Рюноскэ Акутагава: Черде

  • 20.02.2021
  • 4041

АҢГЕМЕ

Соттун атка минерине берген суракта отунчу нени айтты

Ооба. Ал жасатты[1] мен тапкам. Ошол күнү таң эрте, адатымчаалыс тоого дарак кыйганы жөнөдүм. Анан эле тоо өңүрүндөгү токойдо өлүк дене жатыптыр. Так кайсы жерде? Ямасинага кеткен жолдон болжол менен төрт-беш тё[2] нарыда.Ал адам аягы баспаган бамбук, ага аралаш жаш суги[3] өскөн ээн жер.

Жасатта өңү өчүңкү көгүлтүр суйкан[4], эски эбоси калпагы, тиги шаардыктар кийип жүрүшөт ко; ал чалкасынан жатыптыр.

Иш мына мындайда, денеде жалгыз жараты болгон менен дал көкүрөгүндө эле, андагы бамбуктун куураган жалбырактары канга жуулгандай болчу. Жок, кан акпай туруптур. Жарат, көргөн көзгө кургап калгандай. Баса, дагы айта турган болсом, менин басканымдын шоокумунан кыпындай да чочулабай бир сайгак жаратты соруп отуруптур.

Кылыч же башка бир буюмдар көрүнбөдүбү? Жок, ал жерде эч нерсе жок эле. Бир гана суги дарагы менен өлүктүн жанында жип жатыптыр. Дагы... ооба, ооба, жиптен бөлөк тарак да жаткан. Жасаттын жанында болгону ушул эки гана буюм бар эле. Андагы чөптөр менен жалбырактардын майкандалганына караганда өлгөн адам оңой гана жанын бере салбаганы даана байкалып турат. Эмне, аттар жок беле? Ал чөлкөмгө эч кандай ат бара албайт, кокуй! Ат жол токойдон нары, алыста...

Соттун атка минерине берген суракта жер кезген кечил нени айтты

Өлгөн киши менен мен кечээ жолукканмын. Кечээ... түш чен беле? Каерде? Сэкиямадан Ямасинага кеткен жолдо. Алар аялы атчан Сэкиямага баратышкан. Аялдын жамынчылуу кең кырлуу шляпасы бар болчу, ошондон улам анын жүзүн көрө алган эмесмин. Хагинин сүрөтү оймолонуп түшүрүлгөн жибек көйнөгү гана көрүнгөн. Минген аты жээрде, жалы күзөлгөн эле. Бою? Адаттагыдан төрт сун[5] бийгирээк окшоду... Мен кечил болгондуктан, мындай нерсеге анчейин маани бере албайт эмесминби. Эркекте.. ооба, анын белинде кылыч, жонунда жебелери менен жаа бар эле. Азыр деле даана эсимде, анын кара жалтырак саадагынан жыйырмадай жебе көрүнүп турган.

Менин түшүмө да кирген эмес, анын ушинтип түгөнө турганы. Чын эле адам өмүрү шүүдүрүм сыңары же чагылган өңдүү заматта жоголот-ов. Ох, ох, тил жетпейт, ушунун баары кайгылуу эмеспи!

Соттун атка минерине берген суракта күзөтчү нени айтты

Мен кармаган адамбы? Бул – атактуу каракчы Тадземару. Аны кармаган кезде аттан жыгылып, өкүрө онтоп, Авагутидеги таш көпүрөнүн үстүндө жатыптыр. Качан? Өткөн кечте, биринчи күзөттүн саатында[6]. Мурунку жолу кичине жерден кармап ала турганда да үстүндө ушул эле өтө көгүш суйкан, белинде кылычы бар эле. Мына азыр, карасаңар, жаа менен жебелүү да болуп калыптыр. Ошондойбу? Булар ошол өлтүрүлгөндүкүбү? Демек, мындай болгон соң, эч кандай күмөнсүз бул өлтүрүүнү Тадземару жасаган.

Кайыш менен керилген жаа, кара жылтырак саадак, карчыганын канаты тагылган он жети жебе – ушулардын баары, демек, өлгөн кишиге таандык тура. Ооба, ат да, сиз айткандай, жээрде, анан жалы күзөлгөн экен. Балким, анын тагдыры ушундай болушу керектигинен, аны ошол ат үстүнөн серпип салгандыр. Ал ат көпүрөдөн алыс эмес жерде чөп жалмалап, артынан узун чылбыры сүйрөлүп жүрүптүр.

Бул деген кадимки эле Тадземару, борбордо калжаңдап жүрүшкөн, көрүнгөн аялга сөйкөнгөн каракчыларга окшош эмес бул. Эсиңиздеби, былтыркы жылы Биндзуруга арналып салынган тоодогу Акиторибэ храмынын артындагы кызы менен аялдын өлтүрүлгөнү, менимче, зыяратчылар беле? Айтымдарына караганда, ал да ушунун колунан келген. Мына, бул аял да, тиги жээрде ат мингенчи – эркегин бул өлтүргөн болсо, анда аял кайда жоголду да, ага не болду? Белгисиз. Кечиресиз бул ишке кийлигишкениме, кантсе да муну тереңирээк изилдеш керек да.

Соттун атка минерине берген суракта кемпир нени айтты

Ооба, бул жасат менин кызым турмушка чыккан адамдыкы. Ал – Кокуфу жана Вакасадан чыккан самурай. Анын ысмы Канадзава Такэхиро, жыйырма алты жаштарда. Жок э, ал эч кимдин каарына калчу жан эмес – анын мүнөзү абдан жумшактардан.

Менин кызым? Анын аты Масаго, он тогуз жашта. Ал эркектерден кем калбаган кайраттуу. Такэхирого чейин анын бир да ашык-машыгы болгон эмес. Анын жүзү кызыл тору келип, сол көзүнүн бурчунда меңи бар, бети болсо кичинекей жана чап жаак эле.

Кечээ Такэхиро кызым менен Вакасага жөнөшкөн. Кайсы күнөөлөрүбүз үчүн бул бактысыздыкка туш келдик! Кызымдын алы не болду? Күйөө баламдын жазмышына араң көндүм эле, кызыма болгон тынчсыздануум менин жанымды жай алдырбай жатат.

Мен, кемпирмин, бардык ыйыктыктардан силер үчүн бата тилейин – токойду түрө карап, жайыкты койбой тинткилечи, менин кызымды таап бергилечи! Кандай желмогуз эле бул каракчы Таздемару, же дагы эмне балакет деп аташат эле аны! Күйөө баламды гана эмес, кызымды да... (Башка сөз айтууга дарман жок, ыйлай баштайт.)

Тадземарунун моюнга алуусу

Ал адамды мен өлтүргөм. Бирок аялды өлтүргөн эмесмин. Анан ал кайда жоголду? Аны мен да билбеймин. Токтогула! Мени канчалык кыйнасаңар деле баары бир билбеген нерсени айта албайм да, чынбы? Анын үстүнө эми мен коркоктук да кылбайм, эч нерсени жашырбайм дагы.

Мен ал адамды жана аялын кечээ түш оогон кезде жолуктурдум. Бир оокумда шамалдын желп эткенине жибек жамынчысы ачылып, аялдын бети бир ирмемге көрүнө түштү. Жалт көрүндү да, кайрадан жашынды – анан, балким, ошондон уламбы анын жүзү бодисатванын[7] өңүндөй сезилип кетти. Анан ошол замат мен бул аялды неметемин, эрин өлтүрүп болсо дагы деген чечимге келдим.

Сизге бул коркунучтуубу? Болбогон нерсе, эркекти өлтүрүү – кадимки эле иш! Бирөөнүн аялын неметиш үчүн дайыма күйөөсүн өлтүрүшөт. Бир гана мен кылыч менен өлтүрөм, белимдеги кылычым менен, а силер болсо кылычты пайдаланбайсыңар, силер бийлигиңер, акчаңар, а кээде азгырма сөзүңөр менен өлтүрөсүңөр. Чын, мындайда кан төгүлбөйт, эри бүпбүтүн калат – анткен менен баары бир силер аны өлтүрдүңөр да. Мындай ойлоп караганда, кимдин күнөөсү оорураак – силердикиби, меникиби – ким билет?!! (Шылдыңдуу жылмаюу.)

Муну менен мен эркегин өлтүрбөй эле аялын неметкенге такыр каршы экен деп түшүнбөгүлө. Бул жолу өлүм-пөлүмү жок эле аялды неметүүнү чечтим. Бир гана жагдай, мындай нерсени жол боюнда жасаганда болбойт да. Андыктан, ал экөөн токойдун калың жерине кантип азгыруунун айласын да ойлоп таптым.

Ал анчейин кыйынга деле турбады. Аларга сапарлаш боло калдым да, анан тоо тарапта бир коргон бар экенин, аны казганымда тим эле көп күзгү менен кылычтар чыкканын жана аларды эч ким көрбөсүн деп тоонун алдындагы токойго көөмүп салганымды, эгер каалоочулар болсо, кайсы гана буюм болбосун арзан эле баада сатаарым туурасында кызыктыра сүйлөп бараттым. Эркеги аз-аздап менин сөзүмө тартыла баштады. Мына сага – сиз не деп турасыз! Алдамчылык коркунучтуу нерсе го, чиркин! Ошондон жарым саат өтүп өтпөй алар ат башын буруп, мага ээрчип токой тарапка жүрүп калышты.

Качан токойго жеткенибизде мен буюмдар черде көмүлгөнүн, барып көрсө боло турганын сунуштадым. Эркекти ач көздүк алкымдан алып, албетте, каршы болбоду. Бирок аял аттан түшпөй тургандыгын, ушул жерде гана күтөөрүн айтты. Бул аял тараптан болгон акылдуулук эле, себеби, токойдун түнт, чытырман чер экени көрүнүп турат да.

Баарысы майлагандай жылма болуп, мен эркегин черге ээрчитип жөнөдүм, аял жалгыз калды. Биерлерде бамбуктар гана өсөт. Бирок биз жарым жолду басып калган кезде суги дарактары көрүнө баштады. Мен ойлогондой эле мындай ыңгайлуу жер табылбас эле. Бутактарды ийип өтүп баратып, мен чындык сымал тарыхты улантып, ал казынаны сугинин астына көмгөнүмдү айттым. Муну угуп алган эркек нарыда көрүнгөн сугинин жаш ничке дарактарын көздөй алдыга шашыла адымдады. Бамбуктар сейректеп, айланада сугилер жыш өскөн жерге жеткенде, мен күтүүсүздөн ага асылдым да, жерге жыктым. Анан заматта сугинин өзөгүнө таңып салдым. Жип? Кандай каракчы жипсиз жүрөт? Жип менен белимде да, анткени, качан да болсо ал мага керек болуп калышы мүмкүн эмеспи, ар кайсы дубал-субалдан ашып кетүү үчүн. Албетте, ал кыйкырып жүрбөсүн деп, бамбуктун күбүлгөн жалбырактарын оозуна тыгып салган соң, аны менен алпурушуунун кажети деле калбады.

Эркектин иши ушу менен бүткөндөн кийин мен аялга кайра келип, анын жолдошунун кокустан эле табы айнып калганын, анын не болгонун өзү барып көрүшү зарыл экенин айттым. А бу дештин кереги не, бул сапар да ишим оңунан келди. Ал кең кырлуу шляпасын чечти да, менден колун үзбөй, токойдун төрүн көздөй жөнөдү. Бирок биз баягы күйөөсү байланган жерге жакындашканда, аны көзү чалар замат койнуна колун салып, канжарын алып чыкты. Мурун бирде-экиде мындай албууттанган, тайманбас аялды көргөн эмесмин. Эгер мен өтө сак турбаганымдабы, курсагыма канжар жешим ажеп эмес эле. Андан буйтап кеттим, бирок ал бардык күчү менен мага карай туш келди шилтеп жатты. Бирок мен бекер жеринен Тадземару эмесмин го – акыры кылычымды кындан суурубай туруп эле канжарын кагып түшүрдүм. А куралсыз аял, миң баатыр болсо да, эч нерсе кыла албай калат эмеспи. Анан ошентип акыры, мен каалагандай, эркектин өмүрүн кыйбай туруп эле, аялды неметтим.

Ооба, эркектин жанын албай эле. Мен андан кийин деле аны өлтүрөйүн деген эмесмин. Бирок көз жашы көлдөп жерде жаткан аялды таштап, токойдон акырын билинбей жылайын десем, аял акылынан ажыраган таризде колума тырмышып, деми кысылып, кыйкырды: «Же сиз өлөсүз, же менин эрим өлөт... экөөңөрдүн бириңер өлүшүңөр керек... эки эркектин ортосунда шерменде болуу өлүмдөн жаман... Силердин бириңер өлүүгө тийишсиңер, а мен тирүү калганың менен кетемин! Мына, ошондо гана мен эркекти өлтүргүм келди. (Көңүлсүз толкундоо.)

Азыр муну сизге айтып жатканда, балким, мен таш боор адам катары көрүнүп жаткандырмын. Бул сизге ошондой сезилип жатат, себеби, сиз ал аялдын ошондогу жүзүн көргөн жоксуз да. Анткени, сиз анын оттой күйгөн көздөрүн көргөн жоксуз да. Аны менен тиктешкенимде, турган жеримде чагылгандын оту тешип өтсө да, мени аны аялдыкка алуу каалоосу ээлеп алды. Аны аял кылып алуу – башымда бир гана ушул ой. Жок, сиз ойлогондой мунум айбандык каалоо эмес эле. Эгер андай каалоо менде болгондо аялды тоголото бир тээп, жолума түшмөкмүн. Анда тиги эркек да менин кылычымды каны менен жылытмак эмес. Бирок ошол ирмемде, чердин күүгүмүндө, ал аялдын жүзүн караган кезде, мен аны өлтүрмөйүн ал жерден кете албай турганым айкын болду.

Аны өлтүрүүнү чечтим, анткен менен пастык менен өлтүргүм келбеди. Мен аны бошоттум да, айттым: «Кылыч менен салгылашабыз». Дарактын түбүнөн табылган жип, ал ошол мен таштаган жип болчу. Эркек бети-башын тырыштырып, оор кылычты алды да, кеп-сөзгө келбей эле каардана качырып сала берди. Бул салгылаш не болуп бүткөнүн айтып отуруунун кажети жоктур. Жыйырма үчүнчү шилтөөдө менин кылычым анын көкүрөгүнө сайылды. Жыйырма үчүнчү шилтөөдө – сизден суранамын ушуну эсиңизден чыгарбасаңыз. Алиге чейин таң каламын: мени менен дүйнөдө ал гана жалгыз жыйырма жолу кылычын кайчылаштыра алды. (Көңүлдүү жылмаюу.)

Ал жыгылар замат, колумдагы кан болгон кылыч менен аялга карадым. Бирок элестетип көрсөңүз, аял ал жерде жок эле! Мен дарактардын арасынан издедим. Бирок бамбуктардын жерде жаткан жалбырактарында эч кандай из калбаптыр. Кулак түрө тыңшасам өлүм алдындагы эркектин тамагынын кыркыраганы гана угулду.

Балким, биз салгылаша баштаар замат токойдон жыла чыгып, жардам чакырганы кеткендир? Бул ой башыма келери менен менин да жаным кыл учунда экенин түшүндүм. Мен өлгөндүн кылычын, жаасын жана жебелерин алдым да, ошол замат жолго карай жөнөдүм. Ал жерде аялдын мингичи тынч гана оттоп жаткан экен. Андан соң не болду айтып отуруу – демек, сөздөрдү куру бекер коротуу. Бир гана мындай: борборго киргенде ал кылыч менде жок болчу. Мына, болгон моюндоом ушул. Мени абдан катаал өлүм жазасына тарткыла, себеби, мен мурдатан эле билгенмин, менин башым эң эле бийик мамынын башында илинип тураарын. (Кекирейген көрүнүш.)

Киемидзу храмындагы тобо кылуу[8] учурунда аял нени айтты

Мени жайлаган соң көгүш кийимдүү ал эркек менин байлануу күйөөмө карады да, шылдыңдуу каткырды. Абдан эле, балким, оор болду го ага. Бирок ал канчалык жулкунган менен байланган жип денесин терең кыйып гана тим болуп жатты. Аны көздөй мен бар күчүм менен эрксизден бой таштадымбы – жок, мен эми гана бой таштайын дегем. Бирок ал эркек заматта мени буту менен тээп, жерге жыкты. Мына ошондо ал нерсе болуп өттү.

Ушул учурда күйөөмдүн көзү сүрөттөөгө мүмкүн эместей жарк этти. Сүрөттөөгө мүмкүн эместей... ал тургай азыр да анын ошондогу көздөрүн эстегенде өзүмдөгү калтыракты баса албайм. Бир да сөз айта албаган күйөөмдүн ошол учурда бардык жан чыңырыгы көздөрү аркылуу куюлуп турду. Бирок анын көздөрүндө каар да, кыйналуу да эмес – анда мага болгон муздак жек көрүү, мына ошол бар эле! Тиги эркектин тепкенинен эмес, ошол көз караштын шумдуктуулугунан, өзүмдү билбейм, бир кыйкырып, анан эстен тандым.

Качан өзүмө келгенде көгүш кийген тиги эркек жок экен. Суги дарагына байланган күйөөм гана туруптур. Бамбуктун жерде жаткан жалбырактарынан араң өйдөлөдүм да, анын бетине кунт коё карадым. Бирок анын карашында өзгөрүү жок экен. Анын көздөрү дагы деле муздак жек көрүүнү жана ызалуу жекирүүнү билдирип турду. Билбейм, эмне десем, ошол убакта менде кандай сезим болду... уят да, кайгы да, каар да... турдум да, сендиректей басып күйөөмө келдим.

«Угуп туруңуз! Бул болгон окуядан соң, мен сиз менен кала албайм. Мен өлүүнү чечтим. Бирок... бирок сиз да өлөсүз. Сиз менин шерменде болгонумду көрдүңүз. Ушундан кийин мен сизди тирүү калтыра албайм». Мен мына ушинтип айттым, мага өтө оор болсо да. Ошондо да мага күйөөм жийиркенүү менен карап турду.

Көкүрөгүмдү жарып чыкчудай болгон толкундоомду араң басып, ал жерден күйөөмдүн кылычын издедим. Бирок каракчы баарын жымырган сыяктанат – кылыч гана эмес, жаа менен жебелер да черде көрүнбөдү. Бир гана канжар, тилекке жараша, күйөөмдүн бут астында жатыптыр. Канжарды алып туруп күйөөмө дагы бир жолу: «Азыр сиздин өмүрүңүздү кыямын. Андан соң өзүм да артыңыздан жөнөймүн», - дедим.

Күйөөм ушул сөздөрдү угуп, кыйналуу менен эриндерин кыбыратты. Турган сөз, үнү угулган жок, себеби анын оозуна бамбуктун жалбырактары тыгылып коюлган да.

Бирок анын эриндеринин кыймылын караарым менен анын не дегенин түшүндүм. Дагы деле баягы жекирүүсү менен мага күйөөм бир гана сөздү айтты: «Өлтүр». Дээрлик акылдан адашкан абалда анын ачык көгүш суйканынын астындагы көкүрөгүнө канжарды абдан терең матырып алдым.

Билишмче, ошол замат кайрадан акыл-ушумду жоготтум. Качан гана көзүмдү ачып, айлананы карасам күйөөм байланган тейде дем албай калган экен. Сугинин бамбуктун өзөгүнө чырмалышкан калың бутактарынын арасынан анын кан-сөөлсүз бетине батып бараткан күндүн нуру тийип туруптур. Өксүгөнүмдү басып, өлүктөн жипти чечтим. Анан... анан мага эмне болду? Ал туурасында айтууга менде ал жок. Эмне айла жасасам да, өзүмдү өлтүрүүгө күчүм жетпеди. Канжарды тамагыма такадым, тоонун өңүрүндөгү көлгө чөккөнгө урундум, мен башка да аракеттерди көрдүм... Мына, өлгөн жокмун, тирүү калдым, муну менен сыймыктана да албаймын. (Кайгылуу жылмаюу). Балким, боорукер, кайрымдуу Каннон аял кудай мен сыяктуу эч нерсеге арзыбаган жандыктан жүз үйрүдү өңдөнөт. Бирок мен эмне кылышым керек, өз күйөөсүн өлтүргөн, каракчыга намысын тебелеткен мен не кылышым керек? Мен эмне... мен... ( Күтүүсүздөн күйүгө өксүп ыйлоо.)

Өлтүрүлгөндүн руху көзү ачык аялдын оозу менен нени айтты

Аялымды неметкенден кийин каракчы да жерге ага жанаша отуруп алып, ар кандай амал менен соортконго аракеттене баштады. Менин оозум, албетте, бош эмес болчу. Өзүм болсо даракка таңылганмын. Бирок ар дайым аялыма көзүм менен белги берип: «Ага ишенбе! Ал айткандын баары – калп» - деп, мына ушуларды түшүндүрүүгө аракеттенип аттым. Бирок аялым түшкөн жалбырактардын үстүндө кайгылуу отуруп, тизелеринен караган бойдон көздөрүн жогору көтөрбөй койду. Чынында, ал каракчынын сөздөрүн кунт коюп тыңшап жатат деп ойлосо болчудай эле. Мен ичи тардыктан жарыла жаздап жаттым. А каракчы болсо, ширин сөздөрү менен, өз максатына жетип баратты. Аруулугун жоготкон соң, эри менен жашоо кыйын болот. Эри менен калгандан көрө, аны менен, каракчы менен кеткен оң эмеспи? Ал мындай адепсиздикке барганынын негизги эле себеби – аны сүйүп калганынан болду... Мына, ал кандай кыжырданчу сөздөрдү айтты.

Каракчыны угуп отуруп, аялым бир кезде ойлуу башын көтөрдү. Анын мынчалык сулуу экенин мурун байкабаган элем. Анан менин сулуу аялым не деди дебейсизби каракчыга, мен байлоодо, жанында турганымда? Мен азыр наркы дүйнөнү кезип жүрөм, бирок, ар сапар, анын жообун эстээрим менен, мени ошол нерсе куйкалайт да турат. Мына эмне деди аялым: «Кана, мени кайда болсо да, каалаган жагыңызга алып жөнөңүз». (Узак тунжуроо.)

Бирок анын күнөөсү бир гана ал эмес. Бир гана ал үчүн, балким, эзилбес элем, бу караңгыда каңгып жүрүп. Мына кандай болду: аялым, түшкө кирген сыңары, колунан жетелеген каракчынын артынан баратып, токойдон чыга жаздап калышкан кезде, анан эле өлүктөй өңү агарып, даракка таңылган мени көрсөтө: «Муну өлтүрүңүз! Мунун тирүүсүндө мен сиз менен бирге боло албаймын!..» - деп, бир канча ирет бакырды ал, акылдан ажырагансып. «Муну өлтүрүңүз!» - бул сөздөр азыр деле добул соккондой караңгылыктын тереңине мени сүйрөп турат. Деги эле качандыр бир кезде ушундай мерез сөздөр адам оозунан чыкканбы? Деги эле качандыр бир кезде ушундай мерез сөздөрдү адам кулагы укканбы? Деги эле качандыр бир кезде... (Күтүүсүздөн чыккан кыжырлуу каткырык.) Бул сөздү уккан, а тургай каракчынын өңү бозоруп кетти. « Аны өлтүрүңүз!» - аялым анын колдоруна тырмышып алып, кыйкырып жатты. Каракчы ага тигиле карап турду да, же «ооба», же «жок» дебей туруп, анан эле аны түшкөн жалбырактардын үстүнө жыгылта тепти. (Кайрадан кыжырлуу каткырыктын жарылуусу). Колдорун көкүрөгүнө кайчылаштырып туруп, ал мага бурулду. «Бул аялды эмне кылыш керек? Өлтүрүү керекпи, калтыруу керекпи? Башыңызды ийкөө менен жооп бериңиз». Өлтүрөйүнбү? Жалгыз ушул сөзү үчүн мен анын бардык күнөөсүн кечиргенге даяр элем. (Кайрадан узакка тунжуроо.)

Мен арасатта турганымда, аялым бир чыңырды да, чердин ичин көздөй качып жөнөдү. Каракчы ошол замат артынан чуркап, жеңчесине да колу илешпеген тейде жетпей кала берди. Мага булардын баары жөөлүгөн кезимде болуп жаткандай сезилип жатты.

Аялым качып кеткенден кийин, каракчы менин кылычымды, жаам менен жебелеримди алды да, байлоомдун бир гана жерин кесип койду. Эсимде, ал токойдон кетип баратып: «Эми өзүң тууралуу да ойлооң керек», - деп булдуруктады.

Ал кетери менен бардык жак жымжырт болуп калды. Жок, бардык жак эмес – жанымдан кимдир-бирөөнүн өксөгөнү угулуп атты. Өзүмдөн жипти алып салып жатып, мен көңүл коюп тыңшап калдым. Анан не болду? Мен билдим, көрсө өзүм өңгүрөп жатыпмын. (Үчүнчү жолку узак тунжуроо.)

Акыры аягында өзүмдүн азап жеген денемди дарактан араң ажыраттым. Мен бут алдымда аялым түшүрүп салган канжар жалт-жулт этип жатыптыр. Мен аны ыкчам кыймыл менен алдым да, көкүрөгүмө матырдым. Мен тамагыма кандын түрмөгү келгенин сездим, бирок эч кандай азаптануу билинбеди. Качан гана көөдөнүм муздап калганда, айлана андан бетер тынч болуп калды. О кандай гана тынчтык эле ал! Бул тоо токоюнда бир да чымчык сайрабады. Бир гана суги менен бамбук дарагынын көөдөнүндө батып бараткан күндүн кайгылуу нурлары күйүп турду. Батып бараткан күндүн... Бирок алар да аздап өчө баштады. Бара-бара дарактар да, бамбук да көрүнбөй калды. Мени да, жерге сулап калган тейде, терең тынчтык ороп-чулгап алды.

Мына ошондо кимдир-бирөө мага акырын гана жылып келди. Мен анын ким экенин көрүүнү кааладым. Бирок бардык жак күүгүм жамынып калган. Анан кимдир-бирөө... ошол кимдир-бирөө көрүнбөгөн колу менен көкүрөгүмдөн канжарды акырын сууруду. Ушул учурда менин оозум кайрадан оргуштаган канга толуп чыкты. Андан соң мен наркы дүйнө караңгылыгына түбөлүккө көмүлдүм.

1921-жыл.

Которгон Айтмырза АБЫЛКАСЫМОВ

[1] Жасат – (кыргызча архаизм сөз.) адам өлүгү.

[2] Тё - жапондордун аралык жана аянт чен бирдиги. ( 1 тё = 109м .: же 9917 чарчы м..)

[3] Суги – арча сымал дарак (криптомерия).

[4] Суйкан  – эркек кийими.

[5] Сун  – жапондордун чен бирдиги.(1 сун = 3,03 см.)

[6] Биринчи күзөттүн саатында – жапондордун убакыт бирдиги.

[7] Бодисатва – буддизмде Будда болуучу ыйык инсан.

[8] Тобо кылуу – исповедь.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз