алууга болбойт.
* * *
Окуялар тез өнүгүп жаткандыктан, кечээ түшүнүктүү болгон нерсе, а бүгүн түшүнүксүз болууда...
* * *
Жер өз ордунда турбайт, саясат кесмеге айланды. Бул биздин бактысыздыгыбыз.
* * *
Зарылдыктан адамдын эрки ойгонот. Эрк – кыймыл-аракетинин булагы, коомдук иш-аракеттеринин себеби боло алат.
* * *
Биз, келер коркунучтуу кырсыктын алдында эмеспизби?!
* * *
Эй, адам жүрөгү! Сен эмнелерди гана кыла албайсың. Убакыт өтөт, жашоо менен күрөшүүдөбүз. А сен дайыма бир нерселерди издейсиң, кубанасың, толкунданасың.
* * *
Жаратылыш кубулушу сыяктуу, адамдар да өзгөрүлмө.
* * *
Достор көп, бирок ар бирибиз жалгызбыз.
* * *
Жашоо – кызыктуу, бирок кубанычтуу эмес, чыдай алгыс оор.
* * *
Адамдардын малга болгон айбандык мамилесин жок кылуу керек.
* * *
Азыркы заманбап адабиятыбыз америкалык каскадёр тасмаларга окшош. Аны кунт коюп окуп жатканда, көңүлүң ачылат, бирок окуп бүткөнүңдө мээңде эч нерсе калбайт.
* * *
Мен бүгүн 29 жашка чыктым. Жылдар өтөт. Бирок... биз жылдар менен эмес, ишибиз менен жашайбыз.
* * *
Биздин жашообуз өтүп кеткен жана келечектеги доорлордо жашаган адамдардын жашоосу менен барабар.
* * *
Ооба, жашоо – бул фактылардын жана ойлордун татаал желеси.
* * *
Шекспир "башыңдагы таажы менен бейпил жата албайсың” деп туура айткан. Биз падыша эмеспиз жана таажыбыз жок. Бирок күрөш жүрүп жатканда бейпил жатууга мүмкүн эмес.
* * *
Жашоо таң калыштуу да, коркунучтуу да нерсе. Анүчүн күрөшүп, ар бир мүнөтүн баалайбыз. Бүгүн эч нерсе болбогондой абалда... 4 адам өмүрүнөн ажыратылды.
* * *
Биздин муундан, замандаштардан келечектин пайдасы үчүн өтө көп курмандыктарды талап кылабыз.
Которгон Мээрим САЙДИЛКАН