Рюноскэ Акутагава: Искусство аял сыяктуу...

  • 18.02.2021
  • 3105

Рюноскэ Акутагава (жапон - 芥川 龍之介) - 1892-жылы 1-мартта Токиодо төрөлүп, 1927-жылы таңга маал өз жанын өзү кыйуу менен дүйнөдөн өткөн. Жапондордун классик жазуучусу. Кыска өмүрүндө ал өзгөчө таланттуу жазуучу, чебер новеллист катары таанылган.

♦ ♦ ♦

Адам жашоосу ширенкенин кутусуна окшош. Ага олуттуу мамиле кылуу күлкүлүү. Олуттуу мамиле жасабоо коркунучтуу.

♦ ♦ ♦

Кумар оюндарын ойногондордун арасында пессимисттер жок.

♦ ♦ ♦

Абийир – катаал искусство.

♦ ♦ ♦

Таңгаларлык болсо да, кумарданууга берилген аялдын жүзү жаш бийкечтикине окшоп калат. А бирок ал кумардын себеби кол чатыр да боло алат.

♦ ♦ ♦

Жалган – бул кечээки чындык.

♦ ♦ ♦

Биздин тагдырыбызды тек-жайыбыз, айлана-чөйрөбүз жана кокустук аныктайт.

♦ ♦ ♦

Эркиндикти баары каалайт. Бирок бул сыртынан гана ушундай көрүнөт. Чындыгында эркиндикти жан дилинин тереңинде эч ким эңсебейт. Эркиндик таптаза тоо абасындай. Алсыздарга ал күчтүүлүк кылат.

♦ ♦ ♦

Адам жашоосу тозоктун өзүнөн ашып түшөр тозок.

♦ ♦ ♦

Бейишке чыгууну каалагандар адегенде ашказан менен жыныс мүчөлөрүнөн кутулушу шарт.

♦ ♦ ♦

Эркин ой жүгүрткөндөрдүн алсыздыгы дал ошол эркин ойлонгондуктарында. Алар башы айланган динчилдер сыяктуу ырайымсыз салгылаштарга даяр эмес.

♦ ♦ ♦

Биз баарыбыз жашоонун жыгач аттарына минип алып зуулдап баратабыз жана ал жолдо мезгил-мезгили менен бакытка кездешип калабыз, бирок аны кармап калууга үлгүрбөстөн – зуулдаган бойдон таскак салып өтүп кете беребиз. Бакытты кармап калгыбыз келсе, анда ойлонбостон жыгач аттан секирип түшүү керек.

♦ ♦ ♦

Жашоо барактары кемиген китепке окшош. Аны бүтүн китеп деп айтуу кыйын. Ошондой болсо да ал бүтүн.

♦ ♦ ♦

Классиктердин бактысы – алардын тирүү эместигинде. Биздин жана сиздин бактыбыз да алардын жоктугунда.

♦ ♦ ♦

Кудайлардын өзүн өзү өлтүрө албаганы зээнимди кейитет.

♦ ♦ ♦

Көк мээ өзүнөн башкалардын баары көк мээ деген ишенимде.

♦ ♦ ♦

Адабий чыгармага баа берүү – бул калемгер менен сынчынын өз ара кызматташтыгы. Башкача айтканда, чоочун чыгарманы талдоо менен сынчы болгону өз эмгегин жаратууга аракет кылат.

♦ ♦ ♦

Биздин табигатка болгон сүйүүбүз чынын айтканда, табигаттын бизге карата жек көрүү жана көрө албастык кылбаганы менен чечмеленет.

♦ ♦ ♦

Саясат, өнөр жай искусство, илим – мунун баары мен үчүн адам жашоосунун үрөй учурган көрүнүштөрүн жаап-жашырган түстүү боёк гана.

♦ ♦ ♦

Биздин бардыгыбыз ар бирибиздин анчалык деле кымбат баа эместигибизди билишибиз керек. Чындыгында, муну билгендердин гана кандайдыр бир баасы бар.

♦ ♦ ♦

Чыгармачылыктын кумары да жашоо кумары.

♦ ♦ ♦

Ишке ашыруу дайым эле кыйын эмес. Каалоо кыйын.

♦ ♦ ♦

Жазуучунун рухунун көтөрүңкүлүгү анын желкесинде жайгашат. Өзү анысын көрө албайт. Эгерде кандай гана болбосун көргүсү келсе, мойну кайрылат.

♦ ♦ ♦

Биздин кылык-жоруктарыбызды жамандык менен жакшылык же биздин канаттанганыбыз менен канаттанбаганыбыз башкарбайт. Кылган иштерибизди байыркы гректер айткандай, биздин ышкыбоздугубуз гана аныктайт.

♦ ♦ ♦

Чыгармачылык дайым тобокелдикке салуу. Аракет кылуу болгону иштин жарымы гана, аракет кылуу менен кынтыксыздыкка жетише албайсың. Искусство – түпсүз туңгуюк. Эгерде акча кумары, атак-даңк кумары, акыры келип чыгармачыл ышкыдан азап тартуу болбосо, анда балким биз бул үрөй учурган искусство менен кармашууга чыгууга эркибиз жетпес эле.

♦ ♦ ♦

Адабий чыгармадагы сөздөргө алар сөздүктө ээлеген кооздуктан да бараандуу сулуулук берилиши керек.

♦ ♦ ♦

Мен акчага кайдыгер элем. Албетте, алар күнүмдүк тамагыма жетиштүү экендиги себептүү.

♦ ♦ ♦

Күчтүү адам душмандарынан эмес, досторунан коркот. Ал душманды эр жүрөктүүлүк менен жеңип чыгат, бирок кудум алсыз наристе сыяктуу, досун жаракаттантып албайын деп убайымданат. Алсыз адам досунан эмес, касынан коркот. Ошон үчүн да ага элдин баары душман көрүнөт.

♦ ♦ ♦

Проза адабиятта поэзия бар үчүн гана орун ээлейт.

♦ ♦ ♦

Искусство аял сыяктуу. Жагымдуу көрүнүш үчүн ал өз доорунун маанайына же модасына үндөшүп турууга тийиш.

Кыргызчалаган Назгүл ОСМОНОВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз