Кантип бактылуу жана узак жашоо керек?

  • 05.02.2021
  • 4194

104 жашка чыккан Андрей Ворон аттуу акылман адамдын жашоо эрежеси

Көп жашаган акылман адамдардын узак жашагысы келген адамдарга берген кеңеши баа жеткис мааниге ээ, анткени анын ар бир сөзүнүн аркасында мезгил сыноосунан өткөн көп жылдык тажырыйба турат. Баардыгы жөнөкөй, акылга бай, түшүнүктүү... Эң негизгиси, жеткиликтүү жана эң туура айтылган ойлор!

1. Айланаңарды курчаган нерселердин баардыгын тирүүдөй кабыл алып, ар биринен – чөп, дарак, канаттулар, айбанаттар, жер, асмандан кубаныч таап, бактылуу болгонду үйрөнгүлө. Аларга бүт дилиңди салып көңүл бурсаң, сага бир да китептен таппаган билимдин булагы ачылат. Анан алардан жаңырып, тазаланган өзүңдү көрөсүң.

2. Кандай учурда болсо да, бир нече мүнөт жылаң аяк жүргөндү адат кылып алгыла. Денеңди жер алып кете электе, өзүң берип тур.

3. Суу бойлоп баскыла. Ал сергитет жана ойлоруңду тунук кылат.

4. Суусаганыңды күтпөй, мүмкүнчүлүк болгон жерден таза суу ичкиле. Бул дарылардын эң мыктысы. Мени тагдыр кайда алып барбасын, эң алгач кудукту же булакты издечүүмүн. Бөтөлкөдөгү таттуу жана туздуу суу (минералдык) сууларды ичпегиле. Биринчиси боорду талкаласа, экинчиси кан тамырларды булгап, тарытат.

5. Күнүгө дасторконуңда жашылчалар турсун. Аш болумдуу жашылчалар – бул күн менен өсүп, күндү өзүнө сиңирген жашылчалар. Эң биринчи орунда – кызылча турат, жер жүзүндө мындан жакшы тамак жок. Андан кийин – төө бурчак, ашкабак, мөмөлөр, сабиз, помидор, калемпир, шпинат, алма, жүзүм, кара өрүк жана башкалар.

6. Эт жегиң келсе жей бер, бирок өлчөмү менен. Чочконун этин жебе, ал тигил дүйнөгө бир эле адамды жөнөткөн эмес. Ал эми анын жука туздалган майы пайдалуу. Бирок аны ыштаба. Ышты жегенде эмне табасың...

7. Эң начар тамак – колбаса, куурулган картөшкө, печенье, таттуулар, консерваланган, маринаддалган тамактар. Менин тамагым – акшак, төө бурчак, көк-сактар. Жырткыч – этке тойсо жалкоо тартып  араң кыймылдайт. Арпа жеген ат кечке араба тартат. Чегиртке чөп жейт, ошондуктан күчү көп, уча алат.

8. Аз-аздан бирок бат-бат жеп тур. Азыраак жеш үчүн мен сууну жана компотту көп ичем, жашылчаларды жейм. Төртүнчү күндүн кечинен тартып бешинчи күндүн кечине чейин суу ичем, тамак жебейм.

9. Орозо – бул эң жакшы нерсе. Башка эч бир нерсе мени орозодой ден-соолугумду чыңдабайт да жашартпайт. Сөөктөрүң канаттулардыкындай жеңилдейт. Жүрөгүң жаш жигиттикиндей кубанат. Ар бир орозодон кийин бир нече жашка жашарам.

10. Күн сен үчүн чыгып, сен үчүн батат. Жумуш күн чыккандан кийин башталат. Буга көнүп алсаң денеңде күчүң кемибей, көңүлүң көтөрүңкү жүрөсүң. А мээ түнкү уйкудан кийин тазарат жана сергийт. Кечилдер менен аскерлер ушундай жашайт. Ошондуктан аларда кызмат кылууга күч көп.

11. Күндүз чалкаңан жатып жарым саат чырм этип уктап алган жакшы, каның башыңды жана жүзүңдү эс алдырат. Тамак ичкенден кийин дароо уктаган жаман, анткени кан коюлуп, кан тамырларды май басат.

12. Аз олтур, уйкуңду кандыра укта.

13. Ачык асман астында көп жүргөнгө аракет кыл. Салкын үйдө жашап үйрөн. Буту-колуң жылуу болсо жетиштүү, башыңды салкын карма. Денеңди ысык алсыратат жана карытат. Уссурий токойлорунан мен карыган кытай чалды көргөм. Ал дайыма кебез салынып шырылган чепкен кийип жүрчү, а үйүндө от жакчу эмес.

14. Алсыз, үшүкчөөл болсоң, дары чөптөрдү ич. Бир ууч чөп, мөмө, жалбырак, карагаттын бүрү же кулпунайды кайнак сууга салып коюп, күнү бою ич. Кышында булардын пайдасы чоң.

15. Жаңгакты унутпагыла. Жаңгак адамдын мээсине окшош. Анда мээге пайдалуу нерселер көп. Күнүгө бир кашык жаңгак майын ичип турса сонун болот.

16. Адамдар менен жакшы мамиледе болуп, аларго камкордук кыл. Алардын ар биринен, жадакалса көңдөй башынан дагы бир нерсени үйрөнсө болот. Адамдарды өзүңө душман кылба, ынак дос да кылба. Ошондо алар үчүн азап тартпайсың.

17. Сага эмне буйурса, ошону аласың. Чыдап күткөндү үйрөн.  Сага буюрбаган нерселерди, аламын деп күтпө. Ар дайым көңүлүң ачык болсун.

18. Көңүлүң чөксө, көп бас. Эң жакшысы талааны, токойду арала, сууну жээкте. Суу кайгыңды өз шары менен агызып кетет. Бирок эсиңде болсун: жан-дүйнөңдүн жана денеңдин эң жакшы көргөн дарысы – орозо, кудайга дуба окуп сыйынуу жана кара жумуш.

19. Көп кыймылда. Тоголонуп бараткан ташты эңилчек баспайт. Көр тирлик адамды жерде кармап турат, андан качпа, бирок анын бийлигинде калба. Эч качан жаңы иш баштагандан коркпо, жаңы иш менен кошо өзүң да кошо жаңыланасың.

20. Мен эч качан курортторго барган эмесмин, дем алыш күндөрү эс алып жатып алган жокмун. Менин эс алуум – кылган ишимди алмаштыруу. Колдоруң иштеп жатканда нервиң эс алат. Денең баш иштеген учурда күч топтойт.

21. Балдарыңды алып ооруканаларда, дарыканаларда жүргүң келбесе, аларды Жаратылыштын колуна бер. Жаш чагынан жылаң аяк жүргөнгө көндүр. Бул ден-соолукту аябай чыңдайт. Балаң күнгө күйдүбү – бул ага пайдалуу, кумурска же аары чактыбы – бул да жаман эмес, чалканга чактырабы, муздак сууга түшөбү, тикенекке тыттырабы, же чириген мөмө жеп алдыбы – демек, оору-сыркоодон алыс болуп, денеси бышып, эрки чыңалат.

22. Сөзсүз эле дүкөндүн чайын иче бербе. Эң жакшы чай – алмуруттун жаш бутакчалары. Мындай чай аябай жыттуу жана пайдалуу. Денеңдеги ашыкча туздарды жана сууну айдайт, муундардагы ооруларды жок кылат. А кофе, чай, таттуу суусундуктар, сыра жүрөктү начарлатат.

23. Эгер чарчап, алсыздыкты сезсең, организмди эс алдыр. Жеңил тамак ич. Бир эле тамакты бир күн бою жеп, эртеси дагы бир тамакты тандап ал. Бир жума ушундай жаса.

24. Эгерде организмиң бат чарчап, бардык нерселер кыжырыңды келтирсе, ишиң алга жылбаса – демек, күнүгө эки-үч жолу сабиз же.  Ошентсең күчүң калыбына келет.

25. Суук тийбесин десең, ысык суу менен жуунба, күн сайын жаңгак жана сарымсак жегиле, жерге чачылган жүгөрүнү тебелеп баскыла жана көп уктагыла.

26. Жер-жемиш бышкан кезде, бардык тамактан баш тарткан оң, бирок жер-жемишти үзбөй же. Күн сайын жок дегенде бир табак мөмө-жемиш жеп тур. Эгерде жылдыздар асмандын көзү болсо, жемиштер – жердин көзү. Алардын арасында эң жакшысы жана эң жаманы жок. Ар бири энергия жана ден-соолук тартуулайт.

Бир догдур менден көп жашоо сага эмне жардам деп сурады. Мен ойлонуп туруп ага бир барак кагазга буларды жазып бердим.

1. Тамакты ченеми менен ичүү.

2. Дайыма кара жумуш жасоо, көп басуу.

3. Таза суу, таза аба.

4. Күн.

5. Өзүңдү көзөмөлдөй билүү, ашык нерселерден чектөө.

6. Эс алуу.

7. Ишеним.

Үйрөнүп алчу негизги нерселер:

1. Жашоонун жыргалчылыгын табуу. Жашоонун ар бир мүнөтүнө кубана билүү.

2. Башкаларга кубаныч тартуулоо. Адамгерчиликтүү болуу.

3. Кечиримдүү болуу. Дайыма. Бардыгын, анын ичиде өзүңдү да.

4. Кетирген күнөөлөргө өкүнүү. Күнөөлөрдөн жана жаңылыштыктардан тазалануу.

5. Күлүп жүрүү. Чын дилиң менен.

6. Терең, ыракаттануу менен дем алуу.

7. Уйкуну кандыра уктоо.

Эң жакшы 7 азык:

1. Кызылча.

2. Бадыраң жана пияз.

3. Айран.

4. Балык.

5. Ботко (таруу, гречка, жүгөрү, төө буурчак).

6. Алма.

7. Мөмөлөр жана жаңгактар.

Эң пайдалуу 7 суусундук:

1. Булактын суусу.

2. Көк чай.

3. Жүзүмдүн ширеси (шарап).

4. Чөп чайлар.

5. Квас.

6. Компот.

7. Туздалган капустанын ширеси

Тирүүсүңбү, эркинсиңби...
Демек, жылгын алдыга.
Аксаксыңбы, чолоксуңбу,
Жылуу керек алдыга.

Эгерде эмне кылышты билбесең, жок дегенде билгениңди жаса.

Жасагандан корксоң, жасаба.

Эгерде жасай баштасаң, коркпо.

Эмне кылышты билбесең, жүрөгүң менен кеңеш, бирок чектен чыкпа.

Бардыгы эле акылга баш ийбейт, бирок бардыгын өжөрлүк жеңет.

Блогдун авторунан:

Мага өзүм билбеген нерселерди билген адамдардан үйрөнүү аябай кызык! Менин оюмча жогорудагы көз караштарды жазган адам, бактылуу адам. Андан үйрөнө турган нерселер көп экен.

Окуганыңыздарга ыракмат!

Бардыгыңыздарга жакшылык тилейм!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз