Жакут эл жомогу: Айлакер келин

  • 26.02.2021
  • 3084

Илгери бир кедей абышканын акылдуу кызы болот. Анын абдан бай айылдашынын аңкоо баласы бар экен. Абышка бай менен куда болгусу келип, кызын анын акылсыз баласына турмушка узатат.

Кыз көп өтпөй күйөөсүн келесоолугу үчүн жаман көрүп баштайт. Мындан улам аны менен бир күн да жашагысы келбейт. Бирок ажыраша албайт. Анткени ал заманда ажырашкандарга мыйзам боюнча абдан катаал жаза берилчү экен. Ошондуктан жаш келин күйөөсүнүн келесоолугун далилдөө менен ажырашууга шылтоо тапкысы келет.

Кыздын атасы жакшы аңчы болчу. Аны туурап анын күйөө баласы да аңчылык кылып, токойго барып коён кармаш үчүн тузак, дарыяга барып балык кармаш үчүн кайырмак салып жүрөт, бирок буларды туура эмес салгандыгынан улам эч нерсе кармай албайт.

Аны менен ажыраша албай жүргөн аялы көп ойлонуп, бир күнү анын тузагына балык, кайырмагына өлгөн коёнду илип келет. Анан акылсыз күйөөсү аларды текшерип барып, чынында эле буларды өзүм кармадым деген ойдо айгайды катуу салып үйүнө чуркап келет:

- Мен тузак менен балык, кайырмак менен коён кармадым!

Так ушул учурда анын атасынын үйүндө айыл аксакалдарынын чогулушу болуп жаткан. Алар жигиттин кыйкырыгына түшүнбөй эмне менен эмнени кармаганын кайталап сурашат.

- Мен тузак менен балык, кайырмак менен коён кармадым!

Карылар күлүп, алмаштырып айтып албаганын сурашканда жигит болбой эле муну далилдегенге аракет кылат. Ошондо сөзгө келин аралашып бул күйөөсүнүн чалагайым экенин далилдемекчи болгон өз амалы экенин айтып, мындай деп кошумчалайт:

- Ушундай акылсыз адам менен мындан ары жашай албайм. Бизди ажыраштырып коюуңуздарды суранам, - дейт. 

Карылар ары кетип, бери кетип, көпкө кеңеш куруп, экөөнү ажыраштыруу чечимине келишет. Ошентип кедейдин кызы өз тапкычтыгы менен жек көргөн күйөөсү менен ажырашат.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз